Минюра Рахимжанова:«АГАМ ДИСКОТЕКАДАН СУУРУП КЕТКЕН»

№586 24-январь-30-январь, 2014-ж

Адамдын кандай экенин өзүнөн да анын айланасындагылар жакшы билишет. Айрыкча бир туугандар бири-бири жөнүндө эл билбеген жашыруун сырларды көп билишет эмеспи. Ырчы Минюра Рахимжанова тууралуу анын бир туугандарынан билдик.

БИР ТУУГАНДАР:
Гүлнура Салимбекова,
30 жашта, инженер-технолог, үй-бүлөлүү, Бишкек шаарында турат.
Кайрат Салимбеков, 29 жашта, электрик, үй-бүлөлүү, Талас шаарында жашайт.
Гүлира Салимбекова, 23 жашта, экономист, үй-бүлөлүү, Бишкекте турат.
Минюра Рахимжанова, 22 жашта, ырчы, бойдок, Бишкекте турат.

Агасы Кайрат:«ТАҢ АТПАЙ ЫРДАП ТАЖАТЧУ»
-Кичинесинде Минюра ак жуумал, толук, көздөрү топтоголок кыз эле. Тили чыккандан тартып эле ырдап баштады окшойт. Ата-энемден да ошон үчүн урушту көп укчу, күзгүгө каранып алып ырдай берсе керек, «күзгүгө көп каранба» деп эле какшап жатышчу. Таң атпай туруп алып кыйкырып ырдап, уйкубузду бузганы жаныбызды чыгарчу. Күндө эле ушул көрүнүш, «кечинде кеч жатчы, эртең менен кечирээк турасың» деп урушсаң деле болбойт. Кантсе да биз үчүн баягы эле кичинекей кыз, кези келгенде Мика, Микиш деп эркелетип эле жүрөбүз.
Карындашымдын жигит менен жетелешип, дос-курдаш деп шаан-шөкөткө тартылганын деле көрбөгөм. Бирок баары бир телефонунан группалаштары менен түшкөн сүрөттөрдү көрүп калсам ага катары «Ким болду экен?..» деп кызыгып калам.

Эжеси Гүлнура:«КЫЗ-БУРАК» ТОБУНДА ЫРДАМАК»
-Сиңдим аябай аракетчил, көздөгөн максатына жетмейинче артка кайтпаган көк бет кыз. Бул кыялы бала бакчага барып жүргөндө эле бар болчу. Өзүм уйкусурап батыраак жеткизип келип уктоонун айласын издеп жатсам, кийимин оңдоп-түзөп, чачынын бир жери туура эмес өрүлүп калса баарын баштан оңдотуп, ботинкасын тазалап отура берет десең. Азыр да немистей тактык менен жүрөт.
Мен Бишкекте окуп жүрүп турмушка чыгып, борбордо жашап калдым. Эсимде, Минюра 6-классты бүткөндө жанымды койбой Бишкекке келген, «М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырам» деп. «Күрөңкеевге 9-классты аяктаган соң алат» дегенибизди укпайт, акыры ал жакка алып бардым. Эч кимдин айтканын укпады. Анан борбордогу №68-мектепке киргизип койдум. Күндө сабактан качып келип ыйлайт, «ал жерде музыка үйрөтпөйт экен» деп. Акыры 2 айдан кийин кайра Таласка кеткен.
Кийин Таласка «Кыз-Бурак» тобу концерт коюп барышыптыр. Айылда тандоо жүргүзүшкөн экен. Минюра Кенже Дүйшеевага жагып калып, аны Ошко алып кетмей болушат. Атам «өмүрүмдө көрбөгөн жерге жөнөтпөйм» деп жибербей койсо, Минюра чатак чыгарып, үйдөгүлөрдү кыйнаптыр. Азыр апамдар аны араң сооротушканын айтып калышат.
9-классты бүтүп, күздө Күрөңкеев атындагы училищеге экзамен тапшырды. 52 адамдын ичинен 3 гана студент өттү. Алардын арасында Минюра да бар эле. Эми сүйүнгөнүн сүрөттөп бере албайм.
Ушул убакка чейин жигити, турмуш куруу жөнүндөгү ойлору тууралуу сурабаптырмын. Себеби мага Минюра дагы деле баягы томпойгон кичинекей кыздай сезилет.

Минюра:«УЛУУ ЭЖЕМЕ АШЫКЧА ЭРКЕЛЕЙМ»
-Гүлира эжем мага курбу катары эле болуп калган. Себеби ортобузда бир эле жаш айырма да. Бир жолу аябай акылдуу болуп, «Кайрат байкем болсо шаарда, жүр, дискотекага барабыз, үйдөгүлөр текшермек беле» дедим. Жакшы кийимдерибизди курбу кыздардыкына алдын ала бекитип койгонбуз. Үйдөгүлөргө бир шылтоону айтып, бийди эзгени кеттик. Барып алып жыргап бийлеп жатсак, байкем шаардан келип, ал да дискотекага келип калыптыр. Бийди эзип жаткан жерибизден сууруп тышка алып чыккан. Андан суранып жатып ата-энебизден жашырып калганбыз.
Улуу эжем Гүлнура болсо аябай камкор, ага ашыкча эркелейм. Мен концертке баратып бир нерсемди унутсам, ага дароо чалып «тез жеткизиңиз» демейим бар. Аптыгып алып келет, Гүлира эжем болсо «жакшылап караш керек болчу» деп телефонду коюп коюшу мүмкүн. Төртөөбүздүн кыялыбыз ар башкача. Мисалы, мен аябай сырга бекем жанмын. Алгачкы сүйүү, жаралануу деген нерселерди жадакалса бир тууган эжелериме айтпаптырмын.
Азыр, Кудайга шүгүр, продюсерим Каниет Жыргалбеков баарына чуркайт. Негизи, ар бир жаш ырчыга ушундай колдоочу керек экен. Эки адамдын эмгеги бириксе жасаган жумушуңдун деңгээли мыкты болот экенин билдим.

«Таң заардан обон салып, бир туугандарымдын уйкусун качырып жургөн кездер»

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


Минюра Рахимжанова: "Орусча ырдап 1-класска өткөм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(72)
28.01.2014. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо фамилиясын туура эмес жазыпсынар Салимбаева. Тактап
жазсанар боло.
29.01.2014. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
shiko, Супер-Инфого да оздору айтат оюнан чыгарып келгиле мындай кылып жазабыз, ушундай болушу керек эле деп жазышмак беле. Ойлонуп сын айтсанар болмок туугандар. Омурунордо интервью, маек тууралуу нерсенин кантип журушун уккансынарбы?
29.01.2014. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jalgyzdyk, жумушу болгондон кийин сурап
Тактап жазат.фамилиясы Салимбаева.интервьюну бергенден кийин обработка кылат..бул жерде кеп интервьюда
Эмес болуп атат Тууган
30.01.2014. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shiko, Кагылайын бир туугандары Салимбековабыз деватса журналисттер козу ачыкпы жок силер салимбаевасынар деп ондоп салгыдай
28.01.2014. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыркы убактарда ката коп жазасынар
SUPER.KG видео
28.01.2014. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красоточка биздин
28.01.2014. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уууф карап олтуруп тажап кеттим олуп калгансып эскеришиптирго неси ырчы мунун багы деп эле суйлой берет экен
SUPER.KG видео
28.01.2014. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Браво!!!Маек сонун болуптур,бир туугандарындын арасында аман бол!
28.01.2014. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жакбайт.
SUPER.KG видео
28.01.2014. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баагы,баагычы дей берген адаты бар экен!Эжелери беттен алчудай го!!!
SUPER.KG видео
28.01.2014. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апей, эжелери кантет?! Озгочо 90 жылкы ( 80 жылкы деп ойлопмун) созулуп олтурганы менен, суйлогондо тарс тарс этет ко ?!
Мюнураны бир кыйын ырчыдай суйлоп жатат. Азырынча эртего
28.01.2014. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын Минюра жакпайт дегендерге конул бурба,алдыга чыга бер жаны чыгып жатасын келечегин алдыда азамат кызсын,унун сонун
28.01.2014. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Talasta murun erkek shaitandar kop ele azyr kyz shaitandar kop 4yga bashtaptyr...(yr4y 4oor4ular)
SUPER.KG видео
28.01.2014. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аты чет элдики би? Мындай атты уккан эмесмин. "Баягы" деген созду кыскартып "богу" деп коп айтат экен. Уну жагат, ырлары дагы жагат.
29.01.2014. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
голосу жагымсыз.
30.01.2014. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayaza, ен туура
29.01.2014. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм 'gntg жигит таап алсын эми ырдай берсин
29.01.2014. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баягы, баягы дей берет экен.
01.02.2014. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluumun, Kayerde wontip turat? men e4 tappadymgo
29.01.2014. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Минюра, сага ийгилик !

30.01.2014. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сенин унуно эч кимдин уну жетпейт,Алга!
30.01.2014. 06:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну озгочо. Ийгилик болсун. Озу да ажарлуу кыз.
31.01.2014. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага аябай жакты,суйлогондору бир туугандары аябай простой ададар экен..
31.01.2014. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Диапазону анчалык чон болбогону менен уну жагымдуу.Мейли ушунчалык сахна деп коксоп келиптир озун сынап корсун.Башталышы жаман эмес.*Киргиз* ырчыларга окшобой тамгаларды кыпкыргызча айтып ырдоосун каалап кетейин.Антпесе кийинки ырчылар ы тамгасын унутуп и ге отуп кетишти барамын деген создун ордуна барамыйин деп ырдап калышты го...
01.02.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shiko!!!!Супер Инфо ката жазбайт!Минюра Рахимжанова эле болуп журот бардык жерде эле!Даже телевизордон корсоткондо да ошондой!!Же сен коргонсунбу Минюра Салимбекова деп интернетке же ТВ га же Радиого чыкканын!
02.02.2014. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bachu, бур жерде ырчынын фамилиясын айткан жок. Негизи эле САЛИМБЕКОВА эмес САЛИМБАЕВА болчу деп жатат
01.02.2014. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Минюра Рахимжанова атына заты жарашкан кыз, ийгилик. Форумчу достор айтмакчы, кыпкыргызча ырларды коооп коп жарата бер.
02.02.2014. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Oto ele belgiluu "zvezda" go e?:))bul kyz
02.02.2014. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле кыргызга окшобойт го, апасы башка улут окшойт.
02.02.2014. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
үнү аябай жагымсыз, кулак чарчап кетет чынында..
02.02.2014. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде ушундай ырчы бар беле. Ырчылар койдон коп болуп кетти го. Таанып улгурбойсун
02.02.2014. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ooba chiyki suttu ichkeni korunup turat... minura chiyki sut ichpe brusellez bolup kalasin... ejeleri da urushsan katuu ketchu ayimdar eken... birok talanti jok bul yrchinin...unu da jok.emi irdagisi kelse meyli emi irday bersin.
02.02.2014. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен кат жаздым деген ыры аябай жагат.
SUPER.KG видео
03.02.2014. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Минюра . Кыргызчаны так суйлогону кубандырды , улуу эжеси аябай жылдыздуу экен . Нурзат эжеге окшойт экен мимикалары , суйлоо манерасы . Ийгилик каалайм .
03.02.2014. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тааныбайт экенмин
SUPER.KG видео
04.06.2014. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Minyura men seni suiooom!!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо