Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Чыңгыз Мырзаев:«КӨРӨҢГӨМ БӨКСӨРҮП, РАДИОДОН КЕТҮҮГӨ ТУУРА КЕЛДИ»

№580 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж

Ди-джей кесиби аркылуу аты чыккан Чыңгыз Мырзаев учурда телеалпаруучу болуп эмгектенүүдө. Чыңгыз кайсы гана кесиптин даамын татып көрбөдү. Актёр, ди-джей, телеалпаруучу, тамада, ырчы дегендей. Көп тармактуу талант, бир баланын атасы, «Жылдын ТВ персонасы» наамында үчилтикке кирген Чыңгыз менен биз дагы ар кыл темада баарлаштык.

– Ар бир замандын популярдуу кесиби болот экен. Учурда ошондой кесиптердин катарын тамадалык да толуктайт дешет. Сен да тамадалык ишиңди жөнгө салып алдың көрүнөт. Канча табасың?
– Жакшы, буюрса, азыр ырчы да көп, кафе да көп, той да көп. Мага ишенип «тоюмду өткөрүп бер» дегендердин ишеничин актаганга күчүмдү жумшап келем. Баары адамдын насибинен көз каранды. Тапканым аз же көп деп айтпайм. Канча табарымды, чыгаша-кирешени эсептеп көрүү максатында атайын дептер ачып коём деп көп аракет кылдым, бирок окшошпой калат. Ал үчүн майда-чүйдөнүн баарын жазууга туура келет экен, башымды оорутпай эле коёюн деп чечкем. Тапканым үй-бүлөмө, үй-жайды оңдоого кетет. Кудайга шүгүр, алдымда машинам, үстүмдө үйүм бар.

– Тойду алып барууну сүйлөшүп коюп бара албай калган учур болду беле?
– Болот, кээде туугандарымдын жакшылыгына, кээде кесиптештеримдин тоюна бара албай калам. Анда той ээсинен кечирим сурап, ордума башка тамада таап берген учур болгон. Борборго 20 жашымда келсем, тамадалыкты эки жылдан кийин баштадым. Ошондо той башкарганыма 8 жыл болду. 8 жыл ичинде тойго 2-3 жолу эле барбай калдым окшойт.

– «Тамада болом» деген жарнама бересиңби?
– Жарнама, визитка деген менде жок. Мурун радиого издеп келишчү. Кыргызстан кичинекей эле го, той берчү адамдын алыс тууганы же кудасынын кудасы чыгармачыл чөйрөдөн бирөөнү тааныйт дегендей. Ошентип издегендер өздөрү эле таап алышат.

– Радиодон эмнеге кетип калдың?
– Бир сөздү кечке эле кайталай берип, идиш бош калган сыяктуу менин да көрөңгөм бөксөрүп, айта турган сөздөрүм калбай калды. Анан башка чөйрөгө өтүп, китеп окуп жан дүйнөмө азык топтоюн дедим. Анын үстүнө радионун ички талаптары мага туура келбей калды. Эгер талаптар сага туура келбесе, сен ал жерде иштей албайсың. Ошондон улам телеканалдардын бирине эртең мененки саат жетиден онго чейин, жумасына эки жолу маалыматтык-маанайшат көрсөтүүнү алып барууну чечтим. Андан башка деле көп жерге чакыруу болду. Бирок бирин бышырбай, баарын чалды-куйду кылгым келген жок.

– Эртең мененки ондо эле жумуштан бошойт экенсиң, калган убактыңды кантип өткөрөсүң?
– Расмий жумушум жок болгону менен, кыла турган иш чачтан көп. Тирүү адамдын жумушу түгөнбөйт экен.

– Жаш өткөн сайын журналисттер көңүл ачуучу программалардан олуттуу берүүлөргө өтө баштаганын көрүп келебиз. Сенде ушундай ой барбы?
– «Эрте жазда эккениң күздө бышат» дегендей, олуттуу көрсөтүүлөргө өтсөмбү деген ойлор бар. Супсак, чийки болуп калбаш үчүн бир аз убакыт керек.

– Ошондо ырчылыкты таштадыңбы?
– Тойлордо анча-мынча ырдап коём. Таштайын деген ой жок, бирок өтө жалкоомун. Жаңы ыр жаздырсаңыз, аны радиолорго берип жаңыртыш керек да. Жаздырган күндүн эртеси эле өзүмө жакпай калат, анан кайра жаздырайынчы, оңдоюнчу деп элге угузбай калам. Өсөр Козуев ырдап жүргөн «Атама» деген ырды жаздырып, клип да баштап койгон элем. Жаңы жылга карата тамашалуу «Аяз ата, болчу мага кайната, Аяз кызга ашык болдум» деген ыр жазгам. Кайнатам укса капа болбосун деп «Аяз ата, кимге болосуң кайната?» деп оңдоп салдым.
Андан сырткары жаңы жылдын экинчи айында Рустам Сагыналиев экөөбүз бирге концерт бергени турабыз. Жигиттердин майрамына карата филармонияны сүйлөшүп койдук.

– Жакшы экен. Жалкоомун деп жатпайсыңбы, келинчегиң Надира кийлигишип, «уктап калдың, ыр жаздыр, иште» деп түрткүлөп турабы?
– «Бир баш жакшы, эки баш андан жакшы» дейт эмеспи элибизде. Надира өзү да чыгармачыл адам, «Жаш кыял» бий тобунда бийлеп жүргөн. Кеңеш берчү жерден кеңеш берет, «жаңы ыр жаздырыңыз» деп турат. «Мындай кийиниңиз, тигини кийип алсаңыз жакшы жарашат» деген кептер күнүгө айтылат.

– Өзүңдү ар тармакта сынап көрдүң, жан дүйнөңө кайсы кесип жакын экен?
– Чынын айтсам, баары бири-бирине жакын. Бирок мага телеалпаруучу болгон көбүрөөк жагат. Жан дүйнөмө да ушул кесип жагымдуу.

– Кызың тууралуу айтсаң, кимге жакын?
– Кызым Нурайымга тогуз ай болду. Тиштери чыккан. Надира экөөбүз жумасына бир эле жолу көрөбүз, анткени көбүнчө таята-таенесиникинде. Баарынан таятасына жакын окшойт. Элден чоочуркабайт деле. Келечекте көп балалуу болгум келет.

– Апаң менен келинчегиңдин ортосунда түшүнбөстүк болуп кетсе, сен ким тарапта болосуң?
– Кыздарга кыйын эле, өмүрү көрбөгөн үйгө барып жашап калыш. Надиранын биздин үйгө келгенине эки жылдай болуп калды. Кайненеси экөө эне-баладай, ынтымактуу. Түшүнбөстүк буга чейин болгон эмес, болбойт дагы.

– Үйлөнгөндөн кийин күйөрман кыздар азайдыбы?
– Күйөрмандарым жаш кыздар эмес, улуу эжелер, апалар болчу. Мен үйлөнгөндө деле алар улуу эжелер, апалар дегендей, өзгөрүү жок (күлүп).

– Албетте, сен сыйлаган адамдар болсо керек, кимдин атын атайт элең?
– Мен жаңы шаарга келгенде Бактыбек Мамытов агай аябай чоң жардам берген. Алып баруучу болгум келгенин айтсам өзүнүн тажрыйбасынан бөлүшүп, кеп-кеңешин берип турган. Ушул кишинин талантын баалайм, адамгерчилигин сыйлайм. Ал эми ыр жаатында жетелеген адамдар Каныкей Эралиева, Атайбек Бөдөшов агай болду. Бул адамдар менен тууган-туушкандар аркылуу тааныш болуп калгам. Шаарга жаңы келип Искусство институтуна тапшырганда Атайбек агайдын үйүн атайын билип алып, күндө анын үйүнө барчумун. Ал киши мени ээрчитип жумушуна барат, ошентип, ырчылык сапарымды Атайбек байкенин көргөзгөн жолу менен баштагам.

– «Супердин» тандоосу боюнча «Жылдын ТВ персонасына» көрсөтүлүп, үчилтикке чыктың. Даярдык кандай?
– Добуш бергендерге чын жүрөгүмдөн ыраазымын. Ишенесизби, жадакалса өзүмө өзүм добуш берген жокмун. Элдин баасы.

– Спорт менен доссуңбу?
– Бала кезде дене тарбия сабагын аябай жактырган жайым бар. Теннисти жакшы ойночумун. «Спорт менен дос болсом толом» деп ойлоп, бирок колум такыр жетчү эмес. Азыр бойдок кездеги кийимдерим бир аз тар болуп, салмак кошконумду айгинелеп жатышат.

– Атаандашуудан алга озуу жаралат дейт, атаандашуу барбы сенде?
– Атаандашуу менен көрө албастыкты аралаштырбаш керек. Менде атаандашуу бар. Мисалы, «Тиги ырчы мындай ыр жаздырды, а эмнеге мен иштебей отурам?..» деген нерсе болушу мүмкүн. «Эмнеге мындай сонун ыр жаздырып алды, мен эле жаздырышым керек болчу...» деген көрө албастыгым жок.

«Үйлөнө электегиге караганда азыр бир аз толуп калдым».

«Атам өзү фотограф болгондуктан, мени тартуудан ырахат алчу экен. 2 жашар кезим».

Сүйүн Кулматова
(Сүрөттөр Чыңгыз Мырзаевдинөздүк архивинен алынды)
star@super.kg


Чыңгыз Мырзаев: "Надираны мен багып чоңойтком"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(107)
17.12.2013. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Azamat!!!
SUPER.KG видео
17.12.2013. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула!!!...жалан кыргызча суйлосо укмуш сонун угулат экенго..................
17.12.2013. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Chygarmachylyk iygilik jana ui bulooluk bakyt kaalaim.Azamat.
SUPER.KG видео
17.12.2013. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула!кызы аябай ширииииин гооо омуру узуун артынан озу айткандай кооп синди инилерди алып келсин анда мен да кошулам,туболукко чексиз бакыт каалаймын.....
17.12.2013. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Chungux sen azamatsun. Syilogon sozy oryndyy,urlaru abdan ykkyiyktyy,syiloso sozgo bai ureeti menen. Joldoshyn julduzdyy eken baktulyy bolgyla. Yi-bylolyk bakut,jana jakshu urlardu jarata ber. Syper.
SUPER.KG видео
17.12.2013. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы толуп калыптыр
18.12.2013. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула!!!аялы татынакай озуно пара экен
SUPER.KG видео
18.12.2013. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Чынгызды жакшы билем Айтып отту го Рустам Сагыналиев Эмиль Сарыбаев деген достору бар.учоо сонун достор да Жалалабат чайханасынан чыкпайт обед учурунда айрыкча.
SUPER.KG видео
18.12.2013. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Чынгыз менен Рустамдын башынан откон окуя! Аябай атактуулар менен Чынгыз турган го ары жактан Рустам келип э ФОЙД десе Чынгыз оу деп коёт дейт.)))))))
18.12.2013. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
толгон сонун жарашат экен!!! аялы сиз деп кайрылат бекен?
18.12.2013. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Суроолор жанагы эле дежурный. Бирок жакшы жигит, жакшы жооп бериптир. Баыкт каалайм.
SUPER.KG видео
18.12.2013. 05:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu ui bulo ekendigi korunup turat! Kelinchegin suilotpoi CHyngyz myrza ozu joop bergenge karaganda, kelinchegi jash bolgonduktan, el astynda joop berip suilogondu bilbeit okshoit.
SUPER.KG видео
18.12.2013. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула, секетин болоюндар. Жаман коз, жаман создон Кудайым сактасын. )))
18.12.2013. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Келечеги кең инсан.Иштериңди ийгиликтер коштоп жүрсүн ар дайым.
18.12.2013. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kaynatasin oylop koygonu jakti:))Baktiluu bol uy buloon menen!
18.12.2013. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чынгыз молодец. Бактылуу болгула.
18.12.2013. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жубайынан да маек алганынарда суйунмокмун. А Чынгыз слишком эле скромничить эте берет ээ.
SUPER.KG видео
18.12.2013. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызынын таттулугун кара,суп-сулуу болуп)))Кудайым баарынарга бак берсин!
SUPER.KG видео
19.12.2013. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да бакыт каалайм
SUPER.KG видео
19.12.2013. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз кыргыз тилин так билгендиги адабий тилде кенири суйлой алгандыгы менен баалайм бул байкени. бактылуу болунуздар
SUPER.KG видео
20.12.2013. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башынарга бакыт кушу консун, жашоонор жакшылык кундорго толсун, Конулунор ар дайым шат болуп.Суйуунор туболукко ак болсун!
SUPER.KG видео
20.12.2013. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azat001 - эскертүү!
Колдонуучунун өздүгүнө асылбай, билдирүүсүнө жооп жазыңыз. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
SUPER.KG видео
20.12.2013. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy mayek boluptur uybulonorgo bakit jana chigarmachilik iygilik kaalaym
SUPER.KG видео
20.12.2013. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Келинчегин суйлотуп койсо болмок, же озу келип эле интервью берсе болмок суйлотпосо. Келинчегин такыр суйлотпогону журокко катуу тийип калды. Эн негизгиси асыл кызы, келечекте уул-кыздардын бактылуу ата-энелери болуп бар болушсун.
21.12.2013. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула
22.12.2013. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Чынгыз!! Ушул мырза аябай жагат. Кыргыздын накта жылдызы деп эсептейм. Бактылуу бол Жана иштерине ийгилик!! Ар дайым озун ойлогон ой максаттарын ишке аша берсин!
22.12.2013. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынгыз иштерине ийгилик уй-булоолук бакыт, с перва нянка анан лялка лар келет. Чону кыз болгон жакшы атага жакын болот.
SUPER.KG видео
22.12.2013. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек!!!
SUPER.KG видео
22.12.2013. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыз байкени сыйлайм Аман болунуз келинчегиниз экоонор бактылуу болгула коп наристелуу болгула.
SUPER.KG видео
06.01.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келинчеги татынакай экен.бирок суйлотуп койбоптур бир аз болсо да.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо