ТООК ГРИЛЬ ПАЙДАЛУУБУ ЖЕ ЗЫЯНБЫ?

№581 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж

Тоок грили... Муну шаардын ар бир бурчунан, ал эми облус менен райондун борборлорунан аз да болсо жолуктурууга болот. Конок келип калса чуркап барып алып келе койсоң дасторкондун көркүн ачат. Чынын айтуу керек, тоок гриль даамдуу жана ток болумдуу. Бирок анын зыяны барбы? Бул жагын ойлонуп көрдүңүз беле? Кепти ушул багытта улайбыз.

ШААР ҮЧҮН ТООК ЭТТЕРИ КАЙДАН АЛЫП КЕЛИНЕТ?
Иликтөөбүз алгач Бишкектеги тоок этинен гриль бышырып саткан түйүндөр этти кайдан алары тууралуу болду. Бул үчүн Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна баш багып, санитардык врач МАЙРАМБҮБҮ ИМАНКУЛОВАНЫ кепке тарттык:
– Бишкекте тоок этинен гриль бышырып саткан 32 түйүн бар. Аларды тоок эттери менен 4 жеке мекеме камсыздайт. Тоокторду Сокулук, Токмоктон сатып келишип, өздөрүнүн цехтеринде жууп-тазалап, маринаддашат. Түйүндөргө 2 маал тоок эттерин таштап кетип турушат. Гриль үчүн жаш, эт багытындагы тооктор керектелет.
Биз мыйзамга ылайык гриль саткан түйүндөрдү 1 жылда 1 ирет текшеребиз. Бирок гриль тез даярдалуучу тамак болгондуктан, акимиаттарга, мэрияга айтып, алардан өкүл чогултуп, жыл ичинде 3-4 ирет рейдге чыгабыз. 2012-жылы 11 түйүндөгү тоок эттеринин 42 пайызынын сапаты санитардык эрежеге туура келбегендиктен, ал түйүндөрдү жаптырганбыз. Санитардык эрежелер калыпка келтирилгенде гана иштөөгө уруксат берген элек. Ал эми 2013-жылы 2 түйүндөгү айрым тоок этинен ичеги таякчалары табылып, түйүндөр жабылган.
Шаарда 32 түйүндөн тышкары шаардын чет жактарында гриль аппаратын сатып алып, өз алдынча колдонгондор да кездешет. Рейд учурунда текшерип, талапка жооп бербесе айып салабыз. Алар тоокторду кайдан ала тургандарын биз биле албайбыз.

Эми бизге сырттан кайсы өлкөлөрдөн тоок эттери ташылып келет деп кызыктык. Бул үчүн КРнын өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары ЖАНЫБЕК СУЛТАНОВГО байланыштык:
– Кыргызстанга бүтүн тоок эттери Кытай, Орусиядан келет. Алар гриль үчүн да колдонулуп жатабы жана зыяны барбы-жокпу, айта албайбыз. Анткени алынып келинген эттердин баарынын лизенциясы, сапаты жакшы деген тактамалары бар. Сырттан келген эттер бардык жактарда сатылат.

«ТООК ГРИЛИ РАК ООРУСУН ЧАКЫРАТ»
Тоок грилинин ден соолукка зыяны барбы деген суроого Улуттук онкологиялык борбордун кызматкери, профессор АБДУМАЖИТ МУРЗАЕВ төмөнкүдөй жооп узатты:
– Окумуштуулардын жүргүзгөн изилдөөлөрүндө тоокту электр мешинде бышырганда 260 градус ысыктын тегерегинде бышат. Ал эми электр грилинде 1090 градуска чейинки ысыкта бышырылса, газ грилинде 1650 градуска чейин ысыкта бышырылары аныкталган. Тоокту катуу ысытып, бат бышырууда бензапирен (химиялык кошулма) пайда болот экен. Бензапирен организмге жылдап аздан кирип отурса, акырындап рак келип чыгат. Анткени ал канцерогендерге (химиялык зат, онкогендик вирус) кирет.

Ал эми «тоок грили ууланууга да алып келет» деген КММАнын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти ДАМИРАХАН ЧЫНЫЕВА буларга токтолду:
– Бат бышырылгандыктан, кээлеринин ичи толук бышпай калгандары болот. Мындай эттен сальмонеллёзго кабылуу мүмкүн. Сальмонеллёз бул – таякча түрүндөгү сальмонелла микробу козгой турган оору. Аталган микроб организмге кирген соң денени ууландырып, ашказан-ичегини ооруга чалдыктырат. Адам кусуп, ичи өтүп, ичи көөп, башы ооруп, чыйрыгып, дене табы көтөрүлөт. Грилдин ич жагы жакшы бышпай калганда андагы сальмонелла микробдору өлбөй калат. Сатуучунун колу, колдонгон буюмдары кир болсо, ал да кошумча болот.

БИЗГЕ ЖЕТКЕН МААЛЫМАТТАР БОЮНЧА...
Арзан үчүн айрым ишкерлер сырттан алынып келингендерди көп колдонушат. Аларды болсо бат чоңоюп, семирсин деп ээлери убагында гормондорду, антибиотиктерди көп беришкен. Андыктан тооктун денесиндеги микроб антибиотикке көнүп калган. Андай тооктун этин адам пайдаланганда эт менен кошо жанагы микроб кирет да, адамда ооруну козгойт. Адам антибиотик кабыл ала баштайт, бирок антибиотик ал микробго таасир этпейт. Оору күчөп, татаалдашат. Тоокторго берилген гормондор эт аркылуу адамдын организмине кирип, семиртет.
Дүкөндө өтпөй калгандарды пайдаланышат. Мөөнөттөрү өткөн эттер көбүнчө ыргытылбай, сактоо мөөнөтү жаңыртылып, кайра сатыкка коюлат. Дагы өтпөсө, анда аны гриль үчүн арзан баада сатышат. Ошентип, уксус аралашмасына чыланган эттин эски жыты түрдүү татымалдар менен «өлтүрүлүп», гриль үчүн келип түшөт.
Кээде дүкөндөрдө тооктун мөөнөтү өтүп кеткен этин формалин менен жууп, грилге сатып жиберишет. Формалин – суюк аралашма. Анын этти былжыратып ийбей көпкө чейин баштапкы калыбында сактап туруучу касиети бар. Ал организмге киргенде ичегидеги микрофлораны өлтүрүп, боор, бөйрөк, сөөккө зыян келтирет.
Бышырылган күнү өтпөсө, грилди эртеси кайра ысытып сатышат. Мындай этте уулар көбүрөөк топтолгондуктан, организм көбүрөөк жабыркайт.
Сырты кыпкызыл болсун үчүн айрымдар натрийдин глутаматын колдонушат. Глутамат – тамак-ашка даам берүүчү кошулма. Акырындап ашказан-ичегиде оору жаратып, боордун иштөөсүн бузат. Астманы күчөтүп, депрессиялык абалды өнүктүрөт.

ЖЕСЕМБИ, ЖЕБЕСЕМБИ?
Тоок грилди ошончолук жегиңиз келсе, анда 1 айда 1 жолу жаңы бышырылганын алып жеңиз. Тооктун терисинде жана жоон санындагы майында химиялык заттар (онкогендик вирустар) көп топтолот. Андыктан анын терисин сыйрып, майын кесип салып колдонуңуз. Же помидор, капуста, же сарымсак кошуп жесе тоок териси жана майы менен кошо кирген уулар организмден аздан бөлүнүп чыгып кетет. Бирок картошка кошуп жебеш керек, ал уулардын чыгышын кечеңдетет.
Туура бышырылган тооктун майы акпайт. Териси алтын түстөнүп, бүтүн, ичи толук бышкан болот. Экологиялык жактан таза өстүрүлгөн тоокту сатып алып, үйдө электр мешинде бышырып жеш бул – эң жакшы чечим.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(38)
23.12.2013. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми жебейм мен
23.12.2013. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы тамак-аштын баарын эле ылгап жеш керек болуп калды го,уйду деле марганцовка антибиотиктер менен семиртет деп угуп калдым эле
23.12.2013. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен Москвадамын коп жейт элем эми таштаймын))
23.12.2013. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маалымат...бирок озубуздун тооктор мындай бышпайт
23.12.2013. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
озум эле тоок багып бышырып жейм грилин менен жергегир десе
24.12.2013. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asus84, мен да багып коргом, шаарга туура келбейт экен баккан.
23.12.2013. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат кенешиниздерге супер
23.12.2013. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Negizi tyyra tamaktansa adam kop oorydan alus bolot. oshondyktan tamaktu ulgap jesh kerek.
Super info keneshinerge raxmat.
23.12.2013. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маалымат экен.Мындан ары жебегенге аракет кылуу керек.Грилди коргондо ушул макаланы эстеп койсок аппетит жоголоттур.
23.12.2013. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен уйдон еле сонун бышырам айылдын тоогун союп алып
24.12.2013. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ai4urowka, кандайча уйдо бышырыш керектигин жазып кетсениз?
26.12.2013. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamir_kgz, Бутун тоокту сатып аласыз где-то 1,5кг магазинден(тондурулбаганы болсун!).Жууп терисин шыр эле жулуп алып салыныз,буту колун кеспей бутун боюнча эле туздап, по вкусу,специальный пакетке (для запекания) саласыз,ичине приправаны(для курицы)баарына тегиз кылып себип оозун байлап 2-3 жеринен тешип коюнуз да духовкада 180градуста 50-60минутада даяр болот.Тусу кызарып,даамы грилдей эми пальчики оближешь!Жасап корсонуз анан смс жазып коюнуз удача!
27.12.2013. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Rostov-on-Don, Кенешинизге рахмат!
23.12.2013. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Терисин көп жечүүм да жакшы бышкан деп , а этин жебейм анча. Эми терисин жебейм. Вобще эле жегим келбей калды гриль.
23.12.2013. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
men grildi emes tooktun etin jebeim 6 jyldan beri jei berip moskvada konul kalgan daamy jok
23.12.2013. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай зыяны бар экен КРга киргизбей эле коюшса! Тамагы жамандар грилди коргондо зыянын унутуп калышат!
24.12.2013. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай соусун куюп, 2 лаваш менен ороп берсе, уйго келип ушундаай койуп эээээмми "бисмилла" деп жейн десен эле ойгонуп кетип тушун болуп калат)))
24.12.2013. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар жерге барып маалымат топтоптур Канымжан Усупбекова эжеге рахмат
24.12.2013. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
рахмат пайдалуу кенеш экен эми менда гриль жебейм.
24.12.2013. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен такыр эле жебейм грилди.Тоокту сагынганда эле тоок союп жейбиз.
24.12.2013. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маалымат учун суперге рахмат. Ушуга окшогон пайдалуу маалыматтарды дагыда бат-бат берип турсаныздар,сураныч.Аркандай ушак-айын кептерге караганда ото пайдалуу деп ойлойм,жаштарыбыз учун чон кенеш,тарбия болушу анык.
25.12.2013. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм туура
26.12.2013. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Студенттик кез. Курсак ач. Анан бир жолу олло курсак ачып, пирожкиден тажап, гриль жейин десек акча жок, айлабыз кетип, ар кимден 5-10 сомдон кылып, чогултуп анан гриль сатып алдык. Уйго келип, дасторконду жайып, билекти туро эми жейин десек, кашайган гриль учуп кетсе болобу...
26.12.2013. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечегинде мен да кордум кандай эттен жасашканын.:
фуу! Сасып-сасып кеткен тооктон жасайт экен,Грильди жакшы корчумун,эми жебейм деп жатам.
26.12.2013. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тьфууу
27.12.2013. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары тамактар химикат болуп калдыго кимисинда тандайбыз? эт, жумуртка, айрыкса шаардан экологический таза сапаттуу тамак табуу кыйын болуп калганго!
27.12.2013. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм
даа
27.12.2013. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге тамак-аштын кайдан келери, алардын сапаты, кандай шартта өндүрүлгөнүн аныктоо дээрлик мүмкүн эмес болгону кооптуу көрүнүш. Базарларды тооктун эти, өрдөктүн эти жайнайт. Алардын баарын кайдан өндүрүп жатышат, таза эле жол мененби, билүү кыйын. Мына ушуну иликтеп, аныктаган жан болсо...
28.12.2013. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азыр халал деп саткан тамак-аштар деле арам болуп жататго.эн жакшысы баарын оз колун м.н жасап жеш керек
28.12.2013. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбек,тажик орус порустардын тамактар фууу
28.12.2013. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фляяя фуууу оооааагг!
29.12.2013. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен эмнегедир эт жебейм, мисалы говядина жесем торпокту элестете берем, кой этин жесем козуларды, тоок этин жесем тоокту элестетип алып, жыты жыттанып жаман болом. Өткөндө билбей говядинадан киичине кесим оозума түшүп калдыле, көңүлүм айнып, аппетит өлгөн. Эжем гриллди жакшы көрөт. Эми ушуну окутпасам!!! Негизи өтпөй калганын уксуска салып кайра ысытып сата турганын билсе деле жей бергендер бар го.
29.12.2013. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lucky_star,Сиздейлерди Вегетарианка деп койушат.
27.01.2014. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайдалуу эмес болсо да адам затты сатып алаберет тамак жасагандан зээригип!!!
20.06.2014. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гриллдин жанынан отуп баратканда ушундай аппититинди ачат дейсин
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо