Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Таш-Тумшук айылынын тургундары:«СОГУШ ЧЫГЫП КЕТЕБИ ДЕП КООПТОНУП ЖАШООДОБУЗ»

№587 31-январь-06-февраль, 2014-ж

Эсиңиздерде болсо, жакында Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арачылары атыша кетишкен. Кооптуу абал жаралып, ал тургай тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу аймакка окоп казып, снайперлерин коюп, атышууга даярданган эле. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2 тарап тең аскерлерин чек арадан алыс аймакка алып кетүүгө макул болушту. Бирок азырынча кырдаал оор бойдон. 24-январь күнү Баткен облусуна барып, учурда эң кооптуу делинген Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Таш-Тумшук айылынын абалы менен тааныштык.

КӨЗДӨРҮ КОРКУНУЧКА ТОЛГОН ЭЛ
Баткендин Көк-Сай айылына жеткенде куралчан аскер кызматкерлерди, көздөрү коркунучка толгон элдерди көрүп эрксизден Ооганстанды элестеттим. Ал жерден Ак-Сайды көздөй укук коргоо кызматкерлеринин коштоосунда жол тарттык. Мени Ак-Сай айыл өкмөтүнүн эң кооптуу делинген жери Таш-Тумшуктун абалы кызыктырган эле. Анткени бул айылда эч кандай чек ара тилкеси жок, «бул менин жерим» деп да талаша албайсың. Жер Кыргызстанга караганы менен, Союз мезгилинде эки элдин үйлөрү бир кыргыз, бир тажик болуп шахмат доскасындай жайгашып калган.
Айылдан анча-мынча гана кишини көрбөсөң, көпчүлүгү жерге сиңген суудай жок. Муну жандап жүргөндөрүм «коркуудан улам үйлөрүнөн чыгышпайт, көпчүлүгү үйлөрүн таштап айылдан чыгып кетишкен» деп түшүндүрүштү. Кызыгы, айыл тургундарынын арасында «Менин тынч жашагым келет. Айылдын эч кандай көйгөйүн айта албайм. Бийликке каршы сүйлөп коюп Баткен университетинде бир студент куугунтукка алынган, мен да ошентип балээге калгым келбейт» деген адамдар болду. Бул жорукка таң калбай коё албайсың. Кооптуу жерде жашап, куралчандарды тынбай көрүп жүргөн жаштардын көз караштары бизди да шектүү карап жатты. Айыл аралап жүрүп анча-мынча тажик эркектерин эле көрбөсөк, аялдарынан дайын жок.
«Эки өлкө ортосунда согуш башталып кетет» деген кооптонуудан улам, тажик улутундагылар бир канча күн мурун үй-бүлөсүн, мал-жандыктарын башка жакка көчүрүп кетишиптир. Ал эми кыргыздын келиндери жаш балдары менен малын карап, кирин жууп, кадимкидей тиричилик кылып жүрүшөт.

Айыл элинин көпчүлүгүнүн маанайы ушул балакайдыкындай.

«ЧЫР ЧЫКСА КАЙДА КАЧАМ БИЛБЕЙМ»
МАВЛЮДА МАМАСАДЫК кызы, айыл тургуну:
– Бизде жашоо өтө оор. Айланабыздын баары тажиктер, түнү короого чыгыштан коркобуз. Көчөбүздүн жогору жагындагы үйдө 20дан ашык тажик снайперлери турат. Айылыбызда биздин аскерлер бар үчүн гана жашап жатабыз. Менин 4 айлык жана 2 жашар балам бар. Чыр чыкса кайда качам, эмне кылам деп эсим чыгып отурам. Өзүм бала бакчада тарбиячы, жолдошум мектепте кароолчу болуп иштейбиз.
Бул үйдө эки абысын бирге жашайбыз. Үй салып бөлүнүп чыгалы десек үлүш жер берилбейт. Качан толук отурукташып, санаабыз тынып жашайбыз билбейм. Бизге окшогон жаш үй-бүлөлөр турак жай маселесинен кыйналышат. Көбү туугандарынын үйүндө же башка жактарда жашап жүрүшөт.

«ТОЮТ ҮЧҮН КАШЕК САТЫП АЛАБЫЗ»
Айылда үйлөр тыгыз жайгашкан, эгин эгилүүчү талаа, жайыт алыс жактарда. Айыл тургундары экиден ашык мал бага алышпайт. Себеби аны кайтаруу үчүн сөзсүз бир адам убара болуусу керек. «Тоют үчүн кашек сатып алабыз, көп малга тоют сатып ала албайбыз» дешет тургундар. Балдарына жөлөк пулга документ тапшыра албай кыйналгандарын чоң көйгөй катары кошумчалашты. «Документ тапшыралы десек эле «корооңдо малың, машинаң бар экен» деп такыр документибизди кабыл алышпайт. Аралашып кошуна жашасак да, тажиктер менен куда болбойбуз. Бирок мааракелерде катышып турабыз. Жакындыгына карап азык-түлүк алганы Тажикстандын базарына барчу элек, 3 айдан бери «Самаркандек» базарынан алып келип жатабыз. Тажиктер жакка барып калсак кууп жатышат. Балдарга спорт зал, маданий залдар керек. Коомдук иш-чаралардан артта калып жатышат. Айылыбызга бир эле Абдымалик Шерматов концерт коюп келген»,- деп көйгөйлөрүн айтышты айыл тургундары.

НУРАЛИ СЫДЫКОВ, айыл тургуну:
– Ушул жаман үйүмдү сатам десем тажиктер 30-40 миң долларга талашып алышат. Мен ал акчага Бишкектен үй сатып алып жашасам болот. Биздин деле шаарда жашагыбыз, аялдарыбыздын да башкаларга окшоп жасанып жүргүсү келет. Балдарыбыз сейил бактарды кыдырып, каалаган балмуздагын алып жегиси келет. Бирок жерибизди алдырып койбойлу деп жашоо кыйын болсо да ушул жерде отурабыз. Абалыбызды келип көрүп, бирок айткан көйгөйлөрүбүздү кыркып салып, «Ак-Сайда абал туруктуу» деп көрсөткөн кээ бир телеканалдарга нааразыбыз. Жалган айтыштын эмне кереги бар? Болгонун болгондой эле көрсөтүшсө болбойбу? Вице-премьер-министр Камила Талиева акимдер менен келген экен, ага «каалаган тамагыңарды жасап берип, сыйлап жөнөтөлү, биз менен бир күн жашагылачы» десем, жарым саатка жетпей качып кетти. Чоңдор келишет да, эч кандай маселени чечпей кете беришет. Ошолорго «эч нерсени чече албасаңар, келбей эле койгулачы» деп айтар элем.

«ОКУУЧУЛАРДЫ ИТКЕ ТАЛАТКАН УЧУРЛАР БОЛГОН»
Таш-Тумшук айылында 2011-жылы Баткен облусундагы ишканалардын кызматкерлери бир күндүк маянасын которуп, ашар жолу менен бүткөн 9 жылдык, 9 класстан турган мектеп бар. Анда 74 окуучу окуйт. Учурдагы абалга байланыштуу айылдагы тажик мектептери убактылуу жабылып калган.
Ал эми бул мектеп билим берүүнү токтоткон эмес. Окуучулар түшкө чейин жана түштөн кийин болуп бөлүнүп окушат. Мектеп директору менен сүйлөшүп турсак, тестиер кыз келип «Апам инимди алып кел деди. Башка жакка кетет экенбиз. Тажик кошуналарыбыз «бүгүн согуш чыгышы мүмкүн экен, кетип калгыла» деп айтышты» деп жалдыраган көз менен карап, 2-класста окуган инисин жетелеп кетти.

Окуучулар аз келип жатса да, мектеп кадимки тартипте иштеп жатат.

АБДЫМИТАЛИП УЛУКОВ, орус тили мугалими:
– Бул мектепке Таш-Тумшук айылынан аз эле окуучу келет. Көпчүлүгү бир канча жол жүрүп, тажик айылдарын аралап Үч-Дөбөдөн келип окушат. Алардын коопсуздугу үчүн эч ким кепилдик бере албайт. Мурунтан бери окуучуларды тажик балдар «Биздин көчөттөрдү сындырдыңар, эгиндерди тебеледиңер» деп көп эле жолу токмоктошту. Өтүп баратса иттери менен кубалатып, балдар суу болуп мектепке жетпей кайра үйлөрүнө кеткен учурлар көп болгон. Бүгүнкү кырдаалда окуучулар эле эмес, мугалимдер үчүн да айыл аралап келиш коркунучтуу болуп жатат.
Бизге аралаш жашап жаткан тажик элинин мектептери азыр жабылып, иштебей турат.
Ал эми биздеги кадр маселесин кеп кылбай эле койгон дурус. Көп сабактардан мугалимдер жетишпейт.

«КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНДАРЫНА КАТТАЛГАН, БИРОК ТАЖИКТЕРГЕ ТИЙИШТҮҮ»
САДЫР АБДРАХМАНОВ, Таш-Тумшук айылынын башчысы:
– Мурун биздин айылда тажиктер жок эле. Алар 1989-жылдан баштап отурукташа баштап, учурда 30 үйдө тажик жарандары жашашат. Лейлек районунун Коргон айылында тажик улутундагы Кыргызстандын жарандары бар. Бул үйлөр ошолордун атына катталган, бирок Тажикстандын жарандарына тийиштүү. Азыркы учурда да сатылып жаткан үйлөр бар. Бул боюнча депутаттар атайын бир мыйзам иштеп чыкса болмок.
Биздин айылда чек арачылар аз. Айылдын коопсуздугун милиция кызматкерлери карап турушат. Таш-Тумшук айылында 25 кыргыз аскерлери болсо, 70ке жакын тажик аскерлери бар. Милиция кызматкерлери 24 саат бою эс албай иштеп жатышат, бирок аларга 8 сааты үчүн гана айлык жазылат.
Биз бул сапарыбыз менен Баткендин Тажикстанга чектеш айылдарынын бирөөсүн гана чагылдырып бердик. Аталган айыл эли чымчык «быр» этип учса баары үркүп каччудай абалда турат. Бул учур качанкыга чейин созулат эч ким айта албайт.

Коркуп жашап жатышса да, айылда калгандар күнүмдүк жумушу менен алек.

ТАШ-ТУМШУК АЙЫЛЫ ТУУРАЛУУ
Ак-Сай айыл өкмөтүнө карайт.
Аянты 20 чарчы чакырым.
Жалпысы 77 түтүн бар (анын 30у тажиктерге сатылып кеткен).
47 үйдө 280дей киши жашайт.
Гезитибиздин «Элет үнү» рубрикасынын астында мекенибиздин айылдарын кезеги менен чыгарып турууну чечтик. Айылдардын абалы, көйгөйү, башкаларга окшобогон өзгөчөлүктөрү жана кызыктары менен тааныштырабыз.
Анда күтүңүз, биз сиздин айылга да барабыз. Өзүңүздүн айылыңыздагы кызыктар, көйгөйлөр тууралуу маалымат бергиңиз келсе,
koom@super.kg электрондук дарегине кат жөнөтүңүз.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(50)
03.02.2014. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
салам алейкум туугандар кыргыз елим менда баткендин чек арада жайгашкан айылдарданмын атын атабайле коеюн бирок биздин айылга спецнастар келип карап атыптыр озум москвадамын бирок бир кызыгы окмот ошо спец.ды багалбай елге кайрылганго деп ойлоп калдым себеби москвадагы айылдаштар ошо спец.дын тамак ашына деп акча жыйнап атыптыр бул мне деген мамлекет мне деген окмот аскерлерин багалбай калдыбы уят. мен учун жалка емес ошол акча проста уятго дейм кандай дейстер....мен макул берип кое берем акчан
05.02.2014. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sultan89, оа туура айтасыз мен да сиз жашаган айылдан болом. Бирок мен 92-жылкы болом
03.02.2014. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мырзакматовду оной эле жумуштан алдыныз Атамбаев жана Сатыбалдиев,ал эми элдин сатылып кеткен уйлорун кантип угуп отурасыздар.оор бирок Кыргызстанды президент болгондон кийин кармап калыш сиздин катуу тартибинизден,коррупцияны жок кылып карапайым элге жардам берсениз!
03.02.2014. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баардыгы бироо учун,бироо баары учун дегендей.биздин биликликте отургандар кыргыздын бир жарааны учун,алакандай жери учун кам корушсо жакшы бросок.
03.02.2014. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуп алып мекендештериме боорум ооруп кетти. Баткенде тажиктер менен аралаш жашаган айыл коп. Согуш болбосун кудайым озу сактасын. Тынч эле бололу.
03.02.2014. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аша озунун бийлигин гана сактап олтурат.эптеп мооноту бутконго чейин.
03.02.2014. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АШАлардан умут кылгыча,озунорго ишенгиле. Согуш чыгып кетсе,булар качып кетет. Жанагы эле,шордуу эл калабыз.
04.02.2014. 07:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
infiniti, аша эмне? Мен артта калган окшойм
04.02.2014. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kolya121212, АША точно (эмне)ким эмес.Ал бир макулук озунун жалгыз бийлигин кантип сактап калуу жолун гана издеп жургон.Опозициячыларды камакка алган,элдин оозуна илинген,жакшы иштерди кылып Кыргыз учун оз кучун жумшаган атуулдарды иштен алган.
Баарынан да жакында ТСга (Таможенный союзга)кирсек бутту,Кыргызды отургузат биротоло.Ага баарибир да эл эмне болсо.АШАкетмейн Кыргызстан эч,эч,эч качан онолбойт!!!
03.02.2014. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу президент бул туздон туз сиз чече турган маселе!Эмне кормоксон болосунар элдин колунан эмне келмек эле!ОЙГОНГУЛАЧЫ АЙЛАНАЙЫНДАР!!!
03.02.2014. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тынч болгула Кыргыз элим!
03.02.2014. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына Кыргызстандын мындай абалга келгенине. Акаев менен Бакиев кунолуу. Ушуга чейин чечкенге эч аракет кылбай ар ким ар кайсы жерибизди сураса сата берип унчукпастан. АША чечкеге аракет жасап жатат 20 жылдан бери чогулган проблеманы 2 жылда чечуу мумкун эмес.
03.02.2014. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Acer, керек болсо 2 кундо чечип койсо болот эмне озбекстан чек арасын бизден сурап тосуптурбу оз алдынча келип казып тосуп салган 1 эле кундо баткен жагыны эч ким козгогон жок ошолорду биздин бийлик да ошондой кылса болот колдон келбейтко алардын кучу налог жыйганга жана карапайым калка жететжанада урдап тоногонго болсо биринчи жетишетер
04.02.2014. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Acer, Ушу АШАнын аркасын жапкандарды коруп окуп,АШАменен кошо айдап кууп жок кылуу керек да.
03.02.2014. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лейлектин коргондогу тажиктерин саткын деп аты жонун жазыш керек Алар кыргыздын жерине тажиктерди жашатып жатат мыйзамсыз
04.02.2014. 07:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынчтык тилейли. Урботпой этият суйлош керек мындай деликатный темага.
Суроттордо келиндер байкуш тиричилик менен алек, биринчи суротто эркектер чонтогуно колун салыып эле журуп калышкандай го.
04.02.2014. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurik_kbt93,
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга, ушундай иш-аракеттерди жасоого тыюу салган талап бар. Провокацияга жол берилбейт.
20 күн банга!
04.02.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АША нын кете турган куну жакындап атат.Турцияга салынып аткан (залотой) уйу бутсо кетеер
04.02.2014. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул маселени чечпесе болбойт оз жеринде коркуп жашап жаткан элдерди коруп ушул чондорго жинин келетта бул не деген корунуш кандай алсыз болуп баратат бийлик.
04.02.2014. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул сасык саясат туугандар баарыны бийликке келгенде тушуносун бироосуну бутуройн десен бироосу тосот
04.02.2014. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талиева суйлосо чанкылдап асмандын башын суйлойт анан жарым саат чыдап тура албай качып кетсе, жогору жактагы башкаруучу соройлорубуздун кебетеси тиги, кудай сактасын бир нерсе болсо эле докуметтерин камдап олкодон чыгып кетуу учун стартта турушса биз кимден умут этебиз?!
04.02.2014. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кадырлуу, кылымдарды каарыткан кыргыз калкым! Сасыган саясаттын укуругу болбой, түндүк түштүк бөлүнбөй эң башкысы бирдиктүү бололу. Алакандай кыргызым калың кытайга туруштук берип, жэрибизди душманга тебелеткен эмес. Ушул алтындай жэрибизди бизден кийинки муунга таза, бүтүн өткөрүп берүү биздин колубузда, ЖАШТАР барсыңарбы! Себеби жерибизди ата бабаларыбыз канча кан төгүп
04.02.2014. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул Баткендик боордошторума кантип жардам берсек болоор экен а!
05.02.2014. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nemo_0587, туура айтасыз бирок биз барып Баткен элине жардам беребиз десен жогорудагы АШАлар бизди элге чыккынчылык кылып жатат деп 1938-жылдагы Репреция башталып кетиши толук мумкун.
04.02.2014. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калган 47 үй бүлөө да коркуп, үйлөрүн сатып качып кетсе ошол жер тажиктерге калып калат да. Ушул маселелерди 1-орунга коюп чечишпегени жаныңды гана чыгарат да. Кана тиги бийликтин жактоочу форумчулары, бир деме дебейсиңерби, тим эле жактап чыгат элеңер го.
04.02.2014. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фу фу фу
05.02.2014. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыркы бийлик манкуртсунар окугула баарын жесенер жегиле алсанар алгыла бирок ошого окшогон нерсени жок дегенде бироон эркек болуп чечип койбойсунбу эмнеден коркосунар бул менин жерим бул менин менин элим эй тажик тарт ыплас бутунду жеримден деп айтканы оозунарды эмне байлап. турат
05.02.2014. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийлике 1000 мертебе наалат!!!!!!
05.02.2014. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атамбаев менен сатыбалдиевке айткан кайран соз потому что булар билип турат кумтордогу алтын тугонгондо туркияны коздоп качышат. бул бийликтегилер баары ...тор,.......дар
06.02.2014. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ощко 200 омон алып келбей чек ара алып барбайбы
06.02.2014. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуп ыйлагым келди
08.02.2014. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы кезде АШАнын бийлиги чек ара менен убарасы жок.АША менен Сатыбалдиев жылуу креслорунан айрылып калбайлык деп ак уйду коргоочу 500 аскерден турган атаыйн полк тузушкон.Анысы дагын аз келип АШАнын бийлиги Ген.Штаб тузушту бул штабка ИИМ , чек арачылар, аскерлер кошулат экен эгерде бийлике каршы митинг отсо бул штаб митингчилерге каршы чыгышат экен.Азыркы кезде чек арада кырдал аябай оор деп айтсан эле бийлик булар ушакчылар деп куугунтук кылышат.Орусстар айтмакчы правда глаза колят.
08.02.2014. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Айылыбызга бир эле Абдымалик Шерматов концерт коюп келген» дейт башка маселелерин чече албай жатып.
08.02.2014. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай буюрса Кыргызстан онолот!
13.02.2014. 05:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jek arany en birinchi karaw kk.Bul biyliktegiler emne jumuw jasap atywat?tuwunuksuz...tajikterda uwundai tajytywty bul jakta da kooop
19.02.2014. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kurguzustanda armiiaga emnege bizdin chondor konul burushpait.Birinchi orunda armiianu karash kerek oshondo mamleket kuchtuu bolot echkim bizge karshu ok atuuga batuna alushpait bizdin armiia otto ele kuchsuz
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо