№586 24-январь-30-январь, 2014-ж

– 9-классты бүтүп Жалал-Абад шаарындагы Маданият техникумуна тапшырган кезим. Эжемдин үйүндө турчумун. Бир күнү жарымы жок 1 сом текчеде туруптур. Үйдөгүлөргө «карап тургула, мен азыр бул акчага бир нерсе сатып келем» деп кыйын болуп көчөгө чыктым. Анан Эрнис деген досумду ээрчитип дүкөнгө бардым. Айрык акчаны кичинекей кылып бүктөп эжеге бере салып, токочун алып качып жөнөдүк. Дос балам салмактуураак эле, ал кармалып калган. Мен качкан бойдон барып аны күтүп тургам, анан эле карасам жарты акчаны бергеним аз келгенсип, 2 токоч алыптырмын.
Ошондогу сатуучуну алдаганымды эстегенде азыр бир чети күлкүм келсе, бир жагынан уялып калам...
Рахат Саидова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |
болуп,озун жоктоткусу келбесе керек