СОЧИ-2014. КӨЗ ИРМЕМДЕР...

№587 31-январь-06-февраль, 2014-ж

Спорт дүйнөсүндөгү маанилүү окуя деп эсептелинген Орусиянын Сочи шаарында өтчү 22-кышкы Олимпиада оюндары башталарына бир аз гана убакыт калды. Олимпиада оту 7-февралда «Фишт» олимпиадалык стадионунда күйгүзүлүп, расмий түрдө ачылат. Учурда ага катышуучу бардык спортчулар белгилүү болду. Алардын арасында оюндарга катыша албай калган атактуу спортчулар да жок эмес.

Сочи Олимпиадасына Кыргызстандан жалгыз спортчу катышат. Аны коштоп өлкөнүн атынан 4 киши (мамлекеттин эсебинен) барат. Мындан сырткары бир журналист (Кабыл Макешов) аккредитация алган (өз эсебинен барат). Бул Олимпиадага даярданууга мамлекет тарабынан 600 миң сом акча жумшалган.

Олимпиада оюндары өтө турган спорттук объекттер

КЫРГЫЗСТАНДЫН АТЫНАН СПОРТЧУ ДМИТРИЙ ТРЕЛЕВСКИЙ КАТЫШАТ

Туулган жылы, күнү – 1983-жыл, 14-октябрь
Учурда Бишкекте жашайт.
1993-жылдан бери лыжа спорту менен машыгат.
Машыктыруучусу – Игорь Борисов
Сочидеги Олимпиадада тоо-лыжа спорту боюнча слалом, слалом-гигант жана супер-гигант стилдеринде катышат.



ВАННЕССА МЭЙ КЫЛ КЫЯКТЫ ЛЫЖАГА АЛМАШТЫРГАНДА...
Сочиде 35 жаштагы атактуу кыл кыякчы Ваннесса Мэй музыкалык өнөрүн тартуулабастан, спортчу катары катышат. Мэй Таиланд курама командасынын атынан тоо-лыжа спортунда мелдешке чыгат.
Ваннесса көп убакыттан бери машыгууларды өткөрүп, Олимпиадага олуттуу даярданган. Мэй Олимпиада оюндарында атасынын фамилиясын алып, Ваннесса Ванакорн ысымы менен катышат.
Белгилүү кыл кыякчы байгелүү орундарга илинбесе да, тоо-лыжа мелдештериндеги кызыгууну күчөтөрү күтүлүүдө.





КАРЫБАС БЬЁРНДАЛЕН
Норвегиялык 40 жаштагы биатлончу Уле-Эйнар Бьёрндален 5-Олимпиадасына барууга даярданууда. Атактуу спортчу 1998-жылдан тартып Олимпиада оюндарына катышып келе жатат. Бьёрндалендин куржунунда бардыгы болуп олимпиадалык 11 медалы бар. Алардын 6сы алтын, 4өөсү күмүш жана 1өө коло. Бул жолу да медалдардан кур калбай, жаш биатлончуларга атаандаштык жарата аларын билдирди.







ВОНН, МОРГЕНШТЕРН...
Олимпиада оюндарына кээ бир атактуу спортчулар катыша албай калышты.
Мисалга алсак, Сочи оюндарына тоо-лыжа спорту боюнча эң күчтүү спортчулардын бири Линдси Вонн катыша албайт. Америкалык спортчу былтыркы жылы алган жаракатынан улам бул Олимпиадага катышуу бактысынан куру калды.
Олимпиаданын 3 жолку чемпиону, австриялык «учкуч» лыжачы Томас Моргенштерн да машыгуу учурунда кулап, башынан оор жаракат алып, оюндарга катышпай калды.



ПЛЮЩЕНКОНУН 4-ОЛИМПИАДАСЫ
Орусиялык атактуу муз бийчиси Евгений Плющенко өзүнүн 4-Олимпиадасына катышмакчы. Ага бул жолку Олимпиада оюндарына катышпай калуу коркунучу туулган. Себеби мекендеши 18 жаштагы Максим Ковтун декабрь айында Орусиянын чемпиондугунда Плющенкону артка таштап, 1-орунду камсыздаган. Бирок ушул айда болгон Будапешт шаарындагы Европа чемпиондугунда Максим 5-орунга илешип, Олимпиадада запастагы музбийчи катары гана катыша турган болду.
Олимпиада оюндарында Евгений Плющенко жеке жана командалык мелдештерге чыгат. 31 жаштагы спортчу 2002-жылы Солт-Лейк-Ситиде күмүш, 2006-жылы Туринде алтын, 2010-жылы Ванкуверде күмүш медалдарды тагынган.




ОЛИМПИАДАНЫН «КӨЗҮ АЧЫКТАРЫ»
2006-жылы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда немис осьминогу Пауль көзү ачыктык кылса, бул оюндарда Сочинин деңиз зоопаркында жашашкан Эшли жана Гарри аттуу кундуздар «көзү ачык» болушууда.
Бул кундуздар муз үстүндө бийлөө боюнча Европа чемпиондугунда орустардын ийгиликке жетишерин алдын ала билдиришип, өздөрүнүн билгичтигин көрсөтө алышкан эле.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(39)
03.02.2014. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин чондорго соз жок
03.02.2014. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kykesh,
Туура айтасын ха,ха,ха
03.02.2014. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хмм орустардын деле акчасын жеп кетишти чондору Путинге билдирбей. Биздики чын эле неге кетти болду экен, хотябы лыжа, анан формасы нормальный алынды бекен орустардыкын корсон укмушго.
03.02.2014. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде спорттун башка турунон катышкан эчким жокбу?
03.02.2014. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучту бир гана Адам катышканы эмнеси. Кана башка спортчулар
03.02.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 спортсмен болсо да катышканына шугур
03.02.2014. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спорт жок эле болуп кетейин деп калыптыр го бизде благодаря чондорго.600мин сомду кайсы чон жеп кетти экен.Мурдагы Олимпиадаларга спортчулардан да коп болуп чондор барып алчы эле жолдомону кучко салып алып алып...
10.02.2014. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hakker, озу биздин жаштар куроштон башка спортко катышкысы жок
03.02.2014. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят эле Кыргызстандан бир спортсмен барат экен.7 февральда Сочидеги кышкы олимпиаданын ачылышы болот анда ар олколордун спортсмендери копчулук санда чыгышат.Ал эми биздин спортсменибиз болсо жалгыз озу Кыргызстандын байрагын алып чыгат.Атамбай Кудай Буйурса биз онугобуз дегенден башка эчткени бильбейт экенда.Кудай дагын аракет кылганга берекет берет.Ошону учун Атамбай кичине болсо дагын спортсмендерибизди колодосо болмок эле.
03.02.2014. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
donchik81, туура айтасыз жалгыз чыгат экен ошонтсе да ийгилик каалайм
03.02.2014. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чиновниктер бир ааз тамагын тыйып,спорт жаатына конул болсо,бизде да,келечектин чемпиондору коп чыкмак.
03.02.2014. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайда баратабыз
03.02.2014. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин бир спортчубузга ийгилик, жениш менен кайтсын.Спортту онуктурушсо жакшы болмок биздикилер
04.02.2014. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин спортчубузга ийгилик! Алга демекчибиз!
04.02.2014. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай чон олимпиядага 5 миллион КРдан бир спортчу барат, ал да болсо орус. Эмнеге кыргыздар барбайт? Колунан келбейби же кызыгышпайбы. Казакстандан 44, бизден канча артта деген Тажикстандан 2 спортчу катышат. Бийлик ушуга конул болуп, серенованияларды уюштуруп, каражат болсо болмок.
05.02.2014. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
wolf_95, сен озун эмне менее машыгасын. Кор тирилик деп журо бербей машыксан балким барып калмаксын.
04.02.2014. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
wolf_95 tuura aitasyn! Sozun0 kowulam! E kyrgyZDAR NEGE BIZ OZUBUZ baryp katyWPAIBYz! nege OZUBUZ KYRGYzstandyn jelegin kotoro albaibyZ! Owo orus'ka da raxmat iygilik utuw m.n kelsin! Eger kyrgyZ jawtaryn da koldoso bizdin biyligibiz jakwy iygilikterge jetiwmekpiz e4 ka4an oNukpoibuz! Mundai tempte ketsek...
05.02.2014. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuba01, чондор кресло талашуу менен алек, карапайым калк кара курсак менен алек
04.02.2014. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курманбек Бакиевдин малында спорт онуго баштады эле/1 кумуш бир коло менен келишкен .спорт залдар каралып ондоло баштады эле .неси болсода жениш менен келсин эми ошончо 6 жуз минди жеп атканын актап
06.02.2014. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dia-omur,
Oiunuzga kowulam.
Bakievdi jaman-jaman dei berebiz.
Birok kyrgyz eli uchun jasagan jakwy iwterin da unutpasak...
05.02.2014. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коншуу эле Казактар канча деген спортсмендерин жонотот аа биз аларды чанынада тенеле албайбыз бийликтегилер не уялышпайбы
05.02.2014. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалгыз спортчубуз ачылышында жалгыз тууну кармап отобу, кызык
05.02.2014. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
, озу да орус болсо
05.02.2014. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журналистти жана олимпиадага катышкан спортсменди мамлекеттин бюджетинен жонотуп калган коштоочуларга пок барбы эгер бара турган болсо оздорунун каражатына барышсын. Ушу чондордон баратко же Атамбаев же дагын бир министри.
05.02.2014. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zzz---zzz, Эл ТРден жаңылыктарда кокустан айтып алышты 4 чиновник барат деп!!!! Угуп алып күлкүм келди....
05.02.2014. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин жаздар митин пикет дегеп олимпиадаларга барат телекке каршы ал жок сабырдуу болгула алды бир спорт туруно керип калса жакшы болмок
05.02.2014. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбай Кыргызстандын бюджетинин эсебинен Сочидеги олимпиаданын ачылышына качышат экен.Бизден бир гана спортсмен чыкса Атамбай уялса керек эмне дейсинер.
06.02.2014. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде кышкы муз устундо спорт онуккон эмес ошондуктан 1 эле спортчу кетиптир!
06.02.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан жакшы эми королу
07.02.2014. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
спортту колдошсо болмок бизде таланттуу балдар коп бийликтен эч умут жок жакында жоголуп кетебиз чек ара маселесин чечип беришсе жакшы болмок
07.02.2014. 06:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир спортчуну жонотуп шылдын болбой еле койсо болмок медал алышына деле ишенбейм
07.02.2014. 06:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sochide katyshkan sportchyga iigilik kaalaibyz!!!
07.02.2014. 07:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уят эле бир спортсмен бир олкодон..чондор чегинен ото эле чыгып кетишти го..600мин кайсы арам тамактын алкымынан отту экен..жарылып олсо экен ылайым
07.02.2014. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тынч отсо экен
08.02.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми биз ошо жалгыз спорчубузга ийгилик каалап туралы главное не победа а участие так что надеемся на лучшее
09.02.2014. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Башканы кой жок дегендеконшу Казакстанды коруп намыстанышса болбойбу биздин чондор,шайлоо десе намысын которо чуркашат
09.02.2014. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым буйурса биз куткон кундор дагы жакындап жатат...!Кыргызстан онугот!!! бирок ал учун баарыбыз Кыргызстандыктар аз болсо дагы салым кошкондун жолун табышыбыз керек!!! Жогору жакта зынкыйган кочугун жумшак диванга койуп отурган жамандардын дагы куну бутот, убагы келип...!!!
Кыргызстандыктар эн эле башкысы, сабырдуу болуп биримдигибизди жоготпойлу! Куч бирдикте, баарын женип отобуз!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо