Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«СУПЕР СУЛУУ-2013» НААМЫНЫН ЭЭСИ – ОРУНКҮЛ ШАБРАЛИЕВА

№581 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж

7-жолку «Супер сулуу» сынагы 13-14-декабрда Улуттук филармонияда болуп өттү. 14 финалчыда тең «баш байгени эңип кетсем» деген тилек күч эле. Бирок жеңүү жана жеңилүү деген бар эмеспи. Баш байге бир гана сулууга буюрду.

КЫШТЫ УНУТТУРГАН СУЛУУЛАР
Суйкайган селкилер алгач алып баруучулардын чакыруусунда коктейль көйнөгү менен сахнага чыга келишти. Элдин сүрү оңой эмес, ошентсе да алар өздөрүн ар тараптуу тааныштырып жатышты. 2-тапшырма боюнча бийкечтер чыгыш бийин бийлешти. Мына ушул жерден музыка менен жарышып алаканы кызаргыча кол чаппаган адамды таппайт элеңиз. Суктанган көрөрмандар сулууларга ыраазы боло сахна артына узатышты. Анан эле кыздар кыш мезгилин унуттуруп бикини менен шаңдуу музыка коштоосунда эл алдында болушту. Убакыт тез эле 4-тапшырманы багындырды. Жай музыканын ыргагында кече көйнөгүн көргөзгөн сулуулар кезекти калыстар тобуна узатышты.

ЖҮРӨКТӨР ДҮК, ДҮК...
Ооба, жүрөктөр дүк, дүк... «Кимибизге бакыт кушу жылмаят?» деп шаштысы кеткен кыздардын демин басып, калыстар тобунун төрайымы КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева катышуучулардын баарына кореялык «Tony Moly» компаниясынын косметикаларын тапшырды.
КЕРЕМЕТ ЖЕҢИШОВА super.kg порталында көп талкууга алынып, жакшы пикирлерге ээ болгондугу үчүн «Super.kg ажары» деп табылып, «Келдике» зер үйүнөн баалуу топтомдор, «Табылга» соода борборунан 3000 сомдук сертификат менен сыйланды. «Сымбаттуу сулуу» наамына АЙЗУУРА ИМАНАЛИЕВА арзып, ага «Александра» мода үйүнөн 10 000 сомдук сертификат, «Табылга» соода борборунан 3000 сомдук сертификат, «Келдике» зер үйүнөн топтомдор тапшырылды. Ал эми «Ажарлуу сулуу» наамына татыган РАХИМА КУСКАКОВАГА «Табылга» соода борборунан 10 000 сомдук сертификат ыйгарылды.
Өзүн сахнада татыктуу көргөзүп, толкунданууну жеңип ар бир тапшырманы орду менен аткарып, калыстар тобунун жогорку баасына татыган ОРУНКҮЛ ШАБРАЛИЕВА «Супер сулуу-2013» деп табылды. Баш байге ээси экзотикалык өлкөгө жолдомо жана «Табылга» соода борборунун 3000 сомдук сертификатын утуп алды. Сынактын кульминациясына кезек жетип, «Супер сулуу-2012» наамынын ээси Гузель Келдибаева кымбат баалуу таажыны Орункүл Шабралиевага өткөрүп берди.
Аталган сынактын баш байге ээси Орункүл сүйүнүчтөн көзүнө жаш алып, ыраазычылыгын төмөнкүчө билдирди:
– Бардык эле катышуучулар келишимдүү, ажарлуу кыздар болчу. Ошентсе да үчилтикке кирериме ишенгем. Ушул сынакты уюштуруп, бизге сонун мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген «Супер-Инфо» гезитине терең ыраазычылык билдирем.

Кыздарды чыгыш бийин бийлөөгө үйрөткөнү үчүн Бакыт Байсариевге жана сулууларга дефиле боюнча сабак берген «IDOL Fashion Management» моделдик агенттигине ыраазычылык билдиребиз.

Кыздар коктейль көйнөгү менен чыгып өздөрүн тааныштырышты.

Жай музыка. Каалгый баскан селкилер кече көйнөктөрү менен да эл сынынан өтүштү.

Урма аспаптын коштоосунда ар бир кыз өзүнчө бий тартуулады. Жылан менен кошо оролушкан селкилер да болду.

Баш байге ээсине экзотикалык өлкөгө жолдомону «Супер-Инфонун» негиздөөчүсү Кылычбек Султанов тапшырса, «Супер сулуу-2012» Гузель Келдибаева таажыны Орункүлгө өткөрүп берди.

Кериле баскан сулуулар бикини тапшырмасы учурунда.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер сулуу-2013" сынагынан репортаж

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(50)
23.12.2013. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
чынында эле татыктуу кыз экен,бирок Супер-Инфо, кыргыз койногу деген тапшырманы кылсанар да болот беле дейм да
23.12.2013. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Diana92kg,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тийиштүү бөлүмгө кабарлап коебуз.
23.12.2013. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздардын ичинен көрүнүктүүсү да ушул эле кыз экен.
23.12.2013. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татыктуусун тандашыптыр.Сулуу кыз экен.
23.12.2013. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жузундогу калы жакты сулуу кыз экен аябай
24.12.2013. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aizi85, калын каерде кордун?
23.12.2013. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындап сулуу кыз экен
ийгилик
24.12.2013. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай татына кыз экен )))
24.12.2013. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Былтыркы калыстардын чечимине кобу эле нааразы болушкан,быйыл татыктуу кыз тандалыптыр.Орункулго ийгилик мындан ары!
SUPER.KG видео
24.12.2013. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
калаарым ак-жол.
24.12.2013. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татыктуу кызды тандашыптыр !
24.12.2013. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Titi, balshirin, 4ok4oloi,
Сын-пикир, сунуштарды info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазып жөнөтүңүздөр.
24.12.2013. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуу кыздар экен,карап эле отура бере турган,ийгилик мыктынын мыктысын тандаптыр!
24.12.2013. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бийлеп жаткан группа бий кайсыл?
24.12.2013. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынарды суйуп калдым
24.12.2013. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуу экен бирок аты башкачараак озуно жарашпайт экен,эн сулуу кыз чындыгында 99%.
24.12.2013. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча жашта экен?
SUPER.KG видео
24.12.2013. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын супер сулууларына чон чон ийгилик каалайм
SUPER.KG видео
25.12.2013. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура тандашыптыр азаматсыз Орунгуль сизди эркелетип Омка деп коюшса керек ээ))Орунгульду жанынан коргондо журоктон кетип калсан керек чынында эле аябай сулуу экен коз тийбесин ийгилик сизге......
SUPER.KG видео
25.12.2013. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар вечерный платьялары менен чыкканда коюлган англисче ырды ким ырдайт билгендер барбы?
25.12.2013. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бикинисин алып, кыргыз көйнөк дегенин кошуп койсоңор жакшы болмок жогоруда замандаш айткандай, кантсе да кыргыз кыздарына туура эместей
26.12.2013. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сезгенмин Орункулдун утушун чындыгында татыктуу кыз...добушумду ушу кызга бергенмин ал 1ни алса мен уткандай болдумго...калыстарда туура тандашыптыр...сага ийгилик!
26.12.2013. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Биздин динге, тарбияга ж-а ан-сезимге жат корунуш. Батышты туурап, адамдардын конулун буруу учун жыланачтанып чечунуулорун колдобойм. Жогоруда айтылгандай эч болбосо, улуттук кийимде чыгарышса болмок. Улуттук кийимде чыгаруу ушунча окурмандын эсине келип, уюштурган профессионалдардын оюна келбеппи. Бираз кумондуу.
Билем, мага толтура терс жооптор болот. Бирок андан мурда озунордун апа, эже-карындаштарынарды ушулардын ордуна коюп коргуло.
29.12.2013. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kykenbai, терс жооптор болот деп ойлобойм ,туура ойду жазгансыз!
26.12.2013. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
татыктуу кызды тандашыптыр..
26.12.2013. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башында эле ушул кыз женээри корунуп турган.
30.12.2013. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men bardym bul koncertke. 4ynyn aytsam en birin4i Ayzuura degen kyz ketip jatkan.Anan ele jyintyka kelgende Orungul utup kaldy,baaarybyz tan kalyp ele kete berdik.Zna4it bul jerde da korupciya boldy go deym
30.12.2013. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Orunguldu politehte korup ele jurom.Any e4 super suluu bolot dep oylobopturmun.
SUPER.KG видео
13.01.2014. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер концерт твга тартылды беле качан коро алабыз толук версиясын?
SUPER.KG видео
13.01.2014. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
айзуура иманалиева эльмирбек менен гулбубунун кызыбы?
SUPER.KG видео
14.01.2014. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
твдан или супер твданбы?
SUPER.KG видео
14.01.2014. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
былтыр жаны жылда эле нтс ктр каналдарынан корсотту эле быйыл чо та жок
31.12.2016. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахима Кускакова - тебя ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-01-03 11:06:46
03.01.2017. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Brendi_mega, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо