№587 31-январь-06-февраль, 2014-ж

26-январда Мельбурн шаарында теннис боюнча Австралиянын Ачык биринчилиги аяктады. Эркектер арасындагы жекеликтин финалдык беттешинде 28 жаштагы швейцариялык Станислас Вавринка испаниялык Рафаэль Надалды жеңип, өзүнүн биринчи «Чоң шлемин» алды.
Ал эми айымдар арасында 31 жаштагы кытайлык теннисчи Ли На финалдык беттеште словакиялык Доминика Цибулкованы утуп, жеңүүчү аталды. Ал мунусу менен «Чоң шлемдеги» 2-жеңишине ээ болду, эске салсак, 1-жеңиши 2011-жылы «Ролан Гаррос» мелдеши эле.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
4
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |