Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Клара Алибекова: «ЖАШТЫГЫМДАН ПАЙДАЛАНЫП КӨП ЫРЧЫЛАР КОЛДОНУШТУ»

№584 10-январь-16-январь, 2014-ж

Клара Алибекова деген ысым эстрада айдыңында жарк этип пайда болду. Аны алгач эл алдына алып чыккан айылдагы жөнөкөй агайы болсо, кийин көп ырчылардын талашына түшкөн. Бул жолу биз ырчынын кичинекей жылдыз болгонунан баштап бүгүнкү күнүнө чейинки жолуна сереп салгыбыз келди.

«АЛ КЕЗДЕ АКЧА ЭМНЕ ЭКЕНИН ТҮШҮНГӨН ЭМЕСМИН»
-Мен 3-класстан ар кандай ийримдерге катышып, ырдап-бийлеп баштагам. Ал кезде атайын эстрадалык ансамбль бар эле. Анын жетекчиси Айтбек Толубаев мени ансамблине чакырып калды. Бир күнү Тургуналы Нурматовдун «Кыргызымдын жигиттери» деген ырын сунуштады. Ушул ырдан тушоом кесилди десем болот, эл аябай жакшы кабыл алды. 7-классымда Айбек Карымовдун жаш таланттар үчүн жарыяланган сынагына катышып, баш байгени уткам. Андан кийин «Нур» тобунда ырдап калдым. Ошондон тарта Кыргызстанды кыдыра баштадык.
Ал кезде акча эмне экенин деле түшүнгөн эмесмин. Сахнага чыгып ырдап жатканыма эле бактылуу элем. Кийин көп ырчылар менен, алардын катарында Айчүрөк Иманалиева, Гүлшайыр Садыбакасова менен иштешип калдым. Азыр ойлонуп, эмне себептен «Нур» тобунан кеткенимди дале билбейм. Айчүрөк эже «мен мындай форма тиктирип берем, ыр жаздырып берем, чет өлкөгө алып барам» десе азгырылып кеттим көрүнөт. Жаштыгымдан улам мени көптөр пайдаланышканын азыр гана түшүнүп калдым.
7-классымда туулган жерим Көк-Жаңгактан Жалал-Абад шаарына келип окудум. Мектепке барсам да баары эле «Клара Алибекова келе жатат» деп жардана карап калышчу. Балдар тийишип, сүйүүсүн арнашат, кыздар болсо жигиттерин кызганышат. Айтор, укмуш эле болчу. Гастролго көп чыгып жүрүп сабактарыма жетишпей жаттым. Бирок мугалимдер талантымды баалап «бул ырчы кыз» деп жакшы эле көтөрмөлөштү.
Негизинен, чыгармачылыкта бактымды ачкан Айтбек Толубаев деп билем. Ал өтө кичи пейил, жөнөкөй адам болчу. Азыр көзү өтүп кетти. Ырчылар «бизге бербейсизби» деп мени сурашса, «силер кызымды азгырып жатасыңар» деп кадимкидей кызганчу.
Азыр ошол күндөрдү эстесем, башкалар 11-классты бүтүп үйүнөн кетсе, мен 5-классымда эле ата-энемдин коюнунан чыккан экем. Жаштыгымдын баары төрт дөңгөлөк үстүндө гастроль менен өттү. Бирок өткөн күндөрүмө өкүнбөйм, баары бир маңдайга жазган нерседен качып кутула албайбыз.

Айбек Карымов, ырчы:«ТЫТЫНЫП, «ӨӨП АЛАЛЫ» ДЕГЕНДЕР ДА БОЛГОН»
Ырчы Айбек Карымов бир кезде «Нур» аттуу топту жетектеп, анда Клара Алибекова ырдачу. Топто 3 жыл ырдап, Клара чыгып кетет. Айбек мырза анын жаштык кылып койгонун айтат.

-Кларанын бала кездеги популярдуулугуна азыркы жылдыздардын бири да жеткен жок. Клара биз менен үч жыл ырдады. Мен аны жылдыз кылдым деп айта албайм. Ал бизге бышкан кезде келди. Клараны Клара кылган Айтбек деген агайы. Мен өзүм деле ырдап калбадымбы, башкалардан деле көргөн жокмун, Кларанын угармандары укмуш көп болчу. Аны келет дегенде тээ тоонун башынан атчаны атчан, эшекчени эшекчен, жөөсү жөө, кемпир-чалдар бала-чакасын көтөрүп алып келишчү. Көп киши клубга батпай, концертти 2-3 сеанстан койгон күндөрүбүз болду.
«Клараны өлтүрүп кетиптир», «антип кетиптир-минтип кетиптир» деген ушактар чыкты. Андай популярдуулукту мен батыш жылдыздарына, мисалы, Майкл Жексонго салыштырмакмын. Тытынып, «ушул кызды бир өөп алайынчы» дегендер канча болду. Атайын бир баланы Клараны кайтартканга алганбыз. Өткөөл курак, ага кошумча «жылдыз» оорусу болуп, үнү да жакшы эмес жакка өзгөрүп кетти. Анын акчасына азгырылып, бирок андан ары өнүктүргөн киши болбоду. Чынын айтканда, азыр Клара 94-95-жылдардагы Клара Алибекова деген бренд менен чыгып келет. Мурункудай популярдуулукка жетиш үчүн кайра жаралыш керек болот деп ойлойм.

Орозбү Алибекова, апасы:«ЫРЧЫЛАРДЫН АРАСЫНДА КАТУУ ТАЛАШКА ТҮШТҮ»
Кичинекей кыздын кең келечеги ырчылар ортосунда талашка түшкөнүн көптөр айтышты. Эне өзгөчө жан болот эмеспи. Чырпыктай кызынын баш айланткан популярдуулугун эне жүрөгү кандай кабыл алды? Аны апасы төмөнкүдөй эскерет:
-Клара кичинесинде белине жоолуктарды ороп, кээде биз уктап жатсак үстүбүздү тебелеп бийлей берчү. Чоң атасы Артистка деп ат коюп койгон. Балдарымдын арасынан такыр башкача кыз болду. Ийримдерге катышып, эл көзүнө көрүнүп калганда Айтбек деген жигит «кызыңызды ырдатайын» деп үйгө келип жүрдү. Анда азыркыдай машина көп жок. Кар жааса ат менен келип, учкаштырып кетчү. Түндө кайтканда Клара уктап калган болот, көтөрүп келип жаткырып коюшат. Эртең менен турса эле коюну толо акча! Көрсө, тойдо ырдаганда акчаны коюнуна кыстара беришчү экен.
Бир күнү «Айланайын Айтбек, менин бүргөдөй кызымды каякка алып барып жатасың?» десем, «Эже, сиз түшүнбөйсүз да, биз сонун иштеп жатабыз. Элдин тосуп алганын айтыңыз» деп калган. Бир жолу концерт уюштурушкан экен, мени чакырып, алдыңкы катарга отургузушту. Концерт башталды. Бир маалда эле кызым чыгып ырдап жатат, эл шатырата кол чаап жатышты, кызымды көрүп ыйлай баштадым. Ошентип, тойлордон акчаны аябай көп таап келет. Болбосо койлорду тирүүлөй алып келишет да, экөө союп, бөлүшүп алышат. Эл да колдоп, сый үстүндө жүрүштү.
Кийин Айбек Карымовдун тобунда иштеп жаткан. Жалал-Абаддан көп кабаттуу үйдөн батир сатып алып, байкеси, жеңеси менен ошол жакта жашап калышты. Бир күнү мага чалышып «кызыңыз үч күндөн бери Айчүрөк менен кетем деп болбой жатат» дешти. Бардым, Клара мени укчудай эмес, бакырып-өкүрүп ыйлап, «барбасам 4-кабаттан боюмду таштап жиберем» деп такыр болбой койду. Аргасыздан жөнөттүк. «Жалал-Абаддан чыккан боюнча Бишкекке келгенге чейин концерт коюп, 100 миң сом акча түштү» деген Айчүрөктүн интервьюсун окуп калдым кийин. Бир күнү «Клараны Айчүрөк менен чет өлкөгө барат экен» деп угуп калдык. Кийин өзү эле кеткени белгилүү болду. Ошондо агасы келип Кларанын шартын көрүп, алып кетип калган. Айта берсең абдан көп, канчалаган ырчылар Кларанын атын колдонуп алып, артынан болбогон кептерди да айтышты. Ортодо ырдатпайлы десек, 2-3 күндө буулугуп, колуна эмне тийсе ыргытып талкалап, сахнага чыгып келгенден кийин эле жакшынакай болуп калчу.
Клара кичинесинде шумдук тарсылдаган кыз эле. Гастролдон келгенде түнкү саат 3төрдө «шишкебек жейм» деп кыйначу. Айбектер түн экенине карабай таап келип беришчү. Кийин гастролу көбөйүп, талашка түшүп кетти. Артисттер күн-түн дебей «бизге бергиле» деп келишет. Милициянын килейген кызматкерлери «шеф буюрду, кайдан болсо да ошол кызды таап, тойго алып келгиле деди» дешчү.
Чынында, аты катуу чыкты. Кызыма элдин көзү тийдиби, же артисттердин окуткан-чокутканы болдубу, же турмушу тайкы болгондон кийинби, айтор, ушундай жумшак болуп калды. Азыр чыгармачылыгын кайра уланталы деп Бишкекке көчүп келдик.

«6-класска чейин активдүү окуучулардын катарында элем. Ырдап жүрүп сабактан да четтеп кеттим».


Жаныбек Алыкулов, куудул:«КЛАРАНЫН АЙЫНАН ДОСУМ МЕНЕН МУШТАША КЕТКЕМ»
Клара Алибекова деген ысымдын калың элге таанылышына куудул, пародист Жаныбек Алыкулов, ырчы Абидин Темировдордун салымы чоң. Экөө биринчи жолу аны Бишкектеги чоң сахнага алып келишкен экен.
-1994-жылдары мен Жалал-Абад университетинде окутуучу болуп иштеп жаткам. Анда Клара Жалал-Абаддын жылдызы болуп, аты дүңгүрөгөн кез эле. Ушундай талант айылдык ырчы болуп кала бербесин, республикага чыгаралы деп Абидин Темиров экөөбүз Кларанын ата-энесине «борборго алып барып ырдаталы» деп сунуш киргиздик. Алгач ата-энеси каршы болушту. Анткени мага чейин деле көп белгилүү ырчылар көп нерсени айтып, жаш кызга баарын убада кылып, бирок аткарбай коюшкан экен. Эптеп ата-энесин көндүрүп, Клараны Бишкекке алып келдик.
Биринчи жолу ал Бишкекте чоң сахнада «Мыскыл жана тамаша» концертинде «Кыргызымдын жигиттери» ырын аткарып чыкты. Эми элдин кол чаап, жылуу кабыл алганын айтпа.
Ошентип, концерт бүткөндө студияга барып Клара тууралуу сюжет даярдап, кайра Жалал-Абадга учканга билетин колуна карматкам. Көп өтпөй облустук билим берүү башкармалыгынан чалып жатышпайбы, «Клара келген жок» деп. Көрсө, бул жакта ал Тургуналы Нурматов менен да ырдап калган экен. Ал киши жакын досум эле, Кларанын айынан аны менен мушташа кетип, досумдан айрылгам. Кийин Жалал-Абадга барсам, мен тууралуу «жаш кызды Бишкекке алып барып, ар кимдин колуна берип коюптур» деген сөздөр чыгып кетиптир. Унчуккан жокмун, убакыт өзү тараза дедим. Ал кезде чынында эле Клара чоң тамгалуу жылдыз болчу. Ушунчалык таланттуу, жылдыздуу кыз эле...

Тургуналы Нурматов, обончу:«КЛАРА ЫРЫМДЫН БАГЫН АЧТЫ»
Клара Алибекова «Кыргызымдын жигиттери» ырын аткарып эл-журтка аты чыкты. Бул ыр анын багын ачтыбы же Клара ырдын багын ачтыбы, бул суроого ырдын автору мындайча жооп берет:
-Бир жолу мага обончу Алтымыш Кадыров келип, «сиздин ырыңызды бир кыз аябай жакшы ырдап жатат» деп калды. Анда деле көп маани бербей, угуп көрөлү деп койгом. Көп өтпөй эле радиодон ырым жаңырып калды. Мотурайган бул кыздын жаңылап чыкканына абдан сүйүндүм, чынында. Ошондон тарта ырымдын кадыр-баркы да өстү. Клараны бир жаралган кыз экен дегем ошондо.
Кийин Көк-Жаңгакка гастролго барганда атайын ага кезигип, ыраазычылыгымды айттым. Менимче, ырдын багын Клара ачты, анткени ал башкаларды деле сонун аткарбадыбы.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Жаштыгымдан көп ырчылар пайдаланышкан экен" дейт Клара Алибекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(171)
19.01.2014. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клара эже сизге ийгилик,жаны ырларды кутобуз.
SUPER.KG видео
19.01.2014. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
илгери Клара Алибекова эжебиз ун алгыдан ырдап жатканын уксам ушуунчалык суйунуп кунт коюп укчуумун, сын алгыдан жеке концерти болуп жатса иштеп жатсамда ишимди таштап уйго жугуруп кирип аябай кубанып корчумун, мындайча айтканда жаш мезгилимде чын журоктон жактырчуумун Клара эжени :) ээх эжеша сиз кайрадан ырдап чыксаныз сиз ээн мыктыы ырчы болосуз деген умутум чон. Клара эже сизге албан албан ийгиликтерге жетишуунузго тилектешмин! дагы бир ирет кыргыздын жигиттеринин журогун ойготуп койсонуз ;)
19.01.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
(Жаштыгымдан пайдаланып коп ырчылар таланттымды колдонушкан )деп туура жазыныздар,алдынала рахмат!
SUPER.KG видео
19.01.2014. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Популярду болуш учн эмес
элдин журогунон орун алыш учун ырдаш керек
19.01.2014. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Берген маегин корсонор видеодон эн жонокой боенбосода суппсулуу кыз,элдин козу да тийген болуш керек, азыркы ырчыларыбыз боенсода жетпейтго Кларага((тфу тфу коз тийбесин...
19.01.2014. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Берген маегин корсонор видеодон эн жонокой боенбосода суппсулуу кыз,элдин козу да тийген болуш керек, азыркы ырчыларыбыз боенсода жетпейтго Кларага((тфу тфу коз тийбесин...
SUPER.KG видео
19.01.2014. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Клара сенин ички сезимин таза адам экенсин.Мен ойлойм сендеги талант очкон жок жана очо элек.Сен кичине чыгынсан, сени эл которуп кетет.Мен сага ден-соолук жана ишине ийгилик каалайм.Осо бер,оно бер.Талантына таазим
19.01.2014. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок Иманалиева буга не дейт болду экен?
SUPER.KG видео
19.01.2014. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Дагы деле ички сезими таза тунук!!! Клара ийгилик сизге!
SUPER.KG видео
20.01.2014. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
аябай бош жудогон кызго же турмуш кыйнап койгонбу куйосу менен жашайт бекен
20.01.2014. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
klara eje ishinizge iigilik
20.01.2014. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Klara eje menin sosedim ele jalalabadta jawa4umun al kezde student elem al jalgyz jawa4u meni tamaka kop 4akyr4u
SUPER.KG видео
20.01.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Көздөрү сулуу экен.
SUPER.KG видео
20.01.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы продюсерлер менен иштеш керек экен . Клара эже озунузду колго алып дагы бир жолу чыгармачылыка баш отунуз менен киришиниз , сизди сыйлаган куйормандарыныз коп.
SUPER.KG видео
21.01.2014. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оозу жакпады
SUPER.KG видео
21.01.2014. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Туурап кийинчу элек.Фиолоетовый жилет шымы бар эле.Жылтырак.Сахнанын кийими эле.Биз аны бололорум болуп,окшош тиктиирип алып конокко ошону гана кийип барчук.
SUPER.KG видео
22.01.2014. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мен апасына тан калдым алып кетичшу кайра алып келип коюшчу дейт.эмне кылып ,кайсы ырды ырдап жургрну мн деле иши жок чоочун кыз жонундо айтып жаткансып.Кымындай кызды кантип санаасы тынч бироолордун колуна карматып койду.баланы кантип бироого ишенип берип кое аласын жанынан жарым карыш чыгарбай жандап журбойбу.бу кызга жакындарынан акыл кенеш поддержка болбоптур да
SUPER.KG видео
25.01.2014. 07:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кандай гана татынакай кыз.Кичинебизде Кларанын ар бир ырдаган ырын жаттап ырдачубуз.Клараны кудай таалам бир башкача,озгочо,кыз кылып жараткан экен.Ошол кезде Кларадан бир-эки эле жаш кичине болгонубуз м-н Клараны аябай бир,кол жеткис бийикте жургон кыздай корот элек.Кыскасы соз менен айтып жеткире албай турган,суктанарлык талант болгон го.Чындыгында Кларадай болуп кенедей кезинде ошончолук популярдуулукка жеткен жаш кыз балдарды батыштын теле беруулорунон гана коруп журобуз.
SUPER.KG видео
25.01.2014. 07:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Клара сен дагы да болсо элдин эсиндесин. Ырдап чыгышынды чыдамсыздык менен кутобуз.Москвага да концерт койуп келсен сонун болмок.Ырдап чыкканында мурдагы ырдаган ырларындан да ырдачы сураныч. Айбек байке сонун маек куруп бериптир.Шоу бизнестин доо шаалары... Айчурок деп эле ачыгын айта берсениз сонун болмок. Ал эми Кларанын тагдырын талкалаган Байыш Момуновко Кларанын убалы тийсин!
SUPER.KG видео
25.01.2014. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
кичине кезде магнитафондон клараны коюп алып, чогуу ырдап, бала кербезден кыргызымдын жигиттерин жаттап, айтор Клара эженин ырлары менен чонойдук го. Сахнага кайра келгени суйундурот, куйормандарыныз сизди сагынды:)ийгилик каалайм. Айчурок эжеге соз жок, жактыра бербейм...
SUPER.KG видео
25.01.2014. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Байыш байкенин денгээлине тушпой эле коюнуз, Кларага уйлонуп чон жанылышкам деп, озун ким деп ойлоп атат, андан жакшы мырзаны жолуктурасыз буюрса.
SUPER.KG видео
28.01.2014. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апасына окшош экен
29.01.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ии эсимде, Клара Алибекова дегенде өлүп деле калууга даяр болчубуз. Биздин двордогу балдардын баары түн сүйүсүн Кларага арнаган болуш керек. Бирин бирибизден кызганып жок жерден кызылдай мушташка да түшчү элек. Эх биздин балалык кез эми кайда?!
SUPER.KG видео
29.01.2014. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ии эсимде, Клара Алибекова дегенде өлүп деле калууга даяр болчубуз. Биздин двордогу балдардын баары түн сүйүсүн Кларага арнаган болуш керек. Бирин бирибизден кызганып жок жерден кызылдай мушташка да түшчү элек. Эх биздин балалык кез эми кайда?!
SUPER.KG видео
02.02.2014. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4

Apasy takyr bashkacha go? korkup kettim, jini kelgensip suiloit eken
SUPER.KG видео
02.02.2014. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Aibek Karymov ayabai jakshy maalymat beriptir,
SUPER.KG видео
07.02.2014. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
аябай бошошуп кетипсин Клара алдыга жыл эл душмандын козуно эч качан ылдый болбо
SUPER.KG видео
22.02.2014. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик сизге Клара эжеке эми мындан ары да чыгамачылык жолунузду уланта бериниз
26.03.2014. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
клара эже сизди аябай жакшы коробуз келиниз кайтыныз сахнага !!!!!!!!!!!!!!!!!!! эл бааалайт . эл кутот сизди кайтыныз сахнага !!!!!!!!! суранабыз баары алдыда !!!!!!!!!!!
SUPER.KG видео
26.04.2014. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
То что было все прошло, что будет лишь только Аллах знает, важней текущей момент!.. все будет шоколад=)
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо