Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«БАЛДАРЫМ, АТА-ЭНЕМ МЕНИ БИЛИШПЕСЕ ДЕЙМ»

№580 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж

«Жакшы ишке себепкер болсоң, аны аткарган менен барабар» деген кеп бар. Бизге бир окурманыбыз келип, Ош шаарынын райондорунун биринде кыргыз жигитинин селсаяк болуп жүргөнүн кабарлап, ага жардам берип жатканын кошумчалады. Селсаяк болуп кеткен адамдын тагдыры башкаларга сабак болсун жана анын жашоосун жакшы нукка бурууга жардам бере тургандар чыгып калабы деген максатта чагылдырууну туура көрдүк.

– Саламатсызбы, өзүңүз жөнүндө айтып бериңизчи?
– Ноокаттан болом. 37 жаштамын. Аты-жөнүмдү айтпай эле коёюнчу, ата-энем, балдарым билбей эле коюшсун. Аялым өзүмдөн 4 жаш кичүү болчу, азыр башкага турмушка чыгып кеткен. 1 уул, 1 кызыбыз бар эле, алар апасынын колунда. Турмуш кыйынчылыгынан Орусияга кеттим. Ал жакта да ишим жүрүшпөй кайра келгем. Келсем ата-энем банктан насыя алып, төлөй албай калышканда банк үйүмдү алып коюптур.Жумуш жок, үйүм жок, кыжалат болуп жүрүп ушул абалга түшүп калдым.

– Мекениңизге келгенден кийин ата-энеңизге бардыңызбы?
– Бардым. Алар менен тил табыша албай уруша кеттик. Чыгып кетип, эмгек биржасында кара жумуш жасап иштедим. «Бул жумушуң болбойт» деп жиниме тийишти. Ошол бойдон ичип кеттим.

– Ушул жашоо сизге жагып жатабы?
– Жакпайт. Кайрадан өзүмө келип, кебетемди оңдоп, башка жумушка кирип иштейин деп ойлоном. Мурда волейбол оюнчусу болчумун, жаштарга да үйрөткөм, азыр окуучуларым көрүп «агай, агай» дешет. Кыйналып кетем.

– Орусияда иштеп жүргөнүңүздө кандай кыйынчылыктар болду?
– Кыйынчылык болбой койбойт. Эшиктин алдын тазалачумун. Паспортумдун мөөнөтү бүтүп калып келе бердим. Ал кезде акчам бар эле, келбей эле ошол жактан паспортумду бүтүрүп алсам болмок экен. Кайра кетем деп ойлогом, бирок андай болбой калды.

– Ушул учурда иштеп, бутуңузга турганга дареметиңиз жетеби?
– Ошону көп ойлоном, анан отуруп ыйлайм. Оор жумуш кыла албай калгам. Айлананы тазалап, жеңил жумуштарда иштей алам. Балдарды көрүп кызымды эстейм. Мен да кызымды жетелеп, эркелетип жүрсөм болбойбу дейм.

– Аракты таштай аласызбы?
– Аракты бат таштай албайм, өнөкөт болуп калды окшойт. Бир аз арак ичип туруп иш кылбасам соолуп калам, баш көтөрүп иш кыла албайм. Акырындан таштасам болот, бирок бирөөлөр жардам бериш керек. Эрким жетпей калган. 50-100 граммдан ичип турам, болбосо кыйналып кетем. Кимдир бирөө мага жардам берсе, мурунку жашоомо кайтат элем. Бирок оңолсом да, баары бир «алкаш» деген атым өчпөсө керек деп калам. Эл мени «алкаш» дейт. Мурдагы кошуналарымды көргөндө качам. Бир жолу бирөөсүнө жолугуп калдым, «Талгат (каармандын суранычы боюнча аты өзгөртүлүп берилди), сен эмнеге мындай болуп калгансың?» дейт. «Турмуш ушул экен да, кыйналып жатам» деп койдум.

– Бул абалга түшүп калышыңызга эмне себеп болду?
– Мен волейбол ойночумун, менин арак ичип кетишиме ошол оюн себеп болгон. Оюнда сыра ууртай калабыз, оюн бүткөндөн кийин балдар менен арак ичмей адатыбыз мени ушул күнгө алып келди. Кээ бир адамдар жаман көрүшөт. Көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддерин тазалайм. Чаң болуп чыгып баратсам «бомж, бомж» деп кыйкырышат. Эмне кылмак элем? Өздөрү ошол жумушту кылышпайт, көчөдө баратсаң «бас» деп кубалап келишет. Эшектей болуп подъезддерди тазалайсың, 50 сом беришет. 50 сомго бир муздак суу менен кургак нан жейм.

– Көөдөнүңүздү өйүп келген арманыңыз кайсы?
– Жашоодон адашканым, волейболду таштаганым, балдарымдын астына атаңмын деп бара албаганым – чоң арманым. Апам баарын өзү жасай берип мени жаман үйрөткөн экен. Бетимди араң жуучумун. Эч нерсе кылбайт элем. Үй-бүлөдө жалаң кыздар болуп, көп жумушка менин колумду жеткиришчү эмес.

– Кайрадан өмүр берилсе эмнелерге жол бермек эмессиз?
– Ичпейт элем. Эрктүү болуп, үй-бүлөмдү сактап, ата деген атка татыктуу болмокмун. Балдарымды күндө эстейм. Бала бакчанын жанынан өтүп калганда балдарды карап туруп кыйналып кетем. Бир классташым бар, анын кызынын аты да Диана экен. Ошолорду көрүп калсам эле кызымды көргөндөй көңүлүм көтөрүлө түшөт. Кайрадан турмуш куруп, бала-бакыралуу болуп, эл катары жашагым келет.

– Балаңызды көбүрөөк жакшы көрөсүзбү же кызыңыздыбы?
– Кызымды көбүрөөк эстейм. Аны көрө элегиме 4 жыл болду. 2005-жылы 18-августта төрөлгөн. Ал күн такыр эсимден кетпейт. Мен да жакшы иштеп жүргөн кезим эле. Азыр балдарымдын мени бул абалымда көрүшүн каалабайм, ушул абалымды укпасын дагы. Жакшы ата болуп, балдарыма кам көргүм келет. Аларга барып, балдарымды кучактагым келет. Болду, эми... (ыйлап жиберди).
Бизге Талгаттын жайын айткан окурманыбыз Нургазы мырза 25 жашта экен. Селсаяк болуп кеткен Талгатты мурунку абалына кайтарууга катуу белсенгени көрүнүп турду. «Бул адамга жардам бере тургандар болсо күтөбүз. Бир жаралган өмүрдө жөн гана жашап өтүп кетпей, бир замандашыбызды адашкан жолунан буруп, ыйман жолуна салып, жакшы жашоого үндөсөк Жараткан да ыраазы болор»,- дейт Нургазы.

Уулбү Каныбекова
osh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(55)
16.12.2013. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баягы эле арак, башына тушконуно бир озу куноолу,эмне башка кыйналган инсан жокпу жок толтура бирок алар ичпей эле аракет кылышат...Адамда эрк болуш керек,Россия да жалкоолугунун айынан иштей алган эмес....ичкен адамдын эч качан бири эки болбойт...
16.12.2013. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арак эн жаман нерсе, эч кимди жакшылыка алып барбайт. Мен да ошол аракты бир кун иче коем деп, майып болуп калгам. Алты жыл болду, баспай калганыма, майыптардын арабасына кунум калды. Туугандар, сураныч ичпегиле
16.12.2013. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Президент жана бомж 2го. Аракты таштап,кайрадан адам болуунузга тилектешмин!
16.12.2013. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
netsa, туура айтасын бул кино болуп кеттиго, буюрса президент болуп кетет) )))
16.12.2013. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай жардам керек сага Талгат?Мен да Ноокаттанмын.
16.12.2013. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
kushbak79, Менимче Талгат муну окуганга мумкунчулугу жок болуш керек. Тууган сиз да Оштон болот экенсиз, анда Супер-Инфого чалып дарегин издесениз табасыз! Адам болгон сон адамгерчилик кылууну унутпасак, мен колумдан келсе Ошко барып да жардам бермекмин. Оштук эле туугандар эмес, Кыргызстандын 7-дубанынан келген адамдардынарасынан бомж болуп кеткендер коп, айрыкча Бишкекте байкалат. Мен билгенден 3000 чамалуудай болсо керек. Адам тагдырын айтып болбойт, мумкунчулугу барлар, кайдыгер карабагыла!
17.12.2013. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алты саны аман туруп селсаяк болуп кеткендерге эч тушунбоймда. Эч нерсеге коз каранды болбой уй-булоосун гулдой кылып багып аткан майыптарды коруп сабак алышса болотда.
17.12.2013. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мин кунку аркы дуйнодон, бир кунку жарык дуйно туугандар, ушундай жол менен жашоону женип жатат да....
17.12.2013. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛА ЫРААЗЫ болсун аракетке берекет дейт. Ал эми туура жолду адамзат ЫЙМАНдан кана таба алабыз. Эми да болсо кеч эмес.
17.12.2013. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арак акча алтын, начар достор акчан барда жокто орго ошолор 1 салат - эрк, эмгек, акыл эс озунчо байлык
17.12.2013. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КЭЭДЕ АТА-ЭНЕЛЕР БИЛБЕЙБИЗ КОЛДОП ЖАТАБЫЗ ДЕП ЭРКЕЛЕТИП, чонойгондо эрки жок эси жок кылып алат экенбиз. турмушта эн алсыз, чон эмес же жок эмес адам бп калат тура.
17.12.2013. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sairagul77 Allah kadyr antip kesir suiloboi jur....
17.12.2013. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allany taptyn neni jogotun??? Allany jogottun neni taptyn???
18.12.2013. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nookattyktar katuu oinoit volleiboldu tuura aitty volleibolister kop ichet kundo mairam kundo toi alarga
18.12.2013. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нургазыга рахмат ушул сунушту киргизгенине алла ыраазы болсун
18.12.2013. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр акчан жок болсо еле божсун да,негизи бомж болуп калыш бир паста еле,так что кобуроок иштегиле,бомж болбош учун
18.12.2013. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allah jardamchin bolsun! Biroo jardam berip kalaar
18.12.2013. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allah jardamchin bolsun! Biroo jardam berip kalaar
19.12.2013. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болуш жакшы болуш ар адамдын колунда жана бугу коомчулук да, жанындагы адамдар да, жаманына жакшысына болуусуна себепчи.
19.12.2013. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адатта, спортчулар эрктүү келип, ичкиликтен алыс болчу эле го... Бул күндөрүңүз тезирээк өтүп кетсин!
20.12.2013. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах ынсаф берсин туура жолун озу корсоткон болсун дуа кылабыз биз да!
20.12.2013. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул адамга жардам бериш учун кайда кайрылсак болот билгендер маалымат берип койгула
20.12.2013. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alchyn94, mahona,
Саламатсыздарбы! Сиздерге купуя менен жооп берилет. Рахмат!
20.12.2013. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сабыр берсин
20.12.2013. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоонун оор сыноосу туртку болду да бул адамдын бомж болуп кеткенине,бирок кандай гана кыйынчылык болбосун бардыгын чыдап которгонго аракет кылыш керек бул жашоодо
20.12.2013. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ьиринчи арамдан алыстан мечиттерде таалим алып кудайга кызмат кылын иншаллах мечиттердеги мусулман биродарлар ал бетте жардам берет туура жолго тушуп намазга жыгылсаныз мусулман боордошум жаратканым озу кечирсин кылган куноолорунузду кудайдан сизге жардам берсин деп дуба кылабыз
20.12.2013. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах ар адамга өзү ыйман жолуна түшүүнү насип этсин.
20.12.2013. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shai! Алла сенин башына салса сен которо бер! Мен кудай деп жашаган адаммын . Алкаштын миллионер болгонун кинодон корсон турмушта андай эмес . Ата энеге таарынган эч качан онбойт,ичкен адамдын бири эки болбойт. Арак арам ,ошондуктан аны ичкен адамдын иши он келбейт.
21.12.2013. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабырдын тубу сары алтын. Аракты таштап жакшы адам болуп кет. Айтканынан кайтпа алдында даагы коп жашоо бар,башынды ойдо которуп артты карабай алга кет. Кудай тилеген тилегинди берсин.
21.12.2013. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Menin oiumcha ozum onolom degen adam erki kuchtuu bolso onolot. Aga jon kana poddershka kerek ar taraptan. Kaisyl ele bomj gezitke kelip men onolom jardam bergile dep atyptyr anan uyat dep kemsintken da bolboit
22.12.2013. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда ыйлагым келип кетти арак емнелерге алып барбайт ее
22.12.2013. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок мен валейбол кунолу дегенине кошулбайм ал спорт туруго бизда ойночубуз бирок арак ичпей жок эле болчу
27.03.2015. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арак кунолу эмес ал адамдын озунон
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо