№585 17-январь-23-январь, 2014-ж

«2013-жылдын супер тамаша тобу» наамынын ээси «Ак-Өргө city» командасы өз алдынча жаңыча иш алып барууну чечишти. Юмор менен багы ачылган топтун жигиттери той, кечелерде тамадалык кылып жүрүшөт. Эми «Ак-Өргө city» деген аталыш менен клип, кинолорго сценарий жазып башташыптыр. «Мындай идеяны мурда эле балдар менен ойлонуп жатканбыз. Убактысы келип калды окшойт, эми киного сценарий жазып иштесекпи деп турабыз. Буга чейин эки-экиден бөлүнүп иштеп жүрсөк, эми команда толук состав менен иш алып барабыз»,- дейт «Ак-Өргө city» командасынын оюнчусу Самат Эркинбеков.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |