Нурзат Токтосунова, «Заманыбыздын супер алып баруучусу»:«СЫЙЛЫК АЛЫП ЖАТКАНДА САХНАДА ТУРУП ЖАШЫДЫМ»

№581 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж

Тележылдыз менен болгон баарлашуу ар дайым жадыраган жаздын маанайын калтырат. Дайыма позитивдүү, шайыр, эмоционалдуу жүргөн алып баруучу Нурзат Токтосунова быйыл «Супер-Инфо» гезити тарабынан «Заманыбыздын супер алып баруучусу» наамына арзыды.

– Нурзат, Супер концерттин алып баруучулук милдети көп жылдан бери колуңузда. Бул жылкы концерт сизге кандай сезимдерди калтырды?
– Быйыл концерт өзгөчө жылуулугу менен эсте калды. Жылда Спорт Ордосунда жука көйнөгүм менен тоңуп калчу элем, быйыл филармонияда андай болгон жок. Өнөктөштөрүм Бакыт Байсариев, Нурсултан Майназаров үчөөбүз Аваз Акимовдун ырына жыргап бийледик, Бактияр Токторов менен чогуу ырдадык, бул да сахнадагы эркиндик болсо керек. Ал эми жеке мен үчүн эмоцияларга толгон күн болду. Чынында, «Заманыбыздын супер алып баруучусу» деген наамды аларымды күткөн эмесмин. Сындап, кемчилигин айтып, артынан сүйлөсө, ушактаса адам курчуйт эмеспи. Ал эми эмгегиңди баалап койсо, ыйлагың келип кетет экен. Мен да эмоциямды жашыра алган жокмун, менимче, жашыруунун деле кереги жок эле.
«Супер-Инфо» эне катары мамиле кылып, бул сыйлыкты, кыштын күнү эс алып келүү үчүн экзотикалык өлкөгө жолдомону ыйгарганы мени бошотуп, жашытып жиберди. Аталган сыйлык менин гана эмес, жанымда чогуу жүрүп, ыйласам кошо ыйлап, жыргасам кошо жыргап жүргөн адамдардыкы. Алар мага «сиз бактылуу болсоңуз болот эле» деп калышат, көрсө, мени бактылуу кылыш оңой эле турбайбы, жолдомо эле берип коюш керек экен (күлүп)...

– Өзүңүз да «буга чейин эч ким бербеген сыйлыкты «Супер-Инфо» берди» деп айтып калдыңыз...
– Албетте, татыктуу болсоң берет, мен деле «мага бербедиңер» деп таарынбайм. Мисалы, мен КТРКда 2006-жылдан бери иштейм, КТРКнын Ардак грамотасын ала электе силердин сыйлыгыңарды алып жатам, бул сыйлык баарын басып өтүп кетти да (күлүп).

– Жакындарыңызга кантип сүйүнчүлөдүңүз?
– Аларга чалам деп унутуп калыптырмын, эки күндөн кийин чалсам атам «мени да ала кет» дейт. Аябай күлкүм келди. Негизи, ата-энемди Кытайга жибериш керек. Мен кытайлык кыргызмын да. Ии, муну эч ким билбейт эле (күлүп). Чоң аталарым Үркүндө Кытайга качышып, ата-энем Кытайда төрөлүшкөн. 1958-жылы Кыргызстанга кайтып келишиптир. Ал жакты азыр да аябай сагынышат. Менин кыялым – Меккенин ордуна аларды Кытайга, туулган жерине жиберүү. Жаз же жай айларында өзүм да алар менен кошо барып келсемби деп жатам.

– Жаш алып баруучуларды тарбиялоочу мектебиңиз бар, ал мектепти кандай максатта ачтыңыз эле?
– Мектеп ачууга концертти чогуу алып барган Нурсултан Майназаров түрткү болгон. Ал «Тамашоудо» ойноп жүргөндө негедир аны алып баруучу кылгым келе берчү. Бир күнү эфирге чакырып, ал жак-бул жагын үйрөтүп, анын өздөштүрүп баратканын көрүп «кой, мен алып баруучулар мектебин ачам» дедим. Телевидениеде иштегениме 7 жыл болуптур, бул жылдарда көңүл сынган да, көзүмдү жашка толтурган нерселер да көп болду. Негизи, ар бир иштин майын чыгара аткарганды жакшы көрөм. Өзүмдүн аз да болсо тажрыйбама, кеп-кеңешиме муктаж болгон жаш алып баруучуларга атайын мектеп ачкам. Мен окутпайм, аларды окутчу мугалимдерим бар. Билесиңби, 1 жылда эле бул эмгегим жемишин бере баштады. Окуучуларымдын алды телеканалдарда иштеп, мени конокко чакыра башташты. Аларды бактылуу кылуу менен мен өз бактымды таап жатам. Мага «сен бизге атаандаштарды чыгарып жатасың» деп айтышты. Жок, эгер окуучуларым менден ашса, тескерисинче, сыймыктанам. Улуу эле бир адам «Нурзат, сен биринчи өзүң үйрөнүп алчы, анан башкаларга үйрөтөсүң» деп айткан эле. Ооба, мен акыркы демим чыкканча окуп өтөм, адам эч качан үйрөнгөндөн тажабаш керек.

– «Башкаларды бактылуу кылуу менен өзүм бактылуу болом» деп калдыңыз, ал эми жеке аялдык бактыңызды таптыңызбы?
– Ооба, бактылуумун. Жалгыз эмесмин...

– Анан качан той?
– Той болбойт го дейм... Корком... Мен ичиме эч нерсени ката албайм. Болгонун болгондой эле айта берген жайым бар. Бирок убакыттын өтүшү менен айтпачу нерсени айтпай эле коюш керектигин түшүндүм.

– Быйыл Аяз атадан эмнени сурайсыз?
– Былтыр силердин гезит аркылуу Аяз атага кат жазып, үй сурадым эле, үйлүү болдум. Эми эгиз балдарды сурайм. Эгиз эркек балалуу болгум келет. Бирок мен Аяз атага эмес, Жаратканга ишенип калдым.

– Учурда «Тамашоудо» тил редакторусуз, телевидениеде, радиодо иштейсиз, алып баруучулар мектебиңиз, үйүңүз, машинаңыз бар... Каалоолоруңуз бүтүп калган жокпу?
– Кээде апама «апа, мен тигиндей кылам, мындай кылам» деп «грандиозный» пландарым менен бөлүшүп калсам, «кедейдин ою быт-чыт» деп өчүрөт да. Ошондо кедей экенимди эстеп кетем (күлүп). Адамдын каалоосу чексиз болот тура, «Президент жана бомж» тасмасында бар го, «2 бөлмөлүү үйүм 3 бөлмөлүү болсо» деген сыяктуу каалоолор бүтпөйт да. Бирок мен азыр материалдык эмес, моралдык, жан дүйнөнүн байлыгын толтурууга аракет кылып жатам. Ал толсо, материалдык байлыктын деле кереги жок болуп калат тура.

– Сүйүүдө туруктуусузбу?
– Аябай туруктуумун. Бирок менин үмүтүмдү актабаган адамды жүрөгүмдөн чыгарып коюуга эрким жетет.

– Кесибиңизден улам берүүлөрдү талашуу, жетекчиликке жагынуу сыяктуу көйгөйлөргө кездешкенсизби?
– Бир жолу мени сыйлаган эже менден интервью алып жатып ушул суроону узаткан эле. Суроосуна жооп бергенимде аябай таң калган. Көрсө, ал мени жеткен «стерва», бой көтөргөн, «интриганка» деп ойлогон экен. «Эмнеге антип ойлодуңуз?» десем, «КТРдин ичи интригага толгон, сен ошолорду жеңип, эфирден түшпөй келе жатпайсыңбы» деп баа берген. Аябай күлдүм. Мекеменин ичинде кандай интригалар болуп жатканы менен ишим жок, өзүмдүн көрсөтүүмө барам, алып барам, кайра кетем, болду. Эч качан штатта иштеген эмесмин, келишим менен эле.
Бир жолу иш сапар менен Түркияга барып калдым. Келсем эч ким мени менен учурашпай калыптыр. «Апей, буларга эмне болгон?» деп таң калып коём. Көрсө, мени бирөө «Түркияда жүргөндө түрк каналы менен сүйлөшүп, өзүнчө көпүрө түзүп келди» деп сөз таратып жибериптир. Бирок убакыт таразалайт экен, жарым жылдан кийин баары мени менен учурашып, ушак тараткан адам менен учурашпай калышты (жыргап күлүп алды).
Кылган жакшылыгың да, жамандыгың да кайрылып келмейинче өлбөйсүң, мен ушуга аябай ишенем. Бирөө сага ор казса, кейибеш керек, кийин бассейн куруп аласың (күлүп).

Сыйлык тапшыруу аземинде алып баруучу эмоциясын жашыра албай жашып да, толкунданып да алды.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Кытайлык кыргызмын" дейт Нурзат Токтосунова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(100)
SUPER.KG видео
23.12.2013. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун маек болуптур ушул эже аябай жагатда, ушундай адамдар жанында журсо эч качан тагдырга таарынбайсынго э) Ар бир созу журоко таасир берип турат экен.
23.12.2013. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кадыры болсо мактайт да, мен да аябай жакшы кором, бактылуу болунуз!
24.12.2013. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zaika.tvo9.1990, анда башка кадыр барктуу алып баруучулуарды неге антип айтпайт?мага деле Нурзат алыпбаруучу катары жагат!болгону мага тушуксуз болуп атат да ар дайым жазагнда кадыр барктуу,дегенине
23.12.2013. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага аябай жагат бул кыз куйоосу ким болду экен.
SUPER.KG видео
23.12.2013. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
магада жагат Нурзат эже
24.12.2013. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуз,Нурзат эже!Сиз татыктуусуз бул наамга.
24.12.2013. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таланттуу,ажары жанган кыз. Аял кишинин бактысы уйбулодо,уйбулоолук жашоонузду жашыл кочого буруп алышынызга тилектешмин. Озунуз айткандай коро албастар курган орго бассейиндер курула берсин
SUPER.KG видео
24.12.2013. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен да стерва деп ойлочумун эми ойум 90 градуска алмашты бактылуу болуп осо бер кудай ойунду омийин кылып эгиз бала берсин, берки Чакчакей Айтбекова очту да калды
24.12.2013. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзат айым,оз ишинин устасы,бийиктиктердин далайын талкалайт таланты м.н,жаны жыл дагы коптогон сюрприздерди тартууласын
SUPER.KG видео
24.12.2013. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзат тилинен чан чыгат го . Ийгилик!
SUPER.KG видео
24.12.2013. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз. ийгилик сизге
24.12.2013. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анан кантсин бечара
24.12.2013. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыйлыгын кут болсун! Аллах ар бир ой-тилегинди орундатсын, эки дуйнодо бактылуулукту насип этсин! Журогундон ыйман,жузундон нур чачырап, ден соолукта ойноп кулуп жур алтышка. Мындан ары эч качан ооруба!
SUPER.KG видео
24.12.2013. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз сизге йгилик Нурзат.Соонун маек болуптур,жасалмалыгы жок.Мындан да коп,мындан да чон сыйлыктар,наминациялар алдынызда деп ойлойм.Сиз татыктуусуз.
SUPER.KG видео
24.12.2013. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
нурзаттын жеке жашоосу кандай болду экен?
SUPER.KG видео
24.12.2013. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назира Айтбекова менен карама каршы эле аны да кагазга ороп кыпчып отуптур го.
25.12.2013. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын
SUPER.KG видео
25.12.2013. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jonne,
Баш тамгаларды ашкере колдонгондугуңуз үчүн билдирүүңүз өчүрүлдү. Сизге эскертүү!
25.12.2013. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men birin4i nurzat ejeni filarmonianyn 3 etajynan korgom adamga mamilesi aiabai sooonun eken birin4i u4urawkanda ele baikadym kandai adam ekenin sizge iigilik baktyluu bolup jawanyz anan dagy aitarym ki4ine an4a myn4a syrlarynyzdy katyp koiunuz ozunuz aitkandai baaryn aita berbei, siz azamatsyz es aluunuz sooooooonun otsun bizge kooop janylyktar mn keliniz
SUPER.KG видео
26.12.2013. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
абдан жакшы маек болуптур манызы жакшы адамдарга тийгизе турган таасирлуу акыл создор айтылыптыр
SUPER.KG видео
26.12.2013. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз элиме ушундай кыздар жарала берсин кыргызстаным онолсун
SUPER.KG видео
26.12.2013. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсың! ийгиликтер коштой берсин. баса Кытайдын кайсыл жеринен болдуң экен?
28.12.2013. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик
SUPER.KG видео
31.12.2013. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сизге.
31.12.2013. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен менен сыймыктанабыз нурзат! Ушул мунозундон жазба!
SUPER.KG видео
01.01.2014. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тилектери сонун экен. Туура тилениш керек экенин дагы сонун айтыптыр. Негизи эле азамат. Мектебине баргым келип атат.
SUPER.KG видео
02.01.2014. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Malades Nurzat ishterine dagi da iygilik kaalaym,munozun ,ak konulduulugun menikine okshosh eken ,men da jaman oyum jok ele ayta berem gorso aytbash gerek eken daaaaa....
SUPER.KG видео
04.01.2014. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
видео ролик корсотпой жатат го 5 секундалык ролигинен кийин
SUPER.KG видео
05.01.2014. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурзат ушунчалык созго чебер жана маанилуу суйлогон Кыргыздын алдынкы инсаны бар бол азаматсын мен сени чексиз суйом сен суперсин эч талыкпай талпына бер)))))))))
06.02.2014. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакпайт мага ушул
Модератор admin_media түзөттү 06.02.2014 14:03
SUPER.KG видео
23.02.2014. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлогон ой максатынызга жетиниз=) Кыргыздын баардык кыздары сизде болгондочу оох иий ботом, Москвада мынтип хит болмок эмес, болок улуттун жигиттерине, эх чиркин! а бирок сизге иийгиликтерди каалайм Нурзат эже бар болунуз, бай болбонуз орточо болунуз, элдин керегине жараган ак конул инсандардан болушунузга тилектешмин..)
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо