Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Тынар Курбаналиев:«МАГА НААМДЫ ҮЙГӨ КӨТӨРҮП КЕЛИШСЕ ДА АЛБАЙМ»

№586 24-январь-30-январь, 2014-ж

Убагында «Бешилик» тобунун куудул жигити Тынар Курбаналиевге ашык болгон кыздардын саны өтө эле көп болгон. Андан бери сан жылдар өтүп, узун бойлуу, сындуу Тынар «кеңейип», бир үй-бүлөнүн кожоюнуна айланды. Кичинекей баладан тартып, абышка, кемпирге чейин катыра туураган куудулдун жүрөгүн өйүткөн кандай маселелер бар, чогуу тыңдайлы.

– Тынар мырза, бала кезде азыркыдай куудул болом дечү белеңиз?
– Мен кичине кезимден эле актёр болгум келчү. Бала чактан азыркы күнгө чейин КРнын Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтовду кумир тутуп келем.
Мектепте тентектик кылып, мугалимдер менен талашып-тартышып, «эмнеге силер мен каалабаган сабакты окута бересиңер?» дей берчүмүн. Химия сабагынан берген эжеге «кааласаңыз эки эмес, нөл коюңуз, мен баары бир дарыгер же химик болбойм. Бул сабактардын мага кереги жок» дегенимчи. Чынында, азыркыдай куудул болуп борбордо иштеп калам деген ой жок эле. Алгач Жалал-Абаддын «Барпы» театрында аппарат коюучу болдум, аз-аздан театрда ойноп жүрүп куудулдукка аралашып кеттим.

– Куудулдук кесибиңиздин күнгөй-тескей жактарын айта кетпейсизби?
– Маданият министри Султан Раев муну окуса окуп, таарынса таарынып калар. Бирок Маданият министрлигине канча киши келсе, бирине да ичим жылыбады. Карасаң эле жаңы чыккан ырчылардан «бул наам алды, тиги наам алды» деп калышат. Ал эми эл болсо «эмнеге жаңы чыгып келаткан ырчыларга наам бере берет?» деп бизден сурайт. Мен, Абдылда байкем айтмакчы, наамды үйүмө көтөрүп келсе да албайм. Кыргыз маданиятына эмгек жараттым деп догурунбайм деле. Мен үчүн элдин берген наамы андан бийик турат.
Мына жакында Абдылда Иманкулов элүү жылдыгын өткөрүп Спорт Ордосунда эки күн концерт берди. Эки күн тең залга эл батпай, билет баасы 1500 сомго көтөрүлбөдүбү. Демек, анын кадыр-баркы бар үчүн, аны эл баалаган үчүн ушундай болуп жатат. Азыркы наам алып жаткан ырчылардын концертине эл батпай калганын көрө элекмин. Менин устаттарым Жаныбек Алыкулов, Жамбыл Камчиев, Абдылда Иманкуловдордун наамы жок. Айтылуу куудулдар Манас Бердибеков, Дөөлөт Мадымаевдердин да наамы жок өтүп кетишкени кейитет.

– Үйдө сизди колдоп, сүйөп-таяп турган жубайыңыз тууралуу билгибиз келди...
– Жубайымдын аты – Элиза, азыр бала менен үйдө отурат. Экөөбүздүн таанышканыбыз да кокустук болду. Ал кезде мен «Бешилик» куудулдар тобунда иштечүмүн. «Россия» кинотеатрында концерт бермекпиз. Эрте келип алган экем, күтө турайын деп скамейка жакка барсам кыздар отурушуптур. Аларга «ушакташып турбайлыбы, кыздар» деп тамашалашып, сүйлөшө кеттик. Кыздардын арасында менин келечектеги жубайым бар болчу. Элизаны ошондо эле жактыргам. Андан кийин кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, баш коштук. «Балалуу болгондо жубайлардын сезимдери балага өтүп кетет» дешет. Андай деле эмес экен, биздин сый-урматыбыз баштагыдай эле, Кудайга шүгүр.

– Бала демекчи, мурунку жубайыңыз Лилия Абдыбаитова экөөңөрдүн ортоңордогу уулуңуздан кабар алып турасызбы?
– Балада эмне күнөө? Уулум Эмир азыр 3-класста окуп калды. Кээде үйгө алып келип турам, карындашы экөөнүн мамилелери жакшы. Кызыбыз Адема болсо 1-класска барды.

– «Чыгармачыл адамдар менен жашоо түйшүктүү» дешет. Жубайыңыз андай нерселерди кантип жеңип келет?
– Башында бирөөлөр чалса кызганып, ыйлап, капалана берчү. Азыр баарын түшүнүп калган. Бирөө чалып жатса көңүл бөлүп да койбойт (күлүп). Негизи, менин жиним чукул. Ошон үчүн мага көп нерселерди айтпайт, билгизбегенге аракет кылат. Негизи, катуураак башкаруу, балдарга бекем тарбия берүү биздин, ата-энелердин милдети. Башкалардай болуп «бизде чыр болбойт, урушуп кеткенибизде мен ашканага кирип кетем» дебейм. Жашырбайм, жиним келгенде келинчегиме колум тийип эле жүргөн.

– Жиниңиз эмнеден улам келиши мүмкүн?
– Мен абдан баласаакмын. Жеңеңер баланы уруп жиберсе, жиним келип кетет. Ошондуктан үйдө көбүнчө баланын айынан чыр чыгат. Акыркы кезде келинчегим намаз окуп жүргөндүктөн, мурункудай уруш болбой калды. Таарыныша кеткенде күнөө менде болсо да, өзүнөн кетсе да кечирим сурайт. Ушул убакка чейин аял кишиден кечирим сураган жан эмесмин.

– Кайын журтка кандай күйөө бала болуп, кызмат кылуудасыз?
– Негизи, Казарманда күйөө балага от жактырып, иш кылдырышат экен. Бирок кайын журтума барсам мени андай иштерге аралаштырышпайт, сый көрүп келе берем.

– «Ата конушунда кичүү баласы болуш керек» дешет. «Атамдын үйүндө калышым керек эле» деп өкүнбөйсүзбү?
– Туура, мен үйдүн кенжесимин, үйдө калышым керек болчу. Бирок жумуш, шартка байланыштуу үйдөгүлөр уруксат беришкен. Апам Жалал-Абадда, колунда кичинесинен баккан небереси бар. Ал үйлөнүп, очор-бачар болуп калган. Уул катары акчалай болсо акчалай жардам көрсөтүп турам. Башка бир туугандарым 1000 сом беришсе, мен 2000 дегендей, эки эсе көбүрөөк берем. Айрымдар жумушу чыгып айылына барышса, мен бир туугандарымды, апамды сагынып кетсем жолдон баратып эле Жалал-Абадга кетип калам.
Эки-үч жыл мурун атамдын үйүн оңдоп коёюн деп куруу иштери бүткөнчө кыйналып кеттим. Ошондо атамдын кадырын билдим. Атам жети баласын өстүрүп, байкемдердин баарына үй салып бөлгөн эле. А биз болсо баарыбыз биригип бир атамдын үйүн оңдогончо жүдөп жатабыз.

– Адамды ыйлатуу оӊой, күлдүрүү кыйын эмеспи. Тамашаңыздын мурчу жок болуп калган учурлар кездешсе керек?
– Албетте, элди күлдүрүү бир топ түйшүктүү. Биздин кесип эстрада ырчыларыныкындай эмес да, фонограмма менен ырдап койгудай. Бизде музыка жок, кара сөз менен күлдүрөбүз. Башкалардыкындай даярданалы десек же театр жок. Таң атпай Абдылда байкеге чалабыз, «сиздикине бүгүн эч ким келбейби?» деп, кийинки күнү Борончу байкеникине барабыз, меникине келебиз, ошентип жүрүп даярданабыз. Кээде убакыт жетишпей, сатира толук иштелип чыкпай калат. Ошентип максатыбызга жетпей калган учурлар көп эле кезигет.

– Сиздерден башка дагы элге күлкү тартуулап жүргөн «тамашоучуларга» көз карашыңыз кандай?
– Долбоордун негиздөөчүсү Эрмек иним азамат, ошол балага ичим жылып жүрөт. Жаш балдарды жаман нерседен алаксытып, жакшы жакка даярдап жатат. Негизи, КВН менен куудулдарды салыштырып болбойт, экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Бир жолу биз да концертибизге «тамашоучуларды» чакырганбыз. Балдар тапыр-тупур болуп ойноп, чыгып кетишти. Кийин мага келип сурап жатышпайбы, «кантип элди күлдүрөсүздөр?» деп. Биздин чөйрө башка, алардыкы башка да.

– Келечекте сиздердин жолуңуздарды улантып кетчү жаңы агым барбы?
– «Беш тапан», «Жоролор» топтору биздин кийинки муун. Бул топтун ар биринде бирден таланты күчтүү бала бар. Болгону аларга Рахман байкеге окшоп багыт берген киши жок болуп жатат. Мисалы, Орусияда бир Задорнов же Петросянга 60-70 сатирик текст даярдап беришет. А бизде 60-70 куудулга бир Рахман Разыков сатира жазат.

– Маегиңизге рахмат.

«Коомдогу терс көрүнүштөрдү тамаша менен элге жеткирүү биздин милдетибиз».

«Айылды, бир туугандарымды сагынсам, ай-уйга келбей жөнөп калам».

«Уулум Эмирди кез-кезде үйгө алып келип турам».

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр Тынар Курбаналиевдин өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


"7-класска чейин апамдын койнунда жаттым" дейт Тынар Курбаналиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(115)
28.01.2014. 04:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тынар аканын сатираларын кайра кайра корсон деле зерикпейсин. Мага абдан жагат.
28.01.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чын эле кызргыздарда(кыргызстанда) элдин адамдары,бийликтин адамдары деп так эле экиге болунот экен, бул мыкты адамдар эл менен ар дайым болуп журушот, албан-албан ийгиликтер кааалайм
28.01.2014. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мыкты кууудул ишинизге ийгилик.
28.01.2014. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Комментарийлерден эле билинип турбайбы канча аны сыйлаган куйоормандары бар экени. Ушунун озу баардык наамдардан жогору эмеспи. Наам болот учурунда.
28.01.2014. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынар байке ишинизге ийгилик
28.01.2014. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!
28.01.2014. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сулуу болбой калыптыр.Жакшы аткарат,бирок озун кыйын сезет окшойт.
08.05.2014. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ayaza, в смысле?
28.01.2014. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коз-торпок коз, пешене стадион, каш-варата, прическа площадка дегенде эле кыйрагам да бир убакта, анда жаны эле босогону аттаган убактар эле...
28.01.2014. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Досум ишине ийгилик. Аяш менен дайым бирге болуп бактылуу кундорду откор. Сен мыкты куудулсун досум.
28.01.2014. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суроттогу сиз белениз? Мен Шову шо меспи депмин, корсо шол экенсда э?)))
28.01.2014. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Talantybyz orkundoi bersin.Iygilik kaalaim. Tuura aitasyz, eldin bergen naamy baarynan biyik. El sizderdi kadyrlap baalap tursa, owol chynygy jetiwkendik.
29.01.2014. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тынар ака каттууу кеттиниз го аялдардан кечирим сурабай. Апаны3 аялдарга кирбейби ыя?
29.01.2014. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакты сонун маек болуптур ото жонокой жана тамашалуу болуптур талантына таазим кооп сатираларды кутобуз.
SUPER.KG видео
29.01.2014. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сонун суйлойт да. Еч кандай жасалмасыз
29.01.2014. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланты бар! Ийгилик! Бирок ак дасторкондогу арак ашыкча болуп калыптыр.
SUPER.KG видео
29.01.2014. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
куудулдук таланты го кучтуу бирок, бир аз этиканы сактабаганы жакпады.
30.01.2014. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эстесем кулом буларды Ийгилик , талантыныз ташкындай берсин!
30.01.2014. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик каалайм.
30.01.2014. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынар ака бир ише куйсаныз сизге деле 5-6 наам берсе керек !!!
30.01.2014. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жалан колобоктор го туугандары.
31.01.2014. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
010288, ужассссс, туугандарынын формасынын кандай тиешеси бар интервьюга????
31.01.2014. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aialynyzga kolunuz tiygenin maktanyp jazbaile koisonuz bolmok, avtoritetinizdi tushurboichu...
02.02.2014. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janarka, жашырса жасалма дейбиз, ачык айтса мактанды дейбиз. Айтса эмне экен.
01.02.2014. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eski toy jonundogu tamawasi jygytat da ...
01.02.2014. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албасына козу жетип айтып жатат го.Азырынча эмгегин сине элек.Наам жонундо кеп кылыш али эрте!!!
01.02.2014. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жон эле айтса болмок экен бербей атышат деп.
01.02.2014. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
наам алганга азырынча татыктуу эмес, эски сатираларын дале койгондон тажабадыго анан кайдан бермекле
03.02.2014. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл адамы болуу да кыйын..
Сатирик болуу андан кыйын..

Бирөөнү сындап не кылабыз тууган?
"Колобок, бөлкө, тандыр нан.."
Бунун баарын Аллах жараткан.
Жараткандын жараткандыгын талкууга алууга акыбыз ЖОК..!
05.02.2014. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар качан эле адмдын козуу тирусундо наам берчи эле
08.05.2014. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kalmyrza, адам олгондон кийин да наам берсе болот бекен?
SUPER.KG видео
28.03.2014. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алып баруучу кызды суйууп алдым
09.05.2014. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир тойдо мынагы тиколорду алып барып стянкага койгула деп жаш балдарды айткан эле
09.05.2014. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам admin_ portal супер инфонун жаны санын кантип табам
09.05.2014. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talant87, Саламатсызбы!
Гезиттин жаңы санын келаткан дүйшөмбү күнү порталдан окуй аласыз.
20.01.2015. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_portal, тынардын кайсыл жерден экенин билеси3дерби
21.01.2015. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maks_maks, саламатсызбы! Тынар Курбаналиев тууралуу: http://www.super.kg/jylnaama/event/25535
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо