Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТЕЛЕБЕРҮҮЛӨР ТЕЛЕФОНУҢУЗДА

№587 31-январь-06-февраль, 2014-ж

«Мобилдик телеберүү» – заманбап мобилдик техниканын (телефон, смартфон, планшет) жардамы менен уюлдук оператордун түйүнүнө кошулуп, онлайн режиминде телепрограммаларды көрүү кызматы. Мындан он жыл мурда чөнтөк телефондон телеберүүлөрдү көрүү көп абоненттин оюна да келбесе керек.
Заман талабына ылайык сунушталып жаткан «Мобилдик телеберүү» кызматы алгачкы жолу Түштүк Кореяда 2005-жылы ишке кирген. Кыргызстанда биринчилерден болуп MegaCom уюлдук оператору өз абоненттерине бул кызматты сунуштады.
Учурда аталган кызмат тездик менен өнүгүп, Жер шарында аны колдонгон адамдардын саны көбөйүүдө. Телеканалдардан көрүп жүргөн кызыктуу көрсөтүүлөрдү атайын сыналгынын маңдайында отуруп көрүүнүн зарылчылыгы жок. Анткени каалаган убакта 3G уюлдук байланышы же Wi-Fi сигналы бар жерден «Мобилдик телеберүү» кызматынан пайдаланууга болот.

Мүмкүнчүлүктөрү:

  • Мобилдик телефонду чөнтөк сыналгы катары пайдаланып, сүйүктүү телекөрсөтүүнү же көптөн күтүлгөн спорттук таймашты онлайн режиминде көрүү;
  • Түз берүүлөрдү көрүү маалында «тыныгууга» коюу;
  • Көрүү сапатын тандоо функциясы аркылуу интернет-трафикти үнөмдөө;
  • Колдонмодон ыңгайлуу тилди тандоо (кыргыз же орус тили);
  • Телекөрсөтүүлөрдү көрүү үчүн Wi-Fi тармактарын пайдалануу.

Бермет Досмамбетова, MegaCom компаниясынын маркетинг бөлүмүнүн адиси:«МОБИЛДИК ТЕЛЕБЕРҮҮ» КЫЗМАТЫ АБОНЕНТТЕР ҮЧҮН ЫҢГАЙЛУУ»
– Кыргызстандын телекоммуникация рыногунда алгачкылардан болуп «Мобилдик телеберүү» кызматын абоненттерине MegaCom сунуштады. Биринчиден, бул кызмат абоненттерге телеберүүлөрдү иш ордунда, көчөдө, жол жүрүп баратканда, кыскасы, 3G же болбосо Wi-Fi байланышы жеткиликтүү жерден көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эл аралык кызыктуу телекөрсөтүүлөр жетпеген аймактардын тургундарына бул кызмат эң ыңгайлуу. Учурда биз кинотасма, музыка, спорт багытындагы, балдарга арналган жана жергиликтүү телеканалдарды сунуштоодобуз. Мындан ары тизмекти толуктоо пландаштырылууда.
MegaCom’дон Online TV «Мобилдик телеберүү» кызматына Android жана iOS операциялык системинин негизинде иштеген мобилдик телефон жана планшет аркылуу телеканалдарды көрүүгө болот.
Кызматты орнотуу үчүн алгач *110*1# чакыруу буйруусун терүү керек, аз убакыттын ичинде шилтемени камтыган SMS-билдирүү келет. Шилтеме аркылуу өтүп, колдонмону Google Play’ден жүктөп алуу зарыл (болжол менен 400 Кб). Каналдарды көрүү үчүн Vitamio плагинин жүктөп алуу керек (болжол менен
3 Мб).
Жооп катары келген SMS-билдирүүдөгү авторизациялык кодду колдонмону орноткон соң телекөрсөтүүгө жеткире алуу үчүн киргизүү зарыл.

Токтосун Шамбетов, журналист:«ҮЙДӨГҮЛӨРДӨН СЫНАЛГЫ ТАЛАШПАЙ КАЛДЫМ»
– Азыр сыналгы менин чөнтөгүмдө десем болот. Мурда телеканалдардан жакшы берүүлөрдү көрбөй калчу элем, эми мен үчүн смартфондордун дагы бир жакшы мүмкүнчүлүгү ачылды. Үйдөгүлөрдөн сыналгы талашпай, телефонумдан көрүп алчу болдум. Журналист болгондуктан, жергиликтүү телеканалдардын жаңылыктарын үзбөй көрөм. Мындан тышкары биздин Нарында тартпаган телеканалдарды көрүп турууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мисалы, спорт, музыка, кино жаатында көп маалымат алдым. Айтор, мага жакты.


 

Акылай Исмаилова, КММАнын студенти:«БУЛ КЫЗМАТ МАГА АЯБАЙ ЖАКТЫ»
– Менин көп убактым университетте өтөт. Ошондуктан көп телеберүүлөрдү көрбөй калчумун. Шоу, музыка, спорттук программалар кызыктырат. Азыр телефонумдан интернетке кирип, чет элдик эле эмес, жергиликтүү телеберүүлөрдү да көрүп калдым. Мен башынан эле MegaCom компаниясынын кызматтарын колдоном, жакында чыккан бул кызмат мага аябай жакты, абдан ыңгайлуу экен.

Жумгалбек Өмүрканов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
03.02.2014. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jergiliktuudon azattykty ele norm koro albasan. Misali men bawka olkodomun KTRK ni koro albaisin aman bolsun saity!
03.02.2014. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maliw, малыш туура айтасын ктркны жондоп коргозбойт коргозсо дагы эн начар сапатта коргозот анан токтоп кала беретго
05.02.2014. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде он жылдан кийин навигаторлор иштей баштаса керек по маему
06.02.2014. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
play market те барбы кыргыщча жазабызбы же русский??? айткылачы
06.02.2014. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Destro, плеймаркетте андан да сонундары толтура, дагы да акысыз
06.02.2014. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге акы толоп корушубуз керек. Эгер аналог толтура болсо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо