«БУТУМ БАСПАГАНЫ БАКТЫМА ТОСКООЛ БОЛДУ»

№581 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж

«Менин турмушту түшүнүшүмө жардам берген каталарыма, кыйынчылык-азаптарыма рахмат» деген экен бир ойчул. Кудай берген сыноого сынбай, аны жеңе билген адам эрктүү деп эсептелет. 1-топтогу майып, таланттуу, билимдүү жигит Асран Жээнкулов армандуу сүйүүсү тууралуу айтып берди.

«АТАМ 2-КУРСУМА ЧЕЙИН КӨТӨРҮП ЖҮРҮП ОКУТТУ»
– Мен 1988-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулгам. Баспай калышыма дарыгерлердин төрөт учурундагы кайдигерлиги себеп болгон дешет. Ата-энем элдик дарыгерлерге, табыптарга дарылатып жүрүшүп бутумдун оорусу өтүшүп кеткен. Кийин бутума бир канча жолу операция жасаттык, жыйынтык болбоду. Мектепти артыкчылык аттестат менен аяктагам.
Менин Ошко келишиме бир мугалим себепкер. Анын кызы менен сүйлөшүп жүрчүмүн, апасы угуп калып, мага «сен биздин теңибиз эмессиң, өзүңө ылайык кыздарды кара» деген. Оорукчан болуп калышыма мен күнөөлүү эмесмин да, менин да жүрөгүм, сезимим бар го. Аябай ызалангам, кыздарды көрсөм ачуум келчү. «Майыптык бактыма тоскоол болсо да, келечегиме эч качан тоскоол болбойт» деп Ошко келип жогорку окуу жайына тапшырдым. Ал учурда майыптар үчүн арабам да жок эле. 2-курста окуп калганча атам окуума көтөрүп барып, көтөрүп келип мени менен бирге окуп жатты. 2008-жылы Ош шаарындагы мыкты атуулдар жардам көрсөтүп, мага ушул майыптар арабасын алып беришкен.
Юрист, тарыхчы кесибине ээ болгом. Буга кошумча Мыктыбек Арстанбек агабыздын ТВ академиясында билим алып, журналисттик кесипти да аркаладым. «Кыз-Бурак» тобунун маалымат таратуу жагында, Айпери Кулбаева өңдүү ырчылардын администратору катары иштедим. Майыпмын деп отуруп калбастан, өзүмдү ар тараптан сынап көрдүм.

«АЛТЫ САНЫ АМАН ТУРУП НААРАЗЫ БОЛГОНДОРДУ ЖЕК КӨРӨМ»
– Жашоодо мени түшүнгөн инсандар аз. Досторум да жокко эсе. Мага ар тараптан каралашкан бир эле Самат аттуу досум бар. Ал эми мени толук түшүнүп, руханий жактан жардам берген досум – ырчы Каныкей. Мен капа болуп, көңүлүм чөгүп турганда Каныкей менен сүйлөшөм, ал мендеги болуп жаткан нерселердин баарын билет. Алты саны аман туруп жашоого нааразы болгондорду, дени соо туруп мен жасаган жумуштардын бирин жасабай, анан мага башкача көз карашта караган адамдарды кезиктиргенде дүйнөм тарып кетет.

«БИЛИП ТУРСАМ ДА КУДАЙ КЕЧИРГИС ИШ КЫЛДЫМ»
– Турмуштун ысык-суугун көп эле көрдүм. Кемсинткен, мактаган сөздөрдүн далайын уктум, турмуштан жетишерлик тажрыйба алдым. Бирок жашоодо Кудай кечиргис иш кылдым. Ал да сүйүүнүн айынан болду. Сүйүп калып өзүн жоготуп койгон адамдарды көрүп таңданчумун, ошол менин да башыма келди. Жашоомо кирип келген кыз менден 10 жаш кичүү.
Ушул жылдын жай айы эле. Бир таанышым мага телефонун карматып электрондук дарегиндеги сыр тамгаларды өзгөртүп берүүмдү суранды. Агентине кирсем 300дөй адам бар экен. Эмнегедир ошончонун ичинен Зейнеп (аты-жөнү өзгүртүлдү) деген ысым көзүмө урунду. Өздүк маалыматында телефон номери бар экен, аны жазып алдым. Кечке жуук байланышып, экөөбүз бат эле тил табышып кеттик. Ошол күндөн тартып түн бир оокумга чейин телефондо сүйлөшүп, агентте же СМС жазышып жүрдүк. Таң атпай аны менен сүйлөшүү, ал-абалын билүү адатка айланды. Демейде жумушка шашкан жаным анын үнүн бир укпасам колумдан иш келбечүдөй болуп калды. Менин майыптыгым, анын жаштыгы бизди ойлондурбай калды. Анын да мага байланып калганын сездим.

«БАКТЫЛУУ КҮНДӨР ӨТҮПТҮР»
– 1-октябрда мен 25 жашка толдум. Жакындарым менен сый дасторкондун үстүндө отурганбыз. Бир убакта Зейнеп мени куттуктап кат жазып жибериптир. Ошол күнү таңкы саат 4кө чейин сүйлөштүк. «Мен сизди сүйөм, мени таштап кетпеңизчи!» деген сөздөрү кулагыма угулуп жатты...
Ноябрь айынын алгачкы күндөрүндө экөөбүз жолугууну чечтик. Зейнеп жолугушканы Жалал-Абаддан Ошко келмей болду. Мен ата-энемди Аксыдан чакырттым. 9-ноябрь күнү биринчи жолу көрүштүк. Аны кучактап, жылуу сезимдерибиз чын экенине ишендим. Үйгө алып барып ата-энем менен тааныштырдым. Алардын да Зейнепке мээрими чексиз эле. Барпалаңдап алышканычы...
Ошол түнү экөөбүз чогуу болдук. Чын дилден сүйлөштүк, күлдүк. Түн ортолосо да экөөбүздүн маегибиз бүтпөй, жанаша жатып уктап калыптырбыз. Тентектик, жаштык кылсак да ортобузда бактылуу күндөр болгон экен. Ал күндөрдү азыр эстеп жаш балача ыйлап алам.

«ЖАШЫРУУН НИКЕ КЫЙДЫРДЫК»
– Эртеси аны таксиге салып койдум. Бир жума өткөндө ал да, мен да чыдабай кайра жолугууну эңсеп калдык. Бул ирет ал мени менен түбөлүккө каларын, мага турмушка чыгарын айтты. Ата-энесине кат жазып, кийим-кече, документтерин алып жаныма келди. Эмне болгонун билбей калдым. Кайра-кайра шартымды түшүндүрүп, «Сен ушунун баарына даярсыңбы?» деп сурап жаттым. «Кызыңарды алдык» деп ата-энемди анын ата-энесинин астына жиберүүмө каршы болду. «Атам макул болбойт» деп туруп алды. «Өзү макул болуп жатат, мындан аркысын да көрө жатарбыз» дедим да, ошол күнү жашыруун нике кыйдырдык. Шаар кыдырып, сейил бактарды айланып, 2013-жылдын 16-ноябрын жашообуздун тарыхындагы «Үй-бүлө күнү» деп белгиледик.

«БИЗДИН СҮЙҮҮ АЛДАМЧЫЛЫККА АЙЫПТАЛДЫ»
– Зейнепти тааныштарым иштеген бир кафеге официант кылып жумушка киргизип койдум. Бир күнү Зейнептин атасы, байкеси, жездеси, класс жетекчиси, мектеп директору болуп үйүмө келишти. Мен бул күн келерин билгем, күткөм. Биздин сүйүүнү алар кайдан түшүнмөк... Бизди алдамчылыкка, бейбаштыкка айыпташты. Атасы мени «Колуңдан эмне келет?» деп басынтып, кызын алып кетип калды.
Туура, юридикалык жактан да, диний жактан да ката кетирдим. Юрист агалардан, дин аалымдарынан кеп-кеңеш алдым. Ата-энесине кабар бербегеним, жашы жете элек кызга жашыруун үйлөнгөнүм кечирилгис катам болду. Бирок булардын баары келинчегимдин макулдугу менен болгон иштер. Мени кечиргиле, бирок бактымды кайра кайтарып бергилечи! Майыптыгымдын артынан көңүлүм жарты болуп чоңойгом, өзүм басып барып кызыңарды канчалык сүйөрүмдү көрсөтө албай жатам.
Зейнепти алып кетип калгандан кийин артынан ата-энемди жиберейин десем келинчегим «атамдын жинин билбейсиз, үйгө киргизбейм деп аябай ачууланып жатат» деп такыр көнбөй койду. Мындан аркы тагдырыбыз кандай болот деп тынчсызданам. «Зейнепти турмуштан ажырашкан улуу адамга берет экен» деген кептерди угуп жатам. Эх, тагдыр! Менин айыбым майыптыгымбы? Башкага берип, «сен үйүңдөн качып, жашыруун эрге тийгенсиң» деп жемелеп, ыйлаткандан көрө баспасам да мен бактылуу кылсам жакшы го. Баласы турмушта күлүп-жайнап жашаса, ата-энеге андан өткөн бакыт бар беле? Бизди кечиргиле, бирок бактылуу болушубузга тоскоол болбогулачы. Биз бири-бирибизди түбөлүк сүйөбүз.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(54)
24.12.2013. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайгырба досум бул кундор да отот кетет албетте бактылуу болосун,сенин айткандарына кошулам алты саны аман туруп кейигендерди,бирок сенде куноо жок кыз озу макул болсо,жаштык кылып койбосо эле.
24.12.2013. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кайгырбаныз баары жакшы болот, бирок кыз слишком эле жаш эмеспи?? эми эле 15 чыкса.. ото эле жаш го 9 классты да буто элек болсо керек.
24.12.2013. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
суйуунуздор баардык тоскоолдуктарды женет деген ишеничим бар
24.12.2013. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ozu kun00luu
24.12.2013. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуз!Келечекке жакшы пландарды тузуп аракеттениниз.Буйруса сизди тушунгон,сизди колдогон жарга туш болоорунузга ишениниз,Жараткандан тилениз.Буйруса баары алдыда.
24.12.2013. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Siz ech keyibeniz siz kelincheginizge talak berbegenden kiyin any bawka kuioogo bere albait. bir ayalga eki nike jurboit da
24.12.2013. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сабырдуу бол!Никебиз бар ортодо деп тушундуруп айтсанар болмок.Кыз жаш экенда.
25.12.2013. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыз жаш экен, 2 жыл сүйлөшүп жүрсөңөр эле болмок, 2 жылда сага болгон сезимдери өзгөрбөсө эч ким жолтоо боло алмак эмес, жашы да 18ге чыгып калмак...
25.12.2013. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сизди которуп окуткан атанызга,эненизге кудай куч кубат берсин демекмин,торт буту тугол балдарын жалдыратып таштай качкан ата-эне соройлор жуздоп саналат.Андыктан ата-энениз менен бактылуу болунуз,туболук жар табышынызга тилектешмин!!!
25.12.2013. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
капа болбо.балким ата энеси силерге бакыт тилеп.кызын кайра кошуп береер сага .баардыгы АЛЛАХтын колунда.АЛЛАХтын ырайымы болсун сага....
25.12.2013. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bir kem duino. Aalamda alty sany aman turup, bolbogon bir koigoi u4un "jashoo maga kyzyksyz" dep 4ekit koigondor arbyn. alardyn janynda siz ushun4alyk erktuu ekensiz. jaratkan sizge ku4 kubat, jana tuboluktuu jar beruusuno tilekteshmin! ata eneniz menen baktyluu bolunuz!
26.12.2013. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окунучтуу...сабыр кыл эгер сени катуу суйсо келет ата енесида уакыт отсо тушунор кызынын сенсиз кыйналганын коруп ар бир ата ене баласынын бактылуу болушун каалайт...сабырдуу бол...
26.12.2013. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен да Ласточкага кошулам, сулуумун, баймын деп мактанып, алты саны аман туруп "жашоо мага кызыксыз" деп жазган ойсокеге абдан ачуум келген. Ага караганда сен азаматсын, жашоо озу курош, максатындан тайба, созсуз бактылуу болосун!
26.12.2013. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асран брат! Мен Нурсултан! Борончунун концертинде сизге жардам берип жургом го! Братан андан бери болуптур да э бул окуялар? Урматту окурмандар Асран братты мен жакындан тааныйм. Эрктуу жана чыдамкайлыгына кеп жок! АЛЛАХЫМ озу колдосун! Асран брат мен чалам го сизге!
26.12.2013. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асранга ийгилик, сабырдуулук, чыдамкайлык каалайм.
Туугандар, кыргыз болгон сон "брат", "братан", "братишка" ж.б.у.с. дебей эле "байке", "ага", "ини" деп кыргызча кайрылсак кандай болот. Ансыз да жаштарыбыз жалан "понятие" менен жашап башташты.
27.12.2013. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындыгында жашоо ушундай сыноолору менен кызык эмеспи? Эгер Зейнеп менен турмуш жолунуздар бирге болсо ал созсуз кайтып келет. Сабырдын тубу сары алтын,сиз сабырдуу болунуз жана суйуунуз учун курошунуз!!! Иийгилик сизге...
27.12.2013. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушунча болгондон кийин каршы болбой эле коюшса болмок, калганын эми убакыт корсотот сабырдуу бол!
27.12.2013. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
брат озун кыйланы билген эле киши экенсин алдын ала пландагандай эле сезилип жатат, кыз байкуш жаш экен дегин брат, бир аз улуурагын таппапсында балким жашап калат беленер ким билет
28.12.2013. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч капа болбонуз баары жакшы болот самый главный сиз сабырдуу болунуз
28.12.2013. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sizge.kat@mail.ru ga kowulup koi
28.12.2013. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асран досум менда аксыдан болом акдобо айлынан аллахым сага сабыр берсин 2дуйно бактылуу бол мусулман калкым ата энеси кыздын бактын аз ойлот экен аларгада сабыр берсин жаратканым
07.01.2014. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да билгеними жазып кетейин, кеч болсо да. Мен Асран аекни абдан жакшы тааныйм. Туура аракетчил бирок туура емес иш кылган жаш кызды алдаган, туура эмес жазылган кыз жигиттин ортосундагы мамилелер кошуп айтып бериптир.Коп нерсе жазайын дегем баарына жаман корунуп не кылам....
12.01.2014. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыда брат баарына жетесин, убакыт чечет баарын
15.01.2014. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асран дос баары убакты сааты келгенде жакшы болот. Эч капаланба сен күчтүү болушун керек.
17.01.2014. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
A бул окуя калп дейт го дагы бир 15жаштагы Зейнепке окшош каарманы
23.01.2014. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле сүйдүңүз бекен... Башында өзүңүздү алдгандырсыз, 9-класс кызды да... Жаш кыз сиздей грамотный адамга бат эле берилип кетет, ишенет да. Кеп сиздин баспаганыңызда эмес, түшүнүгүңүздө... Ушундай билимдүү, акылдуу болуп туруп кантип мектеп окуучусунун ушундай кадамга баруусуна жол бердиңиз. "Бар, окууңду бүт, ата-энеңдин уруксатын ал" жана башка акылдарды
23.01.2014. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айтканга эркиңиз жетпедиби? Мисалы, сиздин карндашыңыз ушундай иш кылса кандай кабыл алар элеңиз?... Менимче, кыздын үй-бүлө мүчөлөрүнө да бир кыйла психикалык жактан оор сокку болгондур...
29.01.2014. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш болсода бактылуу болсо болду эледа эми не ата энеси экинчи эр кылып бермек беле кудайым буйруса бактылуу болосуз орукчанды орукчан адам тушунот дейт.
13.02.2014. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baikuw kyzdyn ata-enesi aiylda bawyn kotoro albai jurso kk.Ozunor elestetsener bir tuuganynar uwintip jaw ele uidon kachyp ketip,nike kyidyryp alsa ne kylmalsynar?Musulmanbyz chyn ele choon kunoo allaxym yiman bersin ata-enesin oilobogon kyzga
29.12.2020. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш кыз да ал
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо