БҮРКӨЛГӨН КАБАКТАР БЕКТИН ЖАНДУУ ҮНҮНӨН АЧЫЛДЫ

№584 10-январь-16-январь, 2014-ж

Өткөн орду – Спорт Ордосу
Башталышы – 19:10 (2-январь, 40 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы
Алып баруучулар – Абды Кадырматов, Кубик Калыков, Борончу Кудайбергенов, Рыспек Жантөрөев жана Назира Бердигулова
Мыкты номер – «Балык» (Борончу Кудайбергенов, Кубик Калыков жана Кабыл Бөрүбаевдин аткаруусунда)
Билет баасы – 300-700 сом

Постсоветтик өлкөлөрдө Жаңы жылды «Тагдырдын тамашасы же жеңил парыңыз менен!» тасмасы менен тосуу салтка айланган. Кыргызстанда акыркы жылдары жаңы жылдын биринчи күндөрүндө Бек Борбиевдин концертине баруу да өзүнчө салтка айлана баштады. Ошол салтты бузбай, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, «Заманыбыздын супер ырчысы» Бек Борбиев 1-2-январь күндөрү Спорт Ордосунда концерт берди. Салтты бузбай мен да бардым. Майрамга байланыштуу болсо керек, келген көрүүчүлөрдүн арасынан айылдан келген ата-апаларды көп кезиктирдим. Айылдын аксакалдары калдая баскан караанынан эле билинет эмеспи.
Сахнанын жасалгасы мени тээ 90-жылдарга жетеледи. Кагаздан жасалган балаты, кагаздан кесилип алынган кардын бүртүктөрү, шарлар...
Бектин сахналаш достору Борончу, Кубик Калыков жана Абды Кадырматов чыгып, «кубанабыз баарыбыз, Жаңы жылда дайыма...» деп кулакка жат болуп калган ырды аткарышып, жагымдуу маанайда концертти башташты.
Көп ырлар ырдалды, куудулдар тамашалуу окуяларын, анекдотторду жаадырышты, каткырып күлгөн, эригип уйку келген учурлар да болду. Көрүүчүлөрдү классикага айланган «Кабылдын ити Гуля» тууралуу тамаша күлкүгө бөлөдү. Бул ирет аны «Балык» деп атап, Кубик Калыков, Борончу Кудайбергенов менен Кабыл Бөрүбаев аткарышты. Бул тамаша кыргыз сатирасынын кайталангыс жылдызы Манас Бердибековду эске салды.
Буга чейин ырчынын көп концертине күбө болгом. Ошолордун ичинен жакшы даярдалбаганы ушул концерт болду деген ойго кептелдим. Эл майрамдык маанайы менен кошо 700дөй сомун коротуп Бек Борбиевдин авазын, анын жанга жагымдуу ырларын укканы келген. Тилекке каршы, биздин каарман «мен да ырдайын» деп суранып келгендерден сахна бошой калганда эле чыгып жаткандай элес калтырды. Мен тааныган да, тааныбаган да ырчылар, ошондой эле элге жылмаюу тартуулайм деп келген куудулдардын баары бирден-экиден ырдашты. Кеченин негизги каарманын күтө берип чарчаган эл кезектеги чыккан ырчыны уккусу келбей, «Бек! Бек чыксын!» деп кыйкырып жатышты.
Көрүүчүлөрдүн нервин сынаган дагы бир жагдай, концерт ортолоп калганда чыга келип, ойду-тоону сүйлөгөн Назира Бердигулова болду. Алгач бул сулуу «Бек Борбиевдей байкелеринин колдоосунда «Маданияттын мыкты кызматкери» деген атакка жеткенин» айтып мактанып өттү. Бир аздан соң ал «үшүп кеттим, шапалактарыңыздарды укпай жатам» деп оозду ачырды. Таластык эмеспи, казак тилинин таасири бар да деп өзүмдү жооткотуп отургам. Сахнага шашпай басып кайра чыккан ал «мен үшүп кеттим, колду катуу чапылдатыңыздар» дей баштады. «Кол чап» дегенди эптеп айта албаган кыз кайдан «Маданияттын мыкты кызматкери» болот?» деп жанымда отурган аял сүйлөнүп кирди.
Эгер Бек аккордеонун көтөрө чыгып жалпыбыздын сүйүктүү ырларыбызды, отуруштардын гимнине айланган хиттерин аткарып бербегенде, билбейм, Спорт Ордосуна толо келген элдин капасы кандай болмок. Көрүүчүлөрдүн бүркөлгөн кабагын Бектин жандуу үн менен аккордеондун коштоосунда аткарып берген ырлары жазып кетти.

Толик сынчы


Бек Борбиевден салтка айланган концерт

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(73)
SUPER.KG видео
07.01.2014. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер соонун концерт ийгилик
SUPER.KG видео
08.01.2014. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Moskvaga boorum oorup ketti atankoru
SUPER.KG видео
08.01.2014. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байке азамат Айпери бузуп койуптурда сонун концертти
SUPER.KG видео
09.01.2014. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озгочо концерт болуптурго чиркин ай
SUPER.KG видео
10.01.2014. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн мыкты. Биздин кыргыз э концерт буто электе эле янталашып бир нерсе ден калчуудай болуп атырылып эшке шашабыз
SUPER.KG видео
12.01.2014. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiperi kubik kyzy jon ele obu jokdonup chachylatko jakbaitda voobshe
13.01.2014. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
как всегда Толик сынчы жайлады :-)
13.01.2014. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ой Толик сынчы боорду эзет да жон эле!)))))))
13.01.2014. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Толик сынчы суротунузду чаптап койбойспу табышмак болбой коруп алайлы.
13.01.2014. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ой ушу Назира бесит да.Эл алдында жургондон кийин, озун кантип алып журушту билбейт.Выскочка боло берет.
14.01.2014. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
sterva, туура айтасын, бирок анысы окшошпойт э
13.01.2014. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
толик сынчысыз концерттин кандай болгонун билбей калабыз да точкасын айтат да
13.01.2014. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Толик сынчынын сынын окусам эле концертке баргандай болуп калам озу.Азаматсыз,болгонун болгондой айтып...
14.01.2014. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назира Бердигуловасы ким эле?
14.01.2014. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
netsa, "Мен суйгон карагат" фильминде башкы рольду ойногон кыз.
14.01.2014. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
толик сынчы жакшы сындаптыр
14.01.2014. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уюштуруучу дейбизби, сценарист дейбизби, ошолордун кесипкөй эместигинен ушундай жагдайлар болот деп ойлойм. Бек байке ушул жагын эске алса болмок...
14.01.2014. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик сынчы алга!!! Уважаю Вас!!! Ачуу чындыкты бетке айтып, калеминиз мындан да курчусун. Туболукко кшул бойдон калыныз паракорго айланып кетпей.....Ишинизге ийгилик!!!
14.01.2014. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик сынчы калеминиз курчуй берсин.Дайыма жакшы жагын да жаман жагын да айта журбосонуз жылдыздарыбыз асманга чыгып алып жерге тушпой койбосун.А так Бек байкеге чыгармачылык ийгилик.
14.01.2014. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын,Толик!Концертке 2жума болду эми ойгондун окшойт,жумуштан кеткенби деп да ойлодум. Концерттен кийин сын-сунуштарды жазсам,пикириме "жакпады"деген белги коюшуптур,значит оздору тууралуу билишти го.Мен да кооптонуп отурдум Назира кылжындап чыкканда кайсы мас кыйкырып уят кылат деп теледен башкача,конц.кийин жакпай калды,негроматная оказыв.Толик сага ийгилик,болгонун болгондой жазыпсын.Бектин даярдыгы жок келгенин,эс албай эле тескерисинче чарчап уйго кайттык.
14.01.2014. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Куудулдардын катышканы жакшы болуптур элди алаксытып.Таанылбаган ырчылар убакытты созуп,бийчилери козго урунуп турду.Назира озу билип эле кийин чыкты го болбосо до конца жетмек эмес былжырап. Бек байкебиз кийинки концертинде созсуз даярданып кереги жокторду ылгап алып же ырларын озу аткарса да эл тажабайт деген ишеним менен чыгармачылык ийгилик каалайм!!!
15.01.2014. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Токен да кимди сынашты билееет ;)
15.01.2014. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаны жылдын эртеси да тушунсо болот )))))))))
15.01.2014. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Шумдук,маданияттын мыкты кызматкери кантет?Суйлоо дикциясы жок,манералары ойсондоп,элдин алдында озун кандай алып журушту билбейт экен...Муну менен жогорку бийликтегилер наамдарды тааныш-билиш,капчык аркылуу чечишээринин дагы бир далили.Бул жерде Назира эле эмес,Маданият министирлигине да кулдум.Бетке айткандын зары жок.Чынбы?
15.01.2014. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи мага Бек байкенин концерти жакты, чыгармачылыгынызга ийгилик!
16.01.2014. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Назира Бердигулова - соз жок, кыргыздын сулуу айымдарынын бири.Бирок ошол сулуулукту билим менен толуктаса мыкты болмок.
16.01.2014. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Улук болсон кичик бол бийик болсон ийик бол деген Кыргызда жакшы соз бар. Эмнегедир Бек байке Аренада озун алып жургонду унутуп калганбы же Кээдейдин кекиргени гээ болсо осурагы шум болот дегенге такалабызбы а дегенди сахнага чыкканда ким колун калтага салып турчу эле мени ошол тан калтырды жана бир номерин аткарганда Польтосун кийип ырдаганы да туура эмес кандай болсо дагы озунунго бир карап койсонуз боло сиз менен сыймактанчыы эле
18.01.2014. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sonun syndagango
18.01.2014. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол концертти ошко качан коет экен
SUPER.KG видео
18.01.2014. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ушул концертте болдум аябай жакшы отту Бекти сахнадан кетирбей ел шайын кетирди кыскасы концерт супер.
25.01.2014. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байке менен Сыймык байкедей таланттар 1000жылда бир жаралса керек.анда да жаралса...
SUPER.KG видео
30.01.2014. 05:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бек байкенин ырлары аябай жагат сизге ийгилик
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо