Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КЫРГЫЗДАР – ТҮРК ЭЛДЕРИНИН ТАМЫРЫ»

№585 17-январь-23-январь, 2014-ж

Кыргыздын жери кереметтерге бай. Алардын бири – көпчүлүгүбүз биле бербеген алыскы Лейлек районунда, кадимки Түркстан тоолорунун этегинде жайгашкан, кыргыздын каңды уруусунун түп ордосу Баул-Ата айылында. Ал эмне болгон керемет экен? Ушундай суроо туулары бышык. Бул айылдын өйдө тушунда башынан эчен кылымдын жакшылык-кыйынчылыктарын кечирген чынар терек бар. Жергиликтүү калк аны Катта-Терек деп атайт.
Алты чоң киши катар туруп кулачтаса кулачы жетпеген бул теректин жашын билүүгө кызыкдар болгон Баул-Атанын тургундары демилге көтөрүп, Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан дарак жашын өлчөөчүлөрдү чакыртышканын айтышат. Айыл тургундарынын айтымында, алар «чынар терек болжол менен 1150-1200 жашта» деген тыянак чыгарып кетишкен.
Көңүлдү кытыгылаган мындай маалымат акын жана журналист Бектуруш Салгаманинин «Каңдылар-1» аттуу китебине жарыяланды. Колубузга капыстан тийген бул китеп кызыгууну жана бир топ суроолорду жаратты. Алсак, ошол эле чынар терек баяны. Китепте ал атактуу Бабур хандын ысымы менен да байланыштырылат. Мисалы, ал өзү жазып калтырган «Бабур-наамада» «...Андарак суу, Илек суунун (Андарак суусу азыр деле ушул аталышта, атүгүл Лейлекте ушундай аталыштагы айыл да бар. Ал эми Козу-Баглан дайрасы ал кезде Илек суу деп аталган) наийасында (ортосундагы аймакта), чоң чынардын түбүндө энеме өз хаймамды (чатыр) тиктирип бердим. Өзүмө талдан алачык жасап отурдум. 23 жашымда ошол чынардын түбүндө устара койдум» деген баяндоо бар.
«Устара койдум» дегени «сакал-мурутумду кырдым» дегени. Ошондо бул окуя 1505-1509-жылдардын аралыгында болуп, Бабур биринчи мертебе ээгиндеги кылды алган. «Чоң чынар» деп азыркы Баул-Атадагы даракты айтып жатпайбы! Азыр алты адамдын кулачы жетпеген терек ошондо эле, 1500-жылдары аябай үлкөн болгону ырасталат. Бабур ал жерде убактылуу гана өргүү алып, анан Хорасан аркылуу Ооганстанга ооп кеткен»,- дейт китептин автору Бектуруш Салгамани.
Тарых барактарына кайрылсак, Бабур Орто Азия аймагынан куулган соң Ооганстанга ооп, учурдагы Индия, Пакистан, Ооганстандын басымдуу бөлүктөрүн бириктирген Улуу Могол империясын түптөгөн.
Аталган китепте учурда кыргыз элинин катарындагы каңды уруусунун таржымалы иликтенип, ал тээ биздин заманга чейинки шумерлерге, же кытайлар атагандай айтсак, гунндарга барып такалган. «Бул китепти жазууга белсенгендеги максатым – кыргыз элинин түп­тө­лү­шүндө каңдылардын орду чоң экенин айткым келди. Ал эми кыргыздар – башка түрк элдеринин тамыры. Бул казактар же өзбектер буза албай турган чындык»,- дейт автор.
«1100-жылдары азыркы Ала-Бука, Чаткал тараптан Түркияны көздөй 100 000 атчан кеткен. Түркмөнстан, Сирия, Иран, Ирактарды кезип барып, 12 деңиздин ортосун жактырышып, ошол жерди байырлап калышкан. Мына ушул топту баштаган лидерлер каңдылар болчу. Ал маалда 12 деңиздин ортосунда 200 жылдан ашуун өкүм сүрүп келе жаткан Византия империясы бар эле. Учурдагы Кыргызстандын аймагынан ооп баргандардын салган тамы, сайган талы жок, ат жалындагы адамдар эле. Согушуп, улам тартып алып отуруп Константинополду талкалап, Осмон империясын курушту. Андан кийин 35 император өкүм сүрдү. Ошон үчүн түркиялыктар башка түрк элдерине караганда кыргыздарды жакын тутуп, «биздин түпкү тегибиз» дешет. Мисалы, 1993-жылы Кыргызстанга келген Түркиянын ошол кездеги президенти Тургут Өзал «Сиздер, кыргыздар, «биз 3 миллион элебиз» дебеңиздер. Биз Түркияда 60 миллионбуз, биз сиздердин бир тууганыңарбыз» деген».
Осмон түрктөрүнүн түпкү теги каң­дылар болгонун казак санжырачысы Шаакерим Кудайберди уулу «Түрк­төр­дүн, казактардын, кыргыздардын жана хандардын чежиреси» аттуу китебинде белгилеп, «Каңдылар күчтүү жана даңктуу уруу болушкан. Стамбулдагы осмон түрктөрү – каңдылардын тукумдары» дейт.
Мына ушундай кызыктар жана дагы бир топ тарыхый иликтөөлөр «Каң­ды­лар-1» китебинде чагылдырылыптыр.

Асия Алиева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(12)
20.01.2014. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Теректин баяны мага аябай жакты. Ал жакты жакшылап изилдесе, балким, археологиялык табылгалар да чыгышы мүмкүн... Бабур ал жерде бир саат же бир күн отурбаса керек, канча жашаган, кандай шартта жашаган ж.б.
20.01.2014. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men kandymyn birok kadamjay rayonunda tuulgam znachet kadamjayda kandylar kop
20.01.2014. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каңдылар Баткенде да көп.
21.01.2014. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ноокат районунан Анжиянга чейинки аймакта жашаган Кыргыздардын басымдуу бөлүгүнүн уруусу Каңды. Кокон хандыгынын бийлигин дагы Каңдылар тизгиндеп турган. Бабур хандын Могол империясын түптөшүнө дагы салымдарын кошушкан.
22.01.2014. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай тарыхка бай эл экенибизге сыймыктанышыбыз керек.Ата-бабабыз башыбызды жерге салбай тургандай из калтырып кетишкен.Илгерки элбиз,казактар кыргыздан чыккан деген маалыматтарды казактар чычалап тогунго чыгарып жатышат.Озбектердир болсо кайдан келгени да белгисиз,теги жок эл.
23.01.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Теректин баяны чындап жакшы экен. Азыркы Араб мамлекеттеринин шейхтери кандылардан тараган дешет. Жакында Барак Обама ВВС ге берген интервьюсунда, мен канды уруусунан болом деп айтыптыр. Ошондой эле Франция менен Англиянын корольдору да канды уруусунан тараган деп айтылат.
23.01.2014. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен азыр ушул айылдамын саар кулачтап кором го
24.01.2014. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм дагы 5 жыл Обама президент болсо буткул дуйно канды болот ко
03.02.2014. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ООба негизи Канды уруусу аябай чон , булар Кыргы Башкыр казак озбек элдеринин туптолушуно аябай чон салым кошушкан. Обама, араб шейхтери франсуз президенти канды экен дегенинер кулкулуу аябай кулкум келди!!! Атамбаевке окшоп жатасынар да Манас этнический орус дегендей Кутузов кыргыз дегендей хахаха уят
21.02.2014. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nn992 Манас алтайдан чыккан Алтайда торолгон. Азыр Алтай Россияга коз каранды . Балким Атамбаев ошол себептен айткан чыгар.
09.05.2014. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул менин суйуктуу айылым Баул айылындагы канды уруусу жана анын корку болгон Чынар-Терек жонундо соз болуп жаткан турбайбы ... эх эх айылым айылым айылыма баргым келди, атыр жыттуу абасынан таткым келди ...
09.03.2016. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да Кандыданмын. Озгондукмун . А чон атам негизи. Анжияндын Дардак айылынан кочуп келген Озгонго. Уруумун тарыхы мындай экенин билбей журупмун тообо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо