Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

НАЗАРАЛИЕВ КЫРГЫЗСТАНДА БАҢГИЛЕРДИН САНЫН ӨСТҮРГҮСҮ КЕЛИП ЖАТАБЫ?

№586 24-январь-30-январь, 2014-ж

Баңгилердин белгилүү дарыгери Жеңишбек Назаралиев «Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда кара куурайды өндүрүү, таратуу, пайдаланууну легалдаштыруу керек» деп чыкты. Мындай демилге баңгиликти күчөтүп, баңгисооданы гүлдөтүп, кыргыздын келечегине коркунуч жаратабы же айтылуу профессор ишендирүүгө аракет кылып жаткандай жакшы жыйынтыктарды береби?

АР БИР ҮЧҮНЧҮ ЖАШ КЫРГЫЗСТАНДЫК МАРИХУАНА ЧЕГЕБИ?
Жеңишбек Назаралиев Ысык-Көл облусунун аймагында марихуананы (кара куурай) рекреациялык (өзүн жакшы сезүү, иш жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү, чарчоону жазуу максатында колдонуу) максатта легалдаштырууну сунуштап жатат. Бул баңгизатынын ушул түрүн өндүрүү, таратуу жана пайдаланууга карата тыюу салууну жоюу дегенди билдирет.
«Марихуана жаштар арасында өтө популярдуу, 15-29 жаш курак ортосундагы адамдардын ар бир үчүнчүсү достору менен марихуана чегиши мүмкүн. Алар укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кармалып калышса, погондууларга да чоң акча төлөшөт. Мындай кырдаал тыюу салуудан улам акча тапкан жана баңгизатын саткандарга жагат. Себеби өндүрүү, жайылтуу жана пайдалануунун тобокели канчалык чоң болсо, марихуананын баасы ошончо кымбат болот. Эгерде марихуана тамеки менен катар сатылса, анда чеккен адамдын тандоосу дайыма эле кара куурайдын пайдасына болмок эмес. Марихуана көз карандылыкты пайда кылбайт, ага көнүп алуу байкалса да, ал психологиялык негизде гана болот»,- дейт Ж.Назаралиев.
Эске салсак, Жеңишбек Назаралиев 2009-жылы президенттикке талапкер болуп чыкканда да ушул сунушту айткан болчу.

КИМ УТАТ, КИМ УТУЛАТ?
Дүйнөлүк масштабда алганда, баңгизаттын жеңил түрү катары таанылган марихуана АКШнын айрым штаттарында, Уругвайда, Голландияда легалдаштырылган. Жакында, 13-январда эле казак парламентинин депутаты, президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева кара куурайды медициналык негизде колдонууну сунуштап чыккан.
Ал эми Кыргызстанда жыл сайын кара куурайдын жапайы өскөн аянттарын укук коргоо органдары өрттөп турушат. Бирок эл мыйзамсыз түрдө кара куурайды чогултуу менен алектенбейт. Ага милиция кызматкерлери «крыша» болбойт деп айтуу мүмкүн эмес.
«Кыргыз элине марихуана эмес, алкоголдук ичимдиктер көбүрөөк зыян тийгизет» дейт Ж.Назаралиев. Ооба, алкоголдун элге зыяны көп тиет. Аны сатууга, өндүрүүгө тыюу жок. Эгер баңгизаттарын өндүрүп сатууга деле тыюу болбосо, анын келтирген зыяны алкоголдон алда канча ашып түшүшү мүмкүн. Эгерде ушундай эркиндик кара куурайга бериле турган болсо, анда аракечтикке баңгилик кошулуп, улуттун келечегине доо кетпейби?
«Менимче, Кыргызстандын калкынын 80 пайызы баңгизат түрлөрүн жакшы айырмалай албайт жана алардын зыян деңгээлин да жакшы билбейт»,- дейт Жеңишбек Назаралиев. Дарыгердин бул сөзү өзүнүн демилгесинин коркунучтуу жагынын бир четин көрсөтүп турат. Легалдаштыруудан мурун калктын баңгизат тууралуу канчалык маалыматка ээ экенин, аны колдонуу азгырыгынан канчалык деңгээлде баш тартууга алы жетерин, чектен чыкпай колдонууга чамасы бар-жогун жакшылап иликтеп чыгуу керек. Ансыз деле Ооган-Тажик жолундагы баңгизаттарынын соодасында негизги өткөрүүчү пункт болуп жаткан Кыргызстандын калкы, айрыкча жаш мууну, мыйзамдуу түрдө баңгизаттарына, мейли жеңил түрүнө болсо деле уруксат берилсе, биротоло ал сазга батып кетпейби деген суроого жооп табуу керек. Же профессор Назаралиев өзүнүн кардарларынын санын өстүргүсү келип жатабы?

Эльвира Караева,
Ширин Турдакунова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
27.01.2014. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Legaldawtirilip paida alip kelse afganistan 1-onukkon mamleket bolup ketet ele go
27.01.2014. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Афганистандыктар апийимди каапырлардын муктаждыгы учун ондурот. Акча коп жерде согуш болуп турганы азыркы учурда анча деле тан калыштуу окуя болбой калбадыбы. Ысык-Колго 3 эле жыл айдаса Кыргызстан дуйнодогу онуккон мамлекеттердин катарына кирип калмакпыз.
27.01.2014. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биротоло аш-тойлордо дасторконго эле коюп койбойлубу, арак-шараптарга шайкеш кылып, акылдан алжыганбы адамдар, астагфираллах...
27.01.2014. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
emilkyrshab,:)
27.01.2014. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамды жаман жолго тушургон алкоголдон арылта атпай атса, эми ушул эле калды эле, айланабызда кара иштердин (адам олтуруу, зордуктоо ж.б)баары ушул себептен келип чыгып атканын билип туруп, легалдаштырууну сунуштаган Женишбек мырзага тан калып атам...
27.01.2014. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анда доктур Назаралиевге клиент кобойот го. Билсенер, Акаев Кыргызстан экинчи Колумбияга айланып кетет деп апийим остурууну токтоткон. Мына тарых тастыктады. Туура иш кылган. Антпесе, азыр тескери жыйынтыгын кормокпуз. Биздин мамлекет азыр жетилип жаткан оспурум сыяктуу. Ошондуктан туура гана жолду тандашыбыз керек. Назаралиевге айтаарым, сиз аракечтерди даарылап турсаныз биз ошонунузга да ыраазыбыз. Кара куурайды жок кылуунун жолдорун айтсаныз колдомокпуз. Лично мен колдобоймун!
27.01.2014. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назаралиев ушул кара куурайды легашдаштыруу оюн дайыма айтып келет,мен каршымын!!!Келечекке туура кадам таштаганды уйротуубуз керек.Кытайлардай коп эмеспиз го,алакандай элибизди таза жашоого ундойлу.Ойлогон оюнузду таш капсын.Мени кечирирп коюнуз,жиним келип кетти...
27.01.2014. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунун да мээси айнып калган,элдерди дарылай берип жугат да баарибир
27.01.2014. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:)
27.01.2014. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назаралиевдин дагы бир билгени бар чыгар,бирок ал Кыргызстан менен Европаны салыштырбай эле койгону жакшы., арак Кыргызды ченгеелдеп турган учурда марихуана олгонго комгон кылбайт деп ким кепилдик бере алат
27.01.2014. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
союз убагында тойлорго кошмой деп
"1 ширенке куту" которуп барышат экен эле
27.01.2014. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мээн менен куруп кал,кыргыздарды наркоман кылып коюп,чекеден даарылап, байыйын дегениго.
28.01.2014. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми кыргызды манкурт кылганы калгансын го.
29.01.2014. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирок чынында арака караганда анын зыяны анча аз да. Арактын айынан канча деген жаман окуялар болуп жатат,эмне болуптур десен ичишкен экен деп башталат. Легалдаштырсын дебейм,бирок арака запрет коюшса дейт элем. ( барибир болбойт,умут да:-))
29.01.2014. 07:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аракты тыюу салса самагон кобойот, биз наркоман болмоюбуз эле калды эле. Кыргызстанды онуктуро турган башка тармак куруп калыптырбы.
30.01.2014. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлонгула....!ооруганда даарыны баса калып ичесинер жада калса...жейбиз....ар бир 2чи дарынын составында апийм жана Марихуанна кошуларын эске алып койгула окурман...!Мисалга алсак:Памирдик кыргыздарда кайдагы оорукана же дарыкана,оздорунун берген маегинде....биздин женил желпи орууга апиийм м.н кара курайдан колдонорун айтып отушкон...дегеле дарыга шылтабасак да мариху.н биз билбеген коп пайдалуу нерсе жасаларын биз билбейбиз....анысы кандай ак актай тастыктап туруп...суйлогонубуз жакшы урматт
02.02.2014. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арактан кутула албай атканда чекеден наркоман болуп кетпесин элибиз.Кой братан тынчырак журойлу
03.02.2014. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
moke,
Коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
10 күн банга!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо