№584 10-январь-16-январь, 2014-ж
Башталышы – 18:55
Аякташы – 20:55
Көрүүчүлөр – Залдын 80 пайызы
Алып баруучу – Ильяз Агыбай уулу
Мыкты номерлер – «Ыйлай, ыйлай», «Адина», «Атасынын баласы»
Билет баасы – 300-600 сом
Кыргызстанда эки жылдан бери «буй-буй» деген сөз модага айланды. Так ушул сөздүн авторлору, легендарлуу «Биз» тобу 5-январь күнү Спорт Ордосунда жеке концертин берди. «Негизи, кыргыздарга концерт саат канчада болорун жазбай эле, иши кылып кечинде болот деп коюш керек» деп куудулдар тамаша-чынга салып айтып калышат эмеспи. Ушул сөзгө катуу таасирленишкенби же унутуп калышканбы, айтор, «аяш авалар» билетине да, афишаларга да концерттин убактысын жазышпаптыр.
Күүгүм тушта жөнөдүм. Билет алып, бир саамга түшүнбөй турдум. «Улуу Ата Мекендик согуш» деген жазуусу менен орок-балканын сүрөтү бажырайып билетте турат. Кыштын кыраан чилдесине бул жазуунун кандай тиешеси бар? «9-Майда өтпөй калган билеттерден калгандары болсо керек» деген арам ой келет экен...
Сахнанын жасалгасынан өзгөчөлүк деле байкалбайт. Билет саткан эже «концерт жети жарымда башталат» деген, бирок 18:55те башталды. Өмүрү убактысынан эрте башталган концертти көрбөгөн жаным оозум ачылып эле калыптыр. Ошентип, Бактияр байкебиз баш болуп, калгандары төш болуп «Той-тамаша» деген ыр менен жандуу концерт ачылды.
«Лейлегим» башталганда залда отургандар уу-дуу жаратып, айрымдары шылкылдап бийлеп да жибергенинен көрүүчүлөрдүн теңинен көбү лейлектиктер экенин билип койдум. Концерт ортолоп калганда үч айым жана үч мырзаны сахнага чыгарып, «буй-буй» деген кайрыктарды ким келиштире аткара аларын аныкташып, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө уюлдук телефондорду ыйгарышты. Дагы бир өзгөчөлүк, концертке ырчылардын бири да конок катары чакырылбаптыр. Ооба, «жеке концерт» деген атына жараша заты болду окшойт. Жалаң гана «Биз» тобунун ырлары жаңырды.
Көрүүчүлөр эми гана кызыганда кашайып концерт бүтүп калбаспы. Саатымды карасам 20:55 болгон экен. Бул концертте тактыгы жагынан «аяш авалар» немистерди артка калтырышты окшойт. Чыгып баратканда «концерт жакшы болду, бирок жаңы ырларды жазбай калышты го» деп күбүрөнгөндөрдү кулагым чалды. Ошентип, ностальгия болуп үйгө кайттым.
Толик сынчы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Жеке айтышууга жол берилбейт.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.