ЖАҢЫ МУУН АКАДЕМИЯСЫ КАЙРАДАН СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

№580 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж

Бишкекте жайгашкан Борбордук Азиядагы Америка университетинен (АУЦА) билим алууну самайсыңбы? Анда сенин кыя­лың орундалат! Чамда, анткени окуу жай өзүнүн алдындагы Жаңы муун академиясына (ЖМА) 2014-2015-окуу жылына карата кабыл алуу сынагын жарыялады. Сен ал академияда акысыз билим алып, жатаканада бекер жашап, китеп жана зарыл болгон окуу куралдарына муктаж болбой окуйсуң. Университеттен үч маал тамак берилет. Ал эми жыйынтыгында академиянын сертификатына ээ болосуң. Ал үчүн сенден кандай аракет керек?
Алгач АУЦАга келип, академия боюнча маалымат ал. Андан соң керектүү болгон документтерди даярдай башта. ЖМА өзүнө активдүү жана билимге умтулган, англис тилин орто деңгээлде билген, зирек окуучуларды иргеп алат. Академиянын стипендиясын алууга орун чектелүү. Анда 70 талапкердин гана окууга өтүү мүмкүнчүлүгү бар.
Тандоо туру эки баскычтан турат. Кошумчалай кетчү нерсе, документ тапшырып жаткандар Кыргызстандын жараны болууга тийиш жана арыз берген учурда анын аймагында турушу, 11-класс­тын бүтүрүүчүсү же мектепти ийгиликтүү бүтүргөнүнө эки жылдан ашык эмес убакыт өткөн болуусу зарыл. Кабыл алынган студент окуунун башталышында академиянын толук программасына катыша ала тургандай болуп, башка университеттин студенти болбошу керек. Тандоодо өзгөчө ата-энеси жок же алардын бири жок болгон, социалдык абалы начар үй-бүлөлөрдүн уул-кыздары колдоого алынат. Бирок социалдык абалы чабал үй-бүлөлөргө көмөк болот дегенди чөнтөгү жука үйдүн баласын ала беришет деп түшүнбөө керек. ЖМАда студенттер негизги сабак катары англис тили, математика жана информатиканы тереңдетип окушат.
Алгачкы 70 бүтүрүүчүнүн 56сы бүгүнкү күндө кабыл алуу сынагынан жогорку балл алып, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен АУЦАда акысыз билим алышууда. Ал студенттердин окууда эле эмес, коомдук иш-чараларда активдүүлүгүн кубануу менен айткан ЖМАнын координатору Чолпон айым төмөнкүлөргө токтолду: «Балдарыбыз жакында эле Бишкекте өткөн «Ак илбирс­ти коргоо» дүйнөлүк форумун­да флешмоб уюштурушту. Президенттик аппараттан аларга атайын сертификаттар берилди, бул биз үчүн да сыймык». Балдардын аракети менен түзүлгөн «Англис тилинде сүйлөшүү» клубу жумасына бир күн иштейт. Анда студенттер бир теманын алкагында маектешип, билимдерин те­рең­де­ти­шүүдө. Мына, бүтүрүүчү, башың кайда оосо, ошол жакты көз­дөбөгөн, так багытың бар, өзүңө ишенген мыкты болсоң, бул же­ңилдиктерден пайдаланып кал. Сен академияны бүтүрүп, бир эле АУЦАга эмес, башка окуу жайга да тапшырсаң болот.
Эгер сенин Бишкекке келип толук маалымат алууга шартың жок болсо, аймактардагы кеңселерге барсаң болот. Мисалы, Ош облустук китепканасынан, Баткен мамлекеттик университетинин Америка борборунан, Жалал-Абад мамлекеттик университетиндеги Америка ордосунан, Караколдогу ЦЭО билим берүү борборунан, Нарындагы облустук китепканадан жана Талас мамлекеттик университетиндеги Америка борборунан сени кызыктырган суроолоруңа жооп ал.
ЖМАнын стипендиясына азыртадан аракетиңди башта. Жаңы окуу жылына кабыл алуу 2014-жылдын 1-февралынан 30-апрелине чейин уланат. Заманбап билимге сугарылып, англис тилдүү, күчтүү жана баалуу адис болгуң келсе, ЖМАга кел! Ал сени жаркын жолго тарбиялайт!

Байланыш үчүн маалымат
Борбордук Азиядагы Америка университети, 710040 Кыргызстан.
Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү-205, 323-бөлмө.
Т.: + 996 (312) 66-10-89;  Моб: 0554 55-09-39
Вебсайт: www.nga.auca.kg
E-mail: nga@mail.auca.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(3)
16.12.2013. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх...мумкунчулугум болсо ушул окуу жайда окумакмын.....
18.12.2013. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул АУЦАдай окуу жай, жаштарга ушундай мумкунчулук бар экени учун кубанам!
23.12.2013. 06:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда окугум келет бирок жашым 26да . англис тилин уйронойун деген елем тим боле россиядаманын окунучтуу. а окугандарга ийгилик. :))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо