№582 27-декабрь-2-январь, 2014-ж
Дзюдо боюнча Эл аралык «Дордой» ассоциациясынын Кубогу» мелдешинде командалык эсепте Кыргызстан жеңүүчү болду. Кыргызстан менен Казакстандын балбандары катышкан мелдеш 23-декабрда Бишкекте өттү. 7 алтын медалдын алтоосун мекендештерибиз Адилет Ботоканов, Ислам Баялинов, Азат Кубакаев, Тариэл Усенов, Чыңгыз Мамедов жана Юрий Краковецкий утуп, жеңүүчү аталышты. Ал эми аялдар арасында 78 килограммдан жогору салмак категориясында Кыргызстандан Нагира Сарбашова жеңүүчү болду.
Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |