Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ЭМИ МАГА ЖАШООНУН КЫЗЫГЫ ЖОК»

№581 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж

«Адамдын жакшысын адам бузат» деген чын белем. Анын мага кылган мамилелеринен улам ал менден эч кайда кетпейт деп толук ишенчүмүн. Сүйүктүүмдүн күтүүсүз кадамы жан дүйнөмө бүлүк түшүрүп, жаз дүйнөмө бороон салды». Маектешим оор үшкүрүп башынан өткөнүн баян кылды.

«БААРЫ ДОСТУКТАН БАШТАЛДЫ»
– Аны менен таанышканыма көп болду. «Бардыгы достуктан башталат» десе капарыма алчу эмесмин. Талгат экөөбүз досторубуз аркылуу таанышып, майрамдык кечелерде чогуу отуруп калчубуз. Менин үйүм алыс болгондуктан, мындай майрамдарда эрте кетчүмүн. Ал дайым мени ошол ызы-чуулуу дүйнөдөн сууруп кетип үйүмө жеткирип койчу. Мен мындай мамиленин бардыгын достук деп эсептеп, аны адамгерчиликтүү жан катары сезчүмүн.
Бир күнү арабыздан биринин туулган күнү болуп, жайдын толуп турган мезгили болгондуктан, табияттын коюнуна чыгып эс алып келмей болдук. Чөйрөмдө көбүнчөсү өзүмө окшогон бардар кишилердин балдар-кыздары. Кайда барбайлы акча деген көйгөй жок, кете берчүбүз.

«АЛ – БУЗУЛГАН КЫЗ»
– Шаардын четине чыгып, чакан дасторкон жая салып, кыздар тамак даярдап өзүнчө жүргөнбүз. Бир маалда карта ойноп отурушкан балдар тараптан ызы-чуу чыгып калды. Чуркап барсак, Талгатка бир бала жулунуп, урушуп жатышкан экен. Баарыбыздын маанайыбыз түшүп отуруп калдык. Тамагыбызды жеп алып, шаарды көздөй жөнөдүк. Адатынча Талгат баарын жеткирип, эң аягында мени машинасында жалгыз калтырды. Үйгө айдайбы десем, жолго токтоп сөз баштады.
– Улан экөөбүздүн урушуп кетишибизге ким себеп деп ойлойсуң?
– Билбейм, ким экен?- ийинимди куушуруп койдум.
– Сен да. Ал сен жөнүндө жаман сөздөрдү айтты. Сени «бузулган кыз, жүрбөгөн адамы калган жок» деп кыжырымды келтирди. Мен сен үчүн аны менен мушташа кеттим, себеби... себебин эмне деп түшүндүрсөм?.. Менин сага деген сезимдерим бар. Сага аны көптөн бери айта албай жүргөм. Дос кыздарыбыз менен мамиле түзбөйбүз, жөн гана дос болобуз дегенбиз. Бирок мен сени сүйүп калганымды айтсам, Улан мени менен уруша кетти.

«ТАЛГАТ ӨЗГӨРҮП КЕТТИ...»
– Мен унчукпай акырына чейин угуп отурдум. Кайсы басыгыман улам айланамдагылар ушуну ойлоп алышты экен, ак жеринен кепке калтырган кайсы күнөөм болду экен? Чаржайыт ойлор мээме толуп кетти. Башымда бул эле эмес, Талгаттын билгизген сезимдери да калкып турат. Ойлонуп көрүүмдү жана жооп күтөрүн айтты.
Ошентип, кыз-жигит болуп калдык. Бирок ал кийин өзгөрө баштады. Дайым баскан-турганымды тескейт, баягыдай көзүмдү карап турган мамилеси да жок. Мен болсо ансыз жашай албай калгам. Эчен ирет аны унутуп, башка жашоо баштоону ойлодум, бирок аракетимди таш каап, андан башка адам көзүмө көрүнбөйт. Баарынан жиндендиргени – ар кайсы кыз-келиндер менен мамиле түзгөнү болду. Айтсам, эч нерсе болбогондой «эркекчилик да» деп моюнуна алып койгонучу. Чыдамым жетпей, бир күнү баарына чекит коюуну чечтим. Анын мага болгон суз мамилесинин себебин түшүндүрүп бер дедим. Көрсө, баягы жаратылышка эс алганы чыкканда Улан айткандын баарын жүрөгүнө түйүп жүргөн экен. «Мен сени жакшы көрөм, бирок сага ишене албай калдым. Балдарымдын энеси катары элестете албайм»,- деди. Жашка толгон көзүмдү болгон аракетимди жумшап көрсөтпөдүм. «Ушунун баарын ичиңе катып жүрө бербей айтпайт белең? Эркексиңби? Эркектей болуп ачык айт да, ар кимдин айткан ушагына ишене бербей!» дедим.

«ЭРТЕҢ ҮЙЛӨНӨТ ЭКЕН»
– «Эркексиңби?» деген сөз анын талуу жерине тийди окшойт. Талгат ошол сүйлөшүүдөн кийин жок болду. Кийин уксам, досуна барып, экөө ичип отурганда мага аябай капа болгонун айтып ыйлаптыр. Ошол боюнча жолуккан жокпуз. Талгат мага ачыла элек сыр боюнча кала берди. Мен аны адам катары абдан баалаар элем. Ишенчээк, ак көңүл, бирөөгө жамандыгы жок болчу.
Бүгүн жумушта отурсам, курбу кызым келип калды. «Уктуңбу? Эртең Талгат үйлөнөт экен» деди. Жер астын-үстүн болуп, жан дүйнөмө кыямат салды бул кабар. Биздин мамиленин бузулушуна кимди күнөөлөштү билбей койдум. Жаманатты кыла турган деле басыгым жок, бирок ич күйдүлөр көп. Менин жашоомо баары кызыгышат. «Ата-энең бай, жашоо шартың жомоктогудай» дешкендерин көп угам. Балким, көрө албай, ич күйдүлүк кылып ортобузга от жаккандар болгондур. Эми мага жашоонун кызыгы деле жок...
Маектешимдин төгүлгөн кирпиктеринен жаш тамып турду. Чынында, ал абдан чырайлуу экен. Жакшынакай, бай, бирок бактысыз. «Сулуу болуп эмес, бактылуу болуп туулуш керек» деген орустардын кебин ойлоп отурдум...

Гүлжан Асанкожоева
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(71)
25.12.2013. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kaygyrba kudayim seni baktiluu jylyp jaratkan baktyluu bolosuz...
25.12.2013. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен ушул окуяга ишенбедим.эгерде чын болсо жигитин эрчитип алып уланга барбайбы.айтбайбы уланга бетиме коюп бер деп....тем боле озу байдын кызы болсо.суттон ак болсо эмнеге унчукпай отуруп калды экен...ушу жагы тушунуксуз
02.09.2014. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mishadjan,Оооба чынында мен да сизге кошулам
25.12.2013. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайгурбаныз сулуу бул дуйнодо ар кандай кун болот екен менин да башыман ушуга окшошураак кун откон суйлошуп уйлоном деп жургон кызым башка жигит менен дагы суйлошуп жургону билинип калды бир убакта еки адам менен жургон кызга уйлонбой койдум туура кылыпмынбы кандай дейсинер.
25.12.2013. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак ийилет бирок сынбайт.
25.12.2013. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен ушул бакыт деген фразага карата озумдунойум
бакыт деген бар ар кимде ошол нерсени балай билиш керек эки дуйно бактуулулугу ислам дининде ар дайым кудаыйм бизге жоноткон сынолорунда сынбай которушубуз керек баардык нерсе кудайдан жана биздин кайтып баруубуз ага гана
25.12.2013. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашоодо андан да кызык нерселер коп, бир эле суйуу менен чектелип калбашыбыз керек. Ал бала сени чындап суйсо эч качан таштамак эмес, элдин да созуно кирбейт болчу. суйууктунуз чечкинсиз экен андай сапат балдарга эч жарашпайт. андан коро жаны жашоо баштаганын он.
25.12.2013. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хе хе. Ушул жомогун атайын келип,айттынбы. Болбогон нерсе учун...
25.12.2013. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа озу чын эле кызбы же кыз эмеспи.ушул жерин айтпай койуптургоооо
26.12.2013. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи эркек эмес экен бирок жанагы мушташып кеткен бала озунун досу болуш керек ошол досунун айткан созунон улам намыстанып ушундайга барганго эмне дейбий жашоо бтр келет жакшылыктан умут узбоз керек
26.12.2013. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз кулагы м.н суйот деген ушуда мвна менда коп кыздарды ыйлаттым чалып чалып калышты. Бирок азыр бир кызды суйом бирок аны эч качан таштабайм чындап суйом буйруса уйлоном ошого ото сонун, жонокой,сулуу, еще негизгиси хижаб м.н жанымдан артык суйом чыныгы суйуумду эми таптым окшойт
26.12.2013. 04:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чон кыщ сенэмнеге бактысызмын деп айтасын,сен бактылуусун ата-энен ,бир туугандарын, иштеген ишин бар,анча мынча кыйынчылык болот унутасын аны,ал сенин бактын эмес болчу,кудайым эми сага чыныгы суйуу берет чыда ошондо бактынды учурба колундан,эч убакта коз жашынды токпо ал эми келип ыйлаба жаным демек беле,ал сени суйгон эмес эч убакта.кайгырба кыйынчылыкты жене билиш керек,ишенем сенин бактын алдыда ак жол сага!!!
26.12.2013. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы суйуу турмуш курганда башталат. Кудайым эч качан адашпайт, ал балага турмушка чыкпай калдынбы, демек ал Кудайдан эмес. Бешенене сени бул баладан да жакшы, сени чындап бактылуу кыла турган жигит эми жолугат. Жакшы ниет кыл, тилек кыл. Кудайым ниетине жараша, пейилине жараша адамды кошот. Бактылуу бол.
26.12.2013. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озуно ак болсон чындыкка чыгышын керек эле
26.12.2013. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйуу бир келет....кармасан кармадын кармабасан...андан откон азап жок...бирок жашоо улана берет...
26.12.2013. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо ушул менен угонуп калмак беле. Убакыт отуп баары унутулат.

26.12.2013. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bir kam duino!!!!!!!
26.12.2013. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taifun, Бири кем дуйно!десенер))Кам деген эмнеси?
27.12.2013. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал сени таштаса келчи бери мен сени кандай кана бактылуу кылаткемин
27.12.2013. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Эми мага жашоонун кызыгы жок" деп жашоодон үмүтүн үзүп салыптыр. Суранат элем, жалпы эле адамдардан, акылдуу, сабырдуу, күчтүү, эрктүү болгулачы! Ошого өзүңөрдү тарбиялагылачы!
Жакында ушундай акылсыз сүйүүдөн эң жакын адамым жабыркады, жөн эле жабыркаган жок, бул өмүрдөн өтүп кетти. Болгону 23 жашта болчу!!!
28.12.2013. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуу болуш бул бир жараткандан берилет, ал эми бактылуу болуш өзүбүздүн ниетибизге жана аракетибизге жараша болот. Ошондуктан көп деле кайгыруунун кереги жок. Сүйүү дагы келет. Балким ал теңи эместир эле, чыныгы сүйүүсү менен бактысы алдыдадыр.
29.12.2013. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл оозунда элек жок деген ушул да.Эч кайгырбай эле коюнуз.Эми бактылуу болушту кутуп жашай бериш керек.Жашоо бул сыноо да.Ак болсонуз бакыт бир кун келет.Ал эми жигитиниз сизди чындап суйгон.Кыз келиндерге барып жургон болсо сиздин конулунузду калтырайын деп эле жургон экен.
29.12.2013. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындап суйгон эмес деп айтайын дегем.
29.12.2013. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким мен айткан создор сага оор тийиши мумкун.ар ким озуно озу кылат.жашоо ошонусу менен сыноо.эгер кыз болсон анда ошол убакта далилдешин керек эле биринчиден.экинчиден эгер ал сени чындап суйгондо сенин кызсынбы же кыз эмесинби ал учун интереси болбойт.силердин ортонордо жон гана мамиле болсон ал учун а сен суйуп калгансын.мындай жашоо коп адамда кездешет бирок жашаш учун жашоодо Эрк керек
29.12.2013. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Унут дейсин унутуш суйуштон кыйын турат
29.12.2013. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт беле?
29.12.2013. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болбогон создор да. Эркек эмес балага эрегишип,жашоо кызыксыз дегенин кандай?анан да баймын дейсин...бай болсон,ан сезимин да бай болуш керек.
30.12.2013. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tynchy28, мен да кошулам
30.12.2013. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мандайга эмнени жазса ошону коросун дейт Канчалык суйуп бактылуу болууга козунуз жетче да бирок сизге башка адамды жазган ал болсо башка бир адамдыкы ошондуктан эч кайгыруунун кереги жок жашоода позитив мн жашоо керек ар бир аткан кундун ар бир баткаткан кунго шугур кылып жашоо керек !!!
04.01.2014. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Эми мага жашоонун кызыгы деле жок".-десе аябай эле оор абалда го деп ойлогом. Суйгонун олбоптур го, биз адамдар кайгыра турган нерсени да издеп табабызда.
Жашоонун кызыгы жакынын асабадай атан, мээримдуу энен, коколотчуу канаттарын болгон бир туугандарын кайтыш болсо кетет:-(:-(:-(
Кызга айтарым эрктуу бол!
12.01.2014. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А сиз капаланбаныз менин дагы башымдан откон, убакыт даарылайт анан эч нерсе болбогондой отуп кетет.
18.01.2014. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozundun bawuna tuwmoiun4a bilbeisin myndai kyiyn4ylykty
08.02.2014. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коп кайгырба убакыт дарылайт
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо