№581 20-декабрь-26-декабрь, 2013-ж

16-декабрда Ош ОИИБинин мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери пара алганга шектүүнү колго түшүрүштү. Өзгөн райондор аралык автоунаа каражаттарды жана айдоочу курамды каттоо, сыноо бөлүмүнүн башчысы, Ош шаарынын 47 жаштагы тургуну З.К. өзүнүн кызматтык бөлмөсүндө
5 миң сом пара алып жаткан учурунда кармалган. Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн тургуну, 1956-жылы туулган М.Ж. аттуу жаран УАЗ 31512 үлгүсүндөгү автоунааны өзүнүн наамына өткөрүү үчүн аталган мекемеге барганда З.К. 5 миң сом акча талап кылган.
Учурда Кылмыш жана жаза кодексинин 313-беренеси (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатканын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
5мин сом экен.биринчи 5миллион алгандарды кармап.камап элге ущинтип жарыяласа анан мо 5миндик параколорлор озу эле жоголуп кетет.биринчи 5миллионду кармагыла кармагыла