Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«СУПЕР-ИНФОНУН» БАЛДАРГА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БЕЛЕГИ

№584 10-январь-16-январь, 2014-ж

«Баланы берсе да ден соолугу менен берсин» деген тилекти энелер көп айтышат. Мотурайган бөбөктөр ата-энесинин маңдайында телегейи тегиз, алты саны аман болуп, ийгиликтери менен кубандырып турганына эмне жетсин.
2014-жылдын босогосун аттаар алдында «Супер-Инфо» гезити жана super.KG маалыматтык-маанайшат порталы Бишкек шаарындагы «Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелеринин ассоциациясы» борборунда тарбияланып жаткан балдарга майрамдык маанай жаратышты.
Бул ирет аталган борборго «Супер-Инфо» гезитинин уюштуруусу менен чакан концерт тартууланып, жаңы жылдык белектер берилди. Иш-чарага катышкан өнөр ээлери «Супер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «2013-жылдын супер дебюту» наамынын ээси Жоодарбешим, эстрада ырчылары Элиза Орозова, Бегимай Бекбоева, жаш ырчы Руслан Абылов, «2013-жылдын супер ырчы мырзасы» наамынын номинанты Данияр Эрматов жана «Акак» комузчулар ансамблинин бийкечтери болушту.


«Супер-Инфодон» балдарга белектер.

«Акак» ансамблинин комузчулары кол ойнотушууда.

Ырчылар Элиза Орозова, Бегимай Бекбоева, Руслан Абыловдор майрамдык маанай тартуулашты.

Жоодарбешим: «Балдар өтө өзгөчө экен. Алардын сүйүнгөн жүздөрүн көрүп кошо кубанып, толкунданып, ырдап жаткан ырыбызды да таппай калдык».

Белектерге ээ болгон балдардын кубанычында чек жок.

Борбордо тарбияланган балдардын жүрөгү назик, өзгөчө аялуу жандар. Бирок алардын жашоосуна аз болсо да шаң киргени көрүнүп турду.

Балдар таягына сүйөнүп болсо да туруп, бийлегенге аракет кылып жатышты.

Ата-энелердин эң башкы максаты – балдарын коомго кошуу. «Балдардын коомчулуктан четте калуусу жүрөгүбүздү оорутат» дешет алар.

«Бир жылда топтолгон стрессти бир күндө чыгарып койдуңар» деген апалар гезиттин жалпы жамаатына ыраазычылык билдиришти.

Гүлжан Асанкожоева
Нурсултан Эстебесов
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезити балдарга белек таратты

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(9)
SUPER.KG видео
28.12.2013. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыртынан карап боорубуз ооруганы менен, бул бөбөктөргө өз ата-энелериндей эч качан мээрим төгө албайбыз, чыдабайбыз дагы. "Супердин" жамаатына рахмат, көпчүлүктүн колунан келбеген нерсени жасап, аз да болсо балакайлардын көңүлүн көтөрүп келгенине.
SUPER.KG видео
28.12.2013. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ий байкуштар кошо бийлеп-ырдап алышыптыр го. Балдардын келечеги кең болсун, ата-энелерине да рахмат, кээ бир таза баласын көчөгө таштап басып кеткен айбандарга караганда бул балдарды татыктуу тарбиялап келишкенине. Уюштуруучулар да азаматтар, биздин коомдо аялуу катмар бар экенин, биз аларды унутпай жүрүшүбүздү эске салганыңарга.
SUPER.KG видео
28.12.2013. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланы берсе да алты саны аман, ден соолугу менен берсин Кудай. Оору баккан кандай гана азап. Өз алдынча баскан турганын эптей албаган баласы менен кошо азап тартуу кандай гана оор. Анан калса бул жерден майып баласы менен алышкан бир да атаны көргөн жокмун. Бала деп үйрүлүп түшүп андан баш тарпаган баягы эле адамзатынын аялуу катмары аялзат, энелер... Супер Инфо балдардын маанайын көтөрүп жарым күнүн сарптап келди. Ап
SUPER.KG видео
28.12.2013. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул балдарга Жаратканым бакыт берсин!
SUPER.KG видео
28.12.2013. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйлагым келип, журогум кысылып чыкты. Жараткан силерге ден соолук берсин. Бактылуу болгула. Суперчилерге Алла ыразы болсун.
SUPER.KG видео
29.12.2013. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба эн туура кылышыптыр рахмат силерге супер инфо газетасы.балдар кандай кубанычта отурушту ден соолуктары чын омурлору узун болсун коруп отуруп боорум ооруду
14.01.2014. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абдан сооп иш кылып жатасынар АЗАМАТТАР!!!!!!Коптогон депутаттардын колунан келбейт бул иш кере к болсо.
19.01.2014. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдар болумуно жазбайт беленер, шоу-бизнесте эмне кылып журот бул макала.
31.01.2014. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодцы !супер инфо низкий поклон ! А че звезд так мало ? Где выскачка анжелика , фиона айгерим , сайкал , этот нурлан, чолпонай, нон стоп, это лобастая аселя ? А ещё хвастаются что любят детей , и всегда стараются в таким мероприятиях участвовать !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо