ГҮЛНУР «ЗОЛУШКА» БОЛСО, КАМЧЫ «КОМИК»

№580 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж

Бала чагымда индиялык Амриш Пури аттуу актёрду жек көрөр элем. Себеби ал бардык тасмаларда терс каармандын ролун жаратчу. «Актёр үчүн эң коркунучтуусу – бир образга байланып калуу» деген сөздү кулагым көп чалат. Бизде дагы коркунуч жок эмес...

КӨЗ ЖАШЫ ДАЯР «ЗОЛУШКА»
Кайгылуу тасма тартууда көпчүлүк режиссёрлор актёрлорду ыйлата албай кыйналышат. Ошол себептен актёрлордун көзүнүн алдына вазелин, пияз сүйкөп ыйлатуу ыкмасын колдонушат эмеспи. Биздин режиссёрлордун бактысы тоодой экен. Анткени кайгылуу ролдордун «апасы» Гүлнур Асанова деген сулуу актрисабыз бар. Кыргыздын «Золушкасы». Качан болсо ыйлай берет. Ал түшкөн тасмаларды карап отуруп кээде режиссёрду да аяп кетесиң. Себеби Гүлнур айымга бет аарчы сатып берем деп чөнтөгү бир топ жукарса керек...

ТОКЧУЛУКТУН БЕЛГИСИ – КАМЧЫ
Камчы Сарыбаев деген шайыр актёрубуз – токчулуктун символу. Бардык тартылган тасмаларында кишинин боорун эзип эле жүрөт. Элдин баары жакшы көрөт. Ага башка образ жарашпаса деле керек өзү. Элестетсеңиздер, Камчы акебиз каарданып, бир кишини өлтүргөнү жатат... Хе-хе... Канчалык кайгылуу, коркунучтуу образ жаратса да, бул актёрду көргөн адам күлө берет болуш керек.

«БАБНИК» БОЛУШ БИР ПАСТА
Чыныгы эркек кандай болушу керек? Чыныгы эркек эртең менен эрте туруп, кийинип, «технично» өзүнүн үйүнө барышы керек! Эгер «мергенчиликтен» жолу болбой калса, терезе аркылуу качышы керек. Туура баамдадыңыздар. Сөз актёр Аскат Сулайманов тууралуу болуп жатат. Кыргыз кино дүйнөсүнүн атактуу «бабнигине» айланган Аскат мырза канчалаган роль аткарса да, ушул образын унутууга мүмкүн эмес. Кыз жандуу жигиттин ролун аткарууда алдына киши салбагандыктан, көп кыз-келиндер «өзү деле ошондой болсо керек» деп кызыгышары айдан ачык.

КАРАТИСТ ОБРАЗДАН ЧЫГА АЛБАГАН АСКАТ
Кыргыздын Брюс Лиси десемби же Жеки Чаны десемби, айтор, Аскат Эрбаев аттуу каратист актёрду кимдер тааныбайт. Тасмаларда жалгыз өзү бардыгын талкалап салат го, шумдугуң кур! Ушул образынан чыга албай койду. Бирок Жораны деле түшүнсөк болот. Себеби министрдин кыздары жөнөкөй, уруша албаган жигиттерди жактырбайт эмеспи.
 

ОТТОН ЫСЫК ОБРАЗ
Охо, жеңил ойлуу аялдын образын «Оскарга» тете оңой аткарган Назира Бердигулованы көргөндө далай жигиттер шилекейин жутат го, чиркин. Бирок жаман ойлобогула, бул деген – кино. «Чыныгы актёр роль тандабайт» деп коёт. Анын үстүнө мындай роль аткаруу ар бир эле актрисанын колунан келе бербейт. Буга деген чыныгы эрдик, талант керек. Ооба. Актриса ар кандай кесипте өзүн сынап жүргөнүнөн эле кыйын экенин билсек болот.

Чымчып кеттик, чычаламай жок. Ал эми аты аталган актриса, актёрлорубуз мындан башка да ролдору менен элди кубантат деп ойлойбуз.

Асхат Субанбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(23)
16.12.2013. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бироонуку чымчыган жеринер когоруп эле калды го...
16.12.2013. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Камчы байке таланттуу актер тартылган тасмаларынын баары жагат......
16.12.2013. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
аскатты эле таланттуу деп эсептейм.калганы жакпайт
16.12.2013. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Назира Бердигуловага сурот жарашып эле калыптыр го))).Женил ойлу кыздын ролун келиштирет бирок.
Байкуш Гулнурду качан болсо эле зордоп кетишет, кинолордун баарында. Ушу башка рольдордо деле ойносунчу...
16.12.2013. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
shazi,sizge kowulam:-D
16.12.2013. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Назира Бердигулованы кыргыздын Анжелина Джолиси десек болчудай!
16.12.2013. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ахахахааа сонун
16.12.2013. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Назираны ошондой кыз деп ойлой берем
17.12.2013. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы Жакшы ... Кутуурак чымчыдыныздарда иииии)))сиздердин тамашаныздар жагат алар актриса актерлорго тура Эле кабыл алышат .
17.12.2013. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Катуурак дегеним , кечиресиздер..
17.12.2013. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tilekke karwy Nazira Berdigulovani taanybayt ekenmin. Kamchy aganyn talantyna baa berem.
17.12.2013. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур Асанованы баалайм.
17.12.2013. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эсен эле болгула чымчылашпай.
17.12.2013. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде Назира жокго
18.12.2013. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ооба Назира Бердигулова кайсы бир вечеринкада кыпкыска кийинип жургон чынында эле журушуно жараша роль жаратат го келтире...

18.12.2013. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардыгы таланттуу адамдар,оркундоп,оно беришсин!Камчынын ролу озуно аябай жарашат,Аскат Сарыбаев бабник болбосо да койсун,суйуктуу адам.
19.12.2013. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камчы чынында комикго!ха ха
19.12.2013. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дем театрынын актерлору азаматтар!ийгилик силерге
20.12.2013. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Гулнурга эле жиним келе берет,качан корсон эле,зордоп кетет,бузуп коюшат андан башка роль ойносон болбойбу?
21.12.2013. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mademoiselle, хахаха чын айтасын ушу Гулнур ойногону эч жарашпайт озуно кийингенин айтпай эле койойун кийимди тандай албайт эч жарашыктуусун анан жасалма аткарат озун жаш элестетет бирок чон аялдай корунот мага лично,бирок Назира Бердуголова аябай сулуу ойногон рольу озуно куп жарашат келиштире ойнойт бир гезитке чыктыле актриса болгондон кийин куйосун чанып башкага тийип кетиптир деп жашоосунда да ошондой окшойт деп ойлоп калдым.
21.12.2013. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштук Аскат таланттуу жиги суйлогон созу да озун алып журушуда ордунда Камчыкени баары жактырса керек эми мага да жагат.
23.12.2013. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур эжебиздин кийимине асылбагыла озуно жакшы жарашат ,алигиндей жабышкан ,чыпташкан кийимдерге караганда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо