Гүлнара Калдарова:«КЫЗ-БУРАКТЫН» ХИТ ЫРЛАРЫН БИЗ АТКАРГАНБЫЗ»

№580 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж

«Кыз-Бурак» тобунан чыккан «үч мушкетёр» ырчыны көпчүлүгүбүз тааныйбыз. Бир тууган эже-сиңдилердей жүргөн Кенже Дүйшеева, Айжамал Кабылова жана Гүлнара Калдаровалар курамдагы эң көрүнүктүү ырчылардан болчу. Бүгүн биз коңур үндүү, жылдыздуу жылмаюунун ээси Гүлнара Калдарова менен баарлашмакчыбыз.

– Куш келипсиз, Гүлнара айым, өзгөрүп кеткендей сезилдиңиз?
– Саламатсыңарбы, арыкташ үчүн атайын диетада отурбадымбы, аракеттин жыйынтыгы ушул (күлүп).

– «Кыз-Бурак» тобунун даңазалуу курамында элеңиз, топко канча жашыңызда келгенсиз?
– 17 жашымда «Кыз-Буракка» келип, 27 жашымда топтон кетиптирмин. Чынында, ал кезде жаш болчубуз, ырдаганыбызга сүйүнүп кыйынчылыктарга моюн сунбай жүрө бериптирбиз. Жакшысы, эл кыдырдык, жер кыдырдык, топтун арты менен элге таанылдык дегендей. Негизи эле чыгармачылык менен алектенип жүргөнүмө жаңырган жылы 20 жыл болот экен.

– Топтун тарыхындагы кыздардын эң атактуулары силерсиңер. Бул эмнеге байланыштуу?
– Анткени биз топто эң көп кармалдык, «Кыз-Бурактын» хит ырларын биз аткарганбыз. Эл деле менин оюм менен макул болсо керек. Биздин курам элге сиңимдүүрөөк болду.

– «Кыз-Бурак» тобунан кетип, жеке ырчы катары калыптана алдым деп ойлойсузбу?
– Айтып коюшат эмеспи «аялдын бактысы – үй-бүлө» деп, анын сыңары мен да турмушка чыгып, көп жыл үйдө отуруп калдым. Андан соң кыздуу болуп, торолуп-чоңойгуча аны менен алпурушуп жүрдүм, жакында үчкө толот. Чыгармачылыкты деле биротоло таштаган жокмун, топтун чоң концерттеринде катышып жаттым. Ар бир нерсенин өзүнүн убактысы келет экен, жеке ырчы катары калыптанууга эми убакыт келип жетти го дейм. Акыркы 2-3 жылдан бери ыр жаздырып, клип тарттырып жандана баштадым.

– Сулуу ырчы кыздарга кызыккан күйөрман жигиттердин саны да арбын болсо керек эле кезинде?
– Билесиңер, бизде тартип темирдей бекем болчу, жигит жандаганга намысыбыз жол бербейт эле. Бирок тажаткан күйөрмандар болгон. Биз алардан концерт бүтөрдө башка бир ырчыны ырдатып, өзүбүз запастагы эшиктен чыгып кетип кутулчубуз. Бирок коопсуздугубуз үчүн концерттерде дайыма күзөтчүлөр менен жүргөнүбүз эсимде.

– Тартип бекем болсо, жолдошуңуз менен кантип таанышып, кантип турмушка чыгып калдыңыз?
– 26-27 жаштарга келгенде тууган-урук «турмушка чык» деп кулак-мээни жей баштады. Жолдошум Мырза менен бир тууган эжем тааныштырган, менден сурабай эле номеримди берип коюптур. Ал кезде эч кимди теңиме албай жүргөн кезим. Чалышып, кийин жолукканда анча деле жаккан эмес. Тез-тезден чалып көңүлүмдү алып жатып багындырды. Романтикалык күндөрдү деле көп өткөргөн жокпуз, телефондон көп сүйлөшчүбүз. Ошентип жүрүп үйлөнүп калдык.

– «Кыз-Бурак» тобун таштап, турмуш куруп кеткениңизге азыр өкүнбөйсүзбү?
– Жок, эч качан өкүнбөйм. Тескерисинче, кеч чыкканыма өкүнөм. Кыз киши турмушка чыгууда кечикпеш керек экен. Чыныгы аялдык бакыт үй-бүлө кургандан кийин келет тура.

– Балалыктан калган кайсы мүнөзүңүз азыр да бар?
– Шоктугум бар, кааласам азыр деле шоктонуп коё берем. Көк бетмин, өзүмдүкүн бербейм.

– Кызыңыз Аянаны турмуш курган соң 6 жылдан кийин төрөпсүз, жолдошуңуз шаштырган жокпу?
– Жок, тескерисинче, ал мени көп жубатчу. Той-топурга барып калганда кичинекей балдарды көрүп «биз качан балалуу болобуз?» деп аялдык алсыздыкка алдырып ыйлап алчумун. Ал мени «ыйлаба, сен биринчи өзүңө окшош, жашыл көздүү кыз төрөйсүң» дечү, айткандай эле кыз төрөбөдүмбү.

– Үй-бүлөңүз тууралуу да айта өтсөңүз?
– Атам орган кызматкери, тилекке каршы, көзү өтүп кетти. Апам эсепчи. Үй-бүлөдө жети бир тууганбыз, алты кыз, бир эркек, мен бешинчисимин. Өзүм көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгонгобу, буюрса, көп балалуу болгум келет. Сиңдим Мунара (ред. Темир Назаровдун жубайы) менен жакшы сырдашам.

– Кенже Дүйшеева менен Гүлшайыр Садыбакасова араздашып жүргөндө сиз эки тараптын тең таламын талашпай, нейтралдуу позицияда турдуңуз окшойт?
– Менин милдетим – нейтралитетти сактоо болчу. Анткени Гүлшайыр эжени устатым катары сыйлайм, Кенже менен «Кыз-Буракка» келгенден баштап жашоонун ачуу-таттуусун чогуу татып, бир сындырым нанды тең бөлүп жеген жакын санаалаштарданбыз. Өзүмдүн позициямды кармап, интригаларга аралашкым келген жок. Албетте, бул нерсе мен үчүн да кыйын болду, ортодо бузукулар чыкты, бирок андайга өзүмдү алдырган жокмун. Учурда баары өз ордуна келди.

«Мырза экөөбүздүн баш кошконубузга 9 жыл болду».

«Жолдошум көрөгөчтүк кылып туура айткан экен, Аяна өзүмө окшош».

Лунара Бекиева
star@super.kg


Гүлнара Калдарова: "Атактуулукту деле билген эмеспиз"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(48)
16.12.2013. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыз-Бурак тобу уюшулгандан бери эле эл арасында ото популярдуу, ар бир учурдун озунун популярдуу Кыз-Бурагы болгон. Анан да Гульнарага эми уй-булоолук бакыт, ийгилик каалайбыз!
16.12.2013. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулнара эже азаматсыз!топту жамандабай суроолорго жакшы жооп бериптирсиз,ар дайым кыргыз элинин алдынкы ырчыларынын катарын толуктап журо бериниз.кызы ииий ути-пути,туф-туф сонун кызыныз бар экен.
16.12.2013. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чынын айтыптыр кыз бурактын эн жакшы ырларын ушулар ырдаган сизге уй булолук бакыт каалайм
16.12.2013. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болунуз!
16.12.2013. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гулнара эже, азаматсыз! Супсулуу кызыныздын артынан болтойгон инилери, синдилери келсин!
16.12.2013. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Uy-buloluk bakyt.Chygarmachylyk iygilik.
16.12.2013. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнара эже, ийгилик! Артыныздан ушул убакка чейин соз ээрчиген эмес, коз тийбесин!!!
16.12.2013. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр деле шоктонуп койом дегени кызык го
16.12.2013. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнара эже азаматсыз! Ишинизге ийгилик Тилеген ой максатынызга жетиниз. Уйунуздордо майда тапочкалар кобойо берсин.
16.12.2013. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шладкая кызы бар экен иии...Гулнара эженин берген маеги жакты,созунузго кошулам.
16.12.2013. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болсун эжекебиз
16.12.2013. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлойсунбу деген ыры жагатта. Бактылуу болунуз
16.12.2013. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кызы шириииииииииииииин го
16.12.2013. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ишине ийгилик бактылуу жашоо каалайм
16.12.2013. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарынан да уй-булоону бийик койгон улгулуу аялдардын катарын толуктадыныз, бактылуу болунуз.
16.12.2013. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болунуздар Гулнара эже.Сиз суперсиз!!!
SUPER.KG видео
17.12.2013. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уй-булолук бакыт,чыгармачылык ийгилик каалайм сизге.
17.12.2013. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызы сонун го!
17.12.2013. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыныздын артынан уулдуу болунуз
17.12.2013. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jkshu maiek bolyptyr. Kuzu sonyn eken koz tuibesin. Alup baryychy chaidu kurguzcha kyiiypyur,
17.12.2013. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызы соонун экен. Бактылуу болушсун!
18.12.2013. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтат ушул эжекелерибиз кеткенден кийин кыз бурактын ата деле чыкпай калды
18.12.2013. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Элге таанылдык дейт го? Муну тааныбайт экенбиз.
23.12.2013. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalaibek., кандай эле тааныбайсын 2000-жылдардын хит ырларын ырдаган да!
18.12.2013. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызбурактын данкын чыгарган ушул кыздар Кенже, Гулнара, Айжамал болчу.Эми апасы мн кызынан башка таанымал деле эч ким калбады топто азыр.А Taalaibekten башкасынын баары тааныйт ;) Гулнараны.
18.12.2013. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз!жакшы маек болуптур башкалардай жасалма мактактанган бироону жамандаган менмин деген создору жок жонокой акылдуу айым экени корунуп турат.Уй булолук бакыт,ден соолук жн чыгармачылыгынызга ийгилик каалайм!!!
20.12.2013. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Гулнара эже,ийгилик сизге!Розалар деген ыры аябай жагат.Ал эми азыркы Кыз бурактын составдагы кыздардан Сайкалды эле тааныйм.
22.12.2013. 07:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыныз татыныкай экен озунузго окшоп.
Бактылуу болунуз
Сагындырбай ырдай журунуз эжеке
22.12.2013. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз, Гульнара эже,чыгармачылык ийгилик сизге.Талантынызга таазим. Кыз Буракты "Кыз бурак" кылган мына ушу кыздар да........
23.12.2013. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ред дегенди кандай тушунсо болот
Модератор admin_media түзөттү 24.12.2013 11:33
24.12.2013. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alenka,
Ошону да билейсинерби ээ, редакцияланган редакциянын созундо дегенди тушундургон соз дааа %)
SUPER.KG видео
26.01.2014. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
талантынызга таазим
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо