Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

№584 10-январь-16-январь, 2014-ж

КОРЕЯ
ӨЛКӨ ЛИДЕРИ ӨЗҮНҮН ЖЕЗДЕСИН КЫЗМАТТАН АЛЫП, АТУУГА КЕТИРДИ
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жалпы журтуна жаңы жылдык кайрылуусунда «биздин партия катарыбыздагы таштандылардан тазалануу үчүн чечкиндүү кадамдарды кабыл алды» деп билдирип, жездеси Чан Сон Тхэктин өлүм жазасына тартылганын кабарлады. Чанга «бийликти кулатууга аракет кылган», «коррупцияга аралашкан» деген оор айыптар тагылган. Ал 13-декабрь күнү өлүм жазасына буйрулуп, ошол эле күнү дароо атылган.
Түштүк Кореянын Чалгындоо кызматынын маалыматына таянсак, Чанды Түндүк Кореянын Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин имаратында ири калибрлүү зениттик пулемёттун окторуна денесин калбыр кылган. Буга чейин Кытайдын мамлекеттик басылмалары «аны атайын ач кармалган иттерге талатып өлтүрдү» деген маалымат тараткан. Дүйнөнү дүң кылган бул кабар жалган болуп чыкты.
Эске салсак, Чан учурунда азыркы лидердин атасы Ким Чен Ирдин саясаттагы эң ишенимдүү кишиси болгон жана ал Түндүк Кореядагы таасирдүү адам болгон. Камалганга чейин Коргоо комитетинин орун басары болуп эмгектенип келген.

ДҮЙНӨ
ЖЕР ШАРЫНДАГЫ АДАМДАРДЫН САНЫ 7,13 МИЛЛИАРДДАН АШТЫ
АКШнын калкты каттоо кең­сесинин эсептөөлөрү боюнча 2014-жылдын алгачкы күнү дүйнө элинин саны 7 миллиард 137 миллион 577 750 адамга жеткен. Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 1,1 пайызга көп. 2013-жылы Индияда 15,5 миллион ымыркай жарык дүйнөгө келип, төрөлүү боюнча алдыңкы өлкө болду. Андан кийинки орунда Кытай, Нигерия, Пакистан жана Эфиопия турат. 2025-жылга чейин дүйнө элинин саны 8 миллиардга жетери белгиленүүдө. Алсак, 1999-жылы 12-октябрда элдин саны 6 миллардды түзсө, 2011-жылы 31-октябр­да 7 миллиардынчы ымыркай төрөлгөнүн Бириккен Улуттар Уюму кабарлаган.

ТАМЕКИ ТАРТКАНДАРДЫН САНЫ 1 МИЛЛИАРДГА ЧУКУЛДАДЫ
Жалпы статистикага таянсак, чылымдын курмандыгына айлангандардын саны күн санап өсүүдө. АКШнын Вашинг­тон университетинин саламаттык боюнча иш алып барган институту акыркы жылда тамеки тарткандардын саны 1 миллиардга чукулдаганын билдирди. 1980-жылы дүйнө­дөгү «паровоздордун» саны 721 миллионго жетсе, 2012-жылы бул көрсөткүч 967 миллион адамга жеткен.
Окумуштуулардын айтымында, жаман адатты илештиргендердин санынын көбө­йүшүн акыркы 50 жылдан бери Жер шарындагы калктын саны өсүп жаткандыгы менен түшүн­дү­рүүгө болот. «Паровоздордун» көптүгү боюнча алдыңкы сапта Чыгыш Тимор өлкөсү турат. Аталган мамлекетте калктын 61 пайызы чылым чегет. Андан кийинки катарга Индонезия, Бангладеш, Кытай жана Орусия мамлекеттери кирет. Ал эми элинин 5 пайызы гана тамеки тарткан өлкөлөр – Антигуа жана Барбуда.

АКШ КАТУУ СУУК 21 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛДЫ
АКШнын түндүк-чы­гы­шын каптаган суук мектептер­дин жабылуусуна жана унаа кыймылынын токтошуна алып келди. Сууктун алгачкы эле күндөрү унаа жолундагы кырсыктардан жана суукка тоңуп каза болгондордун саны 21ге жеткен. Алардын арасында улгайган айым өз унаасында отурган бойдон тоңуп калган.
Температура -37 градуска чейин төмөндөп, жааган кардын калыңдыгы 65 сантиметрден ашты. Бийлик элди көчөгө чыкпай, үйдө отурууга чакырууда.
Жолдогу муз менен кү­рөшүү үчүн америкалыктар азык-тү­лүктөрдү да колдонуп жатышат. Алсак, сыр туздалгандан кийинки суу­ну, кумшекери бөлүнүп алынгандан кийинки кант кызылчасынын жана картошканын ширелерин тузга аралаштырып чачышууда.
Метеорологдордун болжолуна караганда, АКШнын түндүк жана борбордук штаттарында температура -51 градуска чейин түшүшү мүмкүн.

БАЭ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК РЕКОРД
Бириккен Араб Эмираттарынын административдик аймагы болгон Дубайда Жа­ңы жыл күнү салют атты­руу боюнча дүйнөлүк рекорд жаңыланды. Анда Жаңы жыл­дын келгенин белгилөөдө мерчемделген 400 жерден
450 миңден ашуун фейерверк атылып, жардыруу 6 мүнөткө созулган. Эң кызыгы, Дубайда шарияттын мыйзамдары өкүм сүрөт жана мусулманчылык­та Жаңы жылды өзгөчө шаң менен белгилөөгө каршы экени белгилүү. Мындай масштабдуу иш-чара менен «Гиннесстин рекорддор китебине» буга чейин 2012-жылы Кувейт мамлекети кирген. Бирок анда 100 миңден ашуун гана фейерверк колдонулган. Кийинки Жаңы жылда бул рекордду кайсы өлкө жаңылай турганын күтө туралы.

Кубаныч Сыдыков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
13.01.2014. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
блиин Дубай укмуш шаар э? качан биз ушундай даражага жетет экенбиз
13.01.2014. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктуу жанылыктар экен.
13.01.2014. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин кее бир чон курсак чиновниктерибизге да ушундай жазалар колдонулса мамлекетибиз байып эле кетмек экен.
13.01.2014. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ЖКга чогулганда эле жардырып жибериш керек,биздин эшеке минерлерди)
13.01.2014. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uluk1982, хи хи хи))))))
15.01.2014. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uluk1982 Эмне туура айтасыз! :)
15.01.2014. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Diana92kg biz Dybaiga jetishibiz ychyn olyp kaira jaralushubuz kerek. Bizdin chenovnikter ichip jep chon, chon yilordy bashka mamileketke salup atsa biz kaidan baiuibuz. Oshol feirverkti men kordym Dubaidan shymdyk boldy Palm jymeira kak palma suiaktyy denizdin ortosyna salungan byt palmda birdei salyttar atuldu.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо