«Жылдын супер ырчы айымы» наамынын ээси Чолпонай:«АТА-ЭНЕБИЗ ЧЕЧСЕ ЭЛЕ ҮЙЛӨНҮҮГӨ ДАЯРБЫЗ»

№583 3-январь-9-январь, 2014-ж

Чолпонай үчүн Жылан жылы ийгиликтерге бай болду. Алардын көрүнүктүүлөрүн айтсак, «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «2013-жылдын супер ырчы айымы» наамын алды. Андан соң алгачкы жеке концертин берди. Ошол эле күнү мурдагы «Кылым» тобунун ырчысы, үн жаздыруучу «Экарекордс» студиясынын негиздөөчүсү катары таанылган, ырчы айымдын продюсери Эрнест Үмөталиев романтикалык кече уюштуруп, бриллиант көздүү шакек салып, колун сурады. Эки жаштын сүйүү баяны, жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу маек төмөндө.

– Эрнест, Чолпонай, алгач силерди куттуктап өтөйүн. Бул алдын ала пландалган иш беле?
Эрнест:
– Колун сураарымды Чолпонай билген эмес. Мен өзүм эле пландап койгом.

– Чолпонай, ушундай болорун күттүң беле?
– Жок, күткөн эмесмин. Концерттен кийин борбордогу караокелердин бирине барып жакын досторубуз менен отуралы, ырдайлы деп эле пландаганбыз. Барсак эле ал жакта да өзгөчө жасалга, полго роза гүлдөр төшөлүп, шамдар күйүп турат. Анан Эрнест колума шакек салып, баш кошууга макулдугумду сурады. Күтүлбөгөн окуя катуу толкундантты.

– Эрнест, ата-энеңе да билдирген эмессиңби?
– Ушундай планым бар экенин ата-энем билишкен. Алар концерттен чыгып түз эле үйгө кетишкен. Ата-энем дайыма «сен кандай иш баштаба, эмне ойлобо, биз сен жактабыз, дайыма колдообузду аябайбыз» деп турушат. Апам Чолпонайды кичине кезинен бери билет. Аракетчил, акылдуу окуучусу катары жакшы көрөт.

– 12 жылдан бери тааныш экенсиңер, кыз-жигит болгонуңарга канча болду?
Чолпонай:
– 6-7 жылдан бери кыз-жигит катары сүйлөшөбүз.

– 6-7 жыл оңой эмес. Бирок «кыз-жигит» деген сөздү жаныңарга такыр жуутчу эмес элеңер го...
Э.:
– Себеби буга чейин үйлөнүү туурасында ойлонгон эмеспиз. Биринчиден, экөөбүз тең жаш элек. Экинчиден, иштеген ишибизден майнап чыгаралы, элге жыйынтыгын көрсөтөлү дегенбиз.

– Чолпонайга шакек салуу оңой эле болдубу? Айтчу сөзүңдү канча күн даярдадың?
– Сөздүн гүлүн терүүгө убакыт чын эле болгон жок. Мен үчүн концертти жогорку деңгээлде өткөрүү башкы планда болчу. Жадакалса концерттен чыгып караокеге баратканда кийинип-чечингенге убакыт болбой, машинада эле шапа-шуп кийинип алдым. Шакек салып жатканда аябай толкундандым, сүрдөдүм.

– Чолпонай, сенин ата-энең үчүн күтүлбөгөн жаңылык болуптур да, алар эмне дешти?
– Макул болушту. Бактылуу болсоң болду дешти.

– Экөөңөрдүн сүйүүңөргө ата-энең каршы деп уккам, чындыгы барбы?
Ч.: – Жок, андай болгон эмес.

– Шакекти тандоо, колунун өлчөмүн билүү кыйын болдубу?
Э.:
– Концертти уюштурууда, шакек тандоодо, караокени жасалгалоодо досторум жардам беришти. Шакекке келгенде Назгүл Токтакунова Чолпонайга билгизбей колунун өлчөмүн билди, анан экөөлөп тандадык.

– Эми той качан?
Ч.: –
Бул маселени ата-энелерибиз чечет. Алар жолугуп сүйлөшүшөт, анан кеңешип бир күндү белгилеп беришсе, биз качан болбосун макулбуз. Анткени «ата-эне ыраазы болмоюн балдар бактылуу болбойт» деп коюшат го.

– Чолпонай, Эрнест жүрөгүңдү эмнеси менен багындырды?
– «Ак шоола» балдар хорунда ырдап жүргөндө Гүлмира эже адамдын талантына карачу, биз да ошондой тарбияланганбыз. Ким таланттуу, ошол ырчы болот, алдыга чыгат деп түшүнчүбүз. Эрнест биздин хордун ырчысы болчу. Ал мени таланты менен арбап алды. Азыр кандай иш баштабасын, майын чыгарат, аны орто жерден таштабайт. Кыскасы, мен үчүн идеалдуу адам, таланттуу үй-бүлөнүн баласы. Ата-энеси Турдубек байке менен Гүлмира эже – белгилүү композиторлор, таятасы Шарыпкул Үсөнгулов – акын-жазуучу, драматург, композитор.

– Эрнест, «өмүрлүк жар, балдарымдын энеси болчу кыз ушул» деген чечимди эмнесине карап кабыл алдың?
– Сүйүүнүн көзү сокур. Сүйүү баарын жеңет. Ортодогу сезимдер биринчи орунга чыкты. Анан да Чолпонайдын эмгекчилдигин бааладым.

– Чолпонайды тийишкен жигиттерден кызганасыңбы?
– Чолпонай менин кызганышыма эч качан жол берген эмес. Ачуумдун кандай экенин билет. Бизде бири-бирибизге болгон ишеним күч. Ишеним болбосо, жакшы үй-бүлө курулбайт. Негизи, кызганчаак эмес, аябай кызганчаакмын.

– Бири-бириңерди биринчи жолу көргөн күн эсиңердеби?
Ч.:
– Анда экөөбүз тең кичинекейбиз да. Мен «Ак шоолага» 2-классымда келгем. Бир аз убакыт даярдоо тайпасында жүрүп, анан негизги курамга киргем. 5-6-класстан тарта «Эка байке» деп артынан жүргөнүм, ар нерселерди сурай бергеним эсимде. Ага чейинки убакты эстей албайм. Биздин хордо тартип катуу эле. Бир жашка эле улуу болсо эже-байке деп сыйлачубуз. Элге аты чыгып калган Алмаз Адамалиев, Айбек Замиров деген ырчылар да биздин хордон чыгышкан. Азыр аларды атынан айтам. Алмаз тамашалап «сен мени байке деп айтчу элең го, кичинекей эле кыз элең» деп айта берет.
Э.: – «Ак шоолада» бактылуу балалыгыбыз өтүптүр. Топтогу балдар достон да жакын тууган болуп калыптырбыз. Шакек салгандан кийин хордо ырдаган Төрөкул деген иним менден ашып бактылуу болуп, «ушул окуяны көргөнүмө толкунданып жатам» деп ыйлап алыптыр.

– «Кылым» тобуна Чолпонайды «жактырган кызым» деп эле кошуп алсаң керек...
– «Кылым» тобун 19 жашымда түзгөм. Ушул топту түзүп, анан эстрада деген эмне экенин түшүндүк. Топ «Ак шооланын» таланттуу биринчи бүтүрүүчүлөрүнөн түзүлгөн. Чолпонай да алардын катарын толуктачу. Менин топ ачам деген оюмду апам колдоп берди. Ыр жаздырууга, форма тиктирүүгө да акчасын аяган жок.

– Эрнест, азыр такыр ырдабай калдың, эмнеге?
– Мен өзүмдү ырчылыктан эмес, сахнанын артынан таптым. Мага ырдагандан көрө аранжировка жасаган, кино тарткан көбүрөөк жагат. Ошондуктан мындан ары ырдабай эле коюуну чечтим. Бирок сагынам. Ошондуктан достор менен караокеде ырдап турам.

– Эми кепти Чолпонайдын концертине бурсак, өзүңөр ойлогондой эле өттүбү?
Ч.:
– Концерт деп чуркап жүрүп катуу чарчаптырбыз, уйкудан да калган элек. Уйкунун планын жакшы эле толтурдук окшойт. Бирок баары бир чарчаганыбыз жазылган жок. Кылган ишибиз, анын жыйынтыгы мага аябай жакты.
Э.: – Мен каалаган нерсенин 60 пайызы аткарылды десем болот. Жетишкендигибиз, буга чейин мындай жасалганы эч бир ырчы колдонгон эмес, Алматыдан лазердик шоу алып келдик. Ата-энелерибиз, туугандарыбыз да «2 саатка созулганы менен, жарым саатта бүтүп калгандай болду. Тойбой калдык, концерт бир дем менен өттү» деп айтышты. Ал эми репетиция кылууга сахнаны бербей койгону бир топ аксатып койду. Концерттин жакшы болгонун келген ырчылар өздөрү да айтып жатышты.

«Шакек салып жатканда аябай толкундандым».

«Кылым» тобунда жүрүп эстрада эмне экенин түшүндүк».

«Супер ырчы айым-2013» наамы Чолпонайга ак жолтой болуп, анын артынан жагымдуу кабарлар ээрчий келди.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Продюсери Чолпонайдын колун сурап, шакек салды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(116)
07.01.2014. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болсун
07.01.2014. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Откондо эле Чолпонайды баарын жабылып жамандап жаткансынар эми баарын бакыт каалап калыпсынар тушунбодум
07.01.2014. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
murgab2013,Эмнесине тушунбодун? анда башка соз болчу ар бир адам озунун ойун айтып жатышкан, азыр башка ар бири журогундогу калоосун айтып жатышат. Бактылуу болушсун суйушкон эки жаш!
07.01.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
канчанчы жылкы эле экоо?
07.01.2014. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экоо окшошуп кететкен бактылуу болушсун.
07.01.2014. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келишкен эле адамдар экен ушунуда реклама кылып
07.01.2014. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
артисти катыным дебе шафеерду эрим дебе
07.01.2014. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzstan jashtarynyn ar bir kurulgan jany uibulosu chekziz baktyluu,yntumaktuu bolsun!!!
07.01.2014. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чолпонай сулуу кыз жигити болсо ... экен
Модератор admin_superstan түзөттү 07.01.2014 18:29
07.01.2014. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aman0296 - эскертүү!
Кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө жол берилбейт!
08.01.2014. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aman0296, suluuluk juzdo emes jurokto!
07.01.2014. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул экоосун коруп мен озумчо эле бактылуумунго. Бактылуу болушсун!
07.01.2014. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула!
08.01.2014. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
о.о жакшы кабар экен. Бактылуу болгула.
08.01.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула окшош экенсинер
08.01.2014. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун, экоо жарашып калышат экен!!!!!!!
08.01.2014. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
сени суйомсунго Чолпонай бактылуу бол жалгызым
09.01.2014. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktyluu bolgula !
09.01.2014. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болунуздар.
SUPER.KG видео
09.01.2014. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосу кыргызча колун сураганы жакшы болуптур.Жакты
10.01.2014. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
классная она)) мага жагат! бактылу болунуз Чолпонай!!!!
10.01.2014. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээ бул кыз "до+фа" киносуна катышкан кызбы Дооронго эле жакшы жарашкан
SUPER.KG видео
10.01.2014. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cholponai azaamatsyn myndai adamdy koldon chygarba!
11.01.2014. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
6-7 жыл кантип сыр кылып, чыдап журдунор? Кыйын экенсинер т.а. кучтуу экенсинер! Куттуктайм! Эми куйормандарынарды дагы бир суйунтуп мыйзамдуу, туболуктуу, улгулуу уй-булолордон болушунарга тилектешмин!!! Мен дагы силердин Кыргызстан, Бишкек деген ырларынарды угуп чонойгон куйорманынар болом )))))
11.01.2014. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайм бактылуу жубайлардан болгула!!!!!!!!!
11.01.2014. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдын мыкты ырчысын элге пияр кылып жатып эле болуп алышат ))))) мен ойлобойм Чолпонай жылдын мыкты ырчысы деп!
12.01.2014. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы болот!
13.01.2014. 07:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болунуздар
09.02.2014. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгулаа!!!
10.03.2014. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула
SUPER.KG видео
04.08.2014. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
Медиа-портал
29.07.2015. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула. Максат экоо баш кошот деп ойлойт элем. Тамаша тордо Чолпорайды алып качышканда Максат жаман болгонгооо.Ошондон улам айтканым
Медиа-портал
29.07.2015. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayzyrek89,
Боорду эздинизго вахаххаххаха! Эмнени айтып жатат деп кечке ойлонуп жатып аран жетти %) Ал деген Нон Стоптогу Чолпон а бул Ак Шоолардан чыккан Чолпонай))))
SUPER.KG видео
29.09.2016. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда ойлогом цениги мененда шакек береби алып койбоптурда ценасын корсоткусу келсе кийин деле коргозуп коет элегоо
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо