ЖАШ КЕЛИНДЕР ПАРАДЫ

№584 10-январь-16-январь, 2014-ж

Эл көзүндө жүргөн бойдок мырзалардын көпчүлүгү Жылан жылында үйлөнүштү. «Вазир жакшы – хан жакшы, аял жакшы – эр жакшы» демекчи, алардын келечеги эми жубайларынан гана көз каранды. Андыктан жылдыздарды бар кылчу да, жок кылчу да, кайгысына шериктеш жубайлары менен жакындан тааныштырабыз.

Санжар Мыкыевдин жубайы Наристе:«САНЖАРДЫН КӨЙНӨГҮН ҮТҮКТӨӨ МЕНЕН УБАРАМЫН»

Туулган күнү, жылы – 1-февраль, 1989-жыл
Туулган жери – Талас облусу
Баш кошкон күнү – 14-ноябрь, 2013-жыл

– Наристе, Санжардын кайсы кылык-жоругу өзгөчө эсиңден кетпейт?
– Жаңы сүйлөшүп баштаганда бир жолу чалып «мен сага сонун сюрприз даярдап койдум» деп калды. Мен аябай даярданып алгам, сюрприз десе, чоң белек берет го деп. Көрүшкөнүбүздө башындагы кепкасын чечип, «мына сюрприз, мен сага атайын чачымды кырктырып келдим» деп чачын көрсөтүп жатпайбы. Эмне дешимди билбей, унчукпай калгам. Санжар эми муну гезиттен окуп күлсө керек. Бул жөнүндө өзүнө айта элек болчумун.

– Чогуу жашап, жолдошуң жөнүндө дагы кандай жаңылыктарды билип жатасың?
– Санжардын курсагы ачса бат эле ачууланып кетет экен. Ошон үчүн жумуштан келгенде тамакты даяр кылып турам. Бирок жакшы жагы, тамак тандабайт. Аскердин үй-бүлөсүндө тарбиялангандыктан, көйнөктөрүнө аябай көңүл бурат, бир дагы бырыш болбошу керек. Мен биринчи үтүктөгөндө кичине бырыш болуп калган окшойт, өзү көрсөтүп берди, кандай кылыш керек экенин. Ошондуктан азыр Санжардын көйнөгүн үтүктөө менен убарамын (күлүп).

– Санжар кандай жигит эле, кандай күйөө болуп жатат?
– Баш кошкондон кийин Санжар жакшы жакка өзгөрүп, мурункудан да камкор болуп калды. Сыртынан олуттуу көрүнгөнү менен, үйдө абдан тамашакөй. Маанайым жок болуп, таарынып же ооруп калсам, бийлеп күлдүрүп салат. Өткөндө сасык тумоолоп калдым. Жолдошум дарыканага бара калып дары-дармектин баарын көтөрүп келиптир. Жанымдан чыкпай карап отуруп 1-2 күндө айыктырып койду. Ага күлүп жатам, «сен мени төркүндөрүмдөн да жакшы карап жатасың го» деп.


Сапар Эркебаевдин жубайы Айгерим:«САПАРДЫ ЫРЧЫ ЭМЕС, МЫРЗА КАТАРЫ ЖАКТЫРДЫМ»

Туулган күнү, жылы – 13-ноябрь, 1992-жыл
Туулган жери – Бишкек шаары
Баш кошкон күнү – 6-ноябрь, 2013-жыл

– Айгерим, Сапар мырзанын кайсы сапатын жактырдың?
– Алгач таанышканда эле Сапарды ырчы эмес, мырза катары жактыргам. Телефон номерлерибизди алышып, кийин мен Бишкекке келгенде жолугуп баштадык. Ошондо ал үй-бүлө куруу максаты бар экенин айткан. Анан да аябай чечкиндүү, тырышчаак сапаттарын бааладым.

– Жолдошуң үйлөнөр алдында «ырдабайм» деп калды. Ырдашына сен каршы болдуңбу же өзүнүн чечимиби?
– Биз жолугуп баштаганда эле «үйлөнсөм ырдабайм» деген. Бирок менин туугандарым «ырдай берсе жакшы болмок» деп айтып жатышат. Анткен менен ал өзүнүн чечими. Мен чыгармачылыгына аралашпайм.

– Артисттер романтик келишет эле. Жолдошуңда да барбы мындай сапат?
– Кайдан, Сапар романтик эмес. Дайыма мен аны «жүрү киного, жүрү эшикке чыгып келели» деп ар жакка алып барам. Ага кафеге барып тамактанса эле болду (күлүп).

Фархат Кеңешбек уулунун жубайы Асема:«КАЙНЕНЕМ ЭРКЕ КЕЛИН ДЕП ЖУМУШ КЫЛДЫРГАН ЖОК»

Туулган күнү, жылы – 11-декабрь, 1991-жыл
Туулган жери – Чүй облусу
Баш кошкон күнү – 27-ноябрь, 2013-жыл

– Асема, ырчы мырзанын үйүнө барганда кандай салттардан өттүң?
– Үйлөнүү тоюбуздан кийин 4-5 күнгө айылга барып келдик. Таласта камыр тамактарды жакшы жасашат эмеспи. Күлчөтайдын камырын кантип жаям деп аябай коркуп жаткам. Дагы жакшы, абысындарым бар эле, ошолор жасап, мен жөн гана жардамдашып жүрдүм. Үйдүн кичүү келини болгондуктан, кайненем да эшикке чыгарбай, тамак жасатпай аяды. Азыр Бишкекке келгенде аз-аздан үйрөнүп жатам. Фархат камыр тамак жасап берсем «апамдыкына бир аз жетпей жатат» деп калат (күлүп).

– Фархатты тандашыңа эмне себеп болду?
– Фархат жездемдин досу болчу. Мурун сырттан эле билчүмүн. Таанышып калганда анын жашоого болгон көз карашынын олуттуулугу, дүйнө таанымы жакты. «Келечекте жолдошум ошондой болсо экен» деп кыялданчумун, кыялымдагы мырзаны таптым.

– Кызганыч сезимдери болуп турабы?
– Кээде майда нерселерден эле кызганышып калабыз. Анда деле таарынышканга чейин барбайбыз. Тамашалашкан болуп экөөбүз тең ичибиздеги сезимдерибизди айтып алабыз.


Ильяз Андаштын жубайы Сүйүү:«ИЛЬЯЗДЫ КӨПКӨ ЧЕЙИН БОРЩ МЕНЕН БАКТЫМ»

Туулган күнү, жылы – 5-январь, 1995-жыл
Туулган жери – Кант шаары
Баш кошкон күнү – 17-август, 2013-жыл

– Сүйүү, Ильяз кандай күйөө болуп жатат? Сырларын ача кетчи?
– Ильяз аябай романтик. Кээде сабактан келсем гүл, таттууларды алып, салаттарды жасап стол даярдап коёт. Бир жолу эртең менен турсам розаларды айланама жайнатып коюптур. Көрсө, ал түндө эле алып келип катып койгон экен. Идеалдуу кожоюн десем болот.

– Чыгармачыл адамдар көбүнчө түндө иштейт эмеспи. Бул нерсе жаңы турмушуңарга тоскоол болгон жокпу?
– Жок, биз бири-бирибизге ишенебиз. Бизде «кайда, ким менен болдуң? Эмне кылдың?» деген нерсе жок. Мен аны түшүнөм, ал мени түшүнөт.

– Үйдө келишпестик, таарынычтар кимден чыгат?
– Мен биринчи таарынсам керек, ал деле эркелегенимден. Биз сүйлөшүп жүргөндөн бери катуу урушкан эмеспиз, урушпай эле коёлу.

– Үй иштеринде кол кабыш кылып турабы?
– Үйдүн иштерин өзүм эле кылам. Чынында, биз баш кошкондон кийин көпкө чейин жолдошумду борщ, буурчак шорпосу менен багып жүрдүм. Себеби андан башка тамак жасаганды билчү эмесмин. Эми аз-аздан үйрөнүп, түрлөп жасап калдым.


KG Эльмураттын жубайы Жайнагүл:«ЖОЛДОШУМ УКТАП КАЛБА ДЕП ЭСКЕРТИП ТУРАТ»

Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 4-декабрь
Туулган жери – Өзгөн району
Баш кошкон күнү – 5-ноябрь, 2013-жыл

– Жайнагүл, бир күндө үйгө эки келин кирип, жумуштар бир кыйла жеңил болгондур?
– Ооба, кээде бирөөбүз эрте турбай калсак, экинчибиз эшикти шыпыра коюп, көп жумуштарды бүтүрүп салабыз. Бирок мен Бишкекте чоңоюп калгандыктан, айыл иштерин көп билбейм. Ошого мени апамдар түшүнүп, жеңилдик кылып турушат. Күнүбүз таңкы 6 жарымда башталып, ошону менен ашканада жүрүп, түнкү 12 жарымга барганда үйгө киребиз. Ошондуктан көбүнчө Эльмурат «эртең менен уктап калба» деп эскертип турат.

– Эльмуратты тамашакөй жигит катары билебиз. Сени да тамашалап зериктирбей жаткандыр?
– Мага ар кандай ат коё бермейи бар. Абысыным экөөбүздү «эгиз козулар» деп атап алган. Себеби экөөбүз үйгө конок келсе тең кирип, жүгүнүп, окшош жоолуктарды салынып жүрөбүз.

– Жолдошуң сени менен эжем тааныштырды деп жатты эле?
– Ооба, эжеси менин номеримди апамдан алып берген экен. Алгач телефон, интернет аркылуу байланышып жаттык. Эльмураттын мурун ырларын угуп жүргөм, бирок өзүн таанычу эмесмин. Жолукканыбызга бир жума болгондо эле «сен мен издеген кызсың. Мен сага үйлөнөм» деген. Ошентип жылдызыбыз келишип, баш коштук.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(54)
13.01.2014. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ильяздын келинчеги вай вай мисирейет го ильязды бактылуу кылса болду)))калган келиндер силер суперсинер
13.01.2014. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Suiuu e4 ele jakpaitta maga. A9bai ele muzdak.
13.01.2014. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mmm ASEMA menen NARISTE super kelinchekter eken....
13.01.2014. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Baarynyzdarga bakyt kaalaim.Asema menen Nariste jakty. Ilyazdyn aialy ...kudai ai...men bir jamandyk kylgandai karait go...)))...Baktyluu bolunuzdar, en negizgisi biri-birine jaksa boldu baarysy..bizge emes...
13.01.2014. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аа жаштар баарынар 2013 жылдын куз мезгилинде катар катар тойлорду кылып баш кошупсунар азаматтар кыргызымда ушундай бактылуу уй булоолор кобойо берсин бактылуу болгула быжырап балалуу болгула чогу болгула кыскасы силерге бакыт бакыт жана чоон чон бакыт каалайм силерди терен Урматтап ининер Баяман!
14.01.2014. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фархаддын жубайы аябай жылдыздуу екен. Суйууну 95– жылкы дейби?! Оо боже...
14.01.2014. 05:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фархаттын жубайы жакты)) бактылуу болгула баарынар
14.01.2014. 06:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фархаддын келинчеги аябай жылдыздуу экен. Иляздын келинчеги свадьбасында бетине 2килограмм чаптаган окшойт бетиндеги калы корунбойтко анча. Азыркысында даана корунот
14.01.2014. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироонун катыны бироого кыз корунот :-)
14.01.2014. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мирбектин мээримин да кошуп интерьвю алып койсо болмок ,баарыбызга кызык ошолордун жашоосу
14.01.2014. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азыр булардын жашоосу аябай шириин кези,туболуко ушундай жашоодо жашашынарга тилектешмин.5-10жылдан кийин озгоруулор болот,азыр эрте го.....
14.01.2014. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
даа жожону куздо сана ал эми келинди бил жылдан кийин сына дейт
14.01.2014. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сулуу Адамдын...ички дуйносу да сулуу болот, бактылуу болгула,
14.01.2014. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарына бактылуулук каалайм
14.01.2014. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элмураттын келинчеги жакты бактылуу болгула
15.01.2014. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наристенин жашоосу жакты мага..
Не болсо дагы бактылуу болушсун..
15.01.2014. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарынарга бакыт каалаймын.
15.01.2014. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мммм,Наристе женебиз мурда эле жакчы да,эми суйуп калдым)))Коз тийбесин,чоооооон бакыт каалайм!
15.01.2014. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эльмурат мен келин болуп тушкон айылдан болот. Акеси экоо бир кундо уйлонот экен деп укканмын. Мынакей келинчегин да кордум, жакшынакай экен.
Эн окунучтуусу тойдон бир нече кун отпой Ошто окуган карындашын машина сузуп кетип, оо дуйного узап кетиптир. Жаткан жери жайлуу болсун! Карындашы да Эльмуратка окшогон жакшынакай кыз болсо керек эле, себеби уй булоосу боюнча бири бирине окшош деп укканмын. Бактылуу болушсун, кармашкан колдору эч качан узулбосун!!!!!!
17.01.2014. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dinara Aibek, жараткан кызын алып кайра эки эселентип кызды берген турбайбы.
16.01.2014. 04:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Biroony koyup ozyndy oylo
16.01.2014. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolgula.
16.01.2014. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
асема менен айгерим жайнагул жакты суйуу болсо 95 болгону м.н карган корунот экен ильязды ырчы деп тандаса керек
16.01.2014. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эльмураттын аялы ыймандуу корунот. Бактылуу болгула
17.01.2014. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фархат делай )))
17.01.2014. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары бактылуу болушсун. Кыргыз элинде бактылуу тугойлор, бакытка мас болгон инсандар кобойо берсин!
18.01.2014. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильязды менин бир досум до сих пор суйот аябай, уйлонгондо жаман болду эле иии
18.01.2014. 04:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktyluu bolgula!karmashkan koldorunar ech kachan ajyrabai kiiinki jashtarga ulguluu jubailardan bolushunarga tilekteshmin!)))
18.01.2014. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула
21.01.2014. 05:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асем, я так рада за тебя сестричка. Асема и Фархат семейнного счастье желаю
31.01.2014. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
у фархата жена реально красавица. И ни че так у андаша, хотя жаль что не женился на сезим
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо