Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Султан Садыралиев:«АЗЫРКЫ ЫРЧЫЛАРДА МЕНИКИНДЕЙ КҮЙӨРМАНДАР ЖОК»

№585 17-январь-23-январь, 2014-ж

Кезинде бул ырчы жигит сахнага чыкканда артынан кыздар безилдеп чуркап жолун тороп, ыйлашып, телефонго сүрөткө тартып, деги койчу, укмуш болушчу. Көптөрдүн жүрөгүнөн орун алган, 2006-жылдын «Супер ырчы мырзасы» наамынын ээси Султан Садыралиевдин баш айланткан атактуулугу, музыка деген арзуусун чындыкка айланткан адамдар тууралуу кеп учугун улантабыз.

«ЧОҢДОРДУН КОЛДООСУНДАГЫ БАЛА ЭЛЕМ»
-Чыгармачылык менен 8-класстан баштап кызуу алектене баштадым. Ал кез 1999-жылдар эле. Мектеп аралык, райондук, облустук «Жаш таланттар» сынагына калбай катышчумун. Алгач талантымды байкаган ошол кездеги мектептин директору Нуржамал эжейим болду. Эсимде, ал мага алгачкы костюмумду тиктирип берип, республикалык «Жаш таланттар» сынагына жиберген. Тилекке каршы, анда 2-орунду алып калдым. Бирок баары бир чоң жеңишти багындыргандай мугалимдер мени линейкада аябай макташып, плеер белекке беришкен. Кийинки жума кайра линейкага чыктым, бул жолу тентектик кылганым үчүн. Чынында, аябай тентек элем, ар жумада линейкада уруш укчумун.
11-класска келгенде «жылдыз оорусу» менен ооруп калгам, анткени ал кезде губернатор, аким, айыл өкмөтү баары мени таанып калышкан учур. Себеби алардын тойлоруна барып ырдап берем да. Акырында сабакты такыр эле таштап салгам. Тентектик кылсам айыл өкмөтү директорго чалып «тийишпегиле» деп койчу. Чоңдор менин каалаганымды алып берип көптүрүп коюшту. Ошентип, Таластын жылдызына айлангам.

«МАХАБАТЫМ» ДЕГЕН ЫР БАГЫМДЫ АЧТЫ»
-Бишкекке келип, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырдым. Жатаканада жашап жүрүп нан таап жешти, жан багышты үйрөндүм. Ач калдым, ток калдым, кээде бир күн кечке ачка калып, эртеси башым айланып жатса да сабакка барган күндөр болгон. Жатаканада чогуу жашаган досторум Мирбек (ред. Иманбеков), Акбар (ред. Сүйүнбаев) менен көп кабаттуу үйлөрдү кыдырып жарамазан айтчубуз. Кийин белгилүү болгондо «ии, баягы жарамазан айтып жүргөн жигит» деп таанып калгандар да болгон. Жарамазандан түшкөн акчага окуу акысын төлөп, кийим-кече алып алчубуз. 3-курста окууга барбаганым үчүн айдалып кеттим. Анан консерваторияда иштеген бир казак эже «иним болот экенсиң» деп өзү иштеген жердин жатаканасынан бекер бөлмө алып берген. Ал эже «той бар эле, барып ырдап берип койчу» деп суранса аткарып коём.
Тойлоп жүрүп Замир Арыкбаевге жолуккам. Ал мен аткарып жүргөн «Кудача кыз» аттуу ырды жактырып калып, дуэт ырдоо сунушун киргизди. Чогуу жаздырып коюп, айылга кетип калдым. Кайра шаарга келсем биздин дуэтибиз маршруттук таксилерде, кафелерде, көчөлөрдө жаңырып жатат, аябай сүйүндүм. Ал ыр менен «Хит парадда» алдыңкы орунду багындырдык. Кийин «Султан, эми башка ыр ырдап көр» деп мени «Кардиохит» деп аталган концертке чакырышты. Өзүм жаздырайын десем акчам жетпейт, анан Акбар Сүйүнбаев экөөбүз акча топтоп «Махабатым» деген ыр жаздырганбыз. Бул ыр «Кудача кыздан» да өткөн хит болду. Биз бул чыгарманы аткарып жатканда залдын титирегенин эми сураба. Ызы-чуу, кыздардын чыңырган үнү. Өзүмдү ошондо жомокто жүргөндөй эле сезчүмүн. «Махабатым» менин багымды ачты, мени Султан кылды десем жаңылышпайм.

«ПРОДЮСЕРИМ МЕНИН КӨП ШОКТУГУМА ЧЫДАДЫ»
-Концерттердин биринде Динара Эсенгулова менен таанышып калдым. Динара эженин кызыл унаасы бар болчу, аны биз «Таарынбачы» аттуу ырымдын клибине да тартканбыз. Ошол машинасы менен мени жатаканага жеткирип койду, жолдо баратып «продюсерим жок, сиз боло аласызбы?» деп сурасам, «ойлонуп көрөйүн» деп калды. 8-Март күнү чалып куттуктап, жообун сурасам макул болгон. Кийин өзү айткан «бул бала мага 8-Мартка белек болгон» деп.
Чынында, бул киши тууралуу айтчу сөз көп, менин чыгармачылыгымды бутка тургузган Динара эже. Экөөбүз нечендеген узун жолду, кыйынчылыктарды басып өттүк. Мага энемдей мамиле жасаган. Өзүм да чектен ашкан бейбаш элем, ар эки ай сайын машинамды талкалап, жолго таштап коюп кетип калчумун. Продюсерим чуркап документтерин бүтүрүп, кайра ачкычты колума карматып коёр эле. Айтор, Динара эже менин көп шоктугума чыдады. Эгер азыркыга чейин аны менен иштешсем баары башкача болот беле деп ойлоп калам. Популярдуу болуп турганда акыл-кеңешин айткандар, азгыргандар көбөйүп кетет экен. Мен да жаштык кылып койдум.

«СУЛТАН САДЫРАЛИЕВ ДЕГЕН ЫСЫМ – ОШОЛ МЕНИН БАЙЛЫГЫМ»
-Эх, биздин убактагы күйөрмандар такыр башкача эле. Сахнага чыкканда түш көргөндөй эле боло берчүмүн. Залда кыздар ызылдап, алдыма чейин келип ыйлап, чачтарын жулушканычы. Бир жолу апамды бейтапканага алып баратсам, анын алдында мени жулкуп тартып алып өпкүлөшкөнү эсимден кетпейт. Азыркы ырчыларда андай күйөрмандар жок го дейм. Балким, ал кезде эл жаш ырчыларга суусап тургандыр. Анткени көпчүлүк белгилүү ырчылар улуу муундагылар эле. Ал күндөрдү эстеп кадимкидей эс алам. Андай атактуулуктун даамын татканыма чексиз бактылуумун. Эгер азыр ырдап чыксам, андай күйөрмандарым болмок эмес.
Эң кызыктуу жаштыкты өткөрдүм, каалаганымды кылдым, ойнодум-күлдүм, жыргадым, кыскасы, жаштыктан арманым жок. «Чыгармачылыктан эмне материалдык байлык топтодуң?» деп сурагандар бар. Мен үчүн байлык-бийлик – келип-кетчү нерсе, мен элдин алдында кадыр-барк таптым, Султан Садыралиев деген атым – ошол менин байлыгым. Өзүмдү келечекте саясаттан да, бизнестен да көрө албайм, менин түбөлүктүү кесибим – ырчылык.


«Замир Арыкбаев менен «Кудача кызды» ырдап, сахнага жаңы кадам таштаган кез».

«Ыйлап артымдан ээрчиген кыздар мен үчүн жомоктой эле сезилчү».

«Ыр жаздырганга акчам жетпей, ортодон акча чыгарып Акбар экөөбүз «Махабатымды» жаздырганбыз».

Апасы Гүлмайрам:«ЫРДАП ЖҮРҮП БИЗГЕ ҮЙ САЛЫП БЕРДИ»
-Султан төрөлгөндө мага аян берген, бирөөгө жорутсам «балаң атактуу болот, кийин сыналгыдан көрөсүң» деп айткан эле. «Койчу» деп ишенбей койгом. Уулума домбра үйрөтүп, музыкага кызыгуусун арттырган бир тууган эжеси Бурул болду. Биз жашаган жакта көл бар, ошол жактан чыкчу эмес. Көлдүн башынан кирип, аягынан чыгып сүзүп, айтор, мени коркутканды жакшы көрчү. Айылдагы балдар «кыргызсың» деп кемсинткен сөздөрдү айтып коюшат окшойт, алар менен мушташып эле басып жүрчү. Казакстандагы кечелерге, сынактарга байма-бай катышып, үйдө азыр медалдары толтура. Менин уулум эч качан экинчи орунду алган эмес, биринчи, байгелүү орундарды гана жеңип келген. Аябай камкор, ырдап жүрүп бизге чоң үй салдырып берди. Дарыланганы аныкына тез-тез каттап турам. Элинин алкышына арзыган, эрке баласы болуп жүрө берсин. Султан – элдин уулу.

Класс жетекчиси Нурила Аманжолова:«10 ЖЫЛДЫКТА КЕЛИП, БААРЫБЫЗДАН КЕЧИРИМ СУРАДЫ»
-Султанды биздин мектептин атын чыгарып жүрөт деп көп эле көтөрмөлөгөнбүз. Менин классыма жалаң Султанга окшош тентек балдар чогулган эле. Класста 15 бала, 5 кыз окушту. Султан ар бир кеченин көркүн ачкан активдүү окуучулардан эле. Бирок таанылып калгандан кийин окуусун таштап салды. Өзүмдүн тилим өтпөй калганда мугалимдердин баарын топтоп ортого салган күндөр болду. Кийин 10 жылдыкта белектерин көтөрүп келип бүт мугалимдерден кечирим сураганы эсимде. Азыркыга чейин мектепке бат-бат келип турат.


 

Досу Фархат Исаев:«ЭРКЕКТЕРДИН 98 ПАЙЫЗЫ КЫЗ ЖАНДУУ, СУЛТАН ДЕЛЕ ЭРКЕК ДА»
-«Жигит болсоң шок бол» деген макал бар эмеспи, бул кеп толугу менен Султан тууралуу. Анткени андан уялчаак, тартынчаак деген сапаттарды кезиктире албайсың. Студент кезде жатаканада чогуу жашап калдык. Султанга ата-энеси Таластан, мага Ысык-Көлдөн азык-түлүк салып жиберишет. Мындай кезде бизге майрам эле, эки күн той кылып, анан майда-чүйдөбүз түгөнүп отуруп калчубуз. Акча табуунун ар кандай жолун издеп официант, кароолчу болуп иштеп жүрдүк. Султан акчаны көбүнчө ырдап тапчу. Бир жолу жегенге эч нерсе жок фасолду сууга бышырып жегенибиз эсимде.
Султандын көктүгү бар, эмнеге кызыкса ошону сөзсүз алат, жетем деген кызына да жетчү. Авазы, ырлары менен эле кыздарды өзүнө имерип алчу таланты бар болчу. Эркектердин 98 пайызы кыз жандуу, Султан деле эркек да. Популярдуу болгондон кийин «жылдыз оорусуна» кезикти. Бул нерсе Мирбекте, Акбарда деле болгон. Бирок ал убакыт өттү. Атактуулуктун жүгү оор болот. Досум Султан ушул арабаны татыктуу сүйрөп келе жатат деп ойлойм.

Экс-продюсери Динара Эсенгулова:«АТАКТУУЛУКТУ СУЛТАН ЭКӨӨБҮЗ ТЕҢ КӨТӨРӨ АЛБАДЫК»
-Султан мага келгенче «Кудача кыз» жана «Махабатым» деген дуэттери менен таанылып калган эле. Калган чыгармачылыктагы курулушун экөөбүз тургузганбыз. Жашоодогу ар бир окуя, кырдаал бул – жөн гана сыноо. Султанды тарбиялап мен өзүмө көп сабак алдым. Атактуулукту көтөрө алганы да, албаганы да бар. Менимче, муну Султан экөөбүз тең көтөрө албадык. Мындай учурда адам өзүнө туура баа бере албай, көзүн май басып калат эмеспи. Бул жаштарда гана эмес, улуу кишилерде деле кездешет.
Концерттери аншлаг менен өтүп, эл батпай айрымдар тепсендиде калган учурлар канча кездешти. Концерт бүткөндө сахна артына шашкан кыздарды көрөсүң, Султан колуна түшсө тарткылашып, талашып кетишчү. Телефонумдун жаны тынчу эмес, Султанды сурап чалган кыздар эми тажатышат десең. Бирок мунун баары келип-кетчү нерсе, Кудай бергенин алып деле коёт экен. Ошон үчүн бирөөнү таарынтпай, көңүлүн калтырбай жүргөн жакшы. Мурункудай атактуулукту Султан кайрый алабы же жокпу, өзүнүн гана колунда.

Жубайы Асел:«АРТЫМДАН 3 ЖЫЛ ЧУРКАП ЖҮРҮП ҮЙЛӨНГӨН»
-Султанды мен 6-класстан бери тааныйм, мектепте чогуу окучубуз. Мен үчүн ошол эле Султан бойдон калды. Экөөбүз 2-курстан тарта сүйлөшүп баштадык, артымдан 3 жыл чуркап жүрүп, анан үйлөнгөн. Үй-бүлө кургандан кийин эки тараптан тең түшүнүү болуш керек. Ашынган күйөрман кыздары Султанга дале телефон чалышат, мен көтөрүп калсам сылык сүйлөшүп коём, кызганчаак эмесмин.
Абдан баласаак, Акмырзаны өзү киринтип, өзү дүкөнгө алып барып кийим сатып берет. Кечээ күнү уулу экөө кинотеатрга барып мультфильм көрүп келишти. Мага да сюрприздерди жасап таң калтырганды унутпайт. Башында ырларын укчу эмесмин, азыр маанисине көңүл бөлүп уга турган болуп калдым.


Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Султан Садыралиев: "Концертимде эл батпай, сыртта калып калган"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(129)
21.01.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
талантуусун бар бол ,ар дайым элдин журогунон орун алып журо бер .ийгилик сага Султан
21.01.2014. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул мактаныш эмес, чын эле болгон да, Султандын чыгармаларын баалайм, өтө берилип аткарганбары жагат, легенда болобуз дегендерден бир топ жогору турасын, легенда болгусу келгендер ким экенин эл жакшы билет, чыгармачылык ийгилик....
SUPER.KG видео
21.01.2014. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
андай атактуулукту кайтарып алганда анда атактуулар оз данкын сактап калмак эледа жашоо ушунусу менен кызык болсо керекта адам баласы жашоодо 1 очуп жанат дегени бирок жакшы чыгармалары менен эсте калат деп ойлойм.
21.01.2014. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уну жакшы Султандын. Бирок келинчеги аябай эле кызганчаак деп окудум эле... бир коментарийлерден ошондонбу жакпай калды.
SUPER.KG видео
21.01.2014. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамдык сапаттары да мыкты жигит.Ошондо эле жонокой бала болчу.Суротко тушкучо эле тамашалашып.Аябай сыйлайм
SUPER.KG видео
21.01.2014. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
молодец дагы оркундоп ос !
21.01.2014. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын Султан!!! элдин журогунон тунок тапкан ырларды дагы-дыгы жаратышынды кутобуз. Жеке жашоондо болсо ар дайым туура чечим кабыл алуу сенин колунда!!! Жубаыйнды сыйлап, кадыр-баркын унутпа, анткени ал сенин балдарындын энеси ушну унутпа!!!
22.01.2014. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
rs7777777777 оо хххх сен да ырчы окшойсун а жанан ичин таар адам экенсин мындай болсон сени эчким адам катары корбойт адам бол.
Модератор admin_media түзөттү 22.01.2014 10:20
SUPER.KG видео
22.01.2014. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара еже туура айтыптыр браво
22.01.2014. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bashka irchilardin irlarinin1-2 gana irin jaktyryp ugasin,Sulatandiki ozgocho,baardik irlari sonun ,sozuup irdagan jerlerii...bakyrgan jerleriii,,oyy tim ele ukmush da, Azamatsin Sultan,,,Jalgyz dosum degen irinda ancha minchasy iylap jiberet,,,Menin da dosum mektepti butoyun dep kalganda,akirki konguroogo 10 kun kalganda avariyada kaza boldu,choon zalda oshol irga anin surottorunon slayt kilganibiz oto ///
22.01.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ushu adatynar kachan kalat kyrgyzdyn yrlaryn dele kazaktar kotorup ataktuu bolup jurushot .Sultanga chygarmachylyk iigilik kaalaim
22.01.2014. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Султан азамат! Мен Султанды урматтайм. Аялы гана жакпайт да, озун аябай которот экен. Султан болсо жонокой, адамгерчиликтуу
22.01.2014. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
bekssa_93_21, Мага аялы жагып,озу жакпайт. Кандай болсо да,ийгилик сага.
22.01.2014. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да озум концертке кызыга бербеген жанмын,бирок 2006-ж Ошко Султан келет дегенде атайын ошону коруш учун барганмын,мен азыркыга чейин Султанды жакшы кором.Иштерине ийгилик каалайм!
SUPER.KG видео
22.01.2014. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
азамат!!!кудай колдосун,тилегине жет.ар дайым бакытка болонуп жаша.сенин ырларынды дагы да тажабай угам.
22.01.2014. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Султан номер1 ырчылардын ичинен.сага чыгармачылык ийгилик
23.01.2014. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
султан апан жонундо айткан пикирлерин мага абдан жаккан сен элдин уулусун сага ийгилик талантын ташып тогуло берсин сен кыргыздын чыгаан жигитисин аман бол коп жаша
SUPER.KG видео
23.01.2014. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы ырдайсыз, таланттуусууз, бирок мактанчааксыз...кобуроок эмгектенип, чыгармачылыгыныз мурдагыдан башка этапка отушу керек, давно пора!
23.01.2014. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2005-2007-жылдары чыккан жаш ырчылар ото тез популярдуу болду,айрыкча Темир,Урмат,Мирбек,Ильяз,Султан дегендер.
SUPER.KG видео
23.01.2014. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менимче Султан супер ырчы
24.01.2014. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кездери мен дагы ырларын өллө сүйүп укчуумун азыр дагы угам...
24.01.2014. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sambo, nargizka.kg,
Ар бир колдонуучу өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар.
24.01.2014. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Султанды мен эң популярдуулардын популярын толуктаган ырчы катары эсептейм кыскасы ошол !!!!!!
25.01.2014. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
талантты ченебей бериптир кудайым унунуз жагат анан дагы башка ырчылардан айрымаланып стилиниз башкача соонун аябай ийгилик сизге
25.01.2014. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик сага Султан уй булолук бакыт каалайм.
25.01.2014. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Султан Мирбек...деген ырчыларга азыр эч бир ырчы жетпейт го дейм,
26.01.2014. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
485 супер ырчы
SUPER.KG видео
27.01.2014. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sultan super ! Azirda sen belgilyy , el kytkon irchisin !
29.01.2014. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Султан ака сизге ийгилик Жакшы ырдайс соз жок
SUPER.KG видео
03.02.2014. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
СУПППЕР абдан токтоо болуп калыптыр го,ИЙГИЛИК ,ЖОЛУН АЧЫК БОЛСУН!!!
SUPER.KG видео
25.02.2014. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан апан уй булон жонундо балалыгын жонундо айткандарын абдан жаккан Кыргыздын чыныгы таланттуу мырзасы домбра которсо да кыргыз деп соккон журогу бар бар бол Султан
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо