Камчы Сарыбаев & Малика Дина:«ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ҮЙДӨН ТОСУУГА ЖЕТИШПЕЙ КАЛАБЫЗ»

№582 27-декабрь-2-январь, 2013-ж

Жамандыктын баары өтүп бараткан жыл менен чыгып кетчүдөй чыдамсыздык менен күткөн майрам – Жаңы жыл жакындоодо. Мына ушул майрамды Аяз ата, Аяз кызсыз элестетүүгө болбойт. Бул жылы Аяз ата менен Аяз кыздын ролун «2010-жылдын супер актёру» Камчы Сарыбаев жана «2013-жылдын супер ремейки» наамынын ээси Малика Дина аткарышты.

– Бала кезибизде баарыбыз эле Аяз ата, Аяз кыз деген жомокко ишенсек керек?..
Камчы: – Ооба, бардык кичинекей балдар сыяктуу эле Аяз ата, Аяз кызга аябай ишенчүмүн, досторум менен алардын келишин күткөнүбүзчү (күлүп). 8 жашымда Жаңы жылда аны байпагынан таанып калгам. Карасам, байпагы биздин мугалим Өмүрбек агайдыкына окшош экен. Аяз атанын кадимки адам экенин билип аябай капа болдум. Бирок азыр өзүм Аяз ата болуп иштеп жүрөм.
Малика: – 1-класста мектепте жаңы жылдык балаты болор алдында мага «Сен Аяз кыз болосуң» деп айтышты, мен таң калып «Эмнеге, Аяз кыз өзү келе албайт бекен?» деп ыйлап жибергем. Мугалимим бир жакка шашып жаткан болчу, «Сен чоңойбодуңбу, бүттү эми, Аяз кыз деген жок, дагы эле ишенип жүрөсүңбү?!» деп урушуп салган. «Аяз атачы?» десем, «Аяз ата дене тарбиядан берген агайың болот» деди. Аябай капаландым, ошондон кийин түк ишенбей калдым.

– Кандай ойлойсуздар, кичинекей балдарды Аяз ата, Аяз кыз деген түшүнүккө ишендирүүнүн кажети барбы?
К.: – Негизи эле адамдар ар убакта үмүт менен жашайт. Эмне үчүн элдер 1-январды бир нерсе өзгөрүп кетчүдөй күтүшөт? Анткени жашоонун жакшы жакка өзгөрүшүнө үмүттөнүп, ишенишет. Бул майрамга болгон элдин кызуу даярдыгы, балаты, шампан миң ишенбейм деген адамды да ишендирип салат. Ал эми кичинекей балдар үчүн Аяз ата менен Аяз кыз үмүттүн шооласы. Бул нерсе балдарга абдан керек, менимче. Аларды бул ишенимден ажыратпашыбыз керек.
М.: – Биздин замандын балдарын билесиздер да, телефон, планшет менен жүрүшөт (күлүп). Аларды Аяз ата менен Аяз кызга ишендире да албайсың.

– Өтүп бараткан жыл сиздер үчүн эмнеси менен эсте калды?
К.: – Эки уулумдун сүннөт тоюн бердим. Бир балам сыркоолоп жүргөн, ушул жылы абалы жакшы болуп калды, ошонусуна шүгүр. Экөөнүн «ата, апа» деп чуркап жүргөнүнө сүйүнөм.
Чыгармачылыкта тасмаларга тартылдым, спектаклдерде ойнодум, баары өз нугу менен. 6 миллионго жакын кыргыздын 300үнө эле жылмаюу тартууласам, мына ошол менин эмгегимдин акыбети. Аны мен көчөдөн өтүп бараткан адамдардын, жол боюнда тоскон МАИ кызматкерлеринин «Ээ, кандайсың, Камчыке?» деген жайдары саламдашуусунан билем.
М.: – Бул жыл мен үчүн жемиштүү жылдардан болду. Мурунку жылдарга салыштырмалуу жакшы иштедим. Телеберүүлөргө тартылдым, концерттерге катыштым. Жыл соңунда «Жылдын супер ремейки» наамына ээ болуп, сиздерден күтүүсүз белек алдым...
К.:«Нурлан Насип менен дуэт ырдадым, ал ырым хит болду» деп айтпайсыңбы?..
М.: – Ха-ха, ооба, ырларымдын баары Камчы байкеге жаккан чыгармалардан болду. Өзүм да билбей калдым, бул жыл кантип өтүп кеткенин.

– Өтүп бараткан жылдагы кайсы окуяны эстегиңиздер келбейт?
К.: – Митингдерди, өрттөлгөн машиналарды, акчаны басып жатып алып «мен акмын» дегендерди, элге күлүп туруп артынан кысып жаткандарды эстегим келбейт такыр. Ал эми жагымдуу окуялардан «Манас» эпосун өзүбүздүн атыбыздан
ЮНЕСКОго каттаганыбыз болду.
М.: – Жагымсыз окуя болсо бат эле унутуп калам. Андыктан эстеп деле кыйналбайм.

– Келаткан жылдан эмнени күтөсүздөр?
К.: – Кирип келаткан жыл менин мүчөл жылым. Жылкы өзү күчтүү, оор жүктү сүйрөй билген жаныбар. Адамдын канаты, каалаган жагыңа чаап кете берсең болот. Бир жерге ылдам жеткирет. Берекелүүлүктүн, айкөлдүктүн белгиси. Анын сыңары бул жылы мени көптөгөн ийгиликтер коштойт деген үмүтүм бар.
М.: – Апам экөөбүз жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып жүрө берели, элибизге талантыбызды тартуулап.

– Эсиңиздерде калган Жаңы жыл?
К.: – 5 жылдан бери Жаңы жылды үй-бүлөм менен тосо элекмин, көбүнчө көчөдө тосуп калам. Жаңы жылдык корпоративдерде Аяз ата болуп барып, алардын балдарын куттуктап жүрүп Жаңы жылды ошол жактан тосконго туура келет. Быйыл да үй-бүлөм менен тосо албайт экенмин, келишим менен бир жакка Аяз ата болуп кетип жатам.
М.: – Жыл сайын Жаңы жыл күнү «Ала-Тоо» аянтында өткөн концертке апам катышат. Бир жолу шашып-бушуп ырдап, кайра үйгө жетишип келе албай, Жаңы жылды машинанын ичинде, тыгында тосконубуз эсимде.

– Кимден белек күтөсүздөр же кимге белек кыласыздар?
К.: – Жылда №3-балдар ооруканасына Аяз кызымды ээрчитип алып, эки баштык белектеримди оорукчан балдарга таратып, куттуктап келем. Мен муну салтка айлантып алгам. Өзүм алган өзгөчө белек, бир жылы досум сонун кылып коробканы жасатып белек берген. Көтөрсөм оор, ичин ачып карасам, кыш экен. Кышың бекем болсун деген максатта берген имиш (күлүп). Ошол кышты коюп, анан үйүмдү бүтүргөм. Бул жылы да ушундай өзгөчө белектерди күтөм.
М.: – Белекти апама берем. Чынын айтсам, аны 10 күндөн бери даярдап жатам. Өзүм да көптөгөн күтүүсүз белектерди алсам жакшы болмок. Бирок туулган күнүмдө эле көбү күтүүсүз белектерди берип койду го дейм (күлүп).

– Аяз ата менен Аяз кыздан кыргыз элине жаңы жылдык каалоо?..
К.: – Ар бир үйгө бакубаттуулук, кичинекей баланын кыткылыктаган күлкүсүн каалайм. Эгер үйүндө келиндер болсо, талгагы токтобой калсын, абышка-кемпирлердин колунан жалаяк түшпөй калсын ылайым эле. Анан да чыгармачыл адамдардын таланты толкуп, эргүү алып жүрө берсин!
М.: – Эң башкысы, үмүттөр, ишенимдер акталсын. Аманчылыкта бололу!

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Аяз атага ишенбейбиз" дешет Камчы Сарыбаев, Малика Дина

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(24)
SUPER.KG видео
28.12.2013. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
жаны жыл баарыныздарага жакшылыктарды алып келсин!!!!!!
SUPER.KG видео
28.12.2013. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаны жыл кандай сонун майрам буткул кыргызстандык бир туугандарымды майрамдары менен чын журоктон куттуктайм жаны жыл сиздерге жаны ийгиликтерди ырыскыны ден соолукту ала келсин!!!
SUPER.KG видео
28.12.2013. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мэримдуу аяз ата аяз кыз жаны жылынар менен.
SUPER.KG видео
28.12.2013. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар биздин жаны жыл 21-Март
SUPER.KG видео
28.12.2013. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким айты 21-март деп
SUPER.KG видео
28.12.2013. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мен айтым 21-март Мусулмандардын жаны жылы
SUPER.KG видео
29.12.2013. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жаны жылыныздар менен
SUPER.KG видео
29.12.2013. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мусульмандардын майрамы Рамазан айы,Орозо Айт,Курман Айт,21-март эч качан мусульмандардын майрамы болгон эмес болбойт дагы.
SUPER.KG видео
30.12.2013. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малика тим эле сулуу болуп калыптыр
30.12.2013. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Малика дина бир ааз кулака тееп койуптур ээ билбейт элем деп
30.12.2013. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Малика али жаш жана Аяз кызга татыктуу эмес апасынын артынан эле журот.Башка татыктуу ырчылардан койсонор болмок.
30.12.2013. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мммм
30.12.2013. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аяз ата , кара мурутун алып койсо соонун ак сакалдуу аяз ата болмок..
SUPER.KG видео
30.12.2013. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asianat сиз эн туура айткансыз
30.12.2013. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малика дина талантын ташкындай берсин
30.12.2013. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодцы
02.01.2014. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
М.: – Биздин замандын балдарын билесиздер да, телефон, планшет менен жүрүшөт (күлүп). Аларды Аяз ата менен Аяз кызга ишендире да албайсың.




Ушул жерде өзүнү чоң жашы лгайып калган адамдай сезип жиберди окшойт
04.01.2014. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малика эми жакшы маек куруптурсун, менимче бул чоон кыз болуп келе жатканындын белгиси го дейм))
05.01.2014. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин балдарымда деле бар, телефон, ноутбук дегендер. Мектептеги, садиктеги агай-эжейлердин аяз аталык ролун билишет да, анан чыныгы аяз ата бар, алар элге корунбой таштап кетет белегин десем, ишенип эле калышты. Балдарга белек алган аябай чоон кубаныч, аяз атадан озгочо. Аларды бул кубанычы узакка эле созулганы жакшы да.
03.02.2014. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малика дина озу эч кимге жакпайт окшойт ото эле мактанчакооо
10.02.2014. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малика дина чыгармалыгына ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо