№586 24-январь-30-январь, 2014-ж

Айыл-кыштактарга барып калсаң, өкмөткө нааразы болуп отургандарга көп туш болосуң. «Убада кылып кетти эле» дешет. Кээде өкмөтсүз эле, карапайым калктын ичинен бири суурулуп чыгып, туулган жеринин кем-карчын толуктап, алкыш менен батага марыганын угуп калабыз. Ушундай окуялардын бирин кулагыбыз чалып, кызыктуу баянга туш болдук.
«ТАЙЫП КЫЙНАЛЧУ ЭЛЕК, КӨПҮРӨ САЛЫП БЕРДИ»
Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Ак-Жол айылынын өкмөт башчысы БЕРДАЛЫ МЫРЗАГУЛОВ буларды айтты:
– Сиздер сураган жигиттин ысымы Чолпон Рыскулбеков. Өзү Орусияда эмгек мигранттарынын катарында касапчы болуп иштейт. Мусулманчылыкты бекем тутунгандыктан, жасап берген иштерин бирөөлөргө, айрыкча короткон акчасынын көлөмүн айтып бергенди жактырбайт.
Адегенде 50-60 түтүн жашаган айылдын жолуна 60 тоннадай шагыл төктүрүп берди. Кийин ошол эле айылдын тургундары алысыраак жайгашкан көпүрөдөн өтүп келишчү эле, анан автоунаа өткөнгө да ылайыкталган чоң көпүрө салды. Кышында суу тоңуп калганда ары-бери өтүү үчүн тайгаланып кыйналчу элек. Күбө болуп турдук, баамымча, 2 миллион сомдон аз эмес каражат жумшалды. Соңку ирет келгенинде айылга келчү арыктын башына экскаваторду алып барып каздырып, суу чыгарып берди. Келечекте да жардам берер деп үмүт кылабыз.
Толкунданган айыл өкмөт башчысы мындай жигиттерден айыл элинин уучу кур эмес экенин айтып жатып: «Абдыкапар Султанов деген кишиге келишим менен көмүр чыкчу кенибизди берген элек. Жолубуз бузулса, техниканы алып келе коюп оңдото калат. Майрам күндөрү айыл өкмөткө, элге акчалай жардам берип, акыркы жолу спортзал курууга да көмөктөштү»,- деп кошумчалады.
СУУ ЧЫГАРЫП СООПКО КАЛГАНДАР ДА БАР
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Суу айылында 100дөй үй-бүлө жашайт. Анын тургундарынын бири Талант Баев Орусияда иштейт жана өткөн жылы айылдаштарына таза суу чыгарып берди. Бул тууралуу анын апасы Мейилкан Касымбекова: «Уулум үй-бүлөсү менен Орусияда 7-8 жылдан бери эмгектенет. Жашоо оорлой баштаганда Орусияга кеткен. Шүгүр, минтип айылдаштарына жардам берүүдө»,- деди.
Демилгечилердин карапайым калктын ичинен чыга баштаганы сүйүндүрбөй койбойт. Калың эл айтып келгендей, эр жигиттердин акыбети Кудайдан кайтсын.
Эльвира Караева
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
8
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |