ОБАМА ДА ЖАРДАМ БЕРЕ АЛБАГАН БАРАК АЙЫЛЫ

№586 24-январь-30-январь, 2014-ж

Гезитибиздин «Элет үнү» рубрикасынын астында мекенибиздин айылдарын кезеги менен чыгарып турууну чечтик. Айылдардын абалы, көйгөйү, башкаларга окшобогон өзгөчөлүктөрү жана кызыктары менен тааныштырабыз.
Анда күтүңүз, биз сиздин айылга да барабыз. Өзүңүздүн айылыңыздагы кызыктар, көйгөйлөр тууралуу маалымат бергиңиз келсе, koom@super.kg электрондук дарегине кат жөнөтүңүз.
Барак эксклавына өзбек чек арачылары бир да ММК өкүлдөрүн киргизишпейт. Жергиликтүү элге да фото, видеоаппаратураларды алып кирүүгө- алып чыгууга уруксат жок. Буга чейин Барактын абалын чагылдыруу максатында чек арадан өтүүгө аракет жасап, бирок андан майнап чыккан эмес эле. «Учурда Барак айылынын элинин көпчүлүгү Ош шаарынын айлана-тегерегинде, түйүнчөктөрүн көтөрүп ар кимдин үйүндө күн кечирип жүрүшөт» деген кепти угуп айылга кире албасак да, алардын жашоосун өздөрүнүн айтуусунда чагылдырып берүүгө далалат жасадык.

Айыл тургундары жыйналыш өткөрүп, көйгөйлөрүн кантип чечүүнү акылдашууда.

БАРАК ТУУРАЛУУ
Барак – Өзбекстан аймагындагы Кыргызстанга караштуу эксклав (эксклав – бир же бир нече мамлекеттин аймагы менен толук курчалган бир өлкөнүн аймагынын бөлүгү. Барак - биздин өлкө үчүн эксклав болсо, Өзбекстан үчүн анклав болот). Өзбекстандын Анжиян облусу курчап турат. Оштун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө карайт. Чек арадан 1,5 чакырым алыстыкта орун алган. Аймагы 4 чарчы чакырым. Айылда 158 түтүн, 2 миңге жакын жаран жашайт.

«Айылга Кыргызстан тараптан дан азыктары менен мөмө-жемиштерди гана киргизүүгө уруксат берилген. Эт жана башка азыктарды, шириндиктерди биздин балдарыбыз тоё жешпеди»,- дешет жашоочулар.

Саткын Зиаидинова:«ӨЛСӨМ СӨӨГҮМ АЙЫЛЫМА КОЮЛБАЙ КАЛАБЫ ДЕП КОРКОМ»
– Барактыктар кыйынчылыкты аябай эле тарттык. Мурунку азаптары аз келгенсип, былтыр 17-январда өзбек тарап Сох анклавына байланыштуу жолду жаап, чычкан өткүс кылып коюшту.
Министрлер келишет, бир буудайдын данынчалык пайдасы тийбей кайра кетишет. Эки ирет мамлекеттен жардам киргизишти. Анын да бир жолкусунун унун бекер, ал эми май, пияз, картошка, самындарын карызга беришти. Акчасы барлар төлөштү, жоктор төлөй албай азыркыга чейин кыйналып жүрүшөт.
Биз көргөн күндү ит да көрбөсүн. Базарыбыз алыс, дарыгерибиз жок. Дарыгер бар болсо дарысы жок, дарысы болсо ийнеси жок, дары, ийне болсо дарыгер өзү жок. 15 мүнөттүк жолду жаап салып, 12 саат айланып Оштогу ооруканага жеткенче өлүп калган балдарыбыз да болду. Аябай кыйналганда былтыр май айынан баштап үйлөрдү бекитип, казан-аяк, кийим-кечектерибизди алып Ош шаарынын тегерегиндеги ар кимдин короосуна отурукташа баштадык. Айылдан бир тоок, бир мал алып чыга албайбыз. Жашообуз дыйканчылык менен өтчү, жыйналган дан эгиндерибизди да сата албайбыз. Малды сата алгандар сатып чыктык, азыраак малы калгандардын үйлөрүндө бир-экиден адам жашап жатат.
Азыр биз бейтааныш эле бирөөнүн үйүндө күн кечирүүдөбүз. Жакшы адамдар экен, үйүнүн 2 бөлмөсүн жашап турганга берип, өздөрүнө азык-түлүк, көмүр алса бизге да кошо алышат. Кызымдын 3 баласы менен кошо чыкканбыз, менин 4 миң сом пенсиям менен жашап жатабыз. Жашоо татаалдашып баратат.
Жашым 86да, баарын көрүп бүткөм, менин бир гана өлөрүм калды. Тилегибиз – артыбыздагы балдарыбыздын жашоосу жакшы болсо. Анан бирөөнүн үйүндө жүрүп өлүп калсам, сөөгүм өзүбүздүн үйдөн чыкпай, өзүбүздүн көрүстөнгө коюлбай калабы деп корком.

Диларам Мурзаева:«БИЗ КЕТСЕК ЖЕРИБИЗДИ ӨЗБЕКТЕР ЭЭЛЕП АЛЫШАТ»
– Баракта малыбыз да көп уурдалат. Короо-короо койлор, бир нече баш уйларды айдап кетишет. Чоңдор «сабыр кылгыла, чыдагыла» дегенден башканы айтышпайт. Чыдаган сайын өнүкпөй, артка кетип жатабыз. Эл чыгып кетебиз деп жатат, анда жерди өзбектер ээлеп алышат. Өкмөт шарт түзүп берсе, айылда эле жашап, жерди коруп бермекпиз.
Мектепте онго жетпеген окуучу, музыка, кол эмгек жана дене тарбиядан сабак берген 3 эле мугалим калды. Бир бөлмөдө бир тактаны 3-4кө бөлүп, бир бөлүгүнө 3-класска тийиштүүсүн жазышса, экинчи бөлүгүнө 4-класска тийиштүүсүн жазып, 3 мугалим кыргыз тилин да, математикасын да окутуп жатышат. Калганы чыгып кетишкен, балдарыбызды бул жактагы мектептерге, интернаттарга бердик. Балдар бирөөнүн үйүнүн кайсы жерин чийип коёт деп кооптонуп жашайт экенсиң.
Постто туруп суук, шамал аркыраган жерде ички кийимиңден бери 2-3 саат текшеришет. Өткөнчө балдарыбыз эмес, биз да ооруп калабыз.

Чек арадан өтүү учурунда посттогу ажатканага Барак айылынын тургундарын киргизишпейт экен. «Кирбегиле, кыргыздарда микроб бар» деп айтышат. Эгер кирип калсак, кайра алып кирип ажаткананы жуудуруп, анан чыгарышат»,- дешет айыл тургундары.

Азада Мамытова:«АЧ КАЛГАН ИТТЕР БИРИН-БИРИ ЖЕЙ БАШТАШТЫ»
– Бул жакта жүрүп айылыбызды сагынабыз. Көчөдөн барактык кошунабызды көрүп калсак ыйлап-ыйлап алабыз. Айылга барсаң ээн, мурдагы шаңдуу, бакылдаган эл жок. Көпчүлүк үйлөр бош калып, иттер ачкалыктан бирин-бири жей башташыптыр. Аларды атканга айыл боюнча бир да курал жок, дары берип араң өлтүрүштү.
Айылыбыз аябай берекелүү жер. Бир жылда 2 жолудан, кээде 3 жолудан эгин жыйнап алчубуз. Кыргызстанга өтчү жолду ачып берип койсо жашай берет элек. Анте алышпаса, Оштон эле жер үлүшүн беришсе, Барактагы үйлөрүбүздү бузуп келип ушул жакка там тургузуп алмакпыз.
Жакында кыз бердим, үйүм жок, кудаларым бир келгенде тууганымдын үйүнө коноктодум, экинчи келишинде башка тууганымдыкында коноктодум. Кызымды узатканда дагы бир тууганымдын үйүнөн чыгардым. Бойго жеткен балдарыбыз бар, аларды үйлөнтүш керек. «Кайдан үйлөнмөк элек?» деп коюп жүрүшөт, ойлоп алып ыйлайм. Ылайдан дубал тургузуп, үстүн жаап, терезесин кагаздан тосуп болсо да үй куруп алсам арманым жок эле. Алачыкка да зарбыз. Көпчүлүгүбүздүн балдарыбыз мигрант болуп жүрүшөт. «Келгиле» десек «Барганда кайда жашайбыз?» дешет.

Шааркан Мырзаева:«БАРАК ОБАМАГА КАТ ЖАЗГАНБЫЗ»
– Мурун кыйналганда «бул жерден кетебиз» десек, абышкам так секирип «кичи мекенимди, элимди таштап эч жакка кетпейм» дечү эле. Оңолбосуна көзү жетти окшойт, эми «кетпесек болбой калды» деп, Ошко келдик. Азыр ар кимдин үйүндө жүрөбүз.
Айылыбызды 2 жыл мурун бай уулу деген канаттуу каптап кеткен. Ал үкүгө окшогон, бирок тумшугу узунураак канаттуу. Илгертеден «бай уулу байырлаган жерде адам калбайт» деп айтылган кеп бар. Ошол сыңары биздин айылда да адам калбады.
Мектепте иштеген чет тили боюнча мугалим бир күнү үйүбүзгө келип калган экен. Менин абышкам «Ай, Дөөлөт, Барак Обамага кат жазып көрбөйсүңбү, сенин атыңда айыл, ал айылда аябай чоң көйгөй бар деп» дегенинен ал мугалим Барак Обамага кат жазган. Аз убакыттын ичинде эле «Мен эки мамлекеттин чек ара иштерине кийлигише албайм. Эгер силерге жер берилип калса, ал жерге оорукана, мектеп куруп берүүгө жардам берем» деген жооп келди.
Сары-Колоттон жер беришти. Төрт ашуу ашып бир колотко барат экенбиз. Жеткенче унаабыз чаң болуп, айнегинен сырт тарап көрүнбөй калды. Ал жерде кантип жашаарыбызды элестете албай жатабыз.

Элдин учурдагы абалына ыйлагың келет. Көздөрү үмүттүү карап, «кайсы чиновник келип, жол маселесин чечип берер экен...» деген сөздү айтып жатышты.

Барак айылынын көрүнүшү.

Айылдагы жалгыз оорукана.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(79)
27.01.2014. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Суротун коруп кандай сонун айыл дедим. Мурда куностуу жерим кыргызстан деген созго коп маани бербеген экем. Кандай сонун фергана ороону, момо жемиш учун дуйнодо мындай жер жок го. Жан дуйнону ыйлатты.
28.01.2014. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул макаланы алып чыкканынар жакшы,а бирок алып чыгып,маалымат катары берип коюп тим болбой,элдин пайдасына жыйынтык чыгаргыла.Колунардан келет.Дуйнодо бийлик м-н журналисттердин колунан баары келет,аны жасайбы,эл үчүн кызмат өтөйбү бул ЧОН МАСЕЛЕ,КЫРГЫЗ ЭЛИМЕ ТЫНЧЧЫЛЫК,ЖАКШЫЛЫК жана ИЙГИЛИК!!!
28.01.2014. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул мне жеген кордук туугандар качан ойгонобуз кыргыз елим? Озбектердин деле онклафтары барго сох шаймардан сыяктуу емнеге биздин бииликтегилер ушуга окшого проблемаларды карабайт....митингден башы чыкпайт биздин чондор озун гана ойлойт озбек тажиктерди чек арачылары кыргыз.н ичине кири келип наглый еле кыргыз.ды атып кетип атса биздин чондор оозунарды ачыып отура бергиле бирин бири коро албайт чукулашып отур бергиле минтип журо берсенер кыргыз деген улутту жок кыласынар Е Кудаай инсап беер..
28.01.2014. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин курсагы челкийген чондорубуз мындай койгойдуу маселелерди корсо да кормоксон укса да укмаксан болушат.А эгер ошол жерде акча же байлык жатканда талашып жатып калышмак.Бири бирин чукуп ана мындай жеп атат тиги мындай ишке отурду деп кычыгына чейин текшерип чыгышат.Улутубуздун мекенибиздин менталитетин байлыгын да ушинтип бири бирин чукуп коргошсо кандай болоор эле.Кундон кунго мекенибиз жоголуп баратканына окуносун..Бири кетсе бири келет байагы эле сайасатчылар. Аларды мен эстарткандакорго
28.01.2014. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дегеле биздин саясатчыларыбыз алмашайын деген туру жок.Баягы эле атамбаев баягы эле текебев баягы эле депутатар министирлер мэрлер.Бири кетсе бири келет эстафета ойунундай.жаштарга орун берип кичине экономикабызды же ушул айылга окшогон ички койгойубузду тезирек чечисе болбой калды. Окуп алып зеенин кейийт. Менин жашым 30га келди эстарткандан бери ошолэле адамдар журушот баягы эле орун талашмай алмашайын кетейин деген ойлору жок.Урматуу Барак айылынын жашоочулары сиздерди тушунобуз колдойбуз
28.01.2014. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ооой биздин атка минерлер чече албаган койгойду Обамо чечмек беле ал озунун мамлекетиндеги койгойду чече албай эл нааразы болуп атса
29.01.2014. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Корунгон мамлекеттен тиленип акча сураганча,тизелеп барып 2000 боорун учун 2 гектар жер сураса да жараша турган койгой турат!ошол адамдардын сообу балким Оомат алып келээр беле?
Аллахтын раазычылыгы учун ушул боордошторго жер берип курулуш материалдарын берип сообуна калчу Окмот барбы?
29.01.2014. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ош областьында элдин 50% процентти озбектер бизнесмендер озбектер базарлардын баарында жайнайт уйлору шаардын ичинде ошолорду айдасын памирдеги барактагыларды алып келиш керек памирдиктердин жашоосу аябай оор
30.01.2014. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nurik..asem, +1
сен менен мага окшогондор отурабыз мындай ой менен, бирок азырынча бийлик колго келе элек. Келгенде анан ишке ашырабыз!
29.01.2014. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Озубуздун жерлерибизге ээ боло албай,озубуздун жерибизде кор болуп, Кудай берген бекер сууну сатып ичип, айланып кетейин башчылар ушул койгойду чечип берип койгулачы деп озубуз КЫРГЫЗДАР мамлекетке жалдырап, жаштарыбыз ушинтип университет эмес мектепке бара албай, кыйналып олбостун кунун коруп жашап жургондо,БИЙЛИКТЕГИЛЕР биринин бирин байлыгын чукуп, эптеп эле каматып, элге жакшы коруунун амалын издешип очойгон айлык алышып, миллиондоп материалдык жардам алышып жеп ичип отурушат.Кудайга койдук!
31.01.2014. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Suluwka_1992, кудайга койдук дебей атабыз баарын хххххх боккурсактарды
Модератор admin_media түзөттү 31.01.2014 10:22
29.01.2014. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бир айыл элин коргой албаган башчыбыз, бутундой кыргыз элин кантип коросун.
29.01.2014. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олкодогу ушундай койгойлорду чече алышпагандан кийин бул бийликтин бизге эмне кереги бар туугандар айткылачы? Окуп алып айласыздан козго жаш алат экенсин. Кыскасы бийликтегилерге соз жок! Ушул ыйлаган энелерибиздин каргыштары тийсин бийлике. Бобоктордун убалы тийсин!
29.01.2014. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олкодогу ушундай койгойлорду чече алышпагандан кийин бул бийликтин бизге эмне кереги бар туугандар айткылачы? Окуп алып айласыздан козго жаш алат экенсин. Кыскасы бийликтегилерге соз жок! Ушул ыйлаган энелерибиздин каргыштары тийсин бийлике. Бобоктордун убалы тийсин!
29.01.2014. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой ненди..! Алар бизге ушундай мамиле кылса, эмне үчүн биздеги анклавтарынын тамырын буушпайт? Кандай мамиле кылса, ошондой жооп кайтарышпайт? Биздеги анклавтарынын, күрөө тамырын буушпайбы, мынча 'гумандуу' боло бербей! "Микроп бар"- деп жийиркенишкени уже слишком!.. Биздин ишенгендер, кожа менен капталган кресло менен, таңгакталган акчадан башка эч нерсе көрбөй калышкан эбак эле.. А тиги эргулдар-
Х- х.й
О- отмен
П- получишь-
29.01.2014. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо силерге рахмат.. Бийликтегилер айкол, иш билги, патриот, таза адамдарды Мелиске окшогон бут бийликти ишке салып кызматка жолотпой жатса кайдагы жаштар кайдагы таза адамдар келет бийлике??? Бир гана тонкоруш болбосо бул бийликтин козу кор болуп калды.. Бийлик Озбек бийлиги менен суйлошуп Барак айылын башка бир айылга алмаштырууга неге аракет кылбайт, КТРден тоону томкоруп ойду омкоруп койдук дешип кобуртуп элди алдаганды жакшы билетго.. Уят Алмаз Жанторо Асилбек ойгонгула..

29.01.2014. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Kowuluunun keregi jok Atambaev Satybaldiev Jeenbekovdor eldi aldap jatat,kowulsak antebiz mintebiz dep. Eptep ele elden koldoo taap bizdin makuldugubuz ele kerek alarga,any koiup birin4i 4ek aradagy koigoilordu 4eiwsin 1 problema uwul.
29.01.2014. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
АШАны жактап мактаган адам аз эле калыптыр. Баардык интернет желелерде наалат айтып жазып жатышат. Козунорду ачкыла бийликтегилер. Же бир нерсе болсо чу кое кете турган маалыбыз келди деп баарыбир болуп отуруша бекен?
31.01.2014. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Dooron, жаштар. тонкоруш кыла турган болсок аэропортторду жабышыбыз керек ато алар учуп кетет
29.01.2014. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликти аябай мактап жазган арзыматтар бар эле го sagun,narunduk,lep888,kg-777,aidai2010 дегендер. Булар бир да комментарий жазышпаптыр го бул жерге. жок дегенде-Буйурса кыргызстан онолот деп койбойсунарбы АША ны туурап
30.01.2014. 07:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Adahan.myrza,
Мен да ушул ойду жазайын дедим эле.
Алар менимче бийликтеши эле адамдар да Ниг ачып алып эле наркы берки болуп бийликти мактап жазышат.Мына мындай маселе болуп калса окубай ...унчукпай отуп кетишет ...жазбай кормоксон болушуп...
Кудайым баарыбызга инсап берсин .Бийликтегилер силергн озгочо!!!
30.01.2014. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Adahan.myrza, ха-ха-ха бычаксыз сойупсунго.
30.01.2014. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Adahan.myrza, ен туура, соз мн езип коюпсун
30.01.2014. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер-Инфо рахмат ! силер болбогондо биздин атка минерлер Барак деген айыл бар экенин билбесе да керек еле .Ынсап берсин !!
30.01.2014. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликтегилердин кулагы кер коздору кор эле болуп калса экен ушу кичине нерсени чече алышпаса ушул элдер болбогондо бийлике коту да батпайт болчу))))
31.01.2014. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Барак мурда кандай сонун айыл болчу ,менин тага журтум .Азыр же бара албайбыз ,же туугандар менен корушо албайбыз.Той болсо мейли барбаса болоберет ,бирок олум болсочу ?Апам уйдо отуруб ыйлаб,балан тууганым отубтур деб баралбастан отурат.Дагы жакшы телефон бар.
31.01.2014. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстанды онолтуш биздин колубуз да.Биринчи озубуздон башташыбыз керек.
01.02.2014. 06:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин чондорго Акча кана керек мындай нерселерди каращпайт оз элин ойлоп участка берсе болмок жок дегенде анан оздору бирдеме кылмак калганын зангыратып уйлорду салбай ошондойлорго жардам берсе болмок ошончо элдин сообу тиймек жардам бергендерге....
01.02.2014. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ош шаарын борбор кылганда озусарттар азайып оштуктаргада жашоо женил болмок качанга чейиин бишкекти кармап отура беришет
02.02.2014. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул айылдын тагдыры ото эле оор абалда экен силерге рахмат патриоттук сезиминер куч кыргыз учун жан аябаган инсан экенсинер ушундай шартта калсанарда айылынардан баш тартбай атканынар журок кубантат. чек ара маселесин чондор чечбегени келерки шойлоого фишка кылып кутуп атса керекда. шайлоо болордо чек ара маселесин чечишетда бийликке отуруп алышат тоону онкоргондой. биз дагы деле алданып кала беребиз алар болду андан нары чонтокторун кампайта журо беришет жумшак креслодон тушбой
02.02.2014. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдышукур Нарматовдун китептерин окуп олтуруп ушул агай президент болсо Кыргызстан алга жылаар беле деп ойлоп кеттим.
02.02.2014. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жардам сурабагылачы...
02.02.2014. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tokon myrza dagy sohtu tolugu menen jaap salsa, alar ozdoru jalynyp kelip a4at barakty kyrgyzstanga baylanywtyrgan 4ek arany. kadamjayda ozbek kyrgyz atyw bolgondo, kyrgyzstan ozbekstan menen 4ek aralaryn tolugu menen japkanda, ozbekstan birin4i bolup sohto azyk kalbady,kirgizeli ddep sunuwtagan. korkoy ele jaap salgyla ozdoru keleet.
02.02.2014. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келгиле кыргыз элим, бирдиктуу болуп баарын женели, кыргызым жерин душманга тебелеткен эмес!
03.02.2014. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чиновниктерибиз ушундай маселени чечкендин ордуна бирин бирин жамбаштарын чукулашып чу-чулорун терип олтурушат акылсыздар десе !!!!!
03.02.2014. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий э!!! Жакшынакай айыл экен го..?
Кейиштүү..((
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо