ЖОМОКТУН КААРМАНДАРЫНА АЙЛАНГАНДА...

№583 3-январь-9-январь, 2014-ж

Бала кез кандай сонун?! Мультфильм болобу, жомокпу, ошол дүйнөгө кирип, кыялында ар ким өзү жактырган каарманына айланып алат. Биз жылдыздардын балалыктагы кыялдарына аз да болсо кайрылып, өткөн күндөрүн эске салдык.

Алиман Дүйшөналиева:«МЕНИ ДА ХАНЗААДА СҮЙСӨ ДЕП КЫЯЛДАНЧУМУН»
– Кичинекей кезимде «Күлчү кыз» мультфильмин («Золушка») көргөндөн тажачу эмесмин. Апам дайым «эгер сен менин, атаңдын, агаңдын сөзүн уксаң, күлчү кыздай болуп өсөсүң» дей берчү. Күлчү кыздан таасирленип, үйдү аябай таза кармаганга үйрөндүм. Анын тагдырына абдан суктанар элем, «кийин мен да ушундай ханзаадага туш болсом, мени ханзаада жакшы көрсө» деп. Ал эми күлчү кызга кордук көрсөткөн өгөй эне менен кыздарын жек көрчүмүн. Чоңойгондо билбедимби, ал жөн гана образ экенин. Балакайларга ушундай тарбиялык мааниси бар мультфильмдерди көп көрсөтсө, акыл-эстүү болуп чоңоюшат.

Данияр Эрматов:«КАРЫШКЫРГА БООРУМ ООРУЙ БЕРЧҮ»
– «Сениби, шашпа!» мультфильминде карышкыр кечке коёндун артынан кууп жете албай жүрө берет эмеспи. Ошону көрүп «жетип алса болмок» деп карышкырга боорум ооручу. Ал маалда жетсе жеп коёт дегенди түшүнгөн эмес элем да (күлүп). Коёнго бир туруп жиним да келет, «Карматып койсо эмне болот?..» деп. Ал кезде азыркыдай DVD деген жок, сыналгыдан балдар үчүн берүүлөрдөн көрчүбүз. Аны да кечке күткөнүбүз менен, мультфильмди 5 мүнөт эле берип коюшат эле. «Көп берсе болбойбу» деп жиним келчү. Азыр коёндун кийимин кийгенде анын абалын түшүндүм. Ким эле бирөөгө жем болгусу келсин. Коён туура эле кылчу экен качып кетип (күлүп).

Элиза Орозова:«СУУПЕРИ БОЛУП КАЛСАМ АПАМ УРУШПАЙТ ДЕП...»
– Мультфильмдердеги каармандардан Суупериге (Русалкага) аябай суктанчумун. Ал жашаган кооз сарайды көрүп, «мен да ошондой жерде жашасам, бир-эки күн Суупериге айланып калсам» деп кыялдана берер элем. Кичинекей кезибизде көлдүн жээгинде кечке жүрөбүз да. Апаларыбыз урушуп, болбой калганда чыбык менен сабап үйгө алып кирчү. Ошондо «мен азыр Суупери болуп калганда эч ким урушпайт болчу, кечке көлдө жүрө бермекмин» деп ыйлап калар элем.
Адам баласы кичине кезинен кандай жомок менен өссө, ал анын аң-сезимине чоң таасир берет экен. Суупери өзүнүн тегерегинен эмес, кургактагы жигитти жактырып калат эмеспи. Мен да ага окшоп түгөйүмдү чыгармачыл чөйрөдөн эмес, башка жактан келет деп күтө берем.

Айгерим Расул кызы:«БАРБИ – СУЛУУЛУКТУН ЭТАЛОНУ»
– Эсимде, биринчи жолу апам мага Барби куурчагын 5 жашымда сатып берген. Ал кезде апам Москвада соода кылчу. Бир жолкусунда мени ала барып, атайын оюнчуктар сатылчу чоң дүкөндөн Барби куурчагын алып берген. Ал куурчакты ойноп жүрүп, анын чач жасалгасы, макияжы, кийген кийимдери мен үчүн сулуулуктун эталонуна айланган. «Чоңойгондо мен да Барбиге окшош сулуу, фигурам келишкен болсо...» деп кыялдана берчүмүн.
Өзүм 5-класска чейин куурчак ойнодум. Азыр деле кээде сиңдим ойноп жатканда кантип кошулуп кеткенимди билбей калам. Сүрөтүмдү интернеттеги жеке баракчама жүктөсөм «кыргызская Барби» деген пикирлерин жазышпадыбы, жагымдуу болду.

Лира Урманбетова:«ӨЗҮМДҮ ЖАСМИНГЕ ОКШОШТУРАМ»
– Мен «Аладдин» мультфильми популярдуу болгон кезден бери Жасминди жактырам. Ал чыныгы чыгыш ханбийкеси. Өзү хандын кызы болсо да, жөнөкөй жигитти сүйөт. Аларда мыйзам боюнча хандын кызы ханзаадага гана турмушка чыгышы керек эмеспи. Бирок Жасмин сүйгөнүнөн баш тартпай, Аладдин экөө көптөгөн кыйынчылыктарды бирге жеңишет. Өзүмдү ага салыштыра берем. Анткени мен деле Жасминдей адамдардын материалдык байлыгына эмес, ички дүйнөсүнө маани берем. Байлык бүгүн бар да, эртең жок нерсе. Мультфильмдеги Жин 3 тилекти орундатат эмеспи. Мен ойлочумун, эгер мага ошондой мүмкүнчүлүк берилсе, Жасминге айланмакмын деп.

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Айгерим Расул кызы кыргыздын Барбисиби?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(90)
08.01.2014. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Изилдоолорго таянсак, барбинин параметриндей келбетке ээ болгон кыздар реалда торт аяктап гана журо алышат. Себеби, алардын фигурасынын пропорциясы менен эки буттап журууго мумкун эмес экен.
08.01.2014. 08:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мисалы:мага Айгеримдин образы жакты. чынында эле барбибе окшошуп калыптыр.
08.01.2014. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм жакшы жакшы
08.01.2014. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул деген жөн гана образ го. Не мынча берилип алгансыңар, окшошот-окшошпойт деп))).
08.01.2014. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baaryna jarashyp kalyptyr
08.01.2014. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элиза Орозова аябай жакты мага, сулуулугу ыймандуулугу эн башкысы жонокойлугу. Суйуп суйуп кеттим...
08.01.2014. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айгерим чын эле сулуу...
08.01.2014. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алиман жагат мага жонокой адам
08.01.2014. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз барбиси дейби?..
08.01.2014. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айгерим фиёнаны тандаса сонун жарашып калмак.
10.01.2014. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kyrgyzka90, хаха олтурдунго))).но озун фиёнага окшош окшойсунда ошого ичин куйуп атат бейм!
09.01.2014. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лира ЛИРА кандай коргум келип журот, сендей сулуу перини
09.01.2014. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мага болсо данияр менен золушканын ролу жакты
09.01.2014. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aijan айымдын жазгандарын мээге туйуш керек экен...
"Золушка" менен "Зайчик" оз ээлерин тапса керек...)
Ар биринин озунун жылдызы бар, бар болунуздар!
09.01.2014. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кемчиликтерди эле эмес жакшы жагын да көргөндү качан үйрөнөр экенбиз?! Мага баары жакты.
09.01.2014. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ээ элиза русалка менминго(((
09.01.2014. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аракет кылышкан да
10.01.2014. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuzuuuk...baksa mal bolgudai))
10.01.2014. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсынар аракеттене бергиле!
SUPER.KG видео
10.01.2014. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulbar_85 - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
10.01.2014. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лираны суйомго чиркин.... илебинден сенин красавица
11.01.2014. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Daniyar 4yn ele koen bolup kalyptyr!
11.01.2014. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алиман Дуйшоналиева мен сизди аябай жактырам суйом бирок мен сизден кичуумунда сиз менен тен болгонумда сизге уйлонмокмун ;-)
11.01.2014. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин бир досум Лираны ушундай жакшы корот, кайта - кайта эле ырларын коё берет
12.01.2014. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Лира дегенди эми угуп жатам. эстеп корсом бир клиби бар экен, озунчо эле Европа болуп алыптыр жарашпаса да. биздин менталитетке да туура келбейт ошондой сапаты жок ырчылар кайдан чыгышат? чыкса да бираз жараштырып койсо болмок,
13.01.2014. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
missKadamjai91, Сен анын ырдаганын укта, суйло десе эле суйлой бербей
17.01.2014. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айгерим сулуу бирок характери ошого жараша
25.01.2014. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим менен Даниярды тааныйм башкаларын тааныбайт экенмин кыргыздарда да даракты тепсен ырчы жаайт болуп кетти азыркы ырчылар мактаса эле мен да ырдам болот деп уну жок эле чыгып жатышат ырды ырдаганда текске маани беришпейт мааниси жок ырларды ырдап жатышат
31.01.2014. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzka90 +1 .
верно подметила
17.05.2014. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага Айгеримдин ролу жакты
17.05.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим сен чачын сары тусто болгондо ошондо накта барби болот елен
SUPER.KG видео
26.05.2014. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй эмне эле болуп жатасынар кыргыздар я силер ичинер куйуп орттонуп жатсанар туз жалагыла силердин куйуп бышып жатканынарды бул ырчылар билип дагы койбойт уктунарбы аларды зато элдер алаканга салып тойлордо кандай гана сый коруп тордун тоосундо конок болушат так что жон эле койгулачы ырчыларга асылбай эле когулачы окуп дагы койбойт озунордун эле нервинер коройт
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо