№580 13-декабрь-19-декабрь, 2013-ж
2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин Кыргызстандан качып кеткен президент Курманбек Бакиев Беларустан баш паанек тапкан эле. Жакында эле белгилүү болгондой, ал аталган өлкөдөн баш калка алып эле тим болбостон, орун-очок да ала баштаганы айтылды. Муну беларустук журналисттер кабарлап, Бакиев Минск шаарынын эң кымбат саналган районуна 2 кабаттуу хан сарай салдырып жатканын сүрөтү менен жарыялашты. Иштеп жаткан куруучу журналистке үйдү Бакиевге салып жатышканын айтып берген.
Кошумчалай кетсек, Курманбек Бакиевди экстрадициялоо маселеси эки өлкө ортосунда келишим жок болгондуктан көтөрүлбөй келет. Бишкек гарнизондук аскер соту тарабынан Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу Курманбек Бакиев 24 жылга кесилген.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Сала берсин, бактылуу жашасын!
экстрадициялоону ойлобой, бияктагы жашоону ондогулачы, алы жетбегенге позор боло бербей.