«ЖОЛДОШУМДУН ЧЕЧКИНСИЗДИГИ ТУРМУШУМДУ БУЗДУ»

№584 10-январь-16-январь, 2014-ж

«Күчтүү адамдарга сыноо көп берилет дешет. Бирок ашыкча сыноодон сынып каламбы деп коркуп турам» деген Самара тагдыр таржымалын айта баштады...

«ЖОЛДОШУМА ЭМЕС, КАЙНЕНЕМЕ ЖАГЫП ҮЙЛӨНГӨНБҮЗ»
– 19 жашымда кайненем мени көрүп калып, «жакшы келин болчудайсың, кагылайын. Балам менен таанышчы» деп отуруп үйгө куда түшүп барышкан. Уулу Адыл менен тааныштырып, ата-энелерибиз сүйлөшүп, 2 жумадан кийин эле үйлөнтүп коюшту. Жолдошум түшүнүктүү, иштеген иши, үстүндө үйү бар. Мени дароо кесибим боюнча мектепке жумушка киргизип койду. Алгач жашообуз ойдогудай өтүп жатты. Ата-энемдин «кайын журтуңду сыйла, кечиримдүү, кичи пейил бол. Эми башкага бүлө болдуң. Алардын сырын ачпай, сырттан сынабай, үлгүлүү келин бол» дегени кулагыма куюлуп калган экен, кайындарымдын кареги менен тең айланып жүрдүм.
Уулдуу болдук. Турмуш дайыма түз болбойт тура... Жолдошумдун айлыгы менен гана жашоо шаарда кыйынчылык жаратты. Уулумду 1 жашка чыккандан кийин апама каратып, тигүүчү болуп жумушка орноштум. Адыл насыяга акча да алган, кыскасы, турмуштун арабасын кошо тартып, далай кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Төрөттүк өргүүм бүтүп, кайрадан мектепке жумушка чыктым.

«БАРА-БАРА ЖАЛДАНМА ЖУМУШЧУГА АЙЛАНДЫМ»
– 2012-жылы кыздуу болдук, кубанычыбызда чек жок. Жолдошум экөөбүздүн турмушубуз жакшырып, мамилебиз ысыганы менен, кайындарым жактан түшүнүксүз кийлигишүүлөр башталды. «Кантсе да ата-эне, жакшы болсун дешет да» деген жакшы оюм менен башымды ийип, кыңк этпейм.
Баягы кыз мезгилдеги ачык-айрым мүнөзүмдөн дайын жок, өтө эле жалтак болуп кеттим. Мен Адылдын аялы эмес, анын бир туугандарына, ата-энесине күң болуп келгендеймин. Үй-бүлөмдөгү шайыр маанай, жылуу мамиле суугандан сууй берди. Өзүмдү актабайм, менде да күнөө бардыр... 
Убакыт өтө берди. Башкасы калып, кайним башкарып кирди. Отургузуп алып акыл-насаатын айтып:
Менин айтканым менен болушуң керек,- дегенде кайним менен айтыша кеттим. Кайненем баласына болушуп, кечирим суратты... Адылга буулугуп ыйласам, баарын көрүп туруп үн катпай койду. Аны иниси менен урушсун дебейм, бирок мени сооротуп койсо көңүлүм жылый түшмөк да. Кайненемдин: – Көп болсо төркүнүңө кетерсиң, айылда келиндер таяк жесе да кечинде кетип, эртең менен келип тирилигин кыла берет,- дегени сөөгүмө жетти. Мындай уруштун аягы тыйылбас болду.

«ЖОЛДОШУМДУН ӨЗ ОЮН АЙТА АЛБАГАНЫ ЖАНГА БАТТЫ»
– Бир күнү үйдө дагы чоң чыр чыкты. Себеби мен өзгөрүп кетиптирмин. Кайындарым, жолдошум кошулуп түнт болуп кеткеним үчүн жемелешти. Урушарга шылтоо калбаганда кайненем:
– Сен бирөөнү таап алгансың, ошондуктан бизди теңиңе албай калдың,- дебеспи. «Аягы суюк кайнене келининен шек санайт» дегендин дал өзү болду. Бүлөм деп тапканымдын баарын ташыган, «атаке», «апаке» деп сыйлаган адамдардын кылган иши ушул болду. Түн ичинде барар жерим жок, арданганымдан эки баламды ээрчитип үйдөн чыгып кеттим. Балдарымдын атасы, таянар тоом үн катпады. Адам ушунчалык да чечкинсиз болобу? Мени ойлобосо эки наристени ойлобойбу? Баары бир үмүттөнүп турдум. «Эч кимге керегибиз жок болсо да, Адылга керекпиз, ал бизди сөзсүз алып калат» деген үмүтүмдү таш капты. Бир топ убакыттан кийин кайындарым артымдан айылга келишип, алып кетишмей болушту.
Бирок баары бир өзүң күнөөлүүсүң,- дегендери дале кулагымда жаңырат.

«КАЙРЫЛЫП КЕЛ ДЕЙТ»
– Эми Адыл тынчымды алып СМС жазууда, «Апам күндө өзүн жемелейт, кечир бизди. Кайра кайрыл. Эми баарын өзүм чечем, башка менен сендей жашай албайм» деп. Бир туруп «балдарымдын атасы, мага сөзү гана тийбесе, колу тийген жок го, кайтып барайын» дейм. Бирок кайненемдин, кайнатамдын мага айткан сөздөрү, Адылдын чечкинсиздиги жүрөгүмдү муздай кылып койду. Кайра ошол туңгуюкка түшкүм келген жок... Эмне үчүн, кайсы жамандыгым үчүн? Түшүнбөй калдым. Мына-мына диссертациямды жактайм деп отурганда:
Билимдүү болуп кеттиңби? Эмнени кыйратып жибермек элең?- дешип тыюу салып коюшту.
Силерге бул катты жазып жатып, көз жашым дарыядай акты. Жолдошумдун чечкинсиздигинен 2 балам атасыз калды. Менин жылуу уям бузулду. Өкүнүчтүүсү, азыр мындай өз оюн ачык айта албаган эркектер толтура. Алардын баары же апасынын же жубайынын айтканынан чыкпай калышкан.
Жаш кыздарга айтар элем, турмуш жолуна аттанардан мурда ата-эненин гана чечими эмес, өз каалооңор да абдан маанилүү экенин ойлогула.

Самара, Нарын.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(78)
14.01.2014. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жажалап озунду пас кылып, эринен токмок жеп кайра жашай Берген аялдар да толтура. Бирок чыныгы аял жон гана кетип калып кутулат. Негизи баары кайненеден сени минт ант деген эне болот. Келинди оз балдарына жамандабаш керек озу жаман корсо да. Балдары кыздары урушса урушпагыла силер мес айтсам мен айтам деш керек
14.01.2014. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самара сен жакшы эле келиндейсин бирок тилди саал тыят окшойсун алар менен айтышкандан пайда жок кантсе да кайын журт.Болунуп жашап коруу керек ажырашуу жонундо ойлобой кое тур.Мындай нерсе баарыбыздын эле башыбыздан откон.Аялына болушсан аялына баш ийип калыптыр дешет ошон учун тартынып жаткан го сенин созунду суйлой албай куйоон.Кыжаалат болбо баары оз нугуна тушот.Куйоон деле ажырашып жыргап кетпесе керек.Кантсе да балдарды ойлоо керек.
16.01.2014. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
hakker, ооба.мен да куну туну ойлоном,балдарым атасыз калабы деп.озумдун куноом деп каяша суйлоп алганымды эсептейм,бирок 6 жыл унчукпай келдим да.чыдабай кеттим окшойт мее дагы(((
14.01.2014. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudai ozu saktasyn jaman iw boluptur kuionuzqoda kyiynda kim tarap bolsun anan baaryn 4e4iw ozunordo
14.01.2014. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турмушта кездешчу окуянын бири.Кыргызстан Обондорунан угуп калдым эле созун унутуп калдым мааниси:"Жаманга берет бактыны-калбасын озу жалгыз деп,жакшыга берет запкыны-кантсе да озу жасайт деп".. ушуга окшош экен. Ооба кыздарга кыйын эле,тушунгон кайын журтун болгондо колдошсо Илимдин артынан кетмек экенсин.Билимдуулор ушинтип кор турмуш,чечкинсиз эрдин артынан тепселенип жатканы окунучтуу!.Убакытты уттурбай Илим м-н балдарына озунду арна!Эрин да башкасы да ошондо келет астына чоголоп.
15.01.2014. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kurguzchuluk byl . Chechkini jok lox kyioo menen jashagancha baldardu ozyn tarbuiala. Ata enesi balasuna ozdoryno jakkan katun alup bere bersin. Menin bashuman da otkon mundailar chudap alardun kakshuk sozdoryno . Meili chudap alar ychyn jashailu ozybyz ychyn kachan jashaibuz? Birinchi ozyndy suila deit . kurguzdun jashoosy aialdar kyl suiaktyy.
15.01.2014. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже сиз терен ойлонуп андан кийин кана Чечим чыгарыныз балдарыныздын келечегин ойлонуз азыр билинбейт балдарыныз жаш кийинчээрек балдарыныздын тили кыска болуп калат кээ бир акмактар кемситип айтышат сенин атан карабай койгон деп жакшысы чыдап жашаныз
18.01.2014. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bakitbek.87, Туура айтасын менда ушул ойду айтмакчы элем. Биринчиден балдарынды ойлошун керек. Сенин жолдошун чечкиндуу эмес деп жатпайсынбы бирок кол которбойт,мелочный эместир. Кээ бироолордуку ото чечкиндуу, балдарына ото камкор ата бирок ошончолук талап кылат кол которгондо которот. Ошондуктан мен ойлойм бардыгы идеальный боло бербейт албете кемчилигида болот ар бир адамдын. Кемчиликтерин акылдуу аял элге билгизбей ондоп кетсе болот.
15.01.2014. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куйон менен эле жараш,балдарды ойло болок жашасанар кайни журттан алысыраак болгонго аракет кыл,кичине чыдап койсон жениш сеники,Андай создор айтыла берет,жоош болгон сайын,кичине стерва болуп туруш керек аларга.башка куйого тийсен андан жакшы болуп кетпейт,балдарды ээрчитип баралбайсын,таштасан такелерге батпайт,ошолорду да ойлон.
15.01.2014. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай чече албаган эр менен жашаш дозоктун озу. Мен сизди тушунуп турам менин да турмушум ушинтип бузулуп кеткен менин кайнагаларым тынч койбоду мени коргой албады акырында ажыраштык эки балам атасыз калды.
15.01.2014. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой эже ушуна да проблема кылып гезитке чыгарасызбы.мындан да кыйын шартта жашаган келиндер,баласынан айрылган апалар бар.
18.01.2014. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vangolu, tuura aytasyz
15.01.2014. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч чокбонуз!Сиз эчнерсе жоготкон жоксуз!
16.01.2014. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жарашып озунчо болунуп жаша ал жерден сен жыргабайсын. Куйон менен жакшы эле турбайсынбы алдап соолап жашай бер.
16.01.2014. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жашоонун ойдо ылдыйы деп ушуну айт.. мен да ушундай эркектерди жек кором.
16.01.2014. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
берген кенешиниздер учун ыраазымын.баарынарга уй-булолук бакыт каалайм!!!
Бул дуйнодо арбын жашап,аз жашап,
Бут адамдар тируулукту ташташат.
Колдон келсе кыш тушурбой конулго,
Бермек элем ар бирине жаз жасап!
16.01.2014. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооруган конулумду алганынарга рахмат
17.01.2014. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коп сыгылып ыйлаганын мн баары жакшы болуп кетпей. бир эле сенде андай кйнене бар емес. кайнене кообу ошондой. тим еле кой куйоонду сага жазаберсин,чалаберсин. Кеебир келиндер ошндой кайнени колго алат. эгер куйоон мн барып жашап калсан,куйоон айткандай чечимдуу болсо.. анда кайнене конул бурба ..жаман суйлсо кулуп коюп журобер,жинне тийип, уй ишинди кылып. Баралбайм жашай албайм десен ал уйдо, анда куйоон чалса жоопбер жакшынакай болуп, жолугушалы десе жолугуш бадарын корсот.
17.01.2014. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайненен кааласа башка келин алаберсин . Куйоон эчнерсе деп айталбаса...анда башкасы мененда жашап корсун. Коросун ал меннда дал ошондой жашоо корот ..кайнен аныда бир ааз убакыт отуп кыйнай баштайт. ал келинда кетет.
17.01.2014. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок куйоон сени суйсо жашайм десе, анда суйлошуп балдарын корсотуп турабер. акыры куйоон алдынарга келет. баары жакшы болот коп сыгылба. Кайненен тили жаман болсо , ошол тилине жараша кылбапсын. айтпай белен... "озунуз мага келип сурангансыз, мен же ата-энем сизге зордуктап Берген жок сизге" деп тилине жараша айтышын керек
18.01.2014. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жогоруда айтылган кээ бир комментариилерге кошулам.балдард атасыз калтырба.болунуп жашасанар абдан жакшы болот.кийин окуносун барбай койгонуна.менинда башыман откон кара кужурлук семья дагы эле кекиртекте турат.эстесееем кайненени , ат башылык кайнежени тимелечи тимеле ...силердинда кызынар кайнене кайнежелуу болот дейтелем.аман элэ бол Капкара кужур
18.01.2014. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kapa bolbonuz, birok bul oto chon problemma emes. Uy-buloodo bolo turgan kadimki ele korunush. Menin oyumcha bul - kuyoonuzdun chechkinsizdigi emes, sizdin sabyrsyzdygynyz. Ozunuz oylonuz, kuyoonuz chechkinduu bolgondo emne, 9 ay kursagynda kotorgon apasyna, bir kursakta jatyp chykkan bir tuugandaryna karshy chykmak bele? Ozunuz torogon, tarbiyalagan balanyz chonoygondo chechkinduu bolup ayalynyn sozun suylop sizge konul burbasa jakshyby? Kaytaar duyno deyt,kanday mamile kylsanyz, oshonu korosuz
18.01.2014. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайненен жаман болсо куйоон чечкиндуу эмес депсин,мен куйоон чечкиндуу экен деп ойлойм кайненен эч убакта баласын неберелерин бактысыз болсун дебейт мен куноону сага койдум кеттинби кет болбосо эртен эрте менен барып эч нерсе корбогондой барып турмушун башта эч кимиси эчнерсе дебейт сага
18.01.2014. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Misha00 сен ошентип озундуу чечкиндуу ойлобо ортодо балдар калдыго жетим огой ата ата эмес билсен! Унчукпасан азыр адамдар тобоно чыгып алат. Автор жашаганга аракет кыл е акылын болсо!
19.01.2014. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Misha tynsynba4y
26.01.2014. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жашоо,сыноо чыдаш керек,чечкиндуу,чыдамкай болсонуз жениш сиздики.Балдар атасы менен чонойгону жакшы!!!
28.01.2014. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне кереги уй булонун сырын элге жаря кылып,казан аяк кагышат уй булоодо уруш болбой койбойт,анан кайненем анти кайним минти деп уйго келип алып жаря кылыш жакшы емес.
29.01.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
afina.aman. Туура айтат,жарыя кылыш жакшы емес.Аял заты кызыксынар силерге,на все 100 болуп калса сразу. Чечкиндуу эмес деп балдарындын атасын айтып атканын туура эмес.Сенин созунду угуп балдарында атасын урматтоо,сыйлоо деген жоголот. Атасын урматтап сыйлабаган бала,энесин да сыйлабайт.
Алла берген эс-акыл бар,акылына таянып иш кыл буйурса баары жакшы болот
03.02.2014. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин башымдан откон турмушка бир аз окшоп кетет экен...Ортодогу бала учун,ажырашкан жолдошум м-н "байланыш"бар,бирок,канча убакыт,"Тагдырлар" отсо деле,"Суйлошконубузду,жардамымды-Апам билбесин",деп турат.Бул жашоодо сеникиндей чечкинсиздер толтура.
11.02.2014. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдардын атасы да кантсе да,кайра кайрылып турмуш кура бергиле.
07.03.2014. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
капаланбан кудайымбарго.окобуздун тагдырыбыз окшош экен.эн танкалушту жери менинда кайненем сен бирону таап алгансын деген.менинда жолдошум чечкинсиз.азыркы убакта менинда турмушум кыл устундо турат.арыз мунумду кимге айтам кимден барып кенеш сурайм.билбей калдым
12.06.2018. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноо озунуздо!Тилди тартыш керек,оз ата-энениздей мамиле кылуу керек эле!Азыркы келиндер талтандап кетет!Сабыр деген нерсе жок.Куйоон жакшы болгондон кийин кайнене кайнени,кайнатаны сыйын ордуна койсонуз эле болду эле
12.06.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарынды атасыз тарбиялаганын туура эмес. Балдарга ата да эне да керек. Жакшысы кайра кайт деп жаткан болсо шарт кой болунуп жашасак гана кайтам деп. Болбосо кайра эле ошол мурунку абалына келесин. Пускай кайнин уйлонуп ата-энесин ошол карасын силердин турмушунарга киришкенди коюп.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо