Абдылда Иманкулов:«АЯЛЫМА ОРДЕН ТАГЫШ КЕРЕК»

№580 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж

Абдылда Иманкуловду сахнадан көрсөк эле боорубуз эзиле күлүп калабыз. А бирок ал киши жашоодо кандай адам, кандай күйөө жана ата, андан кабарыбыз аз. Андыктан куудул агайды жан шериги менен маекке чакырып, сиз-биз билбеген көп жагдайларды билдик.

Баш кошушкан жыл, күн – 1983-жыл, 3-ноябрь.
Ортолорунда 2 уул, 2 кыз, 6 небереси бар.

– Ырыс айым, Абдылда мырза интервьюларында «аялым «мени сенден башка ким алмак эле?» деген» деп айтып келет. Ошол окуяны эми сиздин оозуңуздан уксак.
– Ал кезде бул Токтогул театрында, мен китепканада иштечүмүн. Экөөбүз жакшы тааныш элек, тамашалашып айтып койсом, чын болуп калбадыбы (күлүп). Абдылда ар кимди эле алам деп айтып жатса, тамаша экен деп мен деле макул деп койгон элем.

– Ала качып кеткенде ошон үчүн чатак салган экенсиз да, ээ?
– Сүйлөшпөй эле ала качып кетсе чыр салбаганда анан (күлүп). Бирок болбой эле кайнене, абысын, жеңелер отургузуп коюшкан.

– Абдылда мырза, кыз-жигит болуп сүйлөшпөй эле Ырыс эжени жубай кылып алууңузга эмне себеп болду?
– Мен аскерден келип, театрда иштеп жүрдүм. Атам болсо «аял ал эле ал!» деп урушуп туруп алды. Аялды ушинтип алат экен деп алып алдым (күлүп). Чөпкө барчубуз анда. Балдар-кыздар көп, кечинде оюндар болот дегендей. Ырыс ал жерде ашпозчу эле. Байкасам тиги бала деле көйнөгүн берет, жууп койчу деп. Бул бала деле берет. Керек болсо байпактарына чейин жууп берчү. Ал жагы жакты, тамакты да «нормально» жасайт экен. Ошолордон байкаштырып, анан үйлөндүм.

– Түтүн булатканыңыздарга 30 жыл болуптур, кандай кызыктарды баштан кечирдиңиздер?
Абдылда: – Үй, курсак маселесинен кыйналган жокпуз. Жашоо болгон соң өйдө-ылдый нерселер кезигет. Турмушубуз таптаза хрусталдай болду десем калп айткан болом. Бирок ушул кезге чейин бир да катуу урушкан жокпуз, бири-бирибиздин көзүбүздү көк ала кылмай же жубайымда үйдөн чыгып кетип, 3-4 күн төркүнүндө жүрүп калмай дегендер болгон жок.

– Абдылда мырза «үй жумуштарын кылбайм, жалкоомун» деп көп айтат. Үйдө эркектин жумуштарын ким жасайт?
Ырыс: – Буга айтсаң деле баары бир кылбайт да (күлүп). Атайын тийишип «карачы, тиги минтип там салып жатат, сонун кылып короосун тосуп койду» десем да унчукпай эле кутулат. Азыр балдарыбыз чоңоюп, ишке жарап калышты.
А.: – Мен азыр элүү жашка чыктым, ушул кезге чейин кара жумуш кылган эмесмин, мындан ары да Кудай кылдырбаса экен деп тилейм. Мени атамдын жездеси багып алган. Алар суунун аркы өйүзүндө, атамдар берки өйүзүндө турат эле. Кечинде, мисалы, атамдыкында болсом, эртеңки жумуштар боюнча планды айтып отурушат, «тигиндей, мындай кылыш керек» деп. Мен аны акырын эстеп коём дагы, эртең менен эрте туруп аркы үйгө кетип калат элем. Ал жактан жумуш болуп калса, бери жакка качып келе берем. Ошентип кара жумушка аралашпадым.

– Үйдө пикир келишпестиктер көбүнчө эмнеден чыгат? Кантип жеңесиздер?
А.: – Кээ бирөөлөрдө таарынышуу 2-3 күнгө созулат эмеспи. Бизде андайга шарт деле жок. Себеби үйгө киши көп келет. Тээ жаңы үйлөнүп батирге чыкканда эле ошондой болчу, азыркыга чейин конок үзүлбөйт. Эми элестет, үйгө киши келсе тултуңдап отура албайсың да. Билмексен болуп, жакшынакай жашап жаткандай түр көрсөтүп коёбуз.

– Ырыс айым, баш кошуп жатканда жолдошуңуздун эл адамы болушун сезген белеңиз? Атактуунун жубайы болуш оор эмеспи?
Ы.: – Жок, кайдан? Аны билсек бул алам деп жүргөн кыздардын бирөөсү мага чейин эле тийип алса керек (күлүп).
А.: – Жакшы жактары көп үчүн жүрөмүн да дебейсиңби.
Ы.: – Ооба да (күлүп).
А.: – Бирок кесибимдин жагымсыз жактары толтура. Ар кимден телефон чалуулар болот, ушак көп жүрөт. Кээ бири тамашалап чалат, кээ бири интрига кылыш үчүн. Мурун бир гезитке мени жамандап жазып койсо катуу сарсанаа болуп, мактап койсо дердеңдеп кетчүмүн. Азыр көп көңүл бөлбөй, реакция деле жок болуп калды. Ошол сыңары үй-бүлө деле көнүп калат экен.

– Андай жагымсыз кеп-сөздөрдү кантип жеңип келесиздер?
Ы.: – Мен ишенем, Абдылда башкага кетпейт (күлүп). Табиятымдан ушактын артынан кууган аял эмесмин. Бирөө менен сырдашып көөдөнүмдөгү нерселерди айтпайм, ичиме жутуп келем. Азыр деле чалуулар болот. Кээ бир кыздар чалып калса, «өзүнө байланышып, өзүңөр чечип алгыла» дейм. Абдылда кетем десе мына, келем десе ана. Өзүмдүн үйүм үстүмдө, казаным өзүмдө, бала-чакам маңдайымда, аны өзү чечет да. Мен эмнени жоготот элем? Ал өзү чыгып кеткени эле болбосо... Кайын журтум, жоро-жолдоштору мен тарапта (күлүп). Өзүнүн иши да, үй-бүлөнү кармап калыш меники эле эмес, мунун деле кызыкчылыгы.
А.: – Ошентип жеңдим да десең (күлүп).
Ы.: – Жаш кезинде тескери барса барып, келсе келип жүргөндүр. Кызганасың, бирок балдар турганда чатак салып, чыр деле кылган жокмун.

– Абдылда мырза, кесиптештериңиз сизди аялга туруктуу деп тамашалап калышат...
А.: – Негизи, артист менен 15 жыл жашаган аялга орден берсе болот, анын ичинде меникине да. Себеби ишиң ошол, сен каалайсыңбы-каалабайсыңбы, жактырасыңбы-жактырбайсыңбы, күйөрман дегендер болот. Аялбы, эркекпи, көчөдөбү, башка жакта жолугабы... Ошол нерсени туура түшүнгөн аял болбосо мынча жыл жашабайсың. «Артисттер көп ажырашат» деп айтышат эмеспи. Ажырашуу аялдын көп нерсени ичине ката билбей, чыдай албагандыгынан болот демекмин. Азыр Ырыс айтып жатпайбы, «үстүмдө үйүм бар, бала-чакам, ага-тууган, достор, кайын журт меники» деп. Ушинтип калат экен да кийин. Мен мындай аялдарды тууну сайгандар демекмин. Меники ошолордун биринчилеринен болот (күлүп).

– Ырыс айым, сизди Абдылда агай «дайыма эле кечигип жүрөт» деп айта берет. Чын эле ошол сапатыңыз барбы?
А.: – Чын, 30 жылдан бери кайда болбосун бир да жолу убагында жаныма келип отуруп кала элек. Дайыма күткөнүм күткөн.
Ы.: – Анын себеби бар да. Биринчи муну кийинтем, бут кийимине чейин даяр кылып, чыкыйтып коюп өзүм кийингеним үчүн кечиксем керек. Экөөбүздүн урушубуз ошол жерден башталып кетет.

– Абдылда мырза, жиниңиз катуу келип жатса кантесиз?
– Түртүп жиберем, ха-ха-ха. Мени баары билишет. Иш учурунда, репетицияда да тез эле жарылып кыйкырып, сөгүп-сөгүп салам. Эч кимиси унчукпайт. Себеби баары билет да, бат эле жазылышымды. Бирок жакшы жагым, бир жолу да аял кишиге кол көтөргөн эмесмин.

– Айрым аталар кыз узатууда көзгө жаш алып калчу эле, сизде андай болгон жокпу?
А.: – Мен биринчи кызымды берип жатканда көп деле сезимге алдырбай узаткам. Экинчи кызым кеткенде ыйладым. Көп сураба, азыр дагы ыйлап жиберем (күлүп). Бул кызым мага жакын болуп өстү.

– Абдылда мырза, чынын айтыңызчы, ушул кезге чейин жубайыңызга айтпай келген сырларыңыз барбы? Ырыс эжеге калп айтып кармалып, айыбыңыз ачылып калган учурлар болду беле?
А.: – Сырларым азыр деле болсо керек, ал айтылбайт да (күлүп).
Ы.: – Анан да көп эле кармалам деп кой...
А.: – Туура айтасың, эми аны элге айтпай эле коёлу...

Маегибиз ушундай жандуу өттү. Сөз аягында жан шериктерге бала-чакасынын үзүрүн көрүп, Абдылда мырза тилек кылгандай кара жумуш кылбасын каалайбыз.

«Ушул кезге чейин көзүбүздү көк ала кылып, катуу урушкан жокпуз».

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Абдылда Иманкулов: "Аялыма орден тагыш керек"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(38)
SUPER.KG видео
13.12.2013. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн жакшы маек болуптур. Жонокой, жакшы уй- було экен. Бакыт каалайм.
SUPER.KG видео
14.12.2013. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы акырындагы ыр жакшы ыр экен кимдин ыры кантип тапсам болот
SUPER.KG видео
14.12.2013. 04:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jakshy maek boluptur
SUPER.KG видео
14.12.2013. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдылда байкени корсом эле кулкум келе берет чыныгы куудул адам таланты бар кучтуу куудул иштеринизге ийгилик уй булолук бакыт каалайм коп жашаныз!!!!
SUPER.KG видео
14.12.2013. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
200 грамдан ашык жук которбогом дейтко хехе ))) 200 грам экенин кандай билди экен хаха))) менда текшерип корушум керек экен канча грам экен билип жургонго хахаха)))
SUPER.KG видео
14.12.2013. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу айткандай аялына орден бериш керек экен. Айлап гостролго кетсе да башкасына да чыдаса.
SUPER.KG видео
15.12.2013. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй-булолук бакыт каалайбыз. Эртерээк Абдылда байкеге мамлекеттик наам бейбейт бекен.
SUPER.KG видео
15.12.2013. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу жана ынтымактуу уй-булоо экен ,чыгармачылык ийгилик жана уй-булоолук бакыт каалайм!
16.12.2013. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Денсоолукта болунуздар!
16.12.2013. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
элибизди кулкуго болоп журо бериниз эл сизди абдан барктайт
16.12.2013. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"super ui-buloo"
16.12.2013. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кызым дегениниз Зиядабы!....
16.12.2013. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сиздин талантынызды баалайбыз,чеберелерди да корунуздор узуун омур,чын ден-соолук каалаймын.
16.12.2013. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абдылданы коргондо эле кулуп баштайсын го,талантына таазим этебиз. Ар дайым аман болунуз.
16.12.2013. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун уй-було экен.Аялына кол которбогону акылдуу чыныгы эркек экенин далилдейт,азаматсыз!!!
16.12.2013. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркектердин баардыгы Абдылда агайдай болсо омурлуу ден соолукта болсун
16.12.2013. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уйбулонор жакты
16.12.2013. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sonun maek boluptur
16.12.2013. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Talanttu, kuudul, baikebiz Abdylda Imankulov .. Bar bolunuz, ui-bulonuz menen aman bolunuz. Biz sizdi suilaibyz.
16.12.2013. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Owondo izmenaga barganby
17.12.2013. 07:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
катуу жинденгенде туртуп жибергени жакты
элестетип атам
уй булолук бакыт жана бактылуу карылык
17.12.2013. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurka_85, кандай кылып элестетип жатасын?абайла озунду жоготуп жибербе.
17.12.2013. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдылда ака молодец киши да,озун коргондо унун укканда эле кулкум келе берет.Талантыныз ташкындай берсин Абдылда акоов.Номериниз болсо суйлошмокмун ака,кандай байланышсам болот экен?
17.12.2013. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото эле жакшы кором да ушу кишини,таланттуу киши.Суйлой электе эле куло берем.Жубайына данк,бактылуу карылык жуптарга!
SUPER.KG видео
17.12.2013. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyz.93 Ырды ушул жактан табасын.
http://www.super.kg/media/audio/88649/
17.12.2013. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ulguluu ui-bulo dep sizderdi aitsa jarawat...bar bolgula,baktyluu bolgula.
17.12.2013. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ден соолукта болунуздар бар болунуздар
19.12.2013. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы кыргыз юморунун атасы десек да болот Абдылда акени!Чыгармачылык ийгилик уй булолук бакыт каалайм
23.12.2013. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялына рахмат, гостролдоп эле Абдылда уйундо турбаса керек, мындай талант ар кимге бериле бербейт, элдин уулу деп сизди айтат.
SUPER.KG видео
23.12.2013. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кишинин сахнага чыгышы эле кулку келеерлик, актерлук чеберчилиги ото кучтуу куудул деп эсептейм,
12.01.2014. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз. Кызыктуу адам. Абдылда очпогон жылдыз, ошентсе да 95-2005 жылдар арасындагы анын аткарган номерлери негедир азыр таппай журобуз, мисалы комуз менен кууудулча айтыш айтып келген, абдан мыкты чыгармалары бар. Аралаш тын 10 жылдыгындагы концерттери. Ошолорду таап жуктоп койсонор жакшы болмок.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо