Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ӨЗГӨЧӨ СПОРТ ТҮРЛӨРҮ

№581 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж

Бала чакта көпчүлүгүбүз «эшек» деген оюнду ойноп калсак керек. Бул оюнда 5-6 адам чиркешип эңкейип турушат, ал эми дагы ошончо адам кезек менен жүгүрүп келип алардын үстүнө секирип минишет эмеспи. Ошол сыяктуу оюндарды спорт түрүнө айлантып алгандар да бар. Мындай өзгөчө спорттук мелдештердин бир нечесин тартууламакчыбыз.

БАТКАКТАГЫ ФУТБОЛ
Оюндун шарты кадимки футболго эле окшош, бирок оюн баткакта өтөт жана 13 мүнөттүк 2 таймдан турат. Ошондой эле оюнчу оюн учурунда бут кийимин алмаштыра албайт. Баткактагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 1989-жылдан бери өткөрүлүп келет.
Көзгө дүрбү тагып алып ойногон футбол мелдеши да бар. Элестете бериңиз, дүрбү тагынганда алыста турган топ бут алдыңыздан көрүнүп турганын.

ШАХБОКС
Шахматчылар мушташа албайт десе, ишенбеңиз. Шахмат менен бокс бириктирилген бул оюнда атаандаштар алгач шахмат боюнча 1 партия, андан соң бокс боюнча 1 раунд күч сынашышат. Ушинтип кезек-кезеги менен 12 раунд кайталанат.

АДАМ ЖЫЛКЫГА КАРШЫ
1980-жылдан бери Англияда адамдар менен жылкылар катышкан марафон өтүп келет. Мелдеште адамдарга 20 мүнөт фора берилгенине карабастан, 29 жыл бою жылкыны адам жеңе алган эмес. 2004, 2007-жылдары эки жолу гана Кю Лоб жана Флориан Хольцингер аттуу адамдар жеңишке жетишишкен.

АЯЛЫН КӨТӨРҮП ЖАРЫШУУ
Финляндияда өтө популярдуу болгон бул оюнда эркектер аялдарын көтөрүп алышып тоскоолдук тилкесинен өтүүлөрү керек. Анан да аялдын буту күйөөсүнүн далысына өйдө, башы ылдый асылып турушу шарт. Баш байге – жеңүүчүнүн салмагы менен бирдей өлчөмдө сыра.

СУУ АСТЫНДАГЫ ХОККЕЙ
Суу толтурулган бассейнде өтүүчү бул оюнга кызыккандар тез эле табылып, 2004-жылдан бери Дүйнө чемпиондугу өткөрүлүп келет. Мындан башка да суу астындагы бокс, каратэ, боулинг, теннис жана башка спорт түрлөрү бар.

ЭКСТРЕМАЛДУУ ҮТҮКТӨӨ
Мында катышуу­чу үтүк жана тактай алып, кандайдыр бир буюмду өзгөчө бир жерде үтүктөшү керек. Ар ким фантазиясына жараша үтүктөөнү көрсөтөт. Мисалы, кээси парашюттан түшүп келе жатып үтүктөсө, кээ бири Эвересттин чокусуна чыгып үтүктөшөт

АШКАБАК РЕГАТАСЫ
Автожарыш же яхталар жарышынан жадагандар үчүн жыл сайын күзүндө Германияда Ашкабак фестивалы учурунда ашкабак регатасы өткөрүлөт. Мында катышуучулар чоң ашкабактан жасалган кайык менен жарышышат.

ГАЗОН ОРГУЧ МАШИНАЛАРДАН КАРТИНГ
1973-жылы Англияда газон оргуч машиналар менен жарышуучулардын ассоциациясы түзүлгөн. Ошондон бери бул уюм газон оргуч машина менен жарышуунун Дүйнө чемпиондугун жана Улуу Британиянын Гран-присин өткөрүп келет.

КҮЙҮП ЖАТКАН ЧЕЛЕКТИ ТАШУУ
Англиянын кээ бир шаар­ла­рында XVII кылымдан бери 5-ноябрда салтка айланып калган мелдеш өтүп келет. Мелдеште бир нече оюнчу эстафета кылып чайыр сиңирилген күйүп жаткан челектерди көтөрүп алып белгилүү маршрутта жарышышат. Оюндун негизги эрежеси: күйүп жаткан челекти жерге тоголотпой, далыга көтөрүп алып жүрүү керек.

«АРГЫМАК» ДЕЛЬФИНДЕР
Спорттун бул түрү АКШнын океанариумдары бар штаттарында популярдуу. «Чабандестин» салмагы 50 килограммдан кем болбошу керек. Негизинен «дельфин-жокейлер» океанариумдардын кызматкерлеринен турат.

Мындан башка да көптөгөн өзгөчө спорт түрлөрү бар. Мисалы, сазда сүзүү, шиш така кийип жарышуу, чиркей өлтүрүү, телефон ыргытуу, рогатка атышуу, үлүл жарыштыруу, жаздык менен чабышуу, тоурестлинг (бут бармактарын күрөштүрүү) сыяктуу спорт түрлөрү боюнча дүйнөлүк мелдештер өтүп турат.

Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
23.12.2013. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа. Мага шахбокс жакты. Кызык экен.:-)
23.12.2013. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар да ак терек кок теректи же тоок сурамай ойундарынан Кыргызстандын чемпионун откорушсо болгудай:)
23.12.2013. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аргымак же дельфин жарыш аябай жакты мумкунчулук болсо катышмакмын
23.12.2013. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аргымак соонун ойун екен мага жакты
24.12.2013. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздын кыз кумай кок бору ак чолмокко жеттеби?
24.12.2013. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аргымак ат менен адам жарышабы же кандай тушунбодум
24.12.2013. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткактагы футбол аябай эле адамдын алын курутуп коет болуш керек.Жылкы менен адамдын жарышы жакты мага да.
25.12.2013. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонунго
26.12.2013. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээ мен Футбол боюнча дүйнө чемпиондугун эле көрбөнүм болбосо эч нерсе көрбөйм деле. Бразилия 2014ты чыдамсыздык менен күтүп жатам. Бир ай полный футбол...
29.12.2013. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сооонун экен.мага озгочо жакты!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо