Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Даниель: «ЖЫЛДЫЗ ООРУСУ МЕНЕН КАТУУ ООРУП, УБАГЫНДА ӨЗҮМӨ КЕЛДИМ»

№587 31-январь-06-февраль, 2014-ж

Даниель деген ысым кыргыз эстрадасында көптөн бери жашап келет. Ырчы мырза ушул аралыкта баштан кечирген кызыктуу окуяларын айтып отурду. «Мурун мени Даниель деп чакырышса, азыр Даниель байке дешет. Чын эле картайып калдымбы?» деп тамашалаган ырчы өзүнүн дүйнөсүндөгү купуя сырлары менен бөлүштү.

– Даниель, куш келипсиң! Жакында эле сенин өз атың башкача экенин угуп калдым эле. Эмне үчүн сахнага псевдоним менен чыгууну чечтиң?
– Рахмат. Туура, өзүмдүн азан чакырып койгон атым башка. Мен сахнага жаңы чыгып жатканда Даниель деген ысым аз болчу. Угушума караганда, Даниель аттуу 13-пайгамбар бар экен, ошон үчүн да ушул атты тандагам. Кийин мени унутушса, Даниель деген ат менен унутушса дейм. Өз атымды чыгармачылыкка аралаштыргым келбейт.

– Эсиңде болсо, мындан төрт-беш жыл мурун концерттер укмуш аншлаг менен өтчү. Азыр андай болбой калганына эмне себеп деп ойлойсуң?
– Буга, биринчиден, элдин табити өзгөрүп баратканы себеп болду деп айтмакмын. Анан да эл азыр жандуу үн дегенди жакшы түшүнүп, айырмалап калды. Ошон үчүн да фонограмма менен өткөн концерттерге көп келишпейт деп ойлойм.

– Сахнага чыкканыңа 7 жыл болуп калыптыр. Алгачкы чыгармачылыкка аралашып жүргөн кезиң эсиңдеби?
– Оо, ал күндөрдү унутканга болбойт го. Алгач «Айдагы сүйүү» деген ырым менен чыгармачылыгымды баштадым. Ал ырыма клип тартып жатканда өзүмчө толкунданып, «жакшы чыкса экен, образды жетиштүү ойносом экен» деп аябай кабатыр болгом. Анын артынан эле «Садагам» деген ырым, клибим чыкты. Ошентип тез эле оозго алынып кеткем. Көчөдө баратсаң да колдору менен «Садагам го...» деп мени көрсөтө башташты. Кол тамга сураган күйөрман кыздар көбөйгөн сайын мен да жылдыз болуп, эч кимди тоготпой кеттим. Жадакалса продюсерим Канат байке (ред. Канат Култаев) «тигини кылабыз, бул жакка барабыз» десе да «Барыш шартпы?» деп калгам. Эмесе болгону бир-эки эле ырым бар деп кой (күлүп). Ошентип «жылдыз оорусу» менен ооруп калганда Канат байке мени катуу урушуп, эсиме келтирди. Ошол үчүн аябай ыраазымын ага.

– Акыркы кезде ырчы, продюсер ортосунда келишпестиктер көбөйүп кетпедиби. Буга ким күнөөлүү деп эсептейсиң?
– Тиги же бул деп айта албайм. Анткени жагдай ар кандай болуп калышы мүмкүн. А бирок ырчылар продюсерин тоготпой баратышса, катачылык аткаруучулардан кетип жатат деп ойлойм. Анткени ырчыны ырчы кылган продюсер да. Башында биз, ырчылар, эч нерсебиз жок, баарына даяр болуп келебиз. Анан атыбызды чыгарып койгондон кийин өзгөрө баштайбыз. Менимче, ичкен кудукка түкүрбөш керек.

– Атың чыкканда күйөрман кыздар да көбөйөт дегендей...
– Ооба да (күлүп). Эми күйөрмандардын болгону жакшы. Азыр бир кыйла тынчып калбадыбы. Эсимде, мындан төрт-беш жыл мурун кенен бастырышчу эмес. Концерттен чыгып баратсаң кийимдериңди тыткылашып, кийинген жерлерге чейин уурданып кирип, артыбыздан машина менен кууп айлабызды кетиришчү. Мурун күйөрман кыздар Даниель дешсе, азыр Даниель байке деп кайрылышат. Анан «Мен ушунча эле карып калдымбы?» деп кээде капаланып да калам.

– Ушунча жыл сахнада жүрүп, ар кандай кеп-ушактарга деле маани бербей бышып калсаң керек?
– Жаңы чыгып жүргөндө менин дарегиме айтылган терс пикирлерге «Ким экен булар мени сындагыдай?» деп жиним келе берчү. Ошондо Канат байке «Сени жамандап жатабы, жакшы деп жатабы, демек, элге сен кызыксың. Эгер сен жөнүндө эч ким эч нерсе дебей койсо, ошол нерсе жаман» деген эле. Ошондон кийин ойлонуп көрсөм, чынында эле ошондой экен.

– Эми кепти үй-бүлөңө буралы. Ата-энең, эжең тууралуу айта кетсең...
– Атам мурун Балыкчыда бажы кызматкери болуп иштечү. Үйүнүн кенжеси болгондуктан, ата-энесин каралашып ошол жакта калмак. Ал эми апама ал жактын аба ырайы жакпагандыктан, Оштон атамдын жанына бара алган жок. Экөө ошондой себептер менен эле жаман-жакшы айтышпай эки ажырымга түшүшкөн. Мен 1-классты Балыкчыдан окуп, 2-классымда Ошко, апамдын жанына келдим.
Апам азыр 51ге чыкты, аты – Камила. Тиш доктур болуп эмгектенет. Жалгыз эжем бар, Жамиля. Ал юрист, «азырынча карьера мага маанилүү» деп иштеп жүрөт. Апам «убактың келип калды, турмушка чык» деп кыйытып айтып коёт, бирок эжем турмушка шашпай эле окшойт (күлүп).
«Эне жүрөгү менен сезет» деген чын көрүнөт, кээде мен ооруп калсам же кыйынчылык болуп жатса, апам сезгендей телефон чалып калат. Кээде иш учурунда чалса, «мен бошобой жатам, анан чалам» деген боюнча унутуп калып, кайра жиним келет, «бир аз убактымды апама бөлүп койсом не болмок...» деп. Апам дайыма «балам, жамандарга кошулба, ичпе, чекпе, жаман кыздарга аралашпа» деп айтат. Мага көрбөгөндү көрсөтүп, ичпегенди ичирип, ушул даражага жеткирген апама ыраазычылык айтам.
Менин таене, таяталарым Меккеге барып келишкен. Ошолорду көрүп кичинекейимде «апамды Меккеге алып барам» деген тилек кылып, апама сөз берген болчумун. Азыркыга чейин апам «Эсиңдеби?» деп күлүп калат. Кудай буюрса, алып барам деген ниетим бар.

– Апаңдын эркеси болсоң, тентектиктин сазайын бергендирсиң?
– Мени алыстан көргөндө эле «хулиган келатат» деп айтышчу экен. Сарайдагы чөптү өрттөп, бирөөнү башка чаап, айтор, жаным тынчу эмес. Бир жолу менден кичүү тууганыбызды алдадым, «тетиги торпокко чыксаң, ковбой болосуң» деп. Ал байкуш ишенип, эптеп чыкпайбы. Чыкканда эле торпокту бир тепсем ал секирип, тууганым ыргып барып арыкка тыгылып калган.
А бир жолу курулуш жүрүп жаткан жерден өтүп баратканбыз. Эжем артымдан ээрчип алган. Эки темир турган экен, ортосундагы кичине жылчыктан мен кыйгачтап өтүп кеттим. Менин артымдан эжем биринчи башын салган экен, тыгылып калып жатпайбы. Ыйлап калды, мен апамды чакырып, кошуналардын баары чогулуп, эптеп темирди кесип башын чыгарганбыз.
Эжеме байланыштуу дагы бир кызык окуяны эстеп кеттим. Апам экөөбүздү бала бакчага жетелеп баратса, мени көргөндөр «ий, кызың жакшынакай го» дешиптир. Эжемдин чачын алып салышчу да, ал өзү да сөөктүү болгондуктан, аны палван деп коюшчу экен. Анын жанында мен кыздай көрүнсөм керек (күлүп).

– Жеке жашооңду да сурай кетпесек болбос. Жүрөктү ээлеген бийкеч чыктыбы?
– Азыр көңүлгө жаккан кыздар бар, бирок «меники» деп токтолчусу табыла элек. Бир туруп «маңдайга жазылган нерсе болот» дегенге ишенип кетем, бир туруп «өзүм аракет кылышым керекпи...» деп ойлоп калам. Мунун баарын убакыт көрсөтөр.

«Апам жаман кыздарга аралашпа деп тынчсыздана берет».

«Жаңы чыгып баштаганда мени сындагандарга жиним келе берчү».

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Даниель: “Үйлөнбөсөң жүрө берет экенсиң”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(66)
SUPER.KG видео
03.02.2014. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн соонун маек ...
Азатасын !! Болгонун болгондой айтыш керек!
Калп айтса дагы айтышмак , туурасын эле айтпайсынбы деп так что все хорошо не переживай)))
03.02.2014. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Даниель, кыргыз тилинде "эки бир тууган байкем" деген соз жок. Болом же жээним деп айтылат. Орусча двоюродный деген созду которуп айткансын го...
SUPER.KG видео
03.02.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Doritos,
Далили жок билдирүү жазуудан алыс болуңуз!
03.02.2014. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммммм жакшы
03.02.2014. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы жооптор..
Өзү айтмакчы, продюссер мыкты болсо, "любой" адамды ырчы, бийчи, чоорчу кылганга акылы жетет..
Аябай эле токтолуп калган го..)
Анан да...,где мыщцы?! ))
03.02.2014. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Апасын тааныйм,(почти күндөгө көрөм)сулуу татынкай айым...Өзүн дагы көргүм келип жүрүп акыры көрдүм го...))
03.02.2014. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
респект!! Дан
04.02.2014. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы Жигит ырлары да жагат,
04.02.2014. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айрылуy, но когда я стану ближе деген ырлары жагат
05.02.2014. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ырларды жакшы тандап ырдай баштадын,бирок,жеткире ырдай албайсын кыздай болуп жасана бербей вокал жагын да карачы
SUPER.KG видео
05.02.2014. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азаматсын!Адамгерчиликтуулугундон тайба.
05.02.2014. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кандай кийим кийет кандай журот и ырдайт ал биздин жумушубуз эмес озуно кайсыл стил жакса ошол стилинде чыгат ал нерсени эчким тыя албайт! ийгилик сага Даниель !!!!!!!!!!!!! айрылуу деген ырында клипда сонун чыгыптыр
06.02.2014. 05:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ты суппер
06.02.2014. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айрылу деген ырын мн ооруп журом биринчи клибин коргондо аябай ыйладымго
SUPER.KG видео
06.02.2014. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
камерага туз карап жооп бербептир го! сурдотуп жиберген го же уялдыбы?
06.02.2014. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даниель молодец!
06.02.2014. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Unu ancha dele ukmuw emes, birok klip teri jakwy tartylgan...kantse da iygilik kaalaim.
07.02.2014. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айрылуу деген ыры абдан жакты
SUPER.KG видео
08.02.2014. 05:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коздорунуз жагат да Даниель байке..сизди жакшы кором да... маакул ийгилик каалайм сизге ..мумкун болсо жолугаарбыз ээ....
SUPER.KG видео
08.02.2014. 05:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атым Айназик эстеп калаарсыз
SUPER.KG видео
08.02.2014. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ийгилик сага Даниель!!!
09.02.2014. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Даниелди абдан жакщы кором. Ийгилик сага.
09.02.2014. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даниэль, ийгилик сага!
10.02.2014. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мой любимый *)
10.02.2014. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
соонун жигитда ))) коз тийбесин ИЙГИЛИК!!!дагы да жаны ырларды кутом)
SUPER.KG видео
22.02.2014. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен торолгондо жанымда бир кыз торолуп калыптыр ошол кыз мага суйуусун арнаган деп айтып да койбоптур да
SUPER.KG видео
20.03.2014. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун майек болуптур коздору сулууго чыгармачылык ийгилик Даниел байке.
SUPER.KG видео
29.03.2014. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беситттттт мактана берет
SUPER.KG видео
24.05.2014. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Алга Даниель
31.01.2018. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун ырчы сахнадан алыстап кайда сиңип көрүнбөй кетти экен.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо