Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКВАРИУМ СТРЕССТЕН АРЫЛТАТ

№581 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж

Кээ бирөөлөр жылкыны жакшы көрсө, башкалары ит, мышык дегенде үзүлүп түшүшөт. Айрымдары экзотикалык жаныбарларды кароодон ырахат алышат. Мына ошол экзотиканы да, сулуулукту да, жөнөкөйлүктү да бир убакта өзүнө камтыган аквариумду үйүңүзгө койгуңуз келсе, төмөнкүлөрдү билип алыңыз.

Балыктарды жайгаштырууда суунун көлөмү эске алынат. 1 сантиметр балыкка 1 литр суу жетиштүү. Аквариум балыктары жырткыч (цихлид, сом, жылан баш жана башкалар) жана жөнөкөй (гуппи, меченосец жана ушул сыяктуулар) деп экиге бөлүнөт. Жөнөкөй балыктар жырткычтар менен чогуу жашай алышпайт. Анткени жырткыч балыктар жөнөкөй балыктарды жеп коюшат.

Өсүмдүк. Аквариумдун ичине криптокорин, элодея, валлиснерия (бийиктиги 1-1,5 метрге жетет), мох деген атайын чөптөр салынат. Башкаларды балыктар жеп коюшу ыктымал.

Жарык берүү. Лампаны түн ичинде өчүрүп коюу керек. Анткени балыктар караңгыда укташат.

Суусу. Сууну кирдешине карата жумасына 1 же 2 ирет алмаштыруу керек. Канчалык балык көп болсо, ошончолук суу тез кирдейт. Эски суунун төрттөн бир бөлүгүн калтыруу шарт. Аквариумдун ичинде аэратор же фильтр (сууну соруп алып губкадан өткөрүү жолу менен тазалоочу жабдык) болушу керек.

Баалары. Аквариумдун идишинин Бишкек шаары боюнча баасы 300 сомдон 46 000 сомго чейин. Алар сапаты жана көлөмү менен айырмаланышат. Ал эми ичине салынуучу балыктар жана чөптөр түрүнө жараша бааланат.

Жеми. 1 күндө 1-2 жолу гана берген оң. Ар бир балыктын өзүнүн жеми сатылат. Бирок бир аквариумда бир нече түр балык жашаса, баарын бирдей эле тамак менен багууга болот. Андан тышкары жайкысын чалкан, каакым жана башка дары чөптөрдү кургатып алып витамин катары берип турган жакшы.

Жарык берүү. Лампаны түн ичинде өчүрүп коюу керек. Анткени балыктар караңгыда укташат.

Температурасы. Температураны белгилүү өлчөмдө сактап туруу үчүн градусник болуусу шарт. Сууну 20-28 градустун ортосундагы жылуулукта кармоо керек. Андан тышкары ар бир балыктын өзүнүн өзгөчөлүгү да каралат. Мисалы, сом, алтын балык суукка чыдамдуу болсо, дискус 26 градустан төмөн температурада өлүп калат. Андыктан ар бир аквариумда градусник болушу зарыл.

Көбөйүшү. Жалпысынан икра чачкандар жана тирүү туугандар деп экиге бөлүнөт. Тирүү туугандардын айрымдары ай сайын же 40 күндө бир туушу мүмкүн. Бир балык эң аз дегенде 15, эң көбү 200дөн ашык тууй алат. Ал эми икра чачкандар 18-62 күндө бир чачышы ыктымал. Чабактарды өзүнчө бөлүп да, энеси менен чогуу да чоңойтууга болот.

Кыртышы. Кесек кум, майда таш же шагылдан кыртыш төшөлөт. Кызыл гранит жана кыштын сыныктары сунушталбайт. Биринчи функциясы кооздук үчүн болсо, экинчиси майда балыктарга чоңдорунан сактаныш үчүн коргон да болот.

Идиши. Аквариум идиши формасы жана көлөмүнө карата айырмаланат. Андан тышкары айнектен же органикалык айнектен (желим) жасалышы мүмкүн. Көлөмү ичинде жашай турган балыктын санына жана кооздоочу нерселердин өлчөмүнө карата тандалат.

КЫТАЙ ИМПЕРАТОРУНУН ЭРМЕГИ
«Аquarium» – (aqua– суу) латын тилинен «сугаруу» деген маанини билдирет. Расмий түрдө ал 1841-жылы англиялык окумуштуу Н.Вард тарабынан ойлонуп табылган. Бирок ага чейин эле 1369-жылы Кытай императору Хунъу кооздук үчүн балыктарды кармагандыгы жана ал үчүн атайын фарфор идиштерди жасаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Бул иш менен алектенүү аквариумистика деп аталат.

КЫЗЫКТУУ

  • Кытайда бетта балыгын (короз балыгы) байге сайып уруштурушат. Бул моокум кандыруучу оюн айрымдар үчүн бизнес да экен.
  • Дүйнөдөгү эң чоң аквариум АКШнын Жорджия штатына караштуу Атланта шаарында жайгашкан. Ага 24 миллион литр суу батат. 500 түрдүү 100 миңден ашуун деңиз жандыктары жашайт.
  • Балыктын куйругу кандайдыр бир себептен улам жулунуп калса, 1-1,5 айда кайра калыбына келет.

БАЛЫК ДАРТКА ДАБА БОЛОТ
Бала кезинен жаныбарларга жакын болгонун айткан каарманыбыз «Кыргызстандагы алгачкы кыргыз аквариумист мен болдум окшойт» дейт. Анда кеп учугун сүрөтчү-скульптор жана балык сүйүүчү Балтабай Абдылдаев улантсын:
– Кичине кезимде көлчүктөн кармап келген балыктарды дагарага салып бакчумун. 1987-жылы окууну аяктап борборго келип калдым. Ошондон тарта бүгүнкү күнгө чейин балык кармайм. Бул иш менин хоббим жана кесибим деле болуп калды көрүнөт. Табигаттын кооздугун ким гана жакшы көрбөсүн? Карап отуруп капалыктан да арыласың. Балыктардын жардамы менен стресс, психикалык оорулардан арылууга болот. Акыркы жылдары балыктарым өтө көбөйүп кеткендиктен, сатыкка да чыгара баштадым. Андан тышкары жылына 150дөн ашык кишиге балыктын чабактарын суу менен кошо ичирип, сарыктан дарылап келатам.


АДИСТЕН КЕҢЕШ

  • Эгер жем түгөнүп калса, нанды сууга чылап, аны сууга жакшылап чайкап туруп берсе болот.
  • Жырткыч балыктар этти жакшы көрүшөт. Андыктан букачардын майлуу эмес этин кургатып, аны ун сымал майдалап бериңиз. Чиркейдин личинкасын да жем катары колдонууга мүмкүн.
  • Эң эле күчтүү витамин катары жумуртканын сарысын айта алам. Сууга бышкан жумуртканын сарысын жууп, анан аз өлчөмдө, бир жумада бир берип туруңуз.
  • Аквариумдун үстүн жаап койгон оң. Бул учурда суу аз бууланат, жай муздайт жана ичине сырттан бир нерсенин түшүп кетишинен сактайт. Эгер ачык турса үйдүн ичи бууланып, ным тартып, көк басып кетиши мүмкүн.
  • Балыгыңыз канаттарын бүрүштүрүп калса, бул анын сыркоолоп калганын кабарлайт. Көбүнчө инфекция кирип кетет же суукка урунат. Бул учурда кадимки левомицетин жана антибиотик дарылар жардамга келе алат. Алдын ала ооруган балыкты өзүнчө идишке бөлүп алып, анан майдаланган дарыны сууга сээп койсоңуз сакайтат.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


Аквариум стресстен арылтат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(19)
23.12.2013. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен балыктарды отто жакшы кором аларды тиктеп отуруп. Барбардык кайгыларымды унутамын адамга чон пайдасы бар.
23.12.2013. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун! Маалымат. Менин да балыктарым бар. Алар менен эс алуу керемет да.
23.12.2013. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо кенешинерге чоон рахмат.балык багыш керек экен стресстен арылтса.
24.12.2013. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Студент убагымда, балык багып коргом. Жакшы бага албай койдум окшойт бирден олуп отуруп, акыры баары кырылып калды(
24.12.2013. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балыкты мен да жакшы кором.Кичинемден бери аквариумда балык багуу менин кичинекей тилегим.Буйруса келечекте орундалып калаар :)
SUPER.KG видео
25.12.2013. 07:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматуу Супер Инфо Мен бала кезде уй куштарына кызыгып айрым турлорун бакчумун. Жана Болотбек Кузменько деген орнитологдун Сайроочу куштар жана Канарейка уй булбулу деген кыргыз тилиндеги балдарга арналган оччерк турундогу китебин кызыгуу менен кайра кайра окучумун. Сураныч ошол Болотбек байкеден да интервью даярданыздарчы озун аябай коргум келип жатат.Азыр Бишкекте жашайт болуш керек.Дарегин так билбейт экенмин. Чоон рахмат.
SUPER.KG видео
25.12.2013. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аквариум кандай кооз нерсе. Нерсе деп да айтканга ооз барбат, анкени ичинде жандуу балыктар сузуп журот да. Айтор, керемет, укмуш, сыйкырдуу бир кооздук. озумдун жеке уйум болгондо созсуз аквариумум да болот.
25.12.2013. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен дагы жактырам.баккым келет олуп калса кантееееем
25.12.2013. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен бир жеринен ката таап алдым кечиресинер. эгер силер айткандай 1 жумада 2 жолу суусун алмаштырсанар балыктар олуп калышат. Болгону суу азайып калганда толуктап коюш керек. Менин балыктарымдын суусу канча жылдан бери алмашпай келе жатат
11.02.2014. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
longines2002, tuura aitasys suunu baaryn almashtyryp salsa balyktar kono albai olup kalyshy mumkun.Sholdoshum bis kochkondo eski suunu alyp kelse tan kalgam.Aga akyryndan bir asdan suunu koshup turush kerek.Shany suu koshkondo suu eger hlorduu bolso shumshartuu uchun atajyn sredstvonu koshush kerek.
25.12.2013. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
longines2002,
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат!
1 күн банга!
26.12.2013. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жазыпсынар рахмат сиздерге)))
SUPER.KG видео
26.12.2013. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун балыктар экен го. Мен дагы балык баксамбы деп журом. Бирок уй суукда алар олуп калат го ээ(
27.12.2013. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай кооз, кандай керемет дуйно, озунчо эле. Кийинчерээк созсуз аквариум кутом, буюрса! Азырынча убакыт тар, тиешелуу кам коро албай калышым ыктымал деп корком.
SUPER.KG видео
27.12.2013. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аквариум стрестен арылтса аны кантип колдоно алабыз
29.12.2013. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
соонун экен
11.02.2014. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Platin balygy (oruscha kandai aitaryn bilbeim bisde oshentip aitabys )abdan bat kobojot eken.Bis uchtu satyp kelsek kobojup ele atat,kobojup ele atat.Bir shylda ele otusdai bolup ketti.Sholdoshuma aityp shatam bular os kandary menen ele bala shasap inzest bolup ketishti go dep.Alyp baryp magasinge berip salaly desem kyibait.
SUPER.KG видео
09.08.2014. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
еми алам мен дагы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо