Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«2011-жылдын супер ырчы мырзасы» Омар:«ӨТКӨН ЖЫЛДА ҮЙЛӨНСӨМ ДЕГЕМ, БОЛБОЙ КАЛДЫ»

№584 10-январь-16-январь, 2014-ж

Ырчы Омар өткөн жылда чыгармачылыгынын үстүндө жигердүү иштебегенин моюнуна алды. Маек учурунда ырчы өткөн жыл, келечектеги пландары менен ой бөлүштү. Олуттуу ойлорунан улам ырчынын жан дүйнөсүндө төңкөрүш болуп жаткандай сезилди.

– Кандайсың, Омар, мурун жылкыга аябай жакын экениңди айтып калчу элең. Кирип келген Жылкы жылынан эмнелерди күтөсүң?
– Жылдан эч нерсе күтпөйм, баарын бир Кудай берет эмеспи. Болбосо Ажыдаар жылынан от, Чычкан жылынан буудай, Жылкы жылынан кымыз күтмөкмүн да. Негизи эле өзүм мал жандуумун. Кичинемден ат менен итке жакын болчумун. Кыргыздын атсыз жашоосун элестетүү кыйын. «Ат – адамдын канаты», «ат жалына казан ас» деген кептер бекер айтылбаса керек. Анан да кыргыздын баатырлары аты менен барктуу болушкан эмеспи. Манастын Аккуласы, Каныкейдин Тайторусу, Көкөтөйдүн Мааникери дегендей.

– Өтүп бараткан жылды бир кылчайып караганда эмнелер эсиңе түшөт?
– Чынын айтайын, өтүп бараткан жыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу мен үчүн анчалык ийгиликтүү болбоду. Бирок күндө эртең менен ойгонуп, күндүн нурун көрүп жатканыма шүгүр дейм.

– Мага ырчылар текст менен таптакыр иштебегендей сезилет. Сенин оюң кандай?
– Оюмду толук бере албаганданбы же сөз байлыгымдын аздыгынанбы, ырларымда туура эмес сөздөр жазылып кетип жатат. Ойлонуп көрсөм, менин чыгармаларым тарбиялык жактан коомго таасирин тийгизбейт экен. Алдыда жакшы, мааниси терең, орундуу, мазмундуу, элди жакшылыкка үндөгөн чыгармаларды жаратам деген пландарым бар. Мисалы, Арстанбек, Калыгул, Жеңижок, Токтогул аталарыбыз элди ырлары менен тарбиялашкан. Биз азыр сүйүү жөнүндө көп ырдап жатабыз, бирок бул темада өтө аша чаап кеттик окшойт. Эми ачык эле айтайын, учурда биз тарбиялык мааниси бар ырларды жаза албай жатканыбыз чын.

– Учурда көпчүлүк ырчылар эски ырларды жаңыртып ырдап жүрүшөт. Кээсиники окшошсо, айрымдары бузуп алып жатышат, буга көз карашың кандай?
– Жаман нерседен да жакшы нерсени издесек табылат. Андыктан кемчиликтерин айта бербей, ал ырдын унутта калбай ырдалып жүргөнүнө сүйүнсөк туура болот эле.

– Сени көп учурда үлгүлүү жигит дегендерин угам, жашоодо да ошондойсуңбу?
– Мен үлгүлүү эмесмин, кемчиликтерим аябай көп. Жаштар мени туураса билбейм, эмне болуп кетет. Негизи эле кемчиликсиз адам болбойт эмеспи.

– Бул жылы үйлөнүү тууралуу пландарыңды ишке ашырасыңбы?
– 25 жашымда үйлөнсөм деген ниетим бар болчу, бирок буйрук экен, болбой калды. Айтышат го, адам кандай болсо, ошого жараша жубай берет деп. Балким, Кудай мени адамдык даражасын көтөрсүн, анан ошого жараша жубай берем деп жаткандыр.

– Сүйүүдөн көңүл калуулар болгонбу?
– Ооба, болгон, көбүнчө мен жактырган кыздар мени жактырбай калышчу. Анан «Эмнеге?» деген суроону өзүмө көп берчүмүн. Эми буюрган адам кай жерде болбосун, сөзсүз жолугат да.

– Атактуулугуңа кызыгып сага «мергенчилик» кылган кыздар жок эмес чыгар?
– Андай максаты бар кыздарды дароо эле байкайм. Аларга өзүндөй мамиле жасап коём.

– Өзүң айткандай, бул жылы маанайың пас жүрдүң окшойт. Кээде өзүңдү-өзүң түшүнбөй калган учурлар болобу?
– Андай учурлар көп эле болот. Адам өзү татаал нерсе. Кудай бизге жаныбарлардан айырмалантып акыл берген. Бирок кээде адамдар өзүбүздү жөн эле жаныбарлардай алып жүрөбүз да. Менде деле ушундай учурлар болгон, ошондой кезде адам өзүнө «Мен эмнеге мындай кылып жатам?» деген суроо бериш керек. Адамга илим-билим, таалим-тарбия керек, мындай нерселерди түшүнүш үчүн. Депрессияга кабылганда намаз же дуба окуп койсоң жакшы жардамын тийгизет экен.

– Өлкөдө болуп жаткан окуялардан кабардар болуп, туура эмес жүрүп жаткан иштерге жеке оюңду айта аласыңбы?
– Мен ырчы эмес, Кыргызстандын жараны катары өз позициямды айта алам. Өткөндө Аалы (ред. Туткучев) байкемдин бир ырын угуп калдым эле,

«Бир мык менен бир така кагылат,
Ал мыктын айынан бир аргымак чалынат.
Ал аргымактын айынан бир эрдин башы алынат,
Ал эрдин айынан жалпы журт өзүнүн душманына багынат» деген.

Ошон үчүн ар бир адам мыктай болуп туура кагылышы керек, ийрейбей-кыйшайбай өз функциясын туура аткарышы кажет.
Бүгүнкү биздин көрүнүш – бул жалпы элдин эле көрүнүшү. Бирдеме болсо чоңдорго шылтайбыз. Исхак Раззаков атабыз айткан: «Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот»,- деп. Ар бир адам өзүнө «Мен мекен үчүн эмне кылдым?» деген суроо берсин, эгер жооп тапса, анда ал азамат.

– Сенде өлкөнү өзгөртүү мүмкүнчүлүгү болсо, эмнеден баштайт элең?
– Бизде өлкөдө жазасыздык күчөп кеткен. Кылмышты кылып, бирок ал үчүн жооп тартпайт. Көпчүлүк кылмышкерлер оңой эле, акчанын күчү менен азаттыкка чыгып кетишет. Мен өзгөртүүнү дал ушул нерседен баштамакмын.

– Жакшы адам менен жаман адамды кантип ажырата билесиң?
– Жакшы-жаман деп адамдарды бөлбөйм. Аларды аныктоодо өзгөчө формулам деле жок. Эки жүздүү адамдын анык жүзүн билиш өтө кыйын. Бирок бара-бара убакыттын өтүшү менен кандай экени өзү эле билинип калат.

– Өзүң айтып калган элең, көк бетмин деп, эгер кимдир бирөө сени капа кылса көптө жазыласыңбы?
– Эгер катуу таарынсам, ичимден кечирем, бирок көбүнчө ал адам менен жолукпай, такыр тааныбай койгонго аракет кылам. Анткени көңүл деген бар да. Айтып жатышпайбы, «бүгүнкү жаштардын кемчилиги бир гана өзүнүн тарыхын унутуп калганында эмес, өзүнүн досторун жана душмандарын унутуп калганында» деп.

– Бул жылы кыргыз элине каалоо-тилегиң...
– Жылкы өзү эмгекчил, чыдамкай жаныбар. Демек, ушул жылы кыргыз элине кызмат кылган мекенчилдер көп болсун.

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Омар: "Үйлөнөйүн дегем, болбой калды"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  18 
Комментарийлер(133)
SUPER.KG видео
15.01.2014. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Омарга эмес ага тарбия берген ата-энесине таазим!
SUPER.KG видео
15.01.2014. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maher Zain siyaktuu islami irlarda jazdirsan jakshi bolmok. Omar Paygambaribiz s.a.v aytkan " Kuran jana sunnotko bekem baylansanar ECH KACHAN adashbaysinar." degen bizda adashbagandardan boloorbuz inwallah... akyrette duynodo kancha ybakit boldun dep suraganda pende 2 saatik dep joop beret bizda eki saattik duynogo aldanbayli adashbayli musulman tuugandar!!!
SUPER.KG видео
15.01.2014. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
" Adamga en oor, Kundo adam boluu".Cgingiz Aytmatov. dostor kelgile adam bololuchu...
15.01.2014. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз Омар байке ыйманынызга береке ,АЛЛАХым озу эки дуйно бактылуулуктарын насип этсин иншаАЛЛАХ................
SUPER.KG видео
15.01.2014. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myna azamat jigit yr suiuu dei berbei Islamdy yiyk tutup oorunduu suilop toktooluk anan en bashkysy sabyrduulugu mn aiyrmalagan yrchy jigit.azamatsyz eki duinodogu baktyluuluktu Allahym tartuu kylsyn sizge!!!
15.01.2014. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага Омардын кыргызстаным деген ыры аябай жагат...ошол ырды уксам кыргызстанымды сагынып кетем!
16.01.2014. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан сонун маек болуптур ырчылардын эч мыктысы ардайым болунуз омар байке
16.01.2014. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйлошкон кызы айданабы омардын
SUPER.KG видео
16.01.2014. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
"Тфу-тфу-тфу "- деп койгону жакты да :) :)
16.01.2014. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сага дагы да жакшы ырларды жарата бер.
18.01.2014. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allah taalam yraazy bolsun,ar daiym uwul kalybyndan jazba,aiabai jonokoi bala.
18.01.2014. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
акылдуу, жонокой, ак конул жигит - ушул Омар. Ийгилик сага, бар бол
18.01.2014. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушулу жигит аябай жагат ))) МашаАллах Омар, соц сетьттерден коруп тан калчуу элем эми накта ишендим , журогуно ыйман келиптир.
19.01.2014. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушул жигиттин коркомдобой болгонун айтканы жагат
19.01.2014. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Omar baike azamatsyZ ,sizdi iygilik kowtoi bersin baarynan da ,Ar kim ozuno men emne iw kyldym dep suroo bersin joop taba alsa anda al azamat degeni jakty,Allahym sizge 2duino baktyluulugun bersin
19.01.2014. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Намаз окуп баштаптыр, азамат.
19.01.2014. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз Омар байке!
20.01.2014. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Соз байлыгы аз экен.
SUPER.KG видео
22.01.2014. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
OMAR Kurandyn kotormosun oku, kaalasan oruschasin, kaalasan anglizchesin oku. Duynodo myndan bashka iyik kitep jok ekenin korosun.
22.01.2014. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!
SUPER.KG видео
22.01.2014. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
salam aleykum Omar ilimduu iymanduu akilduu joolukchan kizga tush bol inim...!
23.01.2014. 04:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жолдон адашпаныз!Негизи адам озун козомолдобосо тайгаланып кетиши бат эле.Тоонун кырынан конул бурбасан тайгаланып кеткен сыяктуу.Ийгилик сизге!Аллахым озу колдосун!
24.01.2014. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Суйгон кызы барго Омардын,,,,Мээрим....Азыр кош бойлуу деп билем,,,Ачыкка качан чыгышат?Качан той?
29.01.2014. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ийгиликтер унунуз соонун ырдаганынызга соз жок
SUPER.KG видео
31.01.2014. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омарды 2013 куз айларында оштогу Сулайман тоо мечитинен чыгып баратканын коргом ошондон кийин бул жигиттти сыйлайм атак создору орундуу мактоого татыктуу алга Омар
SUPER.KG видео
03.02.2014. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МашаАллах,Аллахым ыйманын күндөн күнгө курчута берсин,тилегине жетсин!!!
11.02.2014. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар мыктысын алга.
SUPER.KG видео
12.02.2014. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын
SUPER.KG видео
16.02.2014. 04:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар акылына кириптир чоноюптур
09.03.2014. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alla yrazy bolsun. Abdan jakwy insan. Jaw turup ushunchalyk oi jugurtusu teren, yimany kuchtu...ar dayim bar bolunuz. Allahym ozu sizdi koldop jursun!!!
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо