ДЕПУТАТТАРДЫН КӨБҮ КЫЛМЫШКЕРЛЕРДИ КОРГОП ЖАТЫШАТ

№586 24-январь-30-январь, 2014-ж

Өткөн аптада «Коррупция», «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренелери боюнча айыбы бар чиновниктерди кайсы убакыт болбосун жазалоого мүмкүнчүлүк бере турган мыйзам долбоорун көпчүлүк депутаттар колдобой, өткөрбөй коюшту. Аталган долбоор «Ата Мекен» фракциясы тарабынан сунушталган эле. Добуш берүүдө «ата мекенчи» депутаттар 100 пайыз колдосо, «Ата Журт» 100 пайыз каршы чыкты.

«ЭСКИРҮҮ МӨӨНӨТҮ КЫРГЫЗСТАНДА ЭҢ АЗ»
Кыргызстанда мыйзам чыгаруучу, дегеле башкаруучу биринчи орган болуп саналган Жогорку Кеңештеги эл өкүлдөрүнүн мындай жоругунан соң коомубузда «паракорчулук менен жашоодо ийгиликке, карьералык өсүүгө жана бакубаттуулукка жетүүгө мүмкүн жана андай иштер үчүн жооп бербейсиң» деген ой расмий түрдө бекемделди. Өткөн жылдын 20-декабрь күнү «Коррупция», «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренелери боюнча Кылмыш кодексине киргизилүүчү өзгөртүүлөрдөн турган мыйзам долбоорду биринчи окууда 61 депутат колдогон болчу. Анда жогорудагыдай кылмыштар боюнча айыпталуучуну кайсы учур болбосун жоопко тартууга каршы чыккандардын саны 34тү түзгөн.
«Кылмыштын эскирүү мөөнөтү (ред. учурдагы мыйзам боюнча 10 жыл) аяктагандыгы үчүн коррупцияга тиешеси бар адамдар жазага тартылбай калбашы керек. 20дан ашуун өлкөлөрдө мөөнөт 35 жыл деп белгиленген. Кыргызстандыкы болсо эң аз, 10 жыл»,- дейт мыйзам долбоордун демилгечиси Өмүрбек Текебаев.

«ЭЛ БААТЫРЛАРЫН» ЭСТЕП КАЛЫҢЫЗ
Мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылганы менен, чечүүчү этапта каршы чыккан депутаттардын саны 34төн 55ке жогорулады. 15-январь күнү каттоодон өткөн 99 эл өкүлүнүн 44ү гана паракорлор кайсы учур болбосун жоопко тартылуу керектигин колдоду. «Ата Мекен» фракциясы мыйзам долбоорду 100 пайыз колдосо, КСДП, «Ар-намыс» жана «Республика» эки ойдо калып кетишти. Ал эми «Ата Журттун» бир дагы депутаты «макул» деген добушун бербей, паракорлордун жаза алышына каршы чыгышты.

ЧИНОВНИКТЕР ЧЕТИНЕН КУТУЛА БАШТАДЫ
Мыйзам долбоору талкууга алынып баштаганда «Кумтөр» боюнча 2003-жылы мамлекетке зыяндуу келишим түзүүгө катышкан аткаминерлерди жоопко тартууга мүмкүн болмок» деп жатышкан. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2003-жылы экс-президенттин уулу Айдар Акаев, «Кыргызалтын» ААКсынын ошол кездеги президенти Камчыбек Кудайбергенов жана өкмөт башчы Николай Танаев «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоону канадалык компания менен уюштурушкан. Дал ошонун кесепетинен мамлекет кенди көзөмөлдөөдөн кур калган.
Жогорку Кеңеште жогорудагыдай окуя болуп жатканда, 16-январь күнү «Кумтөр» долбоорунун алкагындагы макулдашууларга кол коюудагы коррупция факттары боюнча соттук процесс башталып, анда канадалык тарап менен сүйлөшүү жүргүзгөн эксперттер тобунун мүчөлөрү Азимбек Жолошов, Нурлан Алымбаев, Дүйшөнбек Камчыбеков жана экс-министр Темирбек Акматалиев менен алардын жактоочулары сотко «эскирүү мөөнөтү бүткөндүгү үчүн кылмыш ишин токтотууну» суранган кагаз киргизишти. 22-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту жогорудагы төрт соттолуучуну кылмыш жоопкерчилигинен бошотту.
Ушундай эле негизде айыпталып жаткан дагы бир экс-министр, учурда «Газпром нефть Азия» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеп жаткан Болот Абилдаевдин жактоочусу азырынча сотко мындай өтүнүч киргизе элек.
Кылмыш мөөнөтү эскирди деген жагдай КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Мамат Орозбаевге да «жардамын» тийгизген. Башкы прокурор Аида Салянова аталган депутатка карата кылмыш иши бар экенин, бирок мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу токтотулганын айткан эле.

«ТАЗА АДАМДАРДЫН ТАНДАЛЫШЫНА ЖАН ТАЛАШЫП КАЛЫШАТ»
Аталган мыйзам долбоорун демилгелеп чыккандардын бири, «Ата Мекен» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты АСИЯ САСЫКБАЕВАНЫ кыска маекке тарттык.

– Мыйзам долбоорун кайрадан добуш берүүгө алып чыга аласыздарбы?
– 21-январь күнү регламент жана депутаттык этика боюнча комитеттин жыйынында кээ бир депутаттардын (ред. Каныбек Иманалиев, Хажимурат Коркмазов, Курманбек Дыйканбаев, Майрамкүл Тиленчиева жана Талант Узакбаев) кайрылуусу каралды. Алар «мыйзам долбоорго добуш берүү күнү жок болчубуз, бирок биздин ордубузга кимдир бирөөлөр «каршы» деген добуш берип коюшуптур» дешет. Жыйындын соңунда аталган мыйзам долбоорун кайрадан добуш берүүгө жөнөтүүгө макул болдук. Комитеттин чечими спикердин колуна тиери менен бул маселе кайрадан добуш берүүгө коюлат.

– Каршы чыккандардын башкы себеби «Кумтөрдөн» башка эмне болушу мүмкүн?
– Кээ бирлери бийликке «уурдайм, бюджетке кол салам» деп келет экен. Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, канча деген мыйзам бузууларга жол берилген. Бир эле мисал, кендерди иштетүү боюнча лицензияларды сатууну алалы. Кезинде пара үчүн кендерди кармата беришкен.

– Каршы добуш бергендердин көбү «бул мыйзам долбоор кабыл алынса саясий куугунтук башталат» деп актанышууда. Сиздин жообуңуз кандай?
– Парламенттик шайлоонун алдында депутаттыкка талапкер болчу тизмени Башкы прокуратура же укук коргоо органдары түзгөн эмес. Кийинкиде ар бир саясий партия ойлонуп калат, «кандай адамдар менен шайлоого чыксак болот?..» деп. Эл алдына таза адамдарды алып чыгууга жан талашып калышат. Бул мыйзам долбоор стратегиялык мааниге ээ, ошол үчүн ар бир жаранга таасири тийбей койбойт.

БЕКЕШЕВ ЭМНЕ ҮЧҮН КҮЙҮП ЖАТАТ?
«Ар-намыс» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев аталган мыйзам долбоорун колдоодо кесиптештерин коркпоого чакырууда. «Мен депутат болбогонумда, бул мыйзам долбоорун кабыл албаш керек дегендерди көрүп таң калмакмын. Кээ бир депутаттар «мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин саясий куугунтук башталат» деп жатат. Алар эч нерседен коркпошу керек. Эмне үчүн мынчалык каршылык көрсөтүү болуп жатканын түшүнбөй жатам. Эгерде күнөөңөр жок болсо, аны соттон далилдеп аласыңар»,- дейт Д.Бекешев.

Гезит басууга кетерде Жогорку Кеңештин депутаттары аталган мыйзам долбоорун кайра добуш берүүгө кайтарып келишип, 58 депутаттын «макул» деген добуш берүүсү менен мыйзам долбоор 2-окуудан өттү. Эми, алдыда 3-окуу калды.

«Супердин» сурак бурчу
ООР КЫЛМЫШТАРДЫН ЭСКИРҮҮ МӨӨНӨТҮН ЖОЮУЧУ МЫЙЗАМ ДОЛБООРГО ЭМНЕ ҮЧҮН «МАКУЛ»/ «КАРШЫ» ДОБУШ БЕРДИҢИЗ?

Урмат Аманбаева, «Республика», «макул» добушун берген:
– Кайсы бир мамлекеттик кызматкер иштеп жүргөн мезгилинде өлкөгө зыян келтире турган иш жасаса, анда ал мөөнөтүнө карабай сөзсүз түрдө жазаланышы керек. Саясатчыбы, жеке ишкерби, колунда бар, колунда жок адам болобу эч нерсеге карабастан, бардык жарандарга мыйзам долбоору бирдей иштеши керек. «Кумтөр» боюнча келишимге келгенде, буга алгач эле келишим кабыл алынган маалдагы президент Аскар Акаевдин көмөгү бар. Ар бир мамлекеттик ишмер өмүр бою зыян келтирүүдөн коркуу сезими менен иштеши керек. Коркуу болсо жоопкерчилик да болот.

Эркин Алымбеков, «Ата Мекен», «макул» добушун берген:
– Бул мыйзам долбоору чындап эле керек. Мисалы, 2003-жылы «Кумтөр» келишими боюнча мамлекетке зыяндуу келишимди ишке ашырууга катышып, кыргыз улутуна кыянатчылык кылып, анан жоопкерчиликтен качып кеткиси келген жетекчилер үчүн керек бул мыйзам. Жылдызкан Жолдошова айтып жатпайбы, «мыйзам долбоору кабыл алынса, бийликке каршы сүйлөгөндөрдүн баарын камап салат» деп. Андай эмес. Бул болочок муун үчүн да көрүлүп жаткан аракет.

Данияр Тербишалиев, КСДП, «макул» добушун берген:
– Паракорлук менен күрөшөбүз десек, кылмыш мөөнөтүнүн канча өткөнүнө карабай жоопко тартуу болушу шарт. Айрым чоң аткаминерлер кезинде өлкөгө канчалаган зыян келтирип, жеп-ичип алышып, чет мамлекеттерде жүрүп, 10 жыл убакыт өткөндөн кийин кайра келип, депутат же дагы бир бийлик өкүлү болуп алышууда. Мамлекеттик кызматка барчунун «мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп мыйзам бузсам, качан болбосун жоопко тартылам» деген сезими болушу зарыл. Бул мыйзам долбоорун баарыбыз колдошубуз керек.


Жылдызкан Жолдошова, «Ата Журт», «каршы» добушун берген:
– Эл аралык стандарт боюнча, кылмыштардын эскирүү мөөнөтү 10 жыл. Өнүккөн өлкөлөрдө 15-20 жыл. Бирок кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн жокко чыгарган мыйзам долбоорун кабыл алууга болбойт. Кандай гана мамлекетке зыян келтирген коррупциялык иш болбосун, аны 10 жыл ичинде иликтеп бүтүүгө болот. Болуптур 15 жыл берилсин, бирок мөөнөтсүз кылууга каршымын. Мындай мыйзамдын кабыл алынышы өч алуу айлампасынын пайда болушуна жол ачат.

Исхак Пирматов, «Республика», «каршы» добушун берген:
– Аталган мыйзам долбоорго каршылыгым жок. «Коррупция» менен «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» беренелери боюнча колдойм. Бирок мыйзам долбоору артка кайтуу күчүнө ээ эмес болуп жатат. Ал бүгүнкү күнгө чейинки кылмышкерлерге колдонулбай калып жаткандан кийин, анын эмне кереги бар? Үчүнчү берене боюнча алып караганда, каршылыгымдын себеби, 10 жылдан кийин деле бийликтегилер кайсы бир өзүнө жакпаган мамлекеттик кызматкердин үстүнөн кылмыш ишин козгой берүүсү мүмкүн (Эске салсак, “Кыргызнефтгаз” ишканасын жетектеп жүргөн маалда мамлекетке чыгым келтиргендигине байланыштуу депутатка карата 2011-жылдын декабрь айында кылмыш иши козголгон. ).

Мамытбай Салымбеков, КСДП, «каршы» добушун берген:
– Бул мыйзам долбоорундагы кылмыш ишин козгоону мөөнөтсүз кылып өзгөртүү туура эмес деп ойлойм. 15 жыл болобу, 20 жыл болобу мөөнөтү болуш керек. Бул тууралуу өз пикиримди айтып, канча бир убакытка мөөнөт бере тургандай кылып талкууга алалы деген сунушумду билдиргенде депутаттар кагып коюшкан.

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(39)
27.01.2014. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл бул жепутаттарды тойгузгандан коркушпайт да, жепутаттар озунун жеп жатканынан корушабы? Менимче каршы болгон жепутаттардын баарында кылмыштары бар деп ойлойм. Буларга "Нааалат!
27.01.2014. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мыйзам күчүнө кирсе, Үзөңгү-Куушту саткан Алгачыларды, Каркыра менен Көк-Сайды саткан ак жолчуларды да кылмыш жообуна тартуу керек.
27.01.2014. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kubanychbekkagan, эгер бул мыйзам жаны жылга чейин кучуно киргенде депутат Курманбек Осмонов да Кумтор боюнча турмодо чиримек. Болот Абилдаевдер да. Тилекке каршы Газпромдун жетекчиси Миллердин кийлигишуусу менен мыйзам кечигип кабыл алынып жатат. Буга Атамбаевдин жаны жыл алдында Миллер менен жолугушуусу далил боло алат. Орустар бизди туздон туз башаарып жатат. Кыргыз газдын сатылуусу ушуга алып келди. Болот Абилдаев азыркы учурда Газпромдун кыргызстандагы жетекчиси болот.
27.01.2014. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каршы деген депутаттар оздорунун мурунку жеп ичкендеринен коркуп жатканы корунуп эле турат го.,Жылдыз эжебиздин "Курманжан датка"фонду ж-гу ызы-чуулар анан Пирматовдун Кыргызгазды жетектеп тургандагы махинацияларын да ушу депутаттар жоопкерчиликке тарттырбай коюшкан,эн коп айлыкты да депуттаттар алышат,булар эл учун иштебей эле оз кызыкчылыктарын ойлоп отурса бизге кереги барбы мындайлардын???Казнаны соргондон башка эмне пайда алып келет...
27.01.2014. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Saiha.84, Пирматов эми сумкечин чогултуп жатса керек, кармай электе жоголойун КР деп...
27.01.2014. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ата-журт партиясы 100% каршы чыкпадыбы 1 добуш беруудо, экинчисинде качып кетишти жыйындан, себеби 100% оздору коррупционер...
27.01.2014. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ата журт партиясында жалан кылмышкерлер экен 100 пайыз каршы чыгышты.
27.01.2014. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
narunduk, Бир бол партиясынын кожоюну Алтынбек Сулайманов эн коп каршылык корсоткон депутат болуптур. Себеби жиндиге деле белгилуу да. Анын бир бол деген париясына акаев менен бакиевдин учурунда олгончо уурдаган чиновниктер Чудинов баш болуп кирип алышыптыр. Эртен шацлоодо Бир Бол деген партия катыгып калса тан калбагыла. А.Сулайманов ошондой уурулар менен шайлоого барарын билип алардын камын коруп мыйзамга каршы чыгып жатат. Сулаймановдун озу деле абад эмес экенин ким билбесин.
27.01.2014. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жолдошева,каргага тенелем деп каздын буту сыныптыр болбойлучу! Онуккон олколордо силерге окшош жемкорлор жок,ошол учун онугуп жатат. Бизге бул мыйзам созсуз керек!
27.01.2014. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы жаштар депутаттарды жек коруу менен осуп жатат Себеби ушул кыйынчылык турмушка 20 жылдан бери жеп тойбогон чондор куноолуу
27.01.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамытбай Салымбеков,Жолдошева,Приматов жана башка каршы добуш берген депутаттар озунордун кылган ишинерден качуунун жол жообосун издоо менен убара болбогула силерди буткул кыргыз эли билип калды
27.01.2014. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
созсуз колдош керек деп ойлойм бул мыйзамды ошондо таза адамдар калат парламентте болбосо жеп туготушот Крны
27.01.2014. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
колдош керек экен бул мыйзам жакшы ойлонулган мыйзам экен азамат текебаев кыргызга керек экендигин дагы бир жолу далилдеди.
27.01.2014. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
колдош керек экен бул мыйзам жакшы ойлонулган мыйзам экен азамат текебаев кыргызга керек экендигин дагы бир жолу далилдеди.
27.01.2014. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Koldogon kundo dagy tolk 4ykpait, bayagy bayagy Baltabaidyn tayagy degen kep bar go owonun synaryndai kaitalana beret. Iweni4 da kalbady bul 4inovnikterge.
27.01.2014. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеси болсода аман болсун акчалуу киши суйлоп калган заман ак ийилет бирок сынбайт1 ар бир иштин суроо жообу болот аллахым ар бир кыймыл аракетибизди коруп турат!бийликтегилер мумкун башта качып кеткендерди коруп онолоор????кыргызстандын= онуктурсо боло биринин артына бири суу куйганча
28.01.2014. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо Он жыл мурункукорупционерлердин иши жабылып кетти башка каралбайт дегенге коз карашынар кандай,мисалы жер саткандар кумторду мыйзамсыз пайдалангандарга бул мыйзам кодоого алынса ал иштер жабылат.а бул олтурган жеп жутарлар жеерин жеп бутуп калды бул мыйзам 2014 жылдан баштап кабы алынса иш бутот корупционерлерге!
28.01.2014. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Депутаттардын кобу кылмышкерлерди коргоп жатышат"! Анткени, "Карга карганын козун чокубайт"!...
28.01.2014. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул саясатчылардан конулум деле калып кетти иштесе честно мекен учун иштеши керек чонток олгон учурда деле толбойт озум учун иштешет айрымдары .... Кыргызстан учун иштегени саналуу гана почти жок деле болуш керек ((
28.01.2014. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээй туугандар ойлонгулачы бул эн эле туура эмес,себеби: азыр текебаев менен атамбаев бир ошого бул бийлик кетсе ордуна башкасы келсе буларды жазалайтда оштогу окуяга бишкек революцияда Текебаевдин адамдары атып журуптур элдерди ошолорду ачыка чыкпасын деп атаандаштарын,кыйындарды,каршыларын куугунтуктайт бул мыйзам менен К.Ташиев,А.Келдибековдорду каматты себеби алар кийинда бийлике келбесин бизди каматпасын депкоркуп атышат,бийлик кимде болсо каалаган адамына каалаган куноону коюп камата берет
28.01.2014. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эми коросунор Жылдыз Жолдошованын моюнуна бар нерсе коюшат жакында,себеби ош окуясын баштагандары тууралу дисктерди чыгарган ошодо Озбектерди агитациялап жургон текебаев Атамбаевдер елего,Отунбаеванын ери озбек,текебаевдин Апасы озбек Атамбаевдин аасы озбек и азырда Озбекстанда жашашат байкеси кыргызча суйлой албайт,анан ушулар кыргызга куйобу телевидение газеталарда бийлик не десе ошону жазат!!!
29.01.2014. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
legenda23, 100 % кошулам.
29.01.2014. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кашак жылдызга эмне жок
29.01.2014. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
моонот койсо да, койбосо деле депутаттар оздорун оздору актап. жакбай калса каралап отургузуп коюшат.. канча мыйзамдарды кабыл алып бирок оздору аткарышбайт. . коп суур иин казбайт дегендей алакандай кыргыз элиме 120 депутаттын эмне кереги бар. бизге жакшы иштеген 7 депутат эле жетмек.
29.01.2014. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээбироо оз чонтогу учун, кээбироо тынч жашоо учун кылмышкерлерди коргоо алып жаткандыр...
Кыскасы мындайларга чучкургум деле келбей калды!
29.01.2014. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozdoru da kylmyshka aralashkanda
29.01.2014. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугада Бакиев кунолуу..))
30.01.2014. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элден баарын жашырып жапсан болот, ал эми Кудайдан кантип жашырууга болсун. "Кокустук" - бул жон жерден болбойт, ал эбепке- себеп болуучу белги. Бугун менин ойум бут жерде тактык жаралып тендик, акыйкаттын нуру келип жатат. Андыктан ким тактыкты, тендикти, акыйкатты бузган болсо ал оз жасаларын алууда. Мындан качып бекинип калчуу далдаа жок. Бир гана окунуу же зор соопкерчилик куткарбаса бир гана Кудай озу билет жагдай кандай болуп кетеерин. Коркпой, уркпой карангылыктан ачыктан -ачык чыгуу кере
30.01.2014. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзамды толук колдош керек!!! Миллиондорду сугунуп ЭЛ ырыскысын жеген жэмкорлорду жоопко тартыш керек!
30.01.2014. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх Кыргызстан
31.01.2014. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Легенда 23 тон башкалар жашоодо козун жумуп жашагандар окшойт.Ушул мыйзам кабыл алынса эле жашоо онолот деген -жомок.Бул -саясий куугунтук башталат деген соз.Мамлекеттик кызматта иштеген адамда анча-мынча ката кетиши мумкун любой маалда камай берсе болчу беле.Сразу эле далилдеп камаса болот.Бийлик кыйын болсо миллион эмес миллиарддарды жеген Акаев,Бакиевдерди апкелип камабайбы.Ташиев,Келдибековдор деле жегендир эмне Атамбаев,Текебаевдер жебей иштеп жатышабы...
31.01.2014. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы бийлик колдон бийликти алдырсак кийинки бийлик кылган нерселерди билип алып бизди турмодо чиритет деп оппозицияны муунтуп атат.Бакиевдин байлыктарын элге откоруунун ордуна оздору болуштуруп алышты.Озбек-кыргыз тополонун оздору чыгарышты себеби бийлик алмашып кетуусу мумкун эле.Элдин конулун башка жакка буруп жиберип алаксытып калышты.Батыровду камаса болбойт беле оздору чыгарып жиберишти себеби *мени камасанар баарын ачык айтам* деди.Мырзакматовду болсо оной эле шыпырышты бул бийликболбой
01.02.2014. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20 жылдан бери Текебаев башкарып келе жатат бизди.бул мыйзам кабыл алынса деле ал качан керек болгон адамга эле иштейт депутаттар элди ойлоп койбойт ар ким озун коргойт бул мыйзам азыр кимдир бироого керек болуп аткан окшойт.
02.02.2014. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чондорго кайран мыйзам.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо