«АКУЛА» АЙЫМДАР

№580 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж

Акула – сууда сүзүүчү жаныбарлардын күчтүүсү, лидери. Психологияда да энергиясы ашып-ташкан, күчтүү айымдарды ушундай деп аташат. Алардын канча бир пайызы өзүнөн кичүү мырзаларга турмушка чыгат экен. Ошол себептен төмөндөгү айымдарды биз «акулалар» тибине коштук. Жаш жигиттердин жүрөгүн багындырган атактуу айымдардан биз дагы куру эмеспиз.

Алина Жетигенова:«ЖОЛДОШУМ МЕНИ ЖУМУШЧУЛАРГА КӨРСӨТКҮСҮ КЕЛБЕЙТ»
«Айымдын жашын сурабайт» дейт. Алина Жетигенова мынчада деп жашын так айтпасак да, бир топ эле жашты чапчыганын көпчүлүк билет. Бирок эжекебиз сахнада дайыма жаш, сулуу. Балким, мунун сыры өзүнөн жаш жигит менен өмүр сүрүп келе жатканында болуп жүрбөсүн...
– Жолдошум Эржан менден жети жаш кичүү. Бирок бизди турмуш теңдеп койду. Айланамдагылар «Эржанды өзүңө теңеп алдың, ал сенден жаш көрүнүшү керек эле» деп тамашалай беришет. Үйлөнөбүз дегенде жаш айырмачылыгыбыз эске алынбай койгон жок, каршы чыккандар болду. Бирок сүйүү жеңди окшойт. Мага каршы чыккандардын баары менен кийин жакшы болуп кеттим.
Мен улуулук же ал кичүүлүк кылган учур таптакыр болгон эмес. Кээде эле мен «мага теңтуш болбочу» деп койсом, ал «сен эч качан минтип айтпа» деп калчу. Жолдошум интеллигент үй-бүлөдө чоңойгон бала. Андыктан менин улуу экенимден маселе жаралган эмес. Биздин үйдү, албетте, Эржан башкарат. Кээде билинбей эле бийликти мен алып алат окшойм. Анткени аяштарыбыз тамашалап «бийликти Алина алып койгон турбайбы» деп калышат.
Үй-бүлө курганыбызга 20 жылдан ашса да, ошол кездегидей эле сезимдер менен жашап келе жатабыз. Биринчи никемден уулум Азиз бар. Эржан экөөбүз эки уул, бир кыздын ата-энесибиз. Учурда көп кабаттуу үйдөн жер тамга көчүп, оңдоо-түзөө иштери менен алекпиз. Эржан мени жадакалса үйдө иштеп жаткан жумушчуларга көрсөткүсү келбейт. Алар менин пол жууп, чаң сордуруп жүргөнүмдү көргөндөрүн каалабайт. «Сени сахнадагыдай сулуу бойдон гана көрүшсүн» дейт. Жакында Азиз үйлөнөт. Келинибиз ак жолтой болсун деп ак дарбаза койдуруп жатабыз.

Бурулкан Карагулова:«АЛЛА МЕНЕН ГАЛКИНДЕН КИЙИН ЭЛЕ БИЗ БОЛУШУБУЗ КЕРЕК»
Акын-жазуучу Бурулкан Карагулованын жолдошу да өзүнөн бир топ кичүү.
– Кыргыз аялдарынын күйөөсүнөн улуулугу 10 жашка чейин болуш керек. Нурбек экөөбүздүн ортобуз 10 жаштан да көп. Алла менен Галкинден кийин эле биз болушубуз керек. Жердиги мен жаш көрүнөм, бирок сүйлөгөндө кагылып-согулуп жатып өзүмдүн улуу экенимди билгизип коём. Мен жеңил адаммын, бир нерсе болсо чыйпылыктап тияк-биякка чуркайм. Жолдошум токтоолугу менен да улуу көрүнөт окшойт.

 

 

 

 

 

Айчүрөк Иманалиева:«АЯЛ ЭКЕНИМДИ ЭСТЕП АРТКА БИР КАДАМ ТАШТАЙМ»
«Акула» айымдардын катарын ырчы Айчүрөк Иманалиева толуктайт. Анткени жолдошу Таалай ырчыдан 5 жашка кичүү.
– Таалайдын менден кичүү экенин жашырбайм деле. Баш кошордо эки тарап тең каршы болушту. Акыры балдарым менен Таалай экөөбүз жеңдик. Чогуу түтүн булатканыбызга 20 жыл болду. Бул өтө чоң убакыт. Телегейибиз тегиз деп айта албайм. 20 жыл ичинде казан-аяк көп эле жолу калдыр-күлдүр болду. Катуураак кетип баратканда «жок дегенде сен унчукпай калчы» десем Таалай «эмнеге мен унчукпай калышым керек?» дейт. «Сен менден 5 жаш кичүүсүң» деп жашымдын улуулугун жармаштыра салам. Ортодо талаш-тартыш болсо, улуулугумдан мурун аял экенимди эстейм да, артка бир кадам таштайм. «Уруш-талаш боло берсе үйдөн кут качат» деп коюшат эмеспи.

«ЭРКЕК ҮЧҮН АЯЛЫ – ЭКИНЧИ ЭНЕСИ»
Психолог, медицина илимдеринин кандидаты ТЫНАРА ТОКСОНБАЕВА:
– Эгерде аял эркектен бир топ жаш улуу болсо, ал күйөөсүнө карап түздөнөт. Жаш күйөөсү кандай кийинсе ага ылайык кийинип, анын мүнөзүнө жараша өзүн алып жүргүсү келет. Дайыма өзүн кароо менен алектенет. Анткени анда «күйөөм башкага кетип калбаса экен» деген коркунуч дайыма жашайт. Өзүнөн кичүү жигиттердин жүрөгүн багындырган аялдар энергиясы ашып-ташкан, күчтүү айымдар болуп саналат. Алар өзүнүн жаштыгын кармап калуу үчүн жаш жигиттер менен мамиле түзүшөт.
Эркек үчүн аялы – экинчи энеси. Аялдардын эркелеткенин, мээрим менен мамиле кылышын самашат. Жаш жигиттерге өзү менен теңтуш айымдар мындай жылуулукту бере албагандыктан, алар өзүнөн бир топ жаш улууну издешет.

ДҮЙНӨЛҮК ЖЫЛДЫЗДАРДАН МИСАЛ
Алла Пугачёва менен Максим Галкиндин ортосу 27 жаш. Актриса Дебора Ли-Льюис күйөөсү Хью Жекмандан 14 жаш улуу. Мэрайя Кэри актёр Ник Кэннондон 11 жыл мурун жарыкка келген. Актриса Сэм Тейлор жолдошу Аарон Тейлор-Жонсондон 23 жаш улуу.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(20)
16.12.2013. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйуу жашка карабайт деген ушу да
16.12.2013. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakshy baktyluu bolgula ! Azyrky yrchylarybyz kursaktary salandagan chaldarga tyip alyshpadyby akchalaryna kyzygyp.
16.12.2013. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыкты го дагы бирөө орустардан Прохор Шаляпин.өз апасынан да 10жаш улуу аялга үйлөнүп.
16.12.2013. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алина Жетигенова азамат го.
16.12.2013. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки адам бири бирин тушунсо жашка карабайт го.Уй-булолук бакыт сиздерге.
16.12.2013. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен озумдон 3 жаш кичуу жигитти жактырам, тактап айтканда суйуп журом.
16.12.2013. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sladkaja_konfetka, Анда сиз да Акула айымдардын катарын толуктап турат экенсиз.
16.12.2013. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
абдан жакшы мен каршы эмесмин журок кааласа уйлонсун тийсин
18.12.2013. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asus84, туура. Бир келген жашоодо озубуз учун жашайлы.
16.12.2013. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок эжеге бакыт каалайм.
16.12.2013. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алина эжеге
дагы
17.12.2013. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен жолдошуман 1 жаш 2 ай улуумун, жолдошумдун классташы аялынан 10 жаш кичүү, менин бир подружкам дагы күйөөсүнөн 1,5 жаш улуу, жумушумда бир эже - коллегам күйөөсүнөн 2 жаш улуу, таяжемдин дос кызы жолдошунан 4 жаш улуу ж.б... Менимче, мындайлар толтура эле. Анан да баарыбыз бактылуубуз.
17.12.2013. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен деле каршы эмесмин, бирок кийин кандай болот,акыры аял баарыбир кары корунот,эркеги башка жашын таап алат да.эркеке ишенип болбойт.
17.12.2013. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бурулкан эженин ырларын окуп тан калчумун бул кандай аял болду экен деп.
18.12.2013. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барыныздар бактылуу болунуздар. Суйуу жашка карабайт эмеспи.
Алина эжеге ийгилик, кудай колдоп жакшы келинге туш болунуз.
18.12.2013. 05:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин апам да атаман 3 жаш улуу. Эжем да жездемен 5 жаш улуу. Мен куйоомон 14 жаш кичуумун. Баарыбыз бактылуубуз. Суйуу жашка карабайт. Адам баласы озуно жаккан адам менен бирге болгусу келет.
Жогорудагылар далил.
18.12.2013. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menim oiymcha kichyy kyioogo tigender anu balasundai ele erkeletip bagush kerek . A eger ylyy kyiogo tyrmyshka chuksan al seni kokolotyp bagat , erkeletip tyrat. Men kop ele koryp jyrom kichyy kyioogo chugup alushup azabun tartup ele jyryshot. Fy emnesi kuzuk. Meybe i am rong sorry.
18.12.2013. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asiia03, туура айтасын озунон жашка тийген ото эле бактылуу боло алышпаса керек,бирок бир эжени билем озунон 14жаш кичуу 87жылкы балага тийген озу аябай жаш корунуп калган куйосундой болуп,каалаганында келет каалаганда кетет азыр кыздуу болушту эми кетпей калса керек куйоосу билбейм.мен куйоомон 5жаш кичуумун сени кызымдай кором деп эркелете берет мага бул аябай жагымдуу баардык эркектер менин куйоомдой болсо кана.
18.12.2013. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mmda negizia rkim ozu bilet go birok erkek ozunon kichuugo aal emi kyzdar ozunon choongo ele bash koshsoo soonun bolmok birok besh kol ten emes lichno men ozumdon kichine emes daje 2 3 jash choondor menen suyloshkum kelebyt ozundon chooon bolso vsegda ortodo urmat siy bolup baktiluu jashaysin albette bul menin jeke oyum...
20.12.2013. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ar kim ar kandai oi menen jawait da biroogo kyzyk biroo 4yndap suiup biroo jaw bolgusu kelip jawait! Menin oyum4a ozunon uluuga tiigen jakwy ortodo syi bolot! Birok suiup kalsa aila jok!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо