Нурзат Садыкова:«КЕЛЕЧЕГИМДИ САХНАДАН КӨРӨ АЛБАЙМ»

№585 17-январь-23-январь, 2014-ж

80-жылдарды чагылдырган «Балалык» аттуу ырдын клиби кыргыз шоу-бизнесинде жагымдуу ачылыш болгон. Ал ырды аткарган Нурзат Садыкова андан бери далай ыр жаратып, эстрадага аздыр-көптүр өз салымын кошуп келет. Токтоо, ар бир суроого маңыздуу жооп берген ырчынын маегине назар салыңыздар.

– Нурзат, сенин чыгармачылыгыңа Айчүрөк Иманалиеванын да тиешеси бар экенин билем, ошол учурга кайрыла кетсең...
– 5-6-класстан тартып Айчүрөк Иманалиеванын күйөрманы болгом. Кандай ыр ырдабасын, мен да ырдайм, анын чач жасалгаларын кайталайм. Аны туурап көкүл коюп, чачымды чөмөлө кылып түйүп көпкө жүрдүм. Кайсы гезитке интервью бербесин, аны кесип алып чогултчумун. Чогулткандарым бир альбом болгон эле. 7-классымда Миң-Куштан Бишкектин четиндеги Байтик айылына көчүп келгенбиз. Бир жолу Байтик айылына Айчүрөк Иманалиева театры менен концерт коюп келгенде ага альбомумду көрсөткөм. Ал сүйүнүп, мага каалоо-тилегин айтып кеткен.
Кийин филармониянын алдындагы эки жылдык студияда окудум. Аны бүтөрдө «Айчүрөк» театры жаш таланттарга тандоо жүргүзүп жатканын кулагым чалды. Ошондо эле элдик ырларга басым жасачумун, тандоого барганда «Сары-Ойду» ырдагам. Бир куплетин ырдаганда эле баарына жакты көрүнөт, токтотуп коюшкан. Жыйынтыгында мени тандашыптыр, анан Айчүрөк эже менен 8 ай иштегем. Эже «Ардагым» деген ырды жаздырып берген эле. Ал чыгарма радиолордон кетти окшойт. Анан «мен өз алдымча иштейин, сиздин тарбиялачу жаш балдарыңыз бар» деп жеке ырчылыкты тандадым. Бир жыл эс алып, кайра чыгармачылыкка кириштим.

– «Балалык» деген ырың жакшы чыккан, ошондой темпте иштесең көп ийгиликтерге жетишмек элең го...
– «Балалыкты» жазып радиолорго берсем, алгач андай деле дүң болгон жок. Мүнөзүм ушундай экен, өтө жулунбайм. Ыр жаздырдымбы, радиого алып барып берем, болду. Артынан чуркап «күнүгө койгула, ыраазы кылам» дей албайм.

– «Ыр жазгандан кийин артынан түшпөйм» деп жатпайсыңбы, балким, сага продюсер керектир?
– Продюсерлүү болууну эмнегедир ойлонбоптурмун. Бирок ар бир ырчыга эле продюсер керек экен. Анткени чыгармачыл адамдын жумушу көп, 2-3 жумушуңду бүткүчө күн батат же чарчап каласың дегендей.

– Ырыс Окенова продюсерлик кылып жүрбөдү беле, тандемиңердин узак болбошуна эмне себеп болду?
– Чынын айтыш керек, Ырыс эже абдан көп жардам берди. Көрсөтүүлөргө катыштырды. Ортобузда кагаз жүзүндө келишим жок болчу, оозеки сүйлөшкөнбүз. Бирок акча туурасында сөз болгон эмес. Ырыс эже мени менен иштешип жүргөн учурда өзү да кино тартуу менен алек болуп жатты. Кагаз жүзүндөгү келишимге өтөлү деп турганда эже өзү «Нурзат, сен жаш кыз эмессиң, мындан ары ишиңди өзүң улантып кете аласың. Ишимдин көптүгүнөн сага көңүл бура албай жатам» деген. Ошентип иштешпей калганбыз.

– Чыгармачылыгыңды сыйлаган демөөрчү адамдар барбы?
– Биринчиден, өзүмдүн үй-бүлөм дайыма демөөрчүлүк кылып келет. Андан сырткары тааныш эже-байкелер колдошот. Атамдын карындаштары да жакшы турушат, алар дагы колдоодон куру коюшпайт.

– Үй-бүлөң тууралуу айта кетсең...
– Эжем Перизат үй-бүлөлүү, бир баласы бар. Иним Азамат Юридикалык академияны аяктады. Эжем экөө Байтикте атам түптөп кеткен малды карап, эт сатуу менен алектенишет. Атам өзү спортчу эле, машыктыруучу болуп көп жыл иштеген. Апам болсо үйдө.

– Темирлан Сманбеков экөөңөрдүн «Ак булуттар» аттуу дуэтиңерди эл жакшы кабыл алды. Чогуу ырдоо идеясы кимдики эле?
– «Кош жылдыз» долбооруна катышмай болгонумда Темирлан агайга чогуу катышуу сунушун киргиздим. Ал макул болуп, «Ак булуттар» деген ырды ырдайлы» деп калды. Мен ага чейин бул ырды укпаптырмын. Угуп эле жактырдым. Ырдап чыкканыбызды эл жакшы кабыл алды, азыр тойлордо да ушул ырды көп сурашат.

– Бизде ырчылардын акча тапчу булагы той да, чакыруу көп аласыңбы?
– Башка ырчылар сыяктуу мен деле той менен жан багам. Тааныштар аркылуу чакыруу алам. Ставкам мынча деп айтпайм. Канча берсе ыраазы болуп алып кете берем. Мен акчага кызыкпайм. Элдин чакырганы мага акчадан да бийик.

– Эмнегедир шаңдуу ырларың аз, элдик ырларга басым жасайсың, себебин билсек болобу?
– Менин үнүм элдик ырларга ылайыктуу го дейм. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, устатым Улукмырза Полотов да «сенин тембриңе созгон ырлар туура келет» деп айтат. Ошондон улам жай ырларга басым жасайм.

– «Жигитим, жүрөгүмө жаккан адам жок» десең, баары бир ишенбейм. «Ким?» деген суроо бергим келип турат...
– Ооба, бар. Ар бир нерсенин убакыт-сааты болот. Убагы келгенде өзүм айтам.

– 2-3 аял алуу коомдо көп талкуу жаратып келет, буга көз карашың кандай?
– Мен эч качан «тиги адам 2 аял алды, бул айым 3-жубайы болуп турмушка чыкты» деп бирөөнүн турмушу тууралуу сүйлөй албайм. Ар кимдин түрдүү себеби, шарты болушу мүмкүн. Мисалы, шарият боюнча эркектер жесирлерди, материалдык жактан муктаждарды 2-3-аял кылып алышы керек. Азыр жигиттер ошондой шартта үйлөнө беришсин, эч ким талкууга албайт. «Мен мынчанчы аял болом» же «мен гана болушум керек» деп айтпайм. Тагдырыма экинчи аял болуу жазылса, качпайм. Антсе да жолдошум мен үчүн, мен жолдошум үчүн жалгыз болгонубуз жакшы эмеспи.

– Кышкы эс алуу өзүнчө чоң тема. Бул жагы кандай болууда?
– Быйыл кышта эс ала элекмин. Былтыр тоого барып чана тээп келгем. Бала кезде да чананын сазайын берер элем. Апамдын «үйгө кир» дегенин укпай таң атпай чыгып кетип, кечинде көк муштум болуп үйгө кирчүмүн. Машина өтчү чоң жолдо ызгыта чана тээп келген күндүн эртеси тамагым ооруп жатып калчумун.

– Келечегиңди кандай элестетесиң? Ырчылыктан башка кесипке өтүшүң мүмкүнбү?
– Убакыттын өтүшү менен биз деле улгаябыз. Балким, мен ал кезде мугалимдик кесипти аркалайм же жеке ишкерге айланам. Сахна жаштыкты сүйөт. Ага жаштар куп жарашат. Андыктан келечегимди сахнадан көрө албайм.

– Учурда ырчылыктан сырткары эмне менен алексиң?
– Консерваториянын элдик ырларды ырдоо бөлүмүндө 3-курста окуйм. Андан сырткары араб тилин үйрөнүп жатам. Куранды жакшылап түшүнүп, дин жаатында сабаттуу болсом дейм. Учурда Алланын түшүргөн парзына баш ийип, 5 маал намазга өттүм. Өткөн жылы жайында атамдын көзү өтүп кетти. Мен үчүн оор жоготуу, катуу сокку болду. Ошондо өмүр кыска экенин, жашоого конок катары келерибизди, бир күнү Жараткандын алдына барарыбызды түшүндүм.

– Рахмат маегиңе, дайыма чыгармачылык өсүштө бол.


«Апамдын жаш кезиндеги сүрөттөрүнөн мени көрсөңүздөр болот».

«Балалык» деген ырыма тартылган клип мени элге тааныткан».

«Атам менин жашоодогу таянар тоом эле. Тоомдун ураганы мага катуу сокку болду».

«Айчүрөк Иманалиеваны туурап чачты түйүп, көкүл кесип жүргөн кербезим».

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Эч качан өзүмдү акчага баалап кетпейм" дейт Нурзат Садыкова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(46)
SUPER.KG видео
19.01.2014. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Рахмат чоон Нурзат эже,ото соонун создорду суйлоп маек куруп берипсиз.Мындан ары жашоонузга ийгилик каалайм...
SUPER.KG видео
19.01.2014. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ооба ушундай таланттуу кыздарыбыз бар экенине шугур,талантыныз ташкындай берсин Нурзат эже !
SUPER.KG видео
19.01.2014. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ачык-айрым аябай сонун эже экен,сизге ийгилик!ыйманыныз бекем болсун!
SUPER.KG видео
19.01.2014. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынын айтыш керек.....
SUPER.KG видео
19.01.2014. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурзат, сизге ийгилик каалаймын!
SUPER.KG видео
20.01.2014. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
azamatsyz,Nurzat eje,iigilik!!!
SUPER.KG видео
20.01.2014. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nursat eje syrtky menen ichki duinosu dal kelet eken!Iigilik sisge!Jakshy maek kuruptur!
SUPER.KG видео
20.01.2014. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз Нурзат эже мен сиз менен сыймыктанам ! унунуз да керемет .))
20.01.2014. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маек аябай жакшы болгон. Жонокой, ыймандуу, адамгерчиликтуу, чыныгы таланттуу ырчы кызыбыз. Аягында ырдаганда кол чапкым келип кетти. Ийгилик каалаймын! Сонун маек!
SUPER.KG видео
20.01.2014. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай керемет жан.Аябай орунду суйлоптур.эч кандай жасалмалык жок.
SUPER.KG видео
20.01.2014. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурзат мага аябай жагасыз.Ийгиликтер коштосун.
20.01.2014. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жонокой акылдуу айым экен. Бирок намаз окуп туруп, тигинтип кийингениниз жарабайт.
SUPER.KG видео
20.01.2014. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МашаАллах ыйманыныз бар экен эмне максатта жаралганыбызды билет экенсиз намаз окунуз жакшы дагыда ыйманыныз толо берсин.
20.01.2014. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кашы аябай жагатта , бир коргон адамга сурдуу да
20.01.2014. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балалык деген ырды ырдаганы өзүнө куп жарашат.
SUPER.KG видео
20.01.2014. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек болуптур.
21.01.2014. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Таныбайт экенмин
SUPER.KG видео
21.01.2014. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчыларыбыздын баары намаз окуп баштаган го, кимди корбойун баары Исламды суйлоп калышыптыр МашаАллах
SUPER.KG видео
21.01.2014. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Садам
21.01.2014. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалаймын, аябай акылдуу, таланттуу айым!
21.01.2014. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Balalyk degen yry maga da a9bai jagat.
22.01.2014. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негедир ырчылардын баары динге конул боло баштагандай.
SUPER.KG видео
23.01.2014. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эжеке озун жакшы алып журот, ырдаганы жакшы, маданияттуу экени жагат.Хит ырларды чыгарыныз эжеке!
24.01.2014. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Блин она такая красивая. Намаз окуганы эн сонун, демек ал илимдуу кыз. Мени кун тууган деп кээ бирчеленип кетсе кантет эленер кун балдары деп ун созуп хе-хе. Сизди терен урматтайм Нурзат эже!!!
24.01.2014. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да кашы жагат, бакыт каалайм.
25.01.2014. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жагасын да. Кыргызда сендей айымдар кооп болсо экен.
25.01.2014. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат баары топ келишкен кыз бирок 2-аял болууга даярмын дегенин чатак экен.Кыз болсон эмне учун ошол созду айттын экен же нар жагы ....Баары жайында болсо уйлоно элек жигитке тийгенге эмне жетсин.Намаз окугандан кийин ошол жолдо журуу керек.Денени жаап журуу ж.б тоскоолдуктар бар ырдаганга да болбойт...
SUPER.KG видео
30.01.2014. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Темирлан Сманбеков менен ырдаган Ак булуттар деген ырын жуктоп коесуздарбы сураныч
07.02.2014. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы маек болуптур
адал ак эмгеги менен иштейт экен кыргызымдын ыймандуу кызынан экен башта эмнегедир жакпайт болчу
SUPER.KG видео
19.03.2014. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атаныздын арты кайрылуу болсун..:( Сезиминизди эн жакшы тушуном....
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо