2013-ЖЫЛДЫН СУПЕР КЛИПТЕРИ

№583 3-январь-9-январь, 2014-ж

Клип көп адамдын эмгегин талап кылат. Баарыбызга белгилүү болгондой, гезитибиздин super.kg порталы «Супер хит» сынагы аркылуу кыргыз эстрадасындагы мыкты клиптерди аныктап келет. Бүгүн сиздерге өтүп бараткан жылдын эң мыкты клиптерин жана алардын ичинен «эң, эң, эң» деген атка конгон татыктууларын тизмектеп беребиз.

2013-жылдын жүрүшүндө super.kg порталынын «Супер хит» сынагында 73 клип жарышка түшүп, анын ичинен 13 клип 3 апта бою биринчиликти эч кимге бербей, сыйлуу тизмеден орун алышкан. Алар:

1. Каныкей, «Адаштым»
2. Ильяз Абдыразаков, «Сүй деймин»
3. Омар, «Кыргызстаным»
4. Дайыр Исмадияров, «Эстей жүр»
5. Омар, «Бирге болом»
6. Гүлнур Сатылганова, «Нандын жыты»
7. Дайыр Исмадияров, «Сагынба»
8. Каныкей, «Садагам»
9. Ильяз Андаш, «Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар»
10. Омар, Нурбек Савитахунов, «Bishkek city»
11. Автандил, «Ак куулар»
12. Нурмат Садыров, «Мен сүйгөн менен пайда жок»
13. Аваз Акимов, «Ай, ай, ай»

«СУПЕР ХИТТЕ» «ЭҢ УЗАК УБАКЫТКА КАРМАЛГАН КЛИП» – «Сагынба», Дайыр Исмадияров
Клип тартуу боюнча эч кимди алдына салбаган ырчы Дайыр Исмадияров клиптерин дайыма заманбап жана таасирдүү сюжет менен тартып келет. Ырчынын бул жолку аракети да текке кетпептир. Себеби Дайырдын аталган клибин порталыбыздын колдонуучулары 26 апта бою колдоп, сыйлуу тизмеден орун беришти. Дайырдын өзүн биз тасмада эпизоддук ролдордон көрүп калганыбыз бар. Көрсө, актёрдук даремети бир топ эле бар экен, аны сиз ырчынын «Сагынба» аттуу клибиндеги образынан байкасаңыз болот.

«ЖЫЛДЫН СУПЕР КЛИБИ» – «Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар», Ильяз Андаш
Көпчүлүк ырчылардын репертуарынан эски ырлардын жаңыча аткарылган версиясын угууга болот. Ильяз Андаш да бул агымдан артта калбай, Майра Керим кызынын «Дүйнөдө сени сүйгөн бир адам бар» деген ырын аткарып, клип тарттырганга жетишкен. Клип өзгөчө сюжети, маани-маңыздуулугу, позитивдүүлүгүнөн улам «2013-жылдын супер клиби» наамын багындырды. Бул ийгиликтүү клипке тартылгандан кийин ырчыны тойго чакыргандар көбөйгөнүн айтканы бар.

«ЭҢ КӨП ТАЛКУУГА АЛЫНГАН КЛИП» – «Кайрылбайм», Айгерим Расул кызы
Айгерим жөнүндө кандай гана маалымат айтылбасын, порталдын колдонуучулары чап жабышат да калышат. Ооба, ырчы айым быйыл талкуунун так чордонунда жүргөндөрдүн сап башында. «Кайрылбаймын» ырынын клибинде милиция кызматкеринин формасын кийип бийлегенин көпчүлүк «кыргыз милициясынын деңгээлин түшүрүп...» деген сындар менен катуу «тепкилешти». Клипте формадан мурун ырчынын узун буттары көзгө урунат эмеспи, мындан улам колдонуучулар Айгеримди «ачык кийинет, кыска кийинет, стилист менен иштешпейт» деп да айыптап жүрүшөт. Бирок туш тараптан жааган сындар ырчынын кайра күчтөнүп иштөөсүнө дем берет бейм, өз стилинде, өз репертуарында чыгармачылыгын улантып келет.

SUPER.KG ПОРТАЛЫНДА «ЭҢ КӨП КАРАЛГАН КЛИП» – «Жүрөгүм», Данияр Эрматов
«Жүрөгүм, жүрөгүм, ооруп калды жүрөгүм» деп дароо эле жүрөктөн кеткен Данияр Эрматов көпчүлүк күйөрмандарынын көңүлүн бурду. Колдонуучулар клиптин сюжетин плагиат деп чыгышкан. Ырчынын продюсери Канат Кадыржан: «Мындай сюжеттүү клипти Орто Азияда биз алгачкылардан болуп тарттык десем жаңылбайм. Клипке кеткен монтаж, эффекттер бир топ каражатты талап кылды. Чет өлкөдө сюжети биздикине окшош клиптер болушу мүмкүн, бирок биздин андан кабарыбыз жок»,- дейт. Канчалык плагиат деп сындабасын, бул өңдүү билдирүүлөр клиптин порталыбызда эң көп жолу каралышына тоскоол болгон жок.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(12)
06.01.2014. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыйлуу тизмеге Автандилдин Аккуусу да кирген турбайбы. Аябай кубанычтамын. Супер инфо Автандил жонундо кенен маалымат берип коюунуздарды суранам.
06.01.2014. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nisu, Саламатсызбы!
Автандил жөнүндө төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп окусаңыз болот: http://www.super.kg/article/?article=20035
06.01.2014. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2013 эмеспи?
07.01.2014. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дайырга ийгилик. Талантын баалайм
07.01.2014. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалгыз гана бир клип бар бизде,эн кооз,кайра кайра коргун келет,ыры да керемет,уну да булбул,мен кыйынмын деген ырчылардын баарынын ундору биякта эле калат,не бир койчу,канча жакшы соз айтсан да жетишсиз.Ал клип Юлия Руцкаянын Аппак суйуу ырына тартылган клиби
08.01.2014. 08:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде кеп клиптер жонундо болуп атканын билем ,бирок жазышка туура келди,Супер инфо быйыл орозо айы июль айынын кайсы кунундо башталышы жонундо маалыматыныздар болсо жазып койунуздарчы!алдын ала рахмат!
08.01.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kurmanjan.93, Саламатсызбы! Орозо айы кайсыл күнү баштала турганы жөнүндө азырынча маалыматыбыз жок. Бирок Орозо айт болжолдуу түрдө июль айынын 27-31-күндөрүнүн бирине, Курман айт октябрь айынын 3-7-күндөрүнүн бирине туш келери маалым.
09.01.2014. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan, Ушул жерден ойго бир нерсе келди даа.. Биогуугл болумун ачып, элдин ар кандай суроосуна жооп берип турсанар сонун болмок))
09.01.2014. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sagy, Саламатсызбы!
Сунушуңузга чоң рахмат! Бирок порталыбызда "Суперстан" аттуу форум бар. Ал жакта атайын "Суперге кимдин суроосу бар?" деген тема ачылган. Суроолорду ошол жактан деле берсе болот, суроолорду жоопсуз калтырбаганга аракет кылабыз.
10.01.2014. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсынарбы Супер Инфо Бул жерде кеп клиптер жонундо болуп атканын билем ,бирок жазышка туура келди эмнеге Жылдыз толго гезит бетинде корунбой калды?
10.01.2014. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erhan, Саламатсызбы!Жылдыз төлгө гезит бетине калбай эле чыгып келе жатат. Сиз ошол бетти көрбөй калып жатсаңыз керек.
Ушул сыяктуу суроолор үчүн атайын "Суперге кимдин суроосу бар?" деген тема бар, ошол жакта калтырсаңар: http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=2195&pid=1400220&st=5000&#entry1400220
11.01.2014. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ваай журогум деген ырдын клибин корбопмун эми созсуз кором! ырындай соонун болсо керек э
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо