«КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖЕЛЕГИ АСТЫНДА ГАНА ЧЫГАМ»

№586 24-январь-30-январь, 2014-ж

Кыргызстандын бокс тарыхында Орзубек Назаров, Андрей Курнявка сыяктуу белгилүү боксчулар чыгышкан. Тилекке каршы, көп убакыттан бери мушкерлерибиз эл аралык мелдештерден куру кол кайтышып, чоң ийгиликтерди багынта албай келишкен. Бизге ийгилик эми жылмайганбы, айтор, акыркы убактарда боксчуларыбыздын арасынан жеңил салмактагы боксчубуз Азат Усеналиевдин таскагы катуу чыгып, оозго алынып жаткан учуру.

«АГАЛАРЫМ БОКС ЗАЛЫНА ЭЭРЧИТИП КЕЛИШКЕН»
– Бир тууган 2 агам тең бокс менен машыгышчу. Алар мени 4-классты аяктагандан кийин Токмок шаарындагы спорт мектебине алып барышкан. Ошентип, биринчи машыктыруучум Ильяз Маровдун колунда машыга баштадым. 2 ай өткөн соң бокс боюнча окуучулар арасында өткөн мелдешке катышып, жеңүүчү болгом.
Кичинемден тарта агайым Ильяз Маров тарбиялап, ушул деңгээлге алып чыкты.

«АПАМ, БИР ТУУГАНДАРЫМ КОЛДОП ТУРУШАТ»
– Атам Султанбек, тилекке каршы, каза болуп калган. Апам Гүлшайым жана агаларым Талант, Данил Токмок шаарында турушат. Мен эң кичүүсүмүн. Үй-бүлөм жеңишке жетишсем кубанышып, жеңилип калсам дайыма колдоп турушат.
Бош убактымды апам, бир туугандарым жана досторум менен чогуу өткөргөнгө аракет кылам.

«ТАЛЫКПАГАН МАШЫГУУЛАРДЫН НАТЫЙЖАСЫНДА ЧЕМПИОН БОЛДУМ»
– Иорданиянын борбору Амман шаарында болгон Азия чемпиондугуна улуттук курама командабыздын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов агай бизди катуу даярдады. Талыкпаган эмгек жана жакшы даярдык көргөнүбүздүн артынан ийгиликке жетиштик. Мелдешке Азиянын мыкты мушкерлери катышышты. 52 килограммга чейинки салмакта 4 беттеш өткөрүп, бардыгында тең упай айырмасында утуп, чемпион аталдым. Менден башка мушкерлерибиз да татыктуу жыйынтык көргөзүшүп, командалык эсепте 27 өлкөнүн арасынан 4-орунду алып келдик.

«УКРАИН АТАМАНДАРЫ» МЕНЕН ЖАРЫМ ЖЫЛГА КЕЛИШИМ ТҮЗДҮМ»
– Азия чемпиондугунан кийин биз менен Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясында (WSB) беттештерди өткөрүп жүргөн «Украин атамандары» командасынын жетекчилиги байланышка чыгып, командага кошулуу сунушу түшкөнүн башкы машыктыруучубуз айтып калды. Машыктыруучум, үй-бүлөм менен кеңешип, жарым жыл «Украин атамандары» командасынын курамында беттеш өткөрүүгө келишим түздүм.
Командага жаңы кошулганда эле мени жакшы кабыл алышты. Түрдүү өлкөлөрдөн келген мушкерлер менен бат эле тил табышып кеттим. Мага окшогон легионерлер беттешке 1 ай убакыт калганда Киев шаарына барып, олимпиадалык базада жайгашабыз.
Биздин да, ал жактын да машыктыруучулары СССР убагындагы спорт мектептерди аякташкандыктан, машыгуу системи көп деле айырмаланбайт. Мурун 3 раунддук беттештерге чыгып жүрсөм, эми 5 раунддуктарга чыга баштадым. Андыктан чыдамдуулукту арттырган машыгууларды көп жасай баштадым.
«Украин атамандарынын» атынан өткөргөн 2 беттеште тең жеңишке жетиштим. Алардын атынан беттештерге чыкканым менен, расмий мелдештерде Кыргызстандын желеги астында гана чыгам.

«БОКСЧУЛАРДАН КОНСТАНТИН ЦЗЮНУ БААЛАЙМ»
– Ар бир боксчу башкалардан айырмаланып турат. Атактуу боксчулардын ар кандай кыймылдарын, рингде өздөрүн алып жүрүүлөрүн байкап, сүйлөгөн сөздөрүнө чейин маани бергенге аракет кылам. Боксчулардын арасынан орусиялык Константин Цзюну баалайм.
Рингде тез кыймылдап, ылдам соккуларды узатуу менин жакшы өздөштүргөн ыкмаларым десем болот. Нокаутка эмес, упайга басым жасаган мушкермин. Келечекте менин да профессионалдык рингге чыгуу максатым бар.

«ЭМКИ АТААНДАШЫМ НЕМИС ЖЕ ИТАЛИЯЛЫК БОКСЧУ БОЛОТ»
– 2013-жыл мен үчүн абдан ийгиликтүү жыл болду. Азиянын бокс конфедерациясы «Жылдын ачылышы» наамын мага ыйгарышы мен үчүн күтүлбөгөн жагымдуу кабар болду. Буюрса, быйыл да чоң ийгиликтерди жаратканга аракет жасайм.
Эми кайра январдын аягында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясындагы (WSB) кезектеги беттешке даярдануу үчүн Киев шаарына барам. Эмки атаандашым немис же италиялык боксчу болот.
Андан кийин быйылкы жылы Кореяда боло турган Азия оюндарына кызуу даярдык көрө баштайбыз. Бул мелдештерде да Кыргызстандын атын чыгарганга аракет кылабыз.
Бокс боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу АДЫЛХАН БЕКБОЛОТОВ Азат тууралуу:
– Азатты 17 жашынан бери тааныйм. Жөнөкөй, бир калыпта жүргөн жигит. Машыктыруучунун айтканын рингде аткара алган, «чемпиондук мүнөзү» бар спортчу.
Талыкпаган эмгеги менен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Азиянын чемпиону аталып отурат. Белгилүү Орзубек Назаровдон кийин эле чет өлкөлөр менен келишим аркылуу иштешкен боксчу болуп эсептелет. Азат кайрадан кыргыз боксун жандандырып жатат десем жаңылышпайм.

«Украин атамандарынын» атынан өткөргөн 2 беттеште тең жеңишке жетиштим».

«Ушул деңгээлге жеткирген машыктыруучум Ильяз агайга ыраазымын».

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(20)
27.01.2014. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Azamatsyn!!! Azat.
Iigilik saga!!!
27.01.2014. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азат ийгилик сага!
27.01.2014. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чоон-чоон жеништерди кутуп калабыз ийгилик!
27.01.2014. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
500 жигит
27.01.2014. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик сага кыргыздын азамат жигиттеринен бол
27.01.2014. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын Азат Кыргыз желегин ар дайыма желбиретип женишке жетип журо бер Аллах озу колдосун сени !
27.01.2014. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
молодец
27.01.2014. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
красавчик братишка
28.01.2014. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын,далай мушкерлерди багындыра бер.Ийгилик!!!
28.01.2014. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец Азат биздин пайдасы жок карды чампайган чондордон сен патриоттуулука татыйсын ийгилик сага.
28.01.2014. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызымдын чыныгы мырза жигити.молодец
29.01.2014. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsyn azat!senin meldexterindi korup oturup senin kanyngan kara kok-manastyn kanyn korgondoi bolom.apangada yrakmat!ataluu uuldar ar kaida shaldyrap juruxso...

-uluu zhongguodan agaying
30.01.2014. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматт!!! Иним Алгаа!!! Кудайым сага куч-кубат берсин!
30.01.2014. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын! Ден соолук сага! озуно окшогон мыкты жигиттер дагы да кобойсун Мамлекетибизде
30.01.2014. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан да чон ийгиликтерди багынтышынызды каалайбыз,кыргыз эли дайыма сизди колдойт.Ийгилиииик!!!
30.01.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красавчик!!!
31.01.2014. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маладец красавчик кыргызымдын желегин желбирет ийгилик
04.02.2014. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын, Азат! Ийгилик жана ден-соолук! Бар бол!
05.02.2014. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркексин иним.Кыргыздан да дуйнону титиреткен чемпион чыксын.Эгер проф.бокска барайын десен нокаутка басым жаса.Алардын публикасы кандуу нокауттарды баалайт.
11.03.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красавчик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо