Ислам Акматов:«СЫНАКТАРДА КЫРГЫЗДАРДЫ БАСЫП КОЮШАТ»

№583 3-январь-9-январь, 2014-ж

Бир убакта «Периштем, жамалың жайнаган, жаныңдан кете албай байланам...» деген саптарды созолонткон Ислам Акматов нечендеген кыздардын жүрөгүнө чок салган. Азыр бул ырчы мырзаны сынактардан эле көрбөсөк, сахнага көп чыкпайт. Себеби эмнеде? Ислам «мунун олуттуу себеби бар» дейт.

Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы, күнү – 1986-жыл, 21-октябрь
Бою – 180 см
Салмагы – 70 кг
Билими – КМЮАнын экономика факультетин аяктаган
Үй-бүлөдө үч бир туугандын кенжеси

Репертуарындагы ырлары – «Периштем», «Коштошуу», «Кусалык» ж.б.

– Кеңсебизге куш келипсиң, Ислам! Жакында «Түрквизион» сынагынын тандоо турунда үнүң чыкпай ыңгайсыз абалда калдың окшойт...
– Сынактарга көп катышып, бул жаатта жакшы эле тажрыйбалуу болуп калгам. Өзүмө ишенич бар болчу, утам деген. Финалга чыкканда сасык тумоо болуп катуу ооруп жүргөм. Ага карабай элимди уят кылбайын деп чыктым. Тилекке каршы, үнүм чыкпай, ноталарга жетпей кыйналдым. Абдан кейидим, Түркияга Кыргызстандын атынан чыгам деген ойлор бар болчу.

– Кароо-сынактарга көп катышасың. Кандай ойлойсуң, ал жакта калыстык болобу?
– Быйыл Юрмаладагы «Жаңы толкун» сынагына катышып келдим. Калыстар тобунда эч качан калыстык болбойт экен. Анткени ким качан чыгарын эч кандай чүчү кулаксыз эле өздөрү чечип, өзүнө жакын өлкөлөрдү астыга коюшуп, аягында гана биз чарчап, алыбыз кетип калганда ырдатышты. Сынактарга барганда сүйлөшүп калабыз да катышуучулар менен, «силер, кыргыздар, мыктысыңар» деп көп айтышат. Мындан улам абдан күчтүү да, алсыз да болбой, орточо болуш керекпи деп ойлодум. Анткени эки-үч жолу бардым, калыстарга кандай ырчылар керек экенин түшүнө албай койдум. Негизи, сынактарда кыргыздарды басып коюшат.

– Неге «күчтүү болсоң, жеңе албайсың» деп жатасың?
– Менин оюмча, орустарды утуп кетпеш керек. Алар уттуруп жиберсе, уят болуп калабыз деп ойлошот окшойт.

– Ырчылыкты кандайча тандап калдың?
– Мектепте окуп жүргөндө эле ырчы болгум келчү. А бирок эл алдына чыкканга чейин спорт жаатында жүрүп, дзюдо боюнча спорт чеберине талапкер болдум. Ырчылык менен кетип, спортту да таштадым. Ал эми чоң сахнага биринчи жолу 2007-жылы Сапар Эркебаевдин концертинде чыккам.
Ачыгын айтканда, атам «Эмне кыласың ырчылыкты, эмне алып келет сага бул кесип?» деп азыркыга чейин каршы болот. Жай ырларды ырдасам да «Эмнеге жай ырларды аткарасың? Шаңдууга өтпөйсүңбү?» деп сындай берет. Атам өзү «шустрый» киши, жай ырларды көп жактыра бербейт.

– Чыгармачылыкта, жеке жашоодо кандай пландарың бар?
– Жогоруда айткандай, кичинекей кезимден эле ырчы болууну кыялданчумун, бирок чоңойгон сайын адамга акыл кирет эмеспи. Чынын айтканда, ырчы болгум келбей калды (күлүп). Ырчылык – менин хоббим. Алдыда үйлөнсөм деген оюм бар, бала-чака күтүп дегендей. Ал эми чыгармачылык жеке жашоого абдан тоскоол болот экен. Чыгармачыл адамдарды баары эле түшүнө албайт. Эгер түгөйүң болчу адам сени түшүнө албаса, анда жаман.

– Үйлөнөм дегениңе караганда, тойго аз калганбы дейм?
– Кудай буюрса, 2014-жылы үйлөнүүнү пландап жатам. Сүйлөшкөн кызымдын аты – Назима, эжеси экөөбүз аны Настя деп эркелетебиз. Абдан ак көңүл, боорукер кыз. Ошол сапаттары үчүн аны жакшы көрөм. Экөөбүз интернет аркылуу таанышканбыз. Мындан 4-5 жыл мурун мен анын эжесинин тоюнда ырдаган экенмин. Бир жолу интернеттен «кандайсыңар, силер биздин тоюбузда келип ырдап кеттиңер эле» деп жазып калды. Сөздөн сөз уланып, бат эле тил табышып кеттик. Жолугушуп, бири-бирибизди жактырып, бир жарым жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп келатабыз. Экөөбүз тең ата-энебиз менен таанышканбыз, буюрса, баары жакшы.

– «Ырчыны түгөйү түшүнүшү керек» деп калдың. Сүйлөшкөн кызың сени бул жаатта колдойбу?
– Сүйүктүүм кез-кезде каршы болуп коёт. Кээде ыр жаздырып кеч кетебиз же тойдон кеч кайтабыз дегендей. Ошондо «Сен ар дайым эле ушинтип жүрө бересиңби?» деп калат. Бирок жалпысынан кесибимди жакшы эле түшүнөт.

– Аябай оор басырыктуу көрүнөсүң. Бала кезде эле ушундай белең?
– Мектепте үлгүлүү окуучу болчумун. Менин ата-энемди чогулушка такыр чакырышчу эмес. Анан да эсимде калганы, балдар менен Сүйүү майрамына карата берилген каттарды кимдики көп болот деп мелдешип, дайыма мен жеңип кетчүмүн (күлүп). Азыр ошол бала кез эле жакшы экен деп коём.

– «Периштем» ыры хит болуп турган чакта айлаңды кетирген күйөрмандарың болду беле?
– Күйөрмандар сөзсүз болот, ар бир чыгармачыл адамда. Мен аябай айламды кетиргендерине туш болгон жокмун. Чынбы-калппы билбейм, мен «Периштем» ырын аткарып жатканда бир кыз эси ооп жыгылганын айтышкан. «Периштемди» угуп ыйлап, ошол ыр менен жарашып, ажырашкан сыяктуу окуялар болгонун угуп калам. Мурун сахнага чыкканга чейин Ырыскелди Осмонкулов, Актан Исабаев деген агайлар мага чоң, укмуш ырчылардай сезилчү. Кийин чогуу жүрүп, ырдап баштаганда жөнөкөй эле адамдар турбайбы деп калгам. Ошол эле нерсе, ырдабаган адамдарга сен башкача көрүнөсүң.

– Ортодо тыныгуу кылып, сахнага чыкпай калганыңа эмне себеп болду?
– Учурда кесибим боюнча салык кызматында иштейм. Буга кошумча өзүмдүн жандуу ырдаган командам бар. Биз көбүнчө америкалыктар менен иштешип, Казакстан сыяктуу коңшу өлкөлөргө чыгып турабыз. Андан да эң негизги себеби менин аллергия болуп жүргөнүмдө. Анын айынан көптөгөн жерлерге көрүндүм, башында жардам бербей койду. Ошол кезде үйдөн чыкпай, телефонду өчүрүп, эч ким менен сүйлөшкүм келбей калган. Атам болсо «оорусаң да кичине туруп, алаксыбайсыңбы» деп жүрдү. Азыр, Кудайга шүгүр, эч жерге көрүнбөй эле жакшы болуп калдым. Бекеринен «биринчи байлык – ден соолук» деп айтышпайт экен. Ден соолугуң болбосо, такыр эч нерсеге көңүл тартпай, бир жакка чакырса да баргың келбей калат тура.

– Маегиңе рахмат, ден соолукта бол!

«Сүйүктүүмдү боорукер, ак көңүлдүгү үчүн жакшы көрөм».

«Атам азыркыга чейин ырчылык кесибимди колдобой келет».

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Ырчы болгум келбей калды" дейт Ислам Акматов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(23)
SUPER.KG видео
03.01.2014. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Демек ар бир адам ырчы болсо болот турбйбы деген ой жаралды менде. Бирок Исламдын чыкпай калган себебин эми билдим.
SUPER.KG видео
04.01.2014. 06:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Голосу озгочо. Периште деген ыры мага да аябай жагат
SUPER.KG видео
04.01.2014. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Den sooluk Islam saga
SUPER.KG видео
04.01.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арыктап кетиптир деп койойунбу.Ден соолук каалайм
SUPER.KG видео
04.01.2014. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ден соолукта бол,бактылуу бол,Жаны ырларды жаратып чыгып турсан жакшы болмок,голосун жагымдуу.
SUPER.KG видео
04.01.2014. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
План толсо керек даа
SUPER.KG видео
05.01.2014. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушул ырчы да чыныгы талант, баардык ырлары маанилуу жана уккулуктуу айрыкча "Фрунзе кечтери" деген ырды аябай соонун ырдаган! Анан да Супер-инфо сураныч "ФАТИМА" деген ырынын клибин киргизип койгулачы..!
SUPER.KG видео
06.01.2014. 05:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Islam,molochik!yrchylykty tawtaba,talanttyysyn,suluusun!
06.01.2014. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бойдок беле???? канчагчы жылкы болот экен
периштемди жаны чыкканда твдан коруп диск саткан жерге кундо барып таппайт элем 1айдан кийин келген
06.01.2014. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Maga uwu yrchy jakchu.Periwtem yry chyn ele ayabai jakshy yr,maaniluu,ukkuluktuu....
07.01.2014. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мага да жагат ырлары.
07.01.2014. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бактыгул Бадыеванын клипинде жакшы ойногон солдатын ролоун....
07.01.2014. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы ырчы, созулган, жулунбаган, дардаңдабаган. Мага ошондой сезилет. Үнү да жакшы. "Күлгүн жаш" деген эски ырды сонун ырдаган. А кызы да жакты.
SUPER.KG видео
07.01.2014. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы, super.kg администрациясы.

"Периштем" аттуу ырдын сапаттуу түрүндөгү клибин кошууңуздарды суранабыз...

Башка жактарда бар экен, бирок сапаты аябай төмөн...
07.01.2014. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир кезде ушул жигит менен ооругамда)))).Тиги Мирбек,Султандар дардандап асманда жургон кезде,бул жигит оор басырыктуу болуп,атактуулукка коппой,бир калыпта жургон,азырда дал ошондой боюнча экен.Сырткы келбети менен ички жан дуйносу топ келген мырзада.
SUPER.KG видео
09.01.2014. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
дагы дел ырдаса болмок уну сонун бу браттын
09.01.2014. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодес жигит ийгилик
10.01.2014. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ырлары сонун укулукту маанилуу.
11.01.2014. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kg.lady men da oorugam siz syaktuu )))maga da ayabai jagat
12.01.2014. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырчы,жакшы жигит,уну да жакшы,жаны ырларды чыгарып,ырдап турушунду каалайм.
SUPER.KG видео
18.01.2014. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ислам атына заты юарашкан жигит экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо