ТАГДЫР ОЮНУ-3

№582 27-декабрь-2-январь, 2014-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Илимбек баянын уланта берди.
– Менин ордумдагы ар бир эркек ошол нерсени кылмак болушу керек. Өзүмдү токтото албай калдым. Жетип барып тигини жакадан алып, балжа-булжасын чыгарып салдым. «Кой-кой» дешкен туугандарды да, ата-энемди да караган жокмун. Аларды же намысты ойлой турган абалда эмес элем. Көз алдымда Айшанын көзүнөн сарыгып агып турган жаштар... Моокумум канганча уруп, четке чыга бердим. Көзүм дирилдеп ыйлап турган ак көйнөкчөн колуктума чалынды. Аны колдон жетелеп алып ыйлаганына койбой машинага салып, кутургандай айдап жөнөдүм. Көзүм жолдо, колум рулда, бирок ашатып сөгүп келе жаттым.
– Сен баарын билгенсиң, мен аны сүйөрүмдү билсең да ушунча жыл артымдан калбай жүрүп ала качып алгансың. Азыр эч нерсени билбегендей эмнеге чатак салдың?- дегенине түтөп кеттим. Машинаны токтотуп, энтиге аны карадым.
– Дагы кайталачы сөзүңдү...
– Кайсы?
– Мен аны сүйөм деген...
– Ооба, мен аны сүйөм!
Өзүмдү токтото албай, эки колум менен аны алкымдан алдым. Тыбырап жатты, бир кезде карышкан колдорумду жазып, аны коё бердим. Шалак түшкөн денесин карап койбой, тамеки тартып келип, акырын үн каттым.
– Айша!
Ал үн катпады. Өңү бозоруп, көзү жумулуу. Колдорун кармалап жиберсем муздак, жүрөгүм шуу дей түштү. Бакырып боорума кысып, жулкулдатып жибердим. Ошентип, мен аны өз колум менен өлтүрүп алдым... Бул үчүн өзүмдү кандай гана жазаладым, бир Жараткан билет. Анын аркасынан өлгүм келди, катуу айдап келе жатканда аварияга учурадым. Жараткандын менде башка да жазасы барбы же менин өлүп кутулушумду каалабады окшойт, аман калдым. Эл экөөбүз кетип баратып авария болуп, ошондон моюну үзүлүп кетти деп ойлошту. Бул сыр менин гана көкүрөгүмдө кала берди. Андан да жаманы, кийин анын 3 жумалык боюнда бар экенин билдим. Демек, мен сүйүктүү жарымды гана эмес, өз баламдын да жарык жашоого келишине тоскоол болгон экем...
Ушул жерге келгенде Илимбек чыдай албай ыйлап жиберди. Денеси солкулдап ыйлап жаткан адамды көргөндө Данек учуп тура калды. Боорукер жаны эми эле жек көрүп турган адамын бооруна кыса берди.
– Кечиргиле мени. Бирок мен өзүмдү өзүм кечирбейм!
Көп жылдан бери көкүрөгүнө бугуп калган дарт оңой эмес да. Данектин кучагында Илимбек көпкө ыйлады. Бир маалда гана башын көтөрүп, өзүнө келди. Көкүрөгү жеңилдеп калганын туйду. Бетин жууп келип, кайра Данектин маңдайында отурду.
– Сен керемет кызсың!
– Эмнеге?
– Апама да айта албай койгон сырымды сага айттым. Мээримдүүсүң, боорукерсиң, сендей асыл адам жок жашоодо. Аскат кандай гана бактылуу адам.
Данек уялыңкы күлүп койду. Кайрадан оңдонуп отуруп, баянды угууга камынды.
– Макул, азыр баарын айтып берем. Ошол боюнча мен үйлөнгөн жокмун. Утурумдук көңүл ачуулар болду, бирок жүрөгүмө жакын адамды таба албай койдум. Өзүмдү карьера жасаганга арнадым. Кыргызстанда эң күчтүү адвокат болдум. Байлык топтодум. Бирок бактылуу боло албадым. Апам эң жакын адамым эле, ал каза болор алдында менин эмнеге үйлөнбөй жүргөнүмдү такып сурады. Ыйлап, өмүр бою жалгыз калбасымды суранды. Эненин жүрөгү сезгич эмеспи, бир нерсе туура эмес экенин байкаса керек. Бирок айта албадым. Менин күнөөмдү укпай тынч кетсин деп ойлодум. Апам ошол боюнча билбей өтүп кетти.
Ошол бойдон мен жалгыз өткөнгө даяр элем. Бирок жашоомдо капысынан сен пайда болдуң. Бир көргөндө эле жүрөгүм тыпырап кетти. Өзүмдү токтотсом да болбой элесиң алдымда турганы турган. Адам бир нерсени кыялданса ээлигип алат экен, канчалык ал кыз менин теңим эмес дегеним менен, ошончолук тартылдым. Бирок, чын айтам, Аскат тууралуу билген эмесмин. Мен аны сенин агаң деп гана ойлоп жүргөм. Амалкөйлүк кылып акырын тузак тарта баштадым. Бетимди сыйрып салып, Аскатты куткарып бергенимди доомат кылдым. Сенин айлаң кетти. Мени менен кездешүүгө аргасыз болдуң. Баарын туура эмес кылып жатканымды билген менен, артка кайта албадым. Кээде жөн гана сенин жаныңда жүргөнүмө, кээде алыстан көрүп калганыма бактылуу болчумун. Анан баягы каргашалуу күн болду...
Сен «Аскат чалбай жатат» деп ыйлап жибергениңде боорума кыса кучактап алдым. Гүлдүн жыпар жытын искеп алган адам кайрадан аны жыттагысы келет экен. Мен сени кайрадан кучактагым келди. Күнөөсүзүм, сен аны байкабадың. Сенин көз карашың менен жүрөгүм серпилип жатканын сезбедиң. Жамгыр жаап жибергендиктен, үстүң суу болчу. Анан ыйлаган түрүң да укмуш эле. Менин «үйгө барып өзүңдү иреттеп алып, анан бар» деген сунушума үн катпай макул болдуң.
Үйгө киргенде сени таптакыр коё бергим келбеди. Шайтан ой мени азгырып алды. Сен кетип, кайрадан жалгыздыгым менен жекеме-жеке калгым келбей, кандай болсо да сени алып калсам дедим. Сен болсо сүйлөшүп отуралы дегениме караманча болбой койдуң. Ары да айтып, бери да айтып таптакыр көнбөгөнүңдө жаным кашайып кетти. Итчилик кылып сени кучактап, өпкүлөп баштадым...
– Болду эми, айтпаңыз мага...- деп ыйлап жиберди Данек.
– Данек, чырагым, бүгүн экөөбүз тең айыгышыбыз керек. Сен өзүңдү күнөөлүүмүн деп жүрөсүң. Өзүн-өзү күнөөлөгөн, өзүн жек көргөн кандай оор экенин жон терим менен билем. Сенин эч кандай күнөөң жок. Ошол күнү... ошол түнү экөөбүздүн ортобузда эч нерсе болгон жок.
– Ыя?
– Сен бир нерсе болду деп ойлодуң. Бирок колумдан жулунуп жатып эсиң ооп калганда мен сага тийген жокмун. Боорума кыса кучактап, жүзүңдөн өпкөндөн башка эч нерсе кылбадым. Көзүмдөн жаштар агып жатты. Бирок периштедей тазалыгың мени акмакчылыктан сактап калды.

  (Уландысы кийинки санда)

Жакында...
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ

Асхат Субанбеков

Сүйүү, байлык же намыс. Канчалаган мырзанын ашыгына айланган, ажары төгүлгөн жаш бийкеч жогорудагы үчөөнүн кайсынысын тандайт? Оор тагдырдан денесин сатканга да мажбур болгон кызды кудуреттүү адам чаңдан, булганыч жерден алып чыккан. Анын адамгерчилигине байланып жар болгонго макул эле. Бирок ушул учурда ага сүйүү келди...

Урматтуу окурман! Бул баянда баары бар. Бүгүнкү күндүн жылаңач чындыгы, күнгөй-тескейи, тагдырдын ар түркүн сыноосу... Турмуштун агымында улам бир жээкке урунган кыргыздын бир кызы турмуш сыноосун жеңип чыгабы же жеңилүүгө аргасызбы? Аны азырынча эч ким билбейт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Башка сандарда:
ТАГДЫР ОЮНУ 451-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 452-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 453-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 454-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 455-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 456-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 457-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 458-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 459-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 460-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 461-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 462-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 463-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 464-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 465-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 466-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 467-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 468-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 469-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 470-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 471-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 472-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 473-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 474-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 475-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 476-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 477-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 478-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 479-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 480-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 481-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 482-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 483-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 484-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 485-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 486-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 487-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 488-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 489-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (жаңы сериал) 508-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 509-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 510-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 511-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 512-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 513-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 514-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 515-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 516-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 517-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 518-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 519-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 520-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 521-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 522-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 523-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 524-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 525-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 526-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 527-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 528-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 529-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 530-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 (жаңы сериал) 557-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 558-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 559-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 560-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 561-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 562-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 563-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 564-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 565-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 566-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 567-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 568-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 569-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 570-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 571-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 572-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 573-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 574-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 575-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 576-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 577-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 578-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 579-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 580-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 581-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 583-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 584-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 585-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 586-сан
Комментарийлер(25)
30.12.2013. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскат менен Данек бирге болушат окшойт эми
30.12.2013. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Данек абийири менен эле экен да,кандай жакшы ээ,абийир бу кыз баланын куйоосуно арначу байлык да....
30.12.2013. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мдаааа, бирге болушат экен да е, наконец-то
30.12.2013. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
)))сонун го
30.12.2013. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми Чандагы гул сериал болуп башталса! Аны да кутуу башталат!
30.12.2013. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илимбек кыйын киши экен. Бирок колу кантип барды болду экен Айшаны олтургонго.
30.12.2013. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акыры бактылуу болуп бутот экен да баары, кандай жакшы э
30.12.2013. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм.тузууук.окугум келбей калды эле.окшошуптур эми.
30.12.2013. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бутуп калат экен да ушинтип
30.12.2013. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тийбеген болсо керек деп ойлодум эле туура чыкты
30.12.2013. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне тагдыр оюуну 3 буттубу ушул менен.
30.12.2013. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jyel, уландысы кийинки санда.
30.12.2013. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elmira93, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
30.12.2013. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай жакшы Аскат м.н Данек бирге болушат экен :)
30.12.2013. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudayga shugur,ayagy jakwy buttu!
Chandagy gul dagy sonun chygarma go...
30.12.2013. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушуну кино кылып тартса сонун болмок
30.12.2013. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооиий качан бутот экен деп кутчуубуз аяктап калыптыр гоо.Аскат менен Айденек бирге болот окшойт эми.
30.12.2013. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай жакшы
31.12.2013. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козумо жаш тегенренип кетти Данек ордуна мен суйундумго
31.12.2013. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolsun.
01.01.2014. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
УУрраааа кандай соонун ))))
02.01.2014. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхз суйуу!
02.01.2014. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец
04.01.2014. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аягы эмне болот экен?
05.01.2014. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анын кызыгы еми башталат чыгар я
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо