№361 2-8-октябрь, 2009-ж.
Медицина илими күн санап өнүгүүдө. Ак халатчандар адамдан-адамга бөйрөк, боордон сырткары жүрөк, өпкө сыяктуу органдарды да которуп салууга (трансплантация) жетишип калышты. Бирок орган которуу менен катар эле органдарды мыйзамсыз сатуу жагы да өнүгүп, бизнеске айланып бараткандыгы сыр эмес.
Тарыхынан кыскача...
Бирөөнүн өмүрүн сакташ үчүн башка бирөөнүн өмүрү керек
Донор органдар өлүк адамдан же тирүү донордон алынат. Башка жолу жок. Жасалма органдар азыркы кезде тажрыйба иретинде гана колдонулат. Ал эми жаныбарлардын органдарын пайдаланууга таптакыр болбойт. Анткени аларда адам иммунитети көтөрө албай турган жугуштуу оорулар кездешет.
Учурда адам органдарын табуу кыйынга тургандыктан, анын баасы өсүп, карапайым адам үчүн кол жеткиске айланууда. Анткени органга муктаж болгондор көп, ал эми донорлор аз. Керектүү органдарды алыш үчүн адамдарды уурдап өлтүрүү, ооруканадагы өлүп бараткан адамдардын органдарын кесип алып калуу сыяктуу мисалдар жок эмес. Мындай көрүнүштөр ар өлкөдө ири чатактарды жаратып, токтобой келет.
КМШ аймагында “адам органдарын мыйзамсыз экспорттоо боюнча 1-орунда Украина турат” деген маалыматтар бар. Ал жактан органдар көбүнчө Израиль жана Германияга сатылат. Жадакалса былтыр Украинада израилдик хирург Михаэль Зистин үстүнөн сот иши да болгон.
Адам органдары менен байыган миллионер
АКШдагы Майкл Мастромарино башчылык кылган кылмыштуу топту мыйзамсыз орган сатуунун генийлери десек болчудай. Алар маркумду акыркы сапарга узатуу бюросун ачышып, ал жерден 1077 өлүктөн тери, сөөктөрдү, жүрөк клапандарын жана башка органдарын алып, кайра сатуу менен 5 миллион доллар иштеп табууга жетишишкен. Алар ар бир өлүктү көмүү үчүн 1000 доллардан алышкан. Анан алардын ар бир сөөк бөлүгүн 5000, кан тамыр, жүрөк клапандарын 20 000 доллардан сатып акча табышкан. Ачык табытта көмүлчү адамдардын сөөгүнүн ордуна шланг, темир түтүкчөлөрдү жайгаштырып коюшкан. Ал эми жабык табыттарды маркумсуз эле көөмп жүргөндүктөрү аныкталган.
Алардын кылмыш иши белгилүү АКШлык телеалпаруучу Алистер Куктун денесинен сөөктөрүн бөлүп алып сатышканда билинип калган. Шылуун орган сатуучулардын төртөө 25 жылдан абакка кесилишкен.
Сандар баяндайт
Биринчи орган саткыч
Дүйнөдө биринчи болуп адам органдарын мыйзамсыз саткан адам 1996-жылы кармалган. Египеттик ал адам мыйзамсыз түрдө 35 бөйрөк сатууга жетишкен.
«Запчасть» үчүн сатылган балдар
АКШнын жарандары башка мамлекеттин балдарын багып алууну адатка айландырып алышкандыгы маалым. Акыркы 10 жыл ичинде эле Орусиядан 45 миң жаш бала чет элдиктер тарабынан асырап алынган. «Алардын көпчүлүгү башкаларга донор орган болуу үчүн багылып алынат» деген кептер бар.
Адам органдары мыйзамсыз түрдө кеңири сатылган бир нече өлкөлөр бар. Алардын арасына Индия, Пакистан, Египет, Украина, Түркия кирет.
Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |