БИРДЕ БАЛБАН ТӨӨ МИНЕТ, БИРДЕ БАЛБАН ЖӨӨ ЖҮРӨТ

№361 2-8-октябрь, 2009-ж.

Өткөн аптада Данияда өтүп жаткан Дүйнө бирин­чи­лигинен эркин кү­рөш­чү­лөрүбүз медалсыз кайтышса да, классиктерибизден үмүт бар эле. Бирок Данияда жылдын мелдеши жыйынтыкталып, Кыргызстан медалсыз калгандыгы белгилүү болду. Спорт күйөрмандарына эркин күрөшчүлөрүбүздүн Дүйнө чемпиондугуна катышуусу (Базар Базаргуруев 3-орун үчүн беттеште жеңилип калган) адаттагыдай эле көрүнүш катары көрүнсө, классиктерибиздин Данияга болгон сапары ийгиликсиз деп бааланууда. Чындыгында, классиктердин «Бээжин-2008» Олимпиадасындагы зор ийгилигинен кийин быйыл да үмүт бар эле. Андыктан биз күрөш боюнча улуттук курама командабыздын Дүйнө чемпиондугуна ийгиликсиз катышуусунун себебин сурап, төмөнкү адамдарга кайрылдык.

А.Воинов, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору:

– Медалга илиниши кү­түлгөн балбандарыбызды алсак, Канатбек 66 килограмм салмактан 74кө өтүп алгандыктан, жа­ңы салмакка толугу менен кө­нүп, ири мелдештерге катышуу үчүн кеминде 1 жыл керектелет. Руслан болсо былтыркы автокырсыктан кийин машыгууларга киришкенине да көп болгон жок. Ал эми Базарга медалга илинүү үчүн жөн гана ийгилик жеткен жок. Жалпысынан балбандарыбыздын Дүйнө чемпиондугуна катышуусун ийгиликсиз деп айта албайм.

Э.Алыкулов, грек-рим күрөшү боюнча КРнын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу:

– Негизи, Дүйнө чемпиондугу барып эле медаль утуп келе турган мелдеш эмес. Буга чейин Раатбек Санатбаев менен Канат Бегалиев гана байгелүү орун ээлегендиги маалым. Быйыл Канаттын катышуусуна анын башка салмакта күрөшкөндүгү да чоң таасир тийгизди. Ал эми Русландын автокырсыктан кийин мурдагыдай спорттук формасында эмес экендиги белгилүү. Башкысы, жаш балбандарыбыз үчүн бул мелдеш келечекте боло турган Азиялык жана Олимпиадалык оюндарга карата зор тажрыйба болду.

А.Үсөнканов, эркин күрөш боюнча КРнын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу:

– Эркин кү­рөш боюнча көбүнчө жаш балбандарыбыз катышып келишти. Алар үчүн ушундай даражадагы мелдешти көрүп, тажрыйба топтоо чоң мааниге ээ. Ал эми Базардан үмүт бар эле. Медалга илинмек. Баягы эле калыстардын кийлигишүүсү өз ролун ойнобой койгон жок.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
05.10.2009. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч нерсе эмес беш кло тен эмес да эмкисинде байгелуу болушат ИЙГИЛИК!!!!!
09.10.2009. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз элимдин келечеги али алдыда,
Манас атам коздун кырын салып турат да.
09.10.2009. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга, кыргыз мырзалары!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо